Тентек собол

Кыргыз сөздү бапестеп, баалап, ар бир айтылган каймана сөзгө абдан чоң маани берген эл. Азыркы кыргыздын чыгармачыл адамдары биздин "чымчыма" суроого канчалык маани берээрине чогуу күбө бололу.


Назми, ырчы:
- "Чоңойгондук ушу да, мен колтоюп, сен олчоюп калыпсың"
- Мектепте бир партада отурган классташтар, же болбосо курсташтар улгайып калганда жолугуп калышса "Мен колтоюп, сен олчоюп калыпсың" - деп айтышат. Анткени, кээ бирөөрлөр семирип кетишет, кээ бирлери арыкташат, узарат, жүзүнөн токтоолук, акылдуулук байкалып калат. Ошондо гана, тагдырга баш ийип, жогоруда сен айткан сөздү айтышат. Анан, жаш кезде сүйүшүп жүрүп, карыганда жолуккан жигит, толуп калган сүйгөн кызын көргөндө айта турган сөз.


Гүлмира, ырчы:
- "Ит да тыкан "чыш" дейт бутту көтөрө"
- Бул сөз, Кыргызстандын бай саясатчыларына карата айтылыптыр. Негизи эле байлардын көзүн май басып калат эмеспи, эмне кылганын билбей. Карапайым элдин акчасын алдап алып, ар нерсени убада кылып коюп, орой тил менен айтканда "түкүрүп" кетип жатышат. А айбан да болсо ит, жөнөкөй маданиятты билет, сен айткандай, "тыкан чыш" - дейт да туурабы. Биздин байлар капа болбосун, бирок кээ бирлеринин мээси итче да иштебейт.


Жанель, ырчы:
- "Элди илбей көзүнө, эки чымын эки этаж"
- Бул түптүз мааниде эле эки чымын туурасында айтылган сөз эмес да. Менин оюмча, азыркы жаштар жөнүндө айтылып жатат. Көчөдөн кетип баратканда жаштардын кучакташып турганын көп эле көрүп жүрөм. Элди көзүнө албай, өбүшкөндөрү деле бар. Сен айткан сөз адамдардын чымындан айырмасы жок дегенди билдирет. Азыр ата салтын бузуп, никесиз жашап жаткандар канча дейсиң…


Кундуз Авашова,
ди-джей:
- "Министрге деле керек канистр"
- Кыргызда, "ашык дөөлөт баш жарбайт" - деп коёт. Анын сыңарындай, бул дүйнөдө пайдасы жок нерсе болбойт. Министр деле биздей адам. Анын да керектөөлөрү жана ошону менен бирге, өз муктаждыктары бар. Мисалы, министрдин машинесинин майы өчүп жолдо калса, канистр сөзсүз керек болот. (күлүп).


Мирлан Жетигенов, ырчы:
- "Тикчийген же шалактаган, шалпайган эмчегиңерди экиге бөлсө көрөт элем, сүрөткө же киного дырдай жылаңач түшкөнүңөрдү"
- Аял киши негизинен алды-артын жаап жүрүш керек. Анын жылаңач денесин, өмүрлүк жары гана көргөнгө акылуу. Менин оюмча сен айткан сөз, түздөн-түз эле "порножылдыздарга" тиешелүү айтылган сөз. Анткени, алар акча үчүн болгон уят жерлерин көргөзүп, сүрөткө, киного тартылып жатышпайбы.


"Б.Бекешов жаш кыз менен Ысык-Көлгө эс алганы барып…"
- Саламатсыздарбы "Обон" гезити! Сиздердин "кат куржун" рубрикаңыздар аркылуу бир суроого жооп алайын дедим эле. Журналист Бейшенбек Бекешовдун 5 никелүү аялы бар экенин угуп, таң калган элем. Бир аялынын үстүнө экинчисин ала бермей адаты бар экен. Жакында эле журналист Султан Абдрахманов экөө эки жаш кыз менен Ысык-Көлгө эс алганы барышыптыр. Бул канчанчы никеси? Мен айтып кеткен Б.Бекешовдун "жаш кызы" ЭлТР коомдук телеканалында журналист экен. Ушул боюнча тактап бериңиздерчи.
Бишкектен,
Толгонай


Б.Бекешов: "Ал бир оңолуп кетсе, соопчулук иш болот го деп…"
- Мен бир топ жылдан бери мага чейин эле элден-элди куруткан, жерден-жерди куруткан бир "шуркуя" менен жүрдүм эле. Ал бир оңолуп кетсе соопчулук иш болот го деп бүтүн өмүрүмдү да арнадым десем болот. Бирок, "Эрте оңолбогон, кеч оңолбойт. Кеч оңолбогон эч оңолбойт" - деген туура экен. Баягынын шуркуялыгы карыганда чыгып, кармалып калып, абийири айрандай төгүлүп атат. Эми "Кыз боозуп энесин коркутат" - болуп, мен жөнүндө ар кандай "правокацияларды" ар кайсы гезитке чалып айтып жатат. Бул катын ушактын айланасындагы сөздөр. Эгерде "укуктук негизде, мына,ы баландай деген суроо болду" десе реалдуу адамдар бере турган ар бир суроого жооп берүүгө даярмын. Дегеле, кишиден катынып көргөн эмесмин. "Шымына чычкан колун аябайт" дегендей, менин азыр аяна турган эч нерсем жок калды.