п»ї

  окумал

Фархад менен Ширин
(Уландысы, башы
өткөн санда)
Өзүн эмне балакет басып атканын түшүнбөй, Фархад а күнү кечке кыйналат. Мууну бошоп, колу калтырап, сүрөт тарталбай араң кеч кирет. А кечинде үйүнө келип, көңүлү дегдеп, кумары ашып-ташып, түн бою уктабай чыгат. Таң куланөөк атканда, күндө өзү менен чогуу жүрчү атасын күтпөй, ак сарайга келип ыйык кызматын улантып баштайт. Жүрөгүн өрттөгөн беймаза махабатын сээлдеткени баш көтөрбөй иштейт. Бирок, Ширин бу күнү да келип, Фархаддын маңдайынан көрүнөт. Уландын эрке жүрөгүн куйкалаган ысык жалын кимдир-бирөө ичкериден үйлөп аткансып, чатырап күйөт. А күнү кечке, а түнү таң атканча кечээкисиндей көз ирмебей үшкүрүнүп-бышкырынып кыйналып чыгат. Эртеси сарайга келип, эки-жагын карабай ишке киришет. Бирок, жарытылуу иш болбой, боз улан муңайып Шириндин келишин ойлоп, санаа чегет. Бу күнү Ширин сарайга жалгыз келет. Келсе го деп күтүп аткан Фархад аны көрө коюп, эсинен танат. Ширинге кудай бербеспи, эбелектей зымырап жүгүрүп барып, эки бетинен эки өөп, үйдөн жазып, даярдап келген төрт сап ырын Фархаддын башына жаздап коюп кетип калат. Оо, бир оокумдан кийин Фархад эсин жыйып, көзүн ачып, башына жаздап кеткен катты көрө коюп, үңүлүп кайра-кайра окуп чыгат. Ширин сулуунун да өзүнө куштар экенин билип аябай кубанат. Ошо заматта жанагы келген чүрөктүн жамалын көзүнө элестетип атып портретин кагазга түшүрүп алат да түн баласы уктабай, тирмие тиктейт да отурат. Бу азап бир канча күнгө созулат, жалгыз Фархад дейсиңби, бу арада Шириндин көргөн күнүн айтпа. Санааркап, жүрөгүнө тамак баспай, өңдөн азат. Кайда болсо, качан болсо көөнү Фархадда, "Жаңы сарайга качан, кантип барсам?" ою ушул. Бир күнү Ширин сулуу таң азандан туруп бакка чыгат, ары-бери басып жүрүп, ак сарайдын тике маңдайына келип отуруп, булак тилиндей шыңгырап, көңүл зарын кошуп ыр ырдайт:

Оо, Ширин, өз сүйүүң өз шоруңа себеп болду,
Өксүтүп - шыбагаңды бөксөртүп ченеп койду.
Бу жараткандын жазмышы го сага деген,
Фархад деп азап тартыш керек болду.
Ширин минтип көңүл зарын айтып ырдап жатканда ансыз да сүйүү отуна күйгөн Фархад байкуш, сүрөт тартып аткан экен, жылдыздап махабаты учуп келет. Мукам ыр жүрөктө чыйралып турган кылды чертип иет. Кыл калеми, боёгу колунан түшүп, Фархаджан оор үшкүрүп-үшкүрүп обон салат.

Ширин бактым, Ширин ашыгым,
Отко салдың мени катыгүн.
Күлпөтүңө ал, сүйүүмдү аябайм,
Жаным секет сенден а түгүл.

Фархадддын бу ырына кыз мындайча жооп берет:
Кумарлыгым ашып тарабай,
Куурап бүттүм чаңкап садага-ай.
Куш саяптап тилин үйрөнүп,
Булбулча үндөйм жанымды аябай.

Фархад кайра:
Күндө карап көзүм талыды,
Күйүт тарттым кара алымы.
Ашыгым оо, ая жүрөктү,
Жанга батып кетти зарыгуу… дегенде, Ширин айласы түгөнүп зарлап, ырдап турган боз уланды угуп, чыдай албай, отурган ордунан ыргып тура Фархадга учуп жетет.
(Уландысы
кийинки санда)






Сезимай Алиева
Сен жана мен

(Уландысы, башы өткөн санда)
Тунгуюк жол


- Бекер эле келиптирсиң… Эне-атага баланын кереги жок болгон үчүн талаага таштап, иликтеп -издешкен жок да десең болмок экен. Бүтүп калган эски жарамдын оозун тырмап, уйкусуз түндөрүмдү кайра башыма үйдүң го, -деп үшкүрүк аралаш чыккан үндөн кейип-кепчүү эмес, кекеттүүнү туйгансыган Дуулаттын жүрөгү муздай түштү. Кезиккенден бери маңндайындагы ак саргыл жүзү тунук, кашы - көзү бажырайган, Сүйгөндүкүнө окшош жука ээрдин улам-улам тиштегилеп, мисирейип отурган аял менен аялын салыштырып, окшоштук издеп аткан Дуулат мындай жооп күткөн эмес. "Атасынын жөнү түшүнүктүү. Адам кейпиндеги айбан аман эле болсун! өз абийирине койдум!.." деп Албаевди эстеген сайын ачуусу кайнап, муштумун эрксиз түйө, тишин кычыратчу Дуулат "апасынан" такыр башка мамиле күткөн эле. Бишкектен Кантка жеткенче жол арбыбай, жүрөгү элеп-желеп болуп, кезиккенче шашкан. "Жүрөгүм бар корком, жүзүм бар уялам" дегендей жаштык кезимде жаза басып, алданып азгырылып кетирген жаңылыштыгым үчүн жашабай, ушунча жыл жөн гана күн кечирип келгенсидим. өзүм кантип издеп, жүзүнө, көзүнө кантип карайм?! Кабыл албай, кечирбей койсочу деп коркком. Кызым үчүн кылган жакшылыгыңа мен миң мертебе ыраазымын. Мени кечиргиле???" дээр бекен деп кыялданган. Ал тургай "апасын" бүгүн эле шаарга ала кетип, Сүйгөн менен кантип жолуктуруунун да жолун ойлоп, делөөрүп келген. Көрсө… "Боору таш неме турбайбы! Тигинисинен айырмасы жок аял го?! Тууй ат-та, ушунча убактымды, нервимди коротуп, Сүйгөнгө калп айтып кайда баратканымды жашырып, кишиден-киши салып эмнеге издедим бул эки окшошконду?!" деген ойдон бир орунга отура албай ойдолой, көкүрөгү ызадан күйүп-түтөп кеткенсиди. Туттугуп сөз таппай калды. Аялдын бетине "түү" деп жаба түкүргүсү келип, өзүн араң-араң карманып калды. "Теңелбе Дуулат" деди ичинен өзүн сооротконсуган бир үн.
Аял болсо жигиттин бул абалы менен эч иши жоктой, кайдыгер көз таштап, аты жогундагы алтын шакегин чыгарып кайра салып, ойго бата түштү. Көз алдына өткөн өмүрү тартылды.
Кош кабат болуп калганын өтө кеч билип, эси эки болду. Эмнеге эле күнү -түнү денеси талыкшып уйку басып, шалдырап шайы кетип, жатаканадагы куурулган картошканын жытына көңүлү айнып, оозуна кара суу келсе да башка тамакка көңүлү чаппай, апасынын гана айранын эңсеп калганын эми түшүнгөнсүдү. Бөлмөлөш курбусу Кализа көпкө тигиле тиктеп: "Тумара, сенин бир мандемиң бар го, деги бой-сойуңда жокпу?" дегенде мукактанып жооп таппай, эреркеп ыйлап жиберген эле. Ылайым эле Кализа жаңылып калса экен деп ичинен жалынганы менен, тунуктугунан майда-майда тарам кан тамырлары көрүнүп турчу жүзүн эми билинер билинбес каралжын так каптап калганын байкап, күзгү алдында моло таштай катып көпкө турду. Ичин сыйпалап "Адылга айтыш керек, Адылга айтыш керек" деп акыл эси айныган адамдай күбүрөнүп атканын өзү элес албады.
Эртең менен дене башы оорлошуп, түнү бою ойлонуп өзүн-үзү жеп чыккан Тумар төшөктөн турганга алы келбей "кыздар, бүгүн апам келет эмеспи, мен сабакка барбай эле коёюнчу, мен ооруп калды деп койгулачы ээ?" деп бөлмөлөш кыздарынан калып калган. Бир маалда жайылган чачын шарт байлап, үстүнө калың жемпирин киймекчи болуп барып кайра токтоду. Бүгүн айылдан апасы келмек эмес беле. Демек, бүгүн Адылга бара албайт экен. Адылды бүгүн күтөт, болбосо эртең окуусуна, же жашаган батирине барайын деп өзүн алаксытып сууланбаган шыпыргы менен бөлмөсүн чаңызгытып шыпырып кирди. Демейде сагынып, көргүсү келип күтчү апасынын бүгүн келишин каалабай, көзүнө көрүнгүсү келбей турганын эми туйду. "Ноябрдын отуздарында барып, үстү -башыңа кийим алып берем. Эптеп эскиңди кийе тур" деп апасы өткөн жумада айылдашынан кат берип жиберген эле. Эми бул абалын кыраакы апасы байкап калса эмне болоорун элестеткенден да коркуп, эси -дартынын баары Адылга жолугушта болуп аткан кыз шыпырындыны чогултуп атканда жүрөгүн "селт" эттирип эшик кагылды.
"Көпчүлүк кыз-эркек чогуу жашаган жерде алда кандай болуп кетип, алданып кала көрбө. Эркекке эмне, бузулуп калса кыз балага эле кыйын. Турмушунда бетине өмүр бою чиркөө болот. Эстүүсүң, өзүңө ишенем. Жигит дегенди азырынча жыйыштырып, окууңду жакшы бүтүп, койкоюп иштеп алсаң, күйөө деген табылат. Быйыл деле Үсөндүн үйүндө жашасын деген атаңдын айтканына көнбөй, "иниңдин жаш балдары бар. Алып кел, берип кел деп келинибиз кызымды жумшай берип, сабагын тыңыраак окуй албай калат", деп жатаканаңа чыкканга атаңды араң көндүрдүм. Атакеңдин кыялын деги жакшы билесиң, мени көр жемеге калтыра көрбө, кызым" деп күзүндө эле апасы узатаарда кечке какшап айткан. Эми эмне болот?! Бүткөн бою калтырап каалганы акырын ачса, босогодо апасы эмес кошунасынын "сельхоздо" окуган баласы турганын көрүп, сүйүнүп кетти.
- Ой, Тумара кандайсың Аябай чоң кыз болгонсуң го? И окуулар, жигиттер кандай? Айылдан кечээ жеңем келген, сеникилер сага кат менен бул акчаны берип жиберишиптир. Кой мен кеттим, сабактан кечигем, кезигебиз да, - деп кыздын колуна бет аарчыга дыкаттык менен оролгон түйүнчөктү кармата салып, шаша жөнөдү. Тумара сөз сүйлөгөнгө да дарманы келбей кала берди.
Апасы "…атаң эски оорусу козголуп, төшөккө жатып калып, мал-жанды караган киши жок мен бара албай калдым. Жеңеңе айтып, үстүңө жылуу кийим алдырып ал" деп жазыптыр катында. Оор жүктөн жеңилдегендей үшкүрүнүп алды. Дароо эле үстүнө жука пальтосун сала калып Адылга шашылды. Жолду ката Адылга айтаар сөзүн миң кайталап убайым жеп баратты. Бир жумадан бери жок. Күндө терезе тиктеп, көзү тешилди. Эми болсо күтүүгө чамасы жок. Ичиндеги күмөнүнүн кабарын тезирээк айтпаса жер астын үстүн болуп кетчүдөй сезимде, жүрөгү элеп-желеп.
Экөө ар бир жолугушууну чыдамсыздык менен күтүшүп, бири бирин көрбөсө сагынышып калышаар эле. Адыл кучагына кысып, көздөрүнөн өөп "Карлыгачым, бир жыл бат эле өтсө экен ээ? Буйурса, окуумду бүтсөм эмки күздө дипломумду колго алаарым менен эле өзүңдү айылыма алып барып, ата-энемди кубантам" деп өткөн жолугушууда кулагына шыбыраган Адылдын эми кубанаарын же кубараарын биле албай Тумар түйшөлүп жеткенче, ал сабагынан тарап кетиптир. Түз эле "Төкөлдөштөгү батирине жөнөдү. Быйыл Адылдын карындашы биринчи курска өтүп чогуу жашап калгандан бери Тумардын бул үйгө келиши сээлдеп калган. Адыл жок болуп чыкты. Алакандай чакмак баракка "Адыл, мага сөзсүз жолукчу, күтөм, Тумара" деп жазып, өзүн баштан ылдый сыдыра сын көз менен карап турган карындашына берип, шаабайы сууп жолго түштү. Карындашынын айтуусу боюнча, Адыл күндө эле сабагына барып, соо - саламат эле жүргөндөй. Анда эмне болду, бир жумадан бери дайыны чыкпай? Ар кайсы ойду ойлоп башы катат. Эки күндөн кийин Адылы дагы үйүндө жок болуп чыкты. Анын эртеси атайылап эрте сабагына барды. Бирок Адылды окуусунан да таппады. Илгээри үмүт жетелеп, Адылдын үйүнө күндө барат, же анысы таптырбайт, айласы кеткенде абалын ыйламсырап карындашына айтты. Акыры бир күн кезигишти. Баягы жапакеч, жайдары, шайдоот мүнөз, күн алыс киного алып барып, жалынып жалбарып, үстүнө үйрүлүп түшө калчу Адыл жок. Тумардын Адылы эмес эле, башка бейтааныш Адыл тургандай, көз карашы кайдыгер:
- Эмне издейсиң?! Өзүм келет элем го!!! И эмне болду анчалык?-деди. Кыздын келген себебин угуп - укпай чалкасынан кетти, кайра туруп, кара күчкө көпкө каткырып күлдү. Анан жайпактап, Тумарды кучактап, адатынча көздөрүнөн өөп:
- Карлыгачым, биздин план боюнча мындай болбош керек эле го, азырынча экөөбүз баш кошконго шарт жок. Анын үстүнө кыш болсо… Өзүң түшүнүктүү эле кызсың го, карындашымды да багыш менин мойнумда, эми эмне кыл дейсиң я? Тыйын-тыпыр да жок аябай кыйналып жүрөм, - деп үнү жалооругандай чыкты. Адылдын бул кебетесине боор ооруган Тумар, сумкасынан ата-энеси берип ийген эки жүз сомун кантип алып чыгып Адылдын колуна кармата салганын өзү да байкабай калды. Ушул эки жүз сом менен тагдыры чечилип кетчүдөй:
- Мына бул акчаны апамдар үстүңө кийим ал деп берип жиберишиптир. Мен эским менен деле кыштан чыксам болот. Экөөбүз үйлөнгөнгө жарап калаар. Мени кечирип койчу?
(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??