Сырмаек

Гулжигит Сатыбеков, ырчы
Каректеги тамчылар
Акыркы күндөрү жаштык, патриоттук сезим тууралуу ырларды жазгым келип жүрөт. Комуз үйрөнүү менин алдыдагы максатым. Анткени мен улуу муундагы ырчы, обончулардан "сенин тексттериң, обондоруң жакшы экен, азыркы жаштардан сенин ырларыңды угабыз" деген сын-пикирлерди көп угам. Ошон үчүн устаттарымдын, угармандарымдын ишеничин актоого аябай аракет кылам, - дейт ырчы Гүлжигит Сатыбеков.


Гүлжигиттен афоризмдер
Үйүбүздө бир шам чырак күйүп, баарыбызга өз жарыгын чачып, жылуулугун берип турат. Ылайым ошол жарык өчпөсө экен деп жараткандан тилеп келебиз. Бул жарык-менин апам.
Жагымдуу да, жагымсыз да сайрап, ырыскысын ар жерден терип жеген чымчыктарга ырчылык өнөрдү салыштырам. Себеби алардын арасында булбулу, күкүгү, сагызганы, сүтагы, каргасы да бар.
Чыныгы талант үчүн сахна бул-айыкпаган дарт.

төрт сап рубаилер
Бул өмүрүң убактылуу жарыктыр,
Улгайганча сыгып суусун сарыктыр.
Тирүүлүктө бакыт издеп не кылат,
Бул өмүргө келүү өзү бакыттыр.
х х х
Бүгүн көрдүм ак оромол байланып,
Булак көздөй баратыпсың назданып.
Андай болсо өтүп жаткан өмүрдө,
Ак сүйүүңө алаар бекем чайканып.
х х х
Кана бокал куйгун мага шараптан,
Бул өмүрлөр кайдан келди адашкан.
Ушул ажал менден гана тоебу,
Берем алсын, ошол мени жараткан.


- Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыгыңыз бар?
- "Махабатым" аттуу аккордеондун коштоосунда жаңы альбомумду жаздырып бүттүм. Кудай буюрса альбомумдун ичиндеги ырларга Жаңы жылга чейин клип тарттырып, күйөмандарыма тартуулайын деген оюм бар.
- Эмнеге дайыма эле кайгылуу ырларды ырдай бересиз?
- Отуруп алып шаңдуу ырларды ырдап жатсам деле кайгылуу обон чыга берет. Анын үстүнө эл да муңдуу ырларга жакын. Мен негедир шаңдуу ырларды жаза албайм.
- Сиз ырдап да, обон чыгарып да жүрөсүз. Музыканы кандай түшүнөсүз. Музыка-деген эмне?
- Музыка бул- тондордун, кайрыктардын топтому деп койсок болот го. Мына ошол кайрыктардын негизинде жакшы текст жазылып, жакшы обон чыгат.
- Обондуу канча ырыңыз бар?
- Рыспай Абдыкадыровдун 300-400дөн ашык ыры болсо да, "Үч эле обонум бар" деп айтчу экен. Анын сыңарындай элге сиңген эки-үч эле ырым бар. Калганы көкүрөктө жаңы жазылып жатат же эл алдына чыга электер.
- Ырларыңызды санап калдыңыз, музыкада математика барбы?
- Математика жашоодо эле эмес, музыкада да бар деп айтсам жаңылышпайм. Мисалы, бир ыр канча муундан турат, канча нота бар дегендей.
- А мектепте математика сабагын кандай окучу элеңиз?
- Чынын айтыш керек, мектепте математика эле эмес, бардык сабактарды 5 ке окугам. Анткени мен таенемдин колунда чоңоюп, баласы, сырдашы, мектепте окуучусу болчумун. Себеби, ал киши мектепте 45 жыл мугалим болуп иштеген. Ошондуктан мен таенемди уят кылбайын деп жакшы окучумун. Жылына мактоо баракчасын алчумун. 9-классты буткөндөн кийин балалык сүйүүлөргө азгырылыппы, айтор окууну таштап койдум.
- Чыгармачылыкка эмнеге кеч аралаштыңыз?
- Мен мектепти бүткөндөн кийин Оштогу жогорку колледждин Дене тарбия бөлүмүнө тапшыргам. Ошол жерде окуп жүрүп аккордеон, баянды үйрөндүм. Жаңы үйрөнүп баштаганда кыйч-куйч эткен үнүнөн бөлмөлөш балдар тажап, "болду, токтот" деп кыйкыра эле беришчү. Такыр укпасымды түшүнгөндөн кийин алар эки ай ар кайсы жерде жүрүштү. Ушул аралыкта аккордеонду толук үйрөнүп, баянга кызыга баштадым. Ошентип 1998-жылы аккордеондун коштоосунда "Жүрөгүмдө сүйүү дартым бар беле" деген алгачкы обонум жарыкка чыкты. Жатаканада менин ырларым популярдуу боло баштады. Чыгармачылыкка болгон эргүүм, кызыгуум башталып, экинчи жогорку билим алып жаткан юрфакты таштап, 2000-жылы гастролго чыгып кеттим. Эми музыкалык билим алсамбы деп ойлоп жүрөм. Учурда Улукмырза Полотовдон вокалдан сабак алып турам.
- Сынга чычалайсызбы?
- Сын угуп бир топ чыйраласың, бирок кээде нааразы болуп да кетесиң. Ыр жазыш, клип тарттырыш билинбеген менен чоң түйшүктү жаратат. Мен учурда "Чолпонум" деген клибиме "үнү жок экен, ушундай кантип клип болсун?" деген сыяктуу көп сындарды угуп жатам. Бирок маани деле берип, капа болгон жокмун. Мен ойлойм, жакында фонограмма жок болот болуш керек. Ошондо ким чыныгы ырчы, ким жасалма ырчы экени билинет. Ага чейин жакынкы аралыкта комуз үйрөнөйүн деп жүрөм. Жүрөктө багып жүргөн жакшы-жакшы идеялар, тексттер, кайрыктар бар. Ошолорго комуздун коштоосунда дастан жазсамбы деген ойлорум бар.
- Стилисттерге кайрылып турасызбы?
- Чынын айтсам стилисттерге деле кайрыла элекмин. "Стилиңди өзгөртпөйсүңбү?" дегенди көп угам. Кудай буюрса Жаңы жылга чейин стилисттер менен иштешип, стилимди өзгөртөм. Андан соң салтка айланып калгандай 1-декабрга карата жеке концертимди берем.
- Ырчыларга да ыр жазып бересизби?
- Жок. Азырынча жаза элекмин. Кээде отуруп алып өзүмчө ырчылардын үнүнө, стилине ылайыктап обон жазып калам. Мисалы, ушул ырды Динара эже (Акулова) же Роза Шакирова ырдаса болчудай экен. Анткени бул ырларды алар гана элге жеткире алат деп ойлоп коем. Бирок, менин ырларымды көпчүлүгү кайгылуу экен дешет. Мен башында "Коштошуу" деген ырымды Токтобүбү Черикчиева менен Салима Балтаевага алып барып, "мен ырчы болбойм, ушул ырды ырдап чыгыңызчы" деп сунуштагам. Алар "текст жакшы, бирок обону аябай муңдуу экен"деп коюшкан. Мүмкүн ал учурда мен аларга жакпагандырмын, же алар менен сүйлөшө албагандырмын. Ошентсе да кийин "жакшы ыр экен" дегенин укканым бар.
- Акыркы жолу качан ыйладыңыз эле?
- Мен өзү жашык адаммын. Бардык нерсени жүрөгүм менен кабыл алам. Өзүм жазган ырларымдын, обондорумдун баардыгы менен ооруйм. Сүйүнсөм да, күйүнсөм да аккордеонум менен сырдашып, образга берилип ырдайм. Кээ бир учурда сахнада ырдап атып, элдердин ыйлаганын көрүп, өзүм кошо ыйлап ийген учурлар да болот.
- Эмнеге көп ойлоносуз?
- Жанымдагылар сүйлөп атса мен угуп жаткандай түр көргөзгөнүм менен ойлорум башка жакта жүрө берет. Ал учурда башыма ар кандай саптар, кайрыктар келип, оюм менен алпурушам. Акыркы кезде чакан аңгемелерди, рубаилерди, афоризмдерди жазып жүрөм. Андан сырткары жалаң "К дан", "А дан", "С дан" жазылган аңгемелерим бар. Кийинки күндөрү күндөлүк жазсамбы деп да жүрөм. Буюрса чыгармаларымдын баарын топтоп, келечекте "Каректеги тамчылар" деген китеп чыгаруу оюмда бар.