п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ден соолук

Жан жерди кычыштыра кыйнаган
"Молочница"
"Биринчи байлык - ден соолук" - дегендей, ден соолугу жок, миң бай болсоң да бул дүйнө бир тыйынга татыбайт. Ар бирибиз өзүбүздүн ден соолугубузга кам көрүшүбүз керек. Ооруунун пайда болуу себептерин алдын ала билүү, ооруунун болбошунан кабар берет. А биз пайда болмок турсун, ооруу жетээр чегине жетип калганда гана доктурга бармай адатыбыз бар эмеспи. Бул жолу аялдардын тынчын алып, жанды койбой жан жерин (жыныстык мүчөсүн) кычыштырган "молочница" ооруусу тууралуу сөз кылмакчыбыз…


МОЛОЧНИЦА
Адамдын организминде "Candida" грибогу болот. Аталган грибок башка бактериялар менен көбөйүп кетишинин натыйдасында "молочница" оорусу пайда болот. Мындай оору аялдарда эле эмес, эркектерде да кездешет. Бул ооруда жыныстык мүчө чыдатпай кычышып, кызарып кетет.
Ооруунун пайда
болуу себептери:
Молочница жыныстык катнашуу аркылуу жугушу мүмкүн. Бирок, бул ооруунун бир гана жолу болуп саналбайт. Молочница жыныстык мүчөдөгү былжырда сүт кычкылдыгынын көп болуп кетишинен улам да болот.
Иммунитеттин алсыз болушу;
Жугуштуу ооруулар;
Жыныстык жол менен берилүүчү оорулар;
Бойдо болуу;
Кант диабети;
Антибиотиктерди көп колдонуу;
Гормоналдык дарыларды колдонуу;
Синтетикалык ич кийимдер.
ФАКТ:
Статистика боюнча, ар бир үчүнчү аял молочница ооруусуна бир нече жолу чалдыгат.
Ооруунун белгилери:
- Молочница ооруусуна чалдыккан учурда аялдардан күрөң же болбосо жашыл, жыты жагымсыз суюктук келет. Жыныстык мүчөсүнүн ичи кычышып, ысып, заара ушатканда же болбосо жыныстык катнашта абдан ооруйт. Эркектердин мындай ооруусу "Кандидоздук баланопостит" деп аталат. Бул оору учурунда, эркектердин жыныстык мүчөсүнүн башы кызарып, ак суюктук чыгып, жыныстык катнаш учурунда кыйналат. Бирок, аялдарга салыштырмалуу, эркектер аталган оору менен 10 эсе аз оорушат.
Candida грибогу аялдардын жыныстык мүчөсүндөгү былжырда тез көбөйүп, жада калса өзүнө коргой турган чел түзүп алат. Ошентип, медикаменттердин ага каршы жасалган аракетинен жашынып алып, дарылоодо бир катар кыйынчылыктарды туудурат.
Энеден балага берилет
Молочницаны дарылабай койгондо күчөп отуруп, жатындын рак ооруусуна алып келет. Инфекция жыныстык органдардан башка органдарга да жайылып кетиши ыктымал. Бойдо болгон учурда молочница 70 пайыз энеден балага берилет.
Бойдо болгон кезде…
Бойдо болгон мезгилде гормоналдык фон өзгөрүп, жыныстык мүчөдөгү былжырдагы микрофлораларды да өзгөртөт. Ал эми гормоналдык өзгөрүү өз учурунда аялдын иммунитетин алсыз кылып, лейкоциттерди көбөйтөт. Болочок эненин жыныстык мүчөсүндө грибокторду көбөйтүп, инфекцияны жогору жакка түртөт.
Ооруулуу наристе
Ошентип, жаңы төрөлгөн наристе жарык дүйнөгө келгенде эле ооруулуу болуп калат. Наристенин тилинде, бүйлөсүндө, таңдайында жана оозунда ак нерселер болот. Оозу ооруган наристе эмчек эме албай кыйналат. Эгер ошол убакта доктурга кайрылбаса, баланын жыныс мүчөлөрүнүн кызарганы кетпей да калышы мүмкүн.
Зарыл:
Молочницаны дарылоодо доктур болочок эненин аллергиясына, боор менен бөйрөгүнө зыян келтирбегендей кылып дарылайт. Жекече дарылануу, энеге да, курсактагы наристеге да абдан зыян.
Ооруга кабылгыңыз
келбесе:
Синтетикасыз ич кийимдерди кийиңиз, анткени, аба киргизип, бактериялардын көбөйүп кетишине жол бербейт;
Суу болгон ич кийим менен көпкө жүрбөңүз. Мисалы, көлдөн "купальник" грибоктордун көбөйүүсүнө шарт түзөт;
Антибиотиктерди колдонууда өтө этият болгонуңуз дурус;
Жыныстык өнөгүңүз менен катышууда сактаныңыз;
Күн сайын курамында бифидлокультурасы бар йогурттан бир стакан ичиңиз;
Гигиеналык гель, май ж.б. бат-баттан колдонбошуңуз керек.





Ич кийим жана ден соолук



Ич кийим десе эле, жарашыгына, көрүнүшүнө карап тандоо туура эмес. Анын ден соолукка пайдасы-зыяны тууралуу да ойлоно жүрүү туура. Учурда ич кийимдердин ар кандай түрүн көрүп, кээ бирин кийгенден да коркосуң. Синтетикалык ич кийим дайыма гинекологиялык оорууларды алып келет. Анткени, синтетика терини кычыштырып, оорууну күчөтүп жиберет.
Стринг (жипче ич кийим) - циститке алып келет.
Иликтөөлөргө таяна турган болсок, стринг кийгенди жактырган айымдар заара ушатууда кыйналышат. Себеби, жип сыяктуу ичке кездеме айымдардын жыныстык мүчөсүн жабыркатат. Ошондуктан, мындай ич кийимди дайыма кийип жүрүү ден соолукка зыян;
Кыска шым сыяктуу ич кийим варикоз оорусуна зыян
Мындай ич кийимдер жамбашты катуу кармаганы менен, санды кысып салып, тамырлардын көөп кетишине алып келет.
Денени кыскан ич кийим
тукумсуздукка алып келет
Айымдар үчүн денени кыскан ич кийим абдан зыян. Андай ич кийим денени кысып, уруктуктагы канды кармап, жана жатын оорууларына, акырындык менен тукумсуздукка да алып келет. Ошондуктан, ич кийимди өзүңүздүн денеңизге карап, чагын гана алыңыз.
Ич кийимди кийүүдө төмөнкү нерселерге көңүл бура жүрүү керек:
ич кийимдин кездемесине;
өлчөмүнө;
тигилишине.
Чоң-чоң фирмалардын ич кийимдерин кийгенге не жетсин. Алар илимдин негизинде гана тигишет. Базарларда үйүлүп жаткан, жердеги ич кийимдердин баары, биз жогоруда айтып кеткен ооруууларды чакырат.
Ич кийим тууралуу кызыктар:
1913-жылга чейин эмчек каптар жок болгон. Mary Phelps Jacob эки бетаарчыны байлап төшүнө тартып алгандан кийин, 1928-жылы гана азыркы айымдар тарттырып жүргөн эмчек кап тигилген.
Салт боюнча Жаңы Жыл күнү, Италиялыктар кызыл, Аргентиналыктар күлгүн, а Бразилиялыктар болсо жөн гана жаңы ич кийимдерди кийишет.
1935-жылы классикалык үлгүдөгү ич кийимдер чыккан. (трусы)
1990-жылдары Бразилияда байлама ич кийимдер мода болгон.
1991-жылдары АКШнын айымдарынын төш өлчөмдөрүнүн орточосу 34B (3-3,5) болсо, азыркы күндө 36B (2).
6. Эркектердин 41 пайызы бош ич кийимди жакшы көрүшөт
Эмчек кап эмне дейт?
Эмчек кап жөнүндө сөз кыла турган болсок, кичине төштүү айымдар "пуш-ап" эмчек кабын кийсе, төштү жакшы көтөрөт. Бир жаман жери, төштү жасалма көрсөтүп коёт. Мындай эмчек капты дайыма тагынып жүрүү ден соолукка зыян.
- Чоң төштүү айымдар төштү толук жаба турган эмчек каптарды кийиш керек.





Молочница ооруусу боюнча суроолорго, гинеколог Асель Нурманбетовна жооп бермекчи. Эгерде сиз да гинекологиялык суроого жооп ала албай жүрсөңүз, (0779) 232776, (0312) 449821 байланыш номерлерине, же болбосо 4436 кыска номерине СМС, obonkg@mail.ru электрондук дарегине кат жазсаңыз, гинекологдон жооп алып беребиз.
- Молочница энеден балага кандай жол менен жугат? Нургүл, 19 жашта.
- Молочница жугуштуу ооруу. Жыныстык жол менен, тамактан, антибиотиктерди көп колдонгондо жугат. Эгерде мындай ооруу менен ооруган эне баласына нан чайнап берсе, тамак аркылуу балага жугуп, оозуна акбашыл болгон жара чыгат да, бала тамак жей албай калат.
- Бойдо болгон учурда молочницаны айыктырууга болобу? Асель, 23 жашта.
- Доктурдун көзөмөлүндө гана дарыланыш керек. Телевизордогу же болбосо, жакын курбусу айткан ыкманы пайдаланбаган жакшы. Анткени, свечалар же болбосо кычышканды баса турган дарылар, ошол убакта эле басканы менен организмдеги инфекцияны толук кетирбейт. Мындай учурда диетага отурган дагы жакшы. Таттууну, ачууну, камырды жана сүт азыктарын өтө аз өлчөмдө жеш керек.
- Ич кийимден да жугат
деп уктум эле?
Мунара, 24 жашта.
- Туура, ич кийимден жугушу толук мүмкүн. Азыр базарларда ич кийимдерди төгүп алып, сатып жатышпайбы. Ачык жерде шамал болот, кээ бирөөлөр кийип да көрөт. Иммунитети төмөндөр молочницага бат эле чалдыгып калат. Ошондуктан, ич кийимди жабык жерлерден алып, сөзсүз түрдө жууп, үтүктөмөйүн кийбеш керек.
- Жыныстык косметиканы канча убакытта бир пайдаланыш керек?
Назира, 22 жашта.
- Эгерде жыныстык косметикага аллергиясы болбосо, дайыма колдоно берсе болот. Кээ бир адамдардын аллергиясы болот. Алар колдонбой эле койгону жакшы.













кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??