п»ї

  жаш келсе ишке...

Жеке ишкер Болотбек Дыйканбаев:
"Кыргыздын улуттук кадыр-баркы күнүмдүк саясаттан жогору турат"
Болотбек Дыйканбаев 1979-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылында туулган.
1986-жылы Кызыл-Дыйкан орто мектебине барып, орто окуу жайын аяктаган соң, 1997-жылы ОшМУнун юриспруденция факультетине тапшырган. Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин бизнес чөйрөсүнө өтүп, жеке ишканаларын түптөп, бүгүнкү күнгө чейин аларды иштетип келет.
2009-жылдан баштап, ушул жылдын июль айына чейин Жазы айыл округунун башчысы болуп эмгектенген.
Биздин маалыматыбызга караганда, Болотбек Дыйканбаев айыл округ башчысы болуп иштегенге чейин эле жаш да болсо көзгө көрүнүктүү иштерди жасаганга жетишкен. Атай кетсек, анын өз айылына мечит курдурганы эле канчалык мээнет. Эмесе калган кепти Болотбек Жусуповичтин өз оозунан угалы.

- "Тигини жасаган жок, муну жасаган жок" деп айрымдарыбз өзүбүздөн мурда башкалардын кемчилигин сындоого устабыз. Эң алгач адам баласы "көзгө толоор эмне иш жасай алдым" деп өзүнө саресеп салып карашы абзел го. "Отузунда орок оро албаган, кыркында кылыч чаба албайт" деген сөз бар. Болотбек мырза, айтсаңыз, сиз ушул жашка чейин эл үчүн кандай иштерди кыла алдыңыз?
- Туура, адам баласы балакатка толуп, эс тарткандан баштап эле өнөр үйрөнүүсү зарыл. Мен отуз жашка чейинки жасаган иштеримди атуулдук парызым деп эсептейм. Эс тарткандан бери эл үчүн талыкпай, мээнет кылып, сооп иштерди жасасам деген ниетим бар эле. Адамдар жаман иштерден алыстап, ыйманга келишсин деген ниетте 2004-жылы Кызыл-Дыйкан айылына миң орундуу мечит салып, элге ачылышын кылып бердик.
Мындан башка чыгармачыл, ыр дүйнөсүндөгү адамдарга көптөгөн демөөрчүлүк кылып келдим. Мисалы, КТРдин "Кызыкча" деген көрсөтүүсүн алып барып жаткан балдарыбыздын айлыктары 1.500 миң сом экенин, ал турсун кээ бир күндөрү сьемкага чыкканга тыйындары жок экендигин уккандан кийин, 8-декабрдагы КТРдин майрамына карата автоунаа алып барып белек кылгам. Бирок, мен "Сиздерге ушундай белек кылдым, силер мага кызмат кылып бергиле"- деп бүгүнкү күнгө чейин милдет кылган жокмун. Себеби, мен бир ишти жасаган соң, анын артынан талап кылбайм жана айтпайм, бул ичимде калат.
Дагы бир белгилей кетүүчү нерсе, 2007-жылы 50 боз үй тиктирип, кыргыз улуттук оюндарын өркүндөтүү, кыргыз элибиздин руханий дүйнөсүн, көөдөнүн, көкүрөгүн толтуруп, аң сезимин ойготуп, кыргыздарды патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө чакыруу максатында той өткөргөнбүз. Менимче ал тойдун каражатын айтыштын кажети деле жок. Бирок туураны туура деп эле айтуу керек. Абдан чоң акча кеткен, ал каражаттын баары өз пешене теримден чогулган. Себеби, "Тапкан байлыгыңдын 70-80 пайызын элге жумшасаң, тапкан дүнүйөң ак болот" деген биздин мусулмандардын сөзү бар. Биз бир эле ушул жарык дүйнөнү элестетип, дүнүйөгө түркүк болчудай жашабашыбыз керек. Бу дүйнөдө жасаган иштерибиз оо дүйнөдө бизге жарык, азык болуп бере турган жагын дагы ойлош керек. Ошондуктан, пайгамбарыбыз айтат, орозонун күнүндө бир курма берип ооз ачтырса, анын сообу оо дүйнөдө тиет деп. Мен дагы жылда ооз ачтырунуу салтка айланткам.
Жол оңдоо, жетим-жесирлерге, майыптарга, кароосуз калган кары-картаңдарга жардам берүү - бул Кудайга жакчу иш экендигин ар бир адам билиши зарыл. Жасалган ар бир иш Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн болушу керек. Дүйнөнүн берекесин дагы, өмүрдүн берекесин бериш дагы бул Кудайдан. Жанагы тойду өткөрүүгө камынып жатканда көп адамдар "Дүнүйөң ашып-ташып жатса бизге берип турбайсыңбы, элге чачуунун кереги жок",-дегендей кылышкан. Ошондо тамашалап: "Мен бата бизнесин кылып жатам",-дегем. Эли-журтум ыймандуу болсо, мамлекетибизге кут-береке келсе, элибиз токчулукта, ынтымакта жашаса, күчтүү мамлекет болсок, гүлдөп-өссөк деген ниетте ушул ишти кылган элем. Мен үчүн кыргыздын улуттук кадыр-баркы күнүмдүк саясаттан жогору турат.
- Мына ушул айткандарыңыздан кандайдыр бир түйшөлүүнү байкоого болот, жүрөгүңүздү өйүгөн эмне маселе?
- Азыр алдыбызга эң сонун тамакты коюп алып жеп-ичип жатсак дагы, кара нан менен чайды ичкендей болбой жатабыз. Себеби мамлекетибиз тынч эмес. Өлкөбүз ар кандай коогалаңдарга түшүп, балдарыбыздын келечегин деле ойлошко болбой калгансыйт. Ар беш-он жылда мыйзамсыз бийликти басып ала берсе, мамлекетибизде кандай жашоо болооруна кепилдик болбой калды. Ошондуктан, мыйзам жолунда иш тутсак дурус болоор эле. Акыркы күнү башка адамдарды айтпай эле коеюн, өзүмдүн атым Болот болгондон кийин "Мен болот - темирдей бышык болом",- дечү элем, бирок кээ бир учурларда келечек туман болуп көрүнбөй, анан кайра түшүмдө чочуп ойгонгондой оор акыбалдамын. Эгер биздин мамлекет жок болуп кетсе кыргыздарды жети атабыздын арбагы кечирбейт. Ошондуктан, бүгүнкү бийликке дагы, жалпы улуттарга кайрылуу ниетинде айтаар элем: "Кыргызтанда жашап жаткандан кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына баш ийип, кыргыз жерин сыйлап жашоо керек. Бирок, убактылуу "эркелегендер" чыгып жатат. Убакыт келет, аз калды. Ошондо, ошол "эркелегендердин" ындыны өчүп, үйүнөн чыга албай калган күн келет. Кыргыз эли түшүнүктүү, айкөл, акылман, алысты көрө билгендиктен көп нерсеге сабырдуу мамиле кылып келе жатабыз. Жүрөгүмдү өйүткөн дагы бир маселе - бүгүнкү күнү кичинекей кыйынчылыктарга чыдабай өлкөбүздү таштап кеткен кыргыз атуулдарыбызды жети атасы кечирбейт. Себеби, Кыргызстан ушундай оор күндөрдө турганда дүйнөсүн, байлыгын ала качып Турция, Америкага жана башка өлкөлөргө кетип жаткандар жок эмес. Жөн кетпей "Ой, Кыргызстандын келечеги калбай калды" - деп айткандарын аэропорттон өз кулагым менен угуп туруп, "Сени жети атаң, жети урпагың кечирбейт. Качандыр бир Кыргызстан өнүп-өскөндө кайрылып келсең, сени ушул жерден көрүп калсам, бир кадам аттатпайт элем"- деген ойлорго чейин келдим. Себеби, Кыргызстанды азыр сактап калуу ар бир кыргыздын милдети.
- Улутчулдугуңуздун азабын тартып калбайсызбы?
- "Сөз кезеги келгенде айтпасаң, сөз атасы өлөт"-дейт. 2005-жылдын 24-мартына чейин, үстүбүздөгү жылдын 7-апрелине чейин жаманбы-жакшыбы тынч жашадык. Апрелдеги окуялардан соң, жаманбы-жакшыбы дейин десең канчалаган кыргыз жигиттерибиз, кыздарыбыз атылды, ким тарабынан атылды аны Кудай гана билет. Мен кеткенди жамандап, келгенди мактаган адам эмесмин, болгонун болгондой айтам, башымды кессе да, тилимди эч ким кесе албайт. Анан Оштогу коогалаң чыгып кетти, анда миңдеген адам өлдү, бирок, 200дөй адам өлдү дегенде жаның кашаят экен. Макул, жанагы камерага, фотоаппаратка тартылып калгандар ошончо санды түздү дейли, ал эми утуркусун утуру алып барып көмгөндөр эсепке кирбейби? 7-апрелде курман болгон биздин атуулдарды желекке ороп, Ата-Бейитке көмүштү, макул, жердин айырмасы жок, жерге жашыруу мусулмандык парзыбыз дейли. А, Ош, Жалал-Абад шаарларында болгон окуяларда эмне болду? Кыргызстандын жүрөгүн коргош үчүн өлгөн жигиттерди баалашкан жок. Менин ошондо жаным кашайды, аймончоктой балдарыбыз, кыздарыбыз өлдү. Эми тарых тастыктайт, кечээги Ош коогалаңын чыгарган адамдарга каргыш тиет. Эл тагдыры менен ойнобош керек, эл тагдыры өтө опурталдуу, элдин каргышы, элдин назары баарынан күчтүү.
Ушул жерде Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматовдун чыныгы элдик патриот, өз элин, өз жерин сүйгөн инсандык сапатын айтып кетким келет.
- "Өз заманында бийик сүйлөп, чындыкты бурмалаган адамдан корк" дегендей, сиз эртеңки күнүңүздөн чочулабайсызбы?
- Бул дүйнөдө "антип коет, минтип коет же камап коет" деп унчукпай жашай албайм, чындык ар дайым ачуу болот. Ичээр сууң түгөнбөсө камап койсо деле күнүң өтө берет. А, эгер жарык дүйнөнү Кудай насип кылбаса, анда үйүңө жашырынып алсаң дагы алып кетет. Кыргыз эли, Кыргызстан үчүн күрөшүү керек, ар бир улут өз улутун сыйлап-барктаса ошондо мамлекет күчтүү болот. Заман деген өзү бузулбаган нерсе, тескерисинче заман деген намаз деп окулат, заман бузулбайт эл бузулат. Элди ким бузат? Адам бузат. Адам өзүн-өзү бузат. Кудай Таалам жер жүзүндөгү адамдарды оңдош үчүн 124 миң элчи жиберген, ошолордун ичинен Мухаммад пайгамбарыбызды берген. Ал "Ла илаха илоллох" деп, "Алладан башка жаратуучу жок" деген сөздү он үч жыл бою элге түшүндүрүп кеткен. А биз он үч ай мамлекет үчүн эч нерсе жасай албай жатабыз, креслого отургандан кийин он үч сааттан кийин жегенди баштайбыз.
- Сиздин мекенге болгон сүйүүңүздүн курчушуна эмне себеп болду эле?
- Мен 1998-жылы биринчи жолу Казакстанга чыктым, ал маалда 19 жашка келип калгам. Кыргыздар "Эркек болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" дейт. Бөтөн жерде жүрүп түртүшөсүң-тартышасың. "Кыргыздар каңгып кеттиңер, тентип кеттиңер",- деген сөздөрдү укканда, алар менен чабышып, ошондо жүрөгүмдө бир намыстуулук ойгоно баштады. Мындан сырткары, мектепте кыргыздын тарыхын абдан жакшы окугам, кыргыз эли күрөшчүл, өз мамлекетин коргогон баатыр эл деп билгендиктенби, жаштайымдан эле анча-мынча улутка жүгүнө албайт элем. Себеби, "Жүгүнүп өлгүчө, тик туруп өлгөнүң артык" деген ураан менен жашайм. Кийин Россия, Турция, Кытай, Польша, Латвия мамлекеттерине бардым, анан алардын өнүгүү жолдорун изилдей баштадым. Көрсө алар өздөрүн абдан сыйлаган элдер экен. Кыргызстанга кайтып келгенде "Здравствуйте!" деп тосуп алган кыргыздарды көргөндө "Баракелде" дедим. Себеби, Кыргызстанда жашап туруп кыргызча билбеген кыргыз уул-кыздарына "рахмат". Мен кыргыз элине ушул гезиттен пайдаланып айтаар элем: "-Өз агасын агалай албаган ит аягын сагалайт. Өз мекенин сүйбөгөн, бирөөнүн мекенине кул болот. Эл ырыскысын ичип-жегендер акыры заңгыратып салган үйүнө дагы жашай албай, өз мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болушат". Ошондуктан, мамлекеттин тынчтыгын ойлоп жашоо керек, өлкөбүз тынч болсо жаныбыз дагы жай болот.
- Демек, сиздин жогоруда айткандарыңыздан жыйнаган дүнүйөңүз адал деп айтууга болобу? Жашыруун болбосо жеке бизнесиңиздин башаты эмнеден башталды эле? Ийгиликтерди кантип багындырдыңыз?
- Мектептеги курагымда мал базарга жип өрүп чыгып сатып баштап, биринчи чогулткан 45 сомго эчки сатып алгам. Ошондон кийин эмгек менен ийгилик тапса болооруна ишенип, өз алдынча жашоого кандайдыр бир кызыгуум башталган. Бирок, ошол кезде эле бир дагы адамдардын көңүлүн оорутпастан, алардын ыраазы болгон баасында соодалашчу элем. Албетте, элге жумшаган каражаттардын баардыгы чыныгы пешене теримден жаралган. Мени каалаган тергөөсүнө алып барып сураса дагы, чыныгы мээнетим экенин көрө алышат. Бул дагы Кудайымдын берген берекеси болсо керек, бүгүнкү күнү деле кичинекей ишканаларды иштетебиз. Анын каражатын элге жумшаганга аракет кылып келатам. Мен эми кыйын болуп кеттим дебейм, Нүзүп бий Шерали хандын жыртык чокойун маңдайына илип койгондой, мен да өз басып өткөн жолумду жүрөгүмдөн чыгарбайм. Бул менин эң чоң ийгилигим. Билимди алыш "Ийне менен кудук казган" сыяктуу болгондой, бийик ийгиликтерге жетиш дагы ошого тете. Ийгиликке жетиш үчүн эмгек жана аракет керек. Албетте, адал жашоого тарбиялаган ата-энеме ыраазымын. Атам "Эртең менен эрте тур, Кудай ырыскысын таңда чачат", -дейт эле. "Ата-энесин сыйлаган кийин балдарынан сый көрөт"- дешчү. "Таза пешене тер менен тирилик кылсаңар, ар убак эл жүзүн тике карайсыңар"-деп, бирөөнү алдабагыла, акысын жебегиле, уруулук кылбагыла, ичпегиле-чекпегиле деп кулагыбызга күмүш сырга кылып жүрчү экен.
- Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов "Адамга эң эле кыйыны-күн сайын адам болуу" деген. Сиздин адам болуу үчүн алдыга койгон максатыңыз эмне?
- Мен "Манас" укканда кадимкидей эрдемсинип, ошол күнү кубаттуу жүрөм. "Манас миф, Манас жомок",- дегендерди укканда ичимден өрттөнө берем, эгер Манас жок болсо, бул тема болмок эмес. Андай болсо, азыр деле миңдеген окумуштуулар "Манастан" көлөмдүү чыгарманы ойлорунан токуп чыгышмак да. Ошон үчүн Манаска шек келтирүү болбойт. Менин туткан диним - Ислам, менин ишенген күчүм - Кудай Таалам, пайгамбарлар, менин чыныгы идеологиям, алдыга койгон максатым, "ошондой адам болом" деп ыйык туткан адамым - бул Манас. Бата кылып жатканда дагы Манаска, кырк чорого куран түшүрөм. Канчалаган согушка кирип, кыргыздарды түптөп, мамлекет кылып дүйнөгө таанытып коюп кеткен адамдарды унутуп коюу чоң күнөө. Аллалын алдында биз бир пендебиз. Ошондуктан, ар бир адам "Кудайдын алдында мен киммин?" дегенди ойлош керек. Креслого отуруп алган соң, алдыдагы адамдарга короңдоп, "антип коем, минтип коем, каматып коем" - дегенди коюп, элиме Алланын алдында кантип жардам берем деп ойлонуш керек. Алакан жайып бата кылганды унутпай, "Алла Таала ушул күндү бергениңе, ушул ырыскыны насип кылганыңа, ушул жарыкчылыкты көрсөткөнүңө миң мертебе ыраазымын",- деп тобоо келтириш керек. Бир колубузду жумсак, бир колубузду ачып жетим жесирлерге, кары-картаңдарга, чолок-майыптарга, азиздерге, сакоолорго бир сындырым наныбыз болсо дагы беришибиз керек. Кыргыз кыргызды сүйүп, боор тартып, аяп, көтөрмөлөгөндө гана Кыргызстан мамлекет болуп сакталып калышына жүз пайыз кепилдик берем.
- Мына жогорудагыдай иштерди жасап, эл үчүн күйүп жанып жүрөт экенсиз, сизди колдогон адамдар барбы?
- "Асмандагы учкан кушту саяпкерлеыр кармап, мүнүшкөрлөр таптайт" демекчи, мени да таптаган акылман, улуу кыргыз элим бар. Мен баатыр элим менен сыймыктанам.
Маектешкен
Азима АКУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??