п»ї
 Таанышуу жарыясы


Азык-түлүк
эмнеге кымбаттады
Күз дегенде эле, токчулуктун, берекенин айы деп элестетебиз. Бирок эмнегедир быйыл тескеринче "биссимилла"-деп күркүрөгөн күз айы кирип келгенде эле бизди кымбатчылык аркалады. Эмне себептен? Ушул суроо менен биз да жергебиздеги соода сатык түйүндөрүнө кайрылып, сатуучуларга суроо салдык.


Антимонополдук нарк боюнча башкы адис, Элмира Токторбай :
- Элмира эже, азык-түлүктүн кескин кымбатташынын себеби эмнеде?
- Негизи, ундун кымбатташынын бир себеби Россиядагы кургакчылыктын айынан болсо, суу май, шекердин кымбатташы азыр элдин баары кышкыга камынышып кыям, салаттарды жасап жатышпайбы ошондон базардагы сатуучулар чекене баада кымбаттатып жиберишкен. Ал эми дүң баада саткан сатуучулар, мурункудай эле баада сатып жатышат.
- Сиздер ошол эки эсе кошуп жаткан сатуучуларды көзөмөлгө аласыздарбы?
- Ооба, азыр ушул суроо менен базарларды атайын кыдырып текшерип жатышат.
- Ундун кымбатташынын дагы бир себеби, казактар таможниядан мурун 1 кап унга 50 сомдон алышса, азыр 300 сомдон алып жатышат деп уктук?
- Бул маселени каржы полициясы чечет, бизге эч кандай тиешеси жок. Ал эми Казакстандан келген азык-түлүктөрдүн бардык чыгымдарын кошуп, канча сомго кымбатташын эсептеп, орточо эсебин тактап чыгабыз. Анткени кымбаттады деп эле 20-30 сомго көтөрүп жиберишкендери да туура эмес. Максимум дегенде эле 3 сомго кымбатташы керек.
- Ал эми мал этинин көтөрүлүшү эмнеде? Иранга, Казакстанга экспорттолуп жатканы чынбы?
- Жок, бул калп. Бул туралуу баардык томожниялар текшерүүдөн өткөн, эч кандай башка өлкөлөргө мал жиберилбей эле. Бул сөз базарда отурган сатуучулардын ушагы. Эттин кымбатташы жемдин, чөптүн тартышчылдыгынан келип чыкты.
- А жер жемиштин баасынын көтөрүлүшүнүн себебичи?
- Жер-жемиштер бизге карабайт, анткени, ар кимиси огородунан терип келип сатып жаткандар да бар. Негизи, бир нерсе кымбаттаса эле баардыгынын баасын көтөрө беришкен адаттары да бар.


Динара, кийим сатуучу:
Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл соода жок. Жанымдагы сатуучулардын көбү банкрот болушту. Ал эми азыр окуу жылы башталгандыгына байланыштуу окуучуларга, студенттерге керектүү кийим-кечектер өткөнү болбосо, жай мезгили бүтүп, күз мезгили келгендиктен, жайкы кийимдерди өз баасынан да арзан кылып сатканга туура келип жатат.


Абдуллаев Имат, жер жемиш сатуучу:
- Биз сатып жаткан жер жемиштин көбү Ош жергесинен келет. Ал эми өзүңөр билесиңер, быйыл кандуу окуяларга байланыштуу такыр өсүмдүктөр каралбай, көпчүлүк элдер экпей да калышты. Быйыл кургакчылык да чоң ролду ойноду. Былтыр, мисалы, сабизди биз дыйкандардан бекер алып, бул жактан 1 кг 3 сомдон сатсак, а быйыл 1кг сабиздин баасы 30-35 сомдон келди, эми араң баасы 15-18 сомго түшүп жаткан убагы.


Максат Мыктыбеков, эт сатуучу:
- Негизи эттин кымбатташы малдын аздыгынан келип чыкты. Анткени башка өлкөлөргө экспорттолуп, бизге туруктуу, бир наркта келбей жатат. Мисалы бир кг эттин баасын биз 150 сомдон алсак, алар 180 сомдон алышат. Анан чабандар аларга сатпаганда кимге сатышат. Бул жерден чабандарга эле пайдалуу болбосо, өзгөчө шаарда жашаган элдерге кыйын эле болду, же айлык акылары көтөрүлбөсө. Анан айла жок биз да бааны көтөргөнгө туура келип жатат. Быйыл эттин баасы 40-45 сомго көтөрүлдү. Былтыр 1кг уй этинин баасы 180 сом болсо, азыр 220 сомго чейин кымбаттады. Эми дагы баалар көтөрүлөт деген каңкуу бар.


Түндүк ачык электро акционердик коомунун басма сөз кызматынын жетекчиси, Мураталиева Гуля
Жолдошевна:
- Акыркы убакта азык-түлүктүн баасы көтөрүлгөн сайын, электр энергиясы да кымбаттайт деген имиштер чыгып жатат, ошол чынбы?
- Жок,электр жарыгына болгон тариф мурункудай эле бойдон калат, бир гана 3 фаскалуу электр тогуна баасы бир аз кымбатташы мүмкүн.
- Токтогул ГЭСинде суу жетиштүү болсо дагы, Бишкек шаарында кээ бир жерлерде электр энергиясы өчүп жатканы бизге маалым болуп жатат. Себеби эмнеде?
- Биринчиден "Түндүк электро" компаниясында 2010-жылдын март айынан баштап электр зымдарын оңдоп түзөө иши башталган. Ошол себетен каалабыздын айрым жерлеринде жумушчуларга коркунуч жаратпоо үчүн электр энергиясын өчүрүүгө туура келип жатат. Бирок биз жарыктыкты өчүрүүдөн мурун, атайын маалымат булактары аркылуу канчанчы күнү, саат канчадан канчага чейин кайсыл жерде өчүрөөрүн эскертип турабыз. Экинчиден жай мезгилинде каттуу шамал болгондуктан шаарыбыздагы айрым жерлеринде электр зымдары үзүлүп кеткен болчу, ошого байланыштуу дагы 2-3 күнгө жарыксыз калган күндөр да болду. А мурункудай болуп азыр электр энергиясы өчпөй эле жана өчпөйт дагы.
- Качан оңдоп, түзөө соңуна чыгат?
- Негизи кар түшкөнгө чейин бүтүрүш керек. Өз маалында бүтүргөнгө бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз.


Айзат Кыдыралиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??