п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Экономикалык кылмышкерлерге мунапыс жарыяланды
Мамлекетке келтирилген зыянды толуктоо максатында Убактылуу өкмөт мурдагы бийлик тушунда экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялоодо. Анда, мамлекетке ири өлчөмдө материалдык, каржылык зыян алып келгендер атайын комиссия аныктаган акчаны өз ыктыяры менен төлөп берсе, сот жоопкерчилигинен бошотулат. Беш жылга чейин жооптуу кызматтарга иштешпейт. Бул буйрукка өлкө башчысы Роза Отунбаева 6-сентябрда кол койду. Мунапыска кирүүнү каалагандар зыянды толуктоо үчүн 1-октябрга чейин атайын келишим түзүү керек. Бирок, камакка алынып же үйүнөн сыртка чыкпай отургандар, болбосо из жашырып качып жүргөндөрдүн канчасы келтирген зыяндарынын ордун толтуруп, акчасын кайтарып беришке макул болору азырынча белгисиз. "Минтип экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялоо саясаты жаңылардын принциптен тайып баратканан кабар берет"- дейт белгилүү коомдук ишмер Өмүрбек Абдырахманов өз пикиринде. Буга чейин коммунисттердин, андан соң акаевчилердин, эми болсо бакиевчилердин кылган иштерине саясий баа берилген жок. Мунун натыйжасы системадагы болгон кемчиликтин баарын бир кишиге жүктөп салып, калгандары мурдагысындай эле жооптуу кызматтарды ээлеп калышына алып келүүдө дейт.


Ысык-Көл областында баңги заттардын көлөмү көбөйдү
Ысык-Көл областында баңги заттардын көлөмү көбөйдү. 8 айдын ичинде баңги заттары менен байланышкан 183 кылмыштын бети ачылган. Бул көрсөткүч 2009-жылга салыштырмалуу 4% көбүрөөк болду. "Мак-2010" операциясынын алкагында 139 тонна 711 кг жапайы өсүүчү наша өрттөлүп, 284 административдик протокол түзүлгөн. Милиция тарабынан 120 кг 283 гр баңги заттар тартылып алынган. Бул 2009-жылга салыштырмалуу 44%ды түзөт. "Учурда баңги заттар менен күрөшүү актуалдуу болууда"- дейт Ысык-Көл областында баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү боюнча бөлүмдүн подполковниги Дамир Акматов.


Демократия үчүн коалиция" шайлоодо жаңы ыкмада көз карандысыз байкоо жүргүзөт
"Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция" уюму жаңы ыкма менен алдыдагы шайлоодо көз карандысыз байкоо жүргүзөт. Бул ыкма статистиканын негизинде түзүлөт. Ал аркылуу Шайлоо күнү 500дөй шайлоо участкасынан 1 күндүн ичинде ыкчам жана системалаштырылган маалыматты алууга болот. "Жаңы ыкма менен бардык байкоо жүргүзүлгөн 500 шайлоо участкасынан өлкө боюнча жана конкреттүү регион боюнча шайлоонун жүрүшү жөнүндө толук жана так маалыматты алууга мүмкүнчүлүк болот. Коалиция Шайлоо күнүндө 500 шайлоо участкаларында 1000дей көз карандысыз байкоочулардын жардамы менен 46 райондордо жана 10 шаарларда байкоо жүргүзөт. Мындан тышкары узак мөөнөткө 112 байкоочуларды даярдап, алардан жума сайын шайлоого даярдык тууралуу отчет алуу багытында иштейт,- деди бул уюмдун башчысы Динара Ошурахунова.


  Бир бүркүм

"Шисейкан" Иайдо клубу 8-сентябрда, эртең мененки саат 10.00 ачылыш аземин өткөрөт. Иайдо күрөшү башкалардан көп кырдуулугу жана медитациялык, религиялык искусство катары айырмаланат. Бул мелдештин ачылышына Япониядан Хошино Томоаки келип катышып, кыргыз окуучулары менен тажрыйбасын тең бөлүшөт, деп белгилешти уюштуруучулар.

Баткен шаарындагы
"Ак-Баткен" базарынын жанына кытайлык ишкерлер жаңы дүң соода борборун ачышты. Андагы товарлар жергиликтүү базарлардагы бааларга салыштырмалуу бир топ арзандыгы менен айырмаланат. "Мындан ары жаңыдан ачылган базар аптанын бардык күндөрү иштеп, жергиликтүү бийлик кошуна өлкөлөрдөн товар сатып алууга келген бизнесмендер үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнүн үстүндө иштеп жатат"- дейт Республикалык ишкерлер бирикмесинин Баткен областтык бөлүмүнүн башчысы Авазбек Чотбаев.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 19 миллиард 501 миллион кубометрди түздү. Суу сактагычка суунун агып кириши секундуна 526 кубометр, агып чыгышы - 460 кубометр чегинде катталды. Бул туурасында "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Эркин күрөш боюнча Кыргызстан курама командасы Москвада өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Мелдеш 7-13-сентябрда өтөт. Кыргызстандын намысын 60 кг чейин Надырбек уулу Улан, 55 кг чейин Михаил Захаров, 66 кг чейин Иннокентий Иннокентиев, 120 кг чейин Айаал Лазаревдер коргомокчу. Команданын башкы машыктыруучусу Анарбек Үсөнканов. Белгилей кетсек, дүйнө чемпионатына грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасы да катышат.
Июнь окуяларында жабыркагандарга жеңилдетилген насыя берүү башталды.
2-сентябрга карата Базар-Коргон айылынын 10 тургуну 500 миң сомдон, ал эми Сузак айылынын 6 тургуну да 300 миң сомдон алышты.Ар түрдүү себептер менен насыя алуудан баш тартып жаткандарга 50 миң сом көлөмүндө кайтарымсыз финансылык жардам көрсөтүлүүдө. Мындай жардамды 14 жабыркоочу алган.




Элчи И.Болжурова өз ыктыяры менен отставкага кетүүдө
Кыргызстандын Белоруссиядагы элчиси жана КМШнын уставдык органдарында Кыргызстандын туруктуу өкүлү Ишенгүл Болжурова өз ыктыяры менен отставкага кетүү жөнүндө арызын президент Роза Отунбаевага ишемби күнү тапшырды. И.Болжурова азыркы учурда Кыргызстанда жүрөт. Ал ээлеген кызматтарын өз ыктыяры менен таштап жатат. Азыркы учурда Р.Отунбаева кандай чечим чыгарат, белгилсиз бойдон калууда, деп маалымдайт "24.kg" агенттиги.


Майлар кымбаттайт, бирок жол кире көтөрүлбөйт
Соңку айларда күйүүчү жана майлоочу майга баалар бир топко көтөрүлдү. Бул айдоочуларды бир топ түйшөлтүп, капчыкка таасирин тийгизип жатканын айтышууда. Адистердин белгилөөсү боюнча буга дүйнөлүк базарда чийки мунайдын кымбатташы себеп болсо, экинчиден, бул Орусиянын мунайга карата бажы төлөмдөрүн киргизгенине байланыштуу. Оруп-жыюу маалында бул дыйкандардын да чоң маселесине айланды. Ал эми бийлик өкүлдөрү дүйнөлүк базарга байланыштуу баалар дагы өсүшү ыктымалдыгын, бирок, күйүүчү, майлоочу майга тартыштык болбой турганын белгилеп жатышат. Кыргызстанга күйүүчү жана майлоочу майды негизинен "ГазПромнефтьАзия" компаниясы ташып келет. (Бул Орусиянын "ГазПром" ишканасынын алдындагы компания). Аталган компаниянын басма сөз катчысы Өмүрбек Сатаев баалардын өсүшүнө таасирин тийгизген себептерди атады:
- Күйүүчү жана майлоочу майдын кымбатташына бир нече себеп бар. Орусия август айында экспорттук пошлина, төлөмдөрдү жарыялады. Ошол эле кезде Омскидеги күйүүчү жана майлоочу майларды кайра иштетүүчү завод бир тоннанын баасын дагы 50 долларга кымбаттатты. Үчүнчүдөн, доллардын курсу өсүп жатат. Мындан ары божомолдоо кыйын, анткени экспорттук бажы төлөмдөр ар бир айда өзгөрөт дейт.

Кыргыз режиссерунун тасмасы
Торонтодогу Эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт
Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубаттын "Свет-аке" тасмасы Торонтодогу (Канада) Эл аралык кинофестивалда тартууланат.
"Ой Арт" компаниясынан билдиргендей, 2010-жылкы фестиваль 9-19-сентябрда өтөт, ал эми "Свет-аке" тасмасы 10 жана 11-сентябрда "Заманбап дүйнөлүк кино" программасынын алкагында тартууланат. Торонтодогу кинофестивалдын башаты 1976 -жылы "Фестивалдардын фестивалы" аталышында старт алган. Учурда фестиваль дүйнөнүн 60тан ашуун мамлекетинин 300дөн ашуун фильмин тартуулап, ошондой эле 500 000ге жакын кино ышкыбоздорун чогултат. Фестиваль сынактык мүнөздө эмес, анын максаты - кино сүйүүчүлөргө мыкты эл аралык жана канадалык тасмаларды тартуулоо. Мындан тышкары, фестиваль ар кыл мамлекеттин кинематографисттерине бир аянтта жолугуп, өз ара колдоо көрсөтүүгө жагымдуу шарт түзүп берет жана алар лекция,ы талкуу жана семинар түрүндө өткөрүлөт, деп CA-NEWS маалымат кызматы билдирет.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??