п»ї

  киностан

Ээ жаа бербегендер
Азыркы учурда боевик, мелодрама, комедия жанрындагы кинолор тартылып, жергиликтүү кинотеатрларда көрсөтүлүүдө. Алардын арасында бир нече белгилүү актерлордун башын бириктирген "Ээ жаа бербегендер" аттуу кино тасмасы дагы бар. Ал учурда популярдуу болуп, 2010- жылдын мыкты киносу аталды. Боевиктин сүйүүчүлөрү эми бир нече атактуу актерлоду бир тасмадан көрүп, ырахат алышууда.

Кыскача мазмуну:
Барни Россо башында турган жалданма команда АКШдан Түштүк Африканын Корзу шаарында отурукташкан диктатор тиранды бардык мүмкүнчүлүк менен өлтүрүрүп жок кылуу тапшырмасын алышат. Алдына коюлган максатын аткаруу үчүн жалданмалар отко күйүп, сууга чөгүп, айтор бардык кыйынчылыктарды башынан кечиришет. Күчтүү жигиттер алдына коюлган ишти аткарууда ийгиликке жетишүү же болбосо "капа болуу же каза болуу" деген ураан менен намыстанып, жигитчилик мыйзамдарын аткарууга барышат. Бирок, аны иш жүзүнө ашыруу үчүн көп кыйынчылыктарга туш болушат. Негизги жалданма төрт жигит Түштүк Африкага жаныбарларды көзөмөлдөп, аларды сүрөткө тарткан адис катары Корзунун аймагына киришет. Ал жердеги окуяларды изилдеп чыгып, жумуштарын аткарууга бет алышат. Жигиттерди Корзунун башчысынын кызы Түштүк Африка боюнча саякатка алып чыгып, жерлерди көрсөтө баштайт. Чоочун адамдардын жүргөнүн көргөн жергиликтүү аскерлер жигиттерди туткунга алууга аракет кылышат, бирок, тескерисинче жигиттер диктатураны жок кылышат.

Кайдан тартылган?
Сьемкалар 2009 - жылы Рио-де-Жанейродо март айында тартылып баштаган. Түштүк Африканын Корзу шаары аталган сьемкалар Бразилиянын Коста-Рика жунглиясында тартылган. Андан соң Лузиана штатында улантылган.
Кинону тартуу үчүн "West Coast Customs" компаниясы атайын Ford F-100 үлгүсүндөгү үч автоунаа тартуулаган. Бирөөсү жалаң трюктарга, экинчиси жунглияга ылайыкташтырылган, ал эми үчүнчүсү кадр сыртына арналган автоунаалар. Кинону толугу менен бир жылда тартып, 2010 - жылы элге сунушталган.

Бюджети:
Фильмдин бюджети сексен миллион долларга барабар. Башкы каарман Дольф Лундгрен "биринчи жолу эски форматта кызыктуу кино тартылды" - деп, эмоциясын жашырган эмес.

Башкы каармандар:
Сильвестр Сталлоне башкы каармандарга биринчи белгилүү актерлодун арасына Ван Даммды чакырууну пландап жаткан. Бирок, сценарийди карап, киносүрөттүн концепсиясы жакпай калгандыктан, ролду Дольфу Лунгреди ойногон. Кинонун сьемкаларына белгилүү актриса Сандра Балок чакырылган, бирок, ал баш тартып, кийин өкүнүп калганын билдирген. Джет Ли, Джейсон Стэтэм, Дольф Лунгрен, Микки Рурк, Сильвестр Сталлоне аткарган. Кинодогу олуттуу ролду аткарган Брюс Уиллис (Борбрдук чалгынчылардын башкаруучусу) жана губернатор Арни (АКШнын президенттигине талапкер) мафиянын образын жаратышат. Эң күчтүү, мыкты аталган жалданма жигиттер элүү жаштан жогору болушкан. Эң эле жашы Джет Ли кырк жети жашта, Микки Рурк элүү эки жашта. Калгандары элүүдөн жогору.

Кызыктуу окуялар:
Кинонун ийгилиги катары бир сьемкада эле беш белгилүү актерлордун бирге тартылышын айтууга болот. Арнольд Шварценеггерден тартып, Брюс Уллиске чейин ж.б көрүнүктүү күчтүү актерлор катышкан. Боевиктин сүйүүчүлөрү бул кинодон рахат алса болот, анткени бардык триллердин негизин түзгөн каармандардын бардыгы ушул кинодо топтолгон. Боевик аталган кино бир гана согушуу, мушташуу менен коштолбостон, комедияны дагы өзүнө камтып өткөн. Өзгөчө Микки Руктун башкаларга татуировка тартып берүүсүн өтүнгөнү, жана ар кандай баш кийимдер, гитараларды чогултканы киного өзгөчө көрк берип турат. Андан тышкары белгилүү актерлор бири-бирин какшыктап шылдынга алганы, мисалы: күчтүү беш актер болсо, арасынан Джет Лини "жарым киши" деп кыжырына тийгендери көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөйт.

"Кармалбагандар 2" тартылабы?
Кино бүтүп, элге тартуулангандан кийин эми "кармалбагандар 2" киносу тартылат деген сөздөр эл ичинде тарап кеткен. Мындай сөздөргө кинонун режиссеру Сильвестр Сталлоне журналисттерге берген интервьюсунда мындай деп жооп берген: "Кинонун уландысын тартуу идеясын карап жатам, мен бүгүн эле Брюс Уиллис менен тамактанып, аны башкы "супер каарман" болуп беришин өтүндүм, буюрса алардын баардыгы ишке ашат" - деп айткан.






  Кино Жаңылыктары

Жессика Альба боевикте:
Жакында Дүйнөлүк аренага "Мачете" аттуу боевик чыгаары күтүлүүдө. Анын башкы кармандары Денни Трехо жана анын коллегасы назик, сулуу кыз Жессика Альба аткарат. Техас штатында мыйзамдаштырылбаган бизнес менен алектенген чиновниктерге каршы чыккан Денни Трехо жардамга Сартана (Жессика Альба) аттуу агентти чакырат. Өзүнүн мекени болгон Техасты ирэээтке келтирүүнү туура көргөн атуулдар чиновниктерге каршы чыгышат.
Мадонна кызын актриса кылабы?
Мадонна режиссерлук кылган "Сен мен үчүн" аттуу жаңы кино тасмасына кызы Лудрести катыштырууда. Мадонна 13 жаштагы кызын "актриса болсо экен" деп ойлойт. Кинону тартуу үчүн 27 миллион доллар талап кылынган. Башкы каармандар Ричард Койл, Натали Дормер ж.б катышкан. Ал кино 2011 жылы көрсөтүлө баштайт. Бул фильм Мадоннанын экинчи эмгеги болуп эсептелинет. Сценарий Улуу Британиянын каролу Эдуард Америкалык жаш кызды сүйүп калганы менен кызык болот.
"Көлөкө менен күрөшүү 3: Акыркы раунд" кайрадан эфирде:
Көлөкө менен күрөшүү 3: Акыркы раунд" (Бой с тенью 3: Последний раунд) кинонун режиссеру Алексей Сидоров кайрадан сценарий жазып, эми үчүнчүсүн тартууда. Башкы каармандарды мурунку актерлор Денис Никифоров, Андрей Панин жана Елена Панова аткарууда. Проекттин продюссери Рубен Дишдишян жана Алексей Сидоров. Кинонун сьемкалары Москвада, Ганконгдо, Таиланда тартылат. Фильм эми 2011 жылдын күз айларында көрсөтүлөт.
Валерия-нын тагдыры чагыл-дырылган сериал эфирге чыгат
Жакында "Россия -1" телеканалында "Сүйүү болгон" (Была любовь) аттуу сериал көрсөтүлө баштайт. Сериалдын сценарийи белгилүү эстрада ырчысы Валериянын жашоосунан алынып түзүлгөн. Кинонун продюссери Иосиф Пригожин толугу менен Валериянын жашоосун чагылдырганга аракет кылган, жада калса башкы каармандын аты дагы Валерия. Жаш кыз Москвага келип, шоу бизнеске аралашып, башынан өткөргөн кыйынчылыктары жөнүндө көрсөтүлөт. Кино ар түрдүү убакыттагы хиттер менен коштолот. Бул сериал октябрь айында Россия телеканалынан көрсөтүлө баштайт.

Нургүл Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??