п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шоу Дүйнө

Назира Айтбекова түрк каналынан кетти
Куюлуштуруп сүйлөгөн, тилинен чаң чыккан теле алыпбаруучу Назира Айтбекова 2008-жылдан бери 33 өлкөгө таанымал ТРТ түрк каналы менен биргеликте иштеп келген. Анда бир гана кыргыз тилинде эмес түрк тилинде да кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, каада-салтын даңазалап турчу эле. Эми мынтип бул долбоор менен түзгөн келишиминин мөөнөтү бүтүп, башка жаңы сунуштардын үстүнөн ойлонуп турган учуру. Тагыраак айтканда кыргыз улуттук каналы бир нече саясий долбоорлорго чакырууда. Эгерде Назира айым бул сунуштарды четке какпаса, жакынкы арада улуттук каналдан көрө аласыздар.


"Учур" театры үйсүз калабы?
Көптөн бери "Учур" театрынын өздүк имараты жок, улуттук теленин бир бөлмөсүндө баш калкалап келишкени зээнибизди кейитет. Театрдын директору Шаршенбек Шейшенев ушул суроо менен жаңы өкмөткө кайрылганда, "Чатыр-Көл" кино театрынын сунуштап, берээрин айтышкан. Аталган мүдүр тиешелүү бардык документтерди топтогонго, ал эми актерлору үч камаз таштанды чыгарып, имараттын айланасын иретке келтиргенге дароо киришишкен. Бул театр көптөн бери кароолсуз калгандыктан, иретке келтириш үчүн көп суммадагы акчаны талап кылмакчы. Бирок, мурунку жумада маданият министири Садык-Шер Нияз менен жолугушууда, министр мырза мурунку жумада берген убадасын өзгөртүп, "кайра ойлонуп көрөлүчү" деген жообу менен актерлордун шаабайын суутту.


Поэзия кечеси кайрадан жанданат
Маданият министрилиги менен Жазучуулар Союзу биргелешип, поэзия кечесин уюштурушту. Бул кечеде жашы, карысы дебей дегеле койчу, баардык поэзия сүйүүчүлөр үчүн эшик ачык. Ар жумада ар кандай аталыштагы кече төртүнчү күнү Тарых музейинин алдында, кечки саат 8 до башталат. Ал эми "Алтынчы күнү кечинде" деген аталыштагы дагы бир поэзия кечеси Венера Ахматованын демилгеси менен уюштурулду. Бул кече "Хан Кошой" өргөөсүндө, аты атап тургандай, алтынчы күн сайын саат 18 до башталат





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??