п»ї
 Таанышуу жарыясы


айчырай
Аккуу жок кезде көл көрүксүз…
Шоу тармагындагы жылдыздар, ырчы, актрисалар сахнада өзүн алып жүрүүсү, баскан турганы, сүйлөгөн сөзү, аткарган иши менен элдин эсинде калат. Кыргызстандын көрүнүктүү жана таланттуу айымдарын чогултуп, алардын ар бирине мүнөздөмө берип өттүк.


Роза Аманова - Ак сөөк айым
Салттуу музыканын изилдөөчүсү Роза Аманова ак-сөөк айымдардын катарында десек жаңылышпайбыз. Ырчынын бардык ырлары элдин жүрөгүнөн орун алып, популярдуу болуп, өзгөчө улуу муун тамшанып угуп келет.
Чакырылган кечелерге чанда гана барып, сахнадан өзүнүн ордун билген айымдардан. Жеке концерт берсе, башкалардан айырмаланып, фонограмманы четке жылдырып, өзүнүн жандуу үнү менен ырдап элдин көңүлүн тойгузат. Андан тышкары өзүнүн чыгармачылыгы менен алектенип гана тим болбостон, салттуу музыканы өркүндөтүү максатында көптөгөн жаштарга сабак берип келет.

Элина Абай кызы - Жөнөкөй айым
Бир нече кинолорго тартылып, элдин көзүнө көрүнүп калган жаш актриса Элина Абай кызы жөнөкөй айымдардын катарында. Дегеним, өзүнө тең сымал жаш ырчы, актрисаларга салыштырмалуу алда канча жупуну. Бааланып, барктанып, сахнадагы кээ бир эжекелерин туурап, "жылдыз оорусу" менен оорубай эл катары жүргөндүгү жүрөк жылытат. Алдына койгон тапшырмасын толук мойнуна алып, жоопкерчилик менен иштөөнү жактырат. Жан дүйнөсү кенен, сүйүүнүн ар бир мүнөтүн баалап, ага суктанган айымдардын катарындагы Элина табышмактуулугу менен далай жигиттерди аркасынан жүгүртөт көрүнөт.


Нэна - Шайыр айым
Жайдар мүнөз ырчы Нэна шайыр айымдардын тизмесинде. Кандай гана учур болбосун Нэнанын жылмайганына күбөбүз. Дайыма позитив менен жүргөн айымдын мүнөзү дагы дал ошондой, кайда барбасын, күлкүмүштүү окуяларга туш болуп, "приключения" менен жүрөт. Өзүн абдан эркин сезген Нэна какшыктап сүйлөп, кээ бирлердин кыжырына тиет. Бир суроого беш жооп кайтарган ырчы кыз шайыр-шатман жүрүп, жигиттердин жүрөгүн оорутуп койгонун өзү да байкабай калат көрүнөт.


Айчүрөк Иманалиева - Аракетчил айым
Өзүнүн күчүнө терең ишенип, айтканын аткарган, көз карандысыздыкты сүйгөн ырчы Айчүрөк Иманалиева аракетчил айымдардын арасында десек жаңылышпайбыз. Кайсыл ишти баштабасын ийгилик менен жыйынтыктаган ырчы башка адамдар менен тез тил табышып, акылы, келбети, сүйлөө манералары менен адамды өзүнө тартып, дайыма пайда алып келет. Бирок, ички дүйнөсү жумшак болгондуктанбы, айтор ырчынын жасалма сүйлөгөнү кээ бир мырзалардын аллергиясын карматып, жинине тиет. Эмнеси болсо дагы көп ийгиликтерди багындырган Айчүрөк Иманалиева аракетчил айымдардын катарында.


Шайыр Касымалиева - Сезимтал айым
Көрүнүктүү актриса Шайыр Касымалиева сезимтал айымдардын катарында. Жашоонун даамын татып, ак караны ажырата билген айымдын жан дүйнөсү абдан назик, сезгич экени талашсыз. Кайсыл киного тартылбасын мыкты ролду жараткан актриса өзүнүн жагымдуу келбети менен көпчүлүк мырзалардын көңүлүн өзүнө буруп келгени анык. Шайыр Касымалиеванын көпчүлүк кинолордо көңүлдөштөрдүн образын жараткандыгы анын сексуалдуу аялзаты экендигинен да кабар берет.


Гүлнара Кахарова - Боорукер айым
Жүзүнөн дайыма жылмаюу кетпеген Гүлнара Кахарова боорукер айымдардын тизмегинде. Дегеним, ал кимдир бирөө үчүн камкор, оор басырыктуу жана мээримдүү. Шыңгыр күлкүсү менен көпчүлүктүн көңүлүн алган Гүлнара айым боорукерлиги менен баарын жеңчүдөй көрүнөт. Сахнадан кичине алыстап кеткени менен үйдө тамактын түрүн жасап, жагымдуу эс алууга көмөк көрсөткөндөн ырахаттанат. Боорукер айымдар чыдамкай келишип, мырзалардын бардык талаптарына жооп беришет. Гүлнара айымдын үй бүлөдө тынчтыкты жана таза аураны кармап тургандыгы анын боорукерлигин даңазалайт.


Элмира кайып кызы - Темпераментүү айым
"Сүйүү" темасындагы ырларды катыра ырдаган Элмира Кайып кызы темпераменттүү айымдардан. Сахнада өзүн алып жүрүүсү, ырдаган образы, манералары, көз караштары кээ бир мырзалардын шилекейин куюлтат. Анткени айымдын "энергичная" экендиги көрүнүп эле турса керек.
Жашоодо темпераменттүү айымдар алдыга койгон максаттарын эч кыйынчылыксыз эле ишке ашыра алышат. Анткени өзүнүн темпераменттүүлүгү менен мырзаларды бат эле багындырып алат. Бул мүнөздөгү айымдардын жүрөгү сезгич келип, жанындагы адамдарды таарынтпаганга аракет кылышат. Бирок, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын дагы унутушпайт. Мырзаларга энергия берип гана тим болбостон, алардын эң мыкты экенин даңазалап, күч-кубат тартуулоону жактырышат.

Икая эненин сүйүүсү
Эки бир тууган балдар "апам мени көбүрөөк жакшы көрөт" -деп бири-бири менен талаша кетип, апасына келип сурашат,
- "Апа экөөбүздүн кимибизди көбүрөөк жакшы көрөсүз?" -деп сураса Апасы шамды алып күйгүзүп, балдарына түшүндүрө баштайт.
- Мына бул күйүп турган шам менмин, шамдын оту менин сүйүүм.
Дагы бир шамды алып, күйүп турган шамдан тутантып,
- Бул менин биринчи балам, ага мен өзүмдүн жарыгыман берип, сүйүүмдү тартууладым. Мен биринчи балама берген оттон, меники азайып калган жок. Менин шамымдагы от ошол эле бойдон калды.
Канча баласы болсо ошончо шам күйгүзүп,
- Менин жарыгым баарыңарга бирдей тийип, сүйүүм баарыңарга бирдей болот - деп түшүндүргөн экен.

Нургүл Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??