п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Дархан кастинг жарыялайт
Гитараны мыкты черткен Дарханды борбордогу рок-клубдарына келген Казакстандык рокерлер жаңы түзүлүп жаткан "love and Death" тобуна салист болуусун сунушташкан. Бирок, "Рок биздин өлкөдө да өнүгөт, талантымды өз элиме тартуулайм" деген ишенич менен сунуштан баш тарткан. Андан тышкары чыгармачылык ышкысы ашып-ташып жаткан Дархан, "Вавилон" деген ырына клип тарттырганы жатат. Бирок, ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет болуп, клипке 50 дөн ашуун гитара талап кылынууда. Өзгөчө гитаралар жок болгондуктан, жаш ырчы гитаралардын кастингин уюштуруп жатат. Кастингге кызыгып, катышам дегендер болсо, Алексейдин продюсерлик борборуна чалып байланышса болот.


Замира Молдошева жаңы долбоор менен сынак өткөрөт
Сынак десе сулуулук сынагы деп ойлобоңуз. Болгону стилист айым 9-сентябрды "сулуулук, чеберлердин күнү" - деп атап, аны майрамдык маанайда өткөзгөнү турат. Бул күн кыргызстандын тарыхында калат деген ишеничте. Аталган сынак улуттук филармонияда өткөрүлүп, ага элүүгө жакын дизайнер, модельерлер катышат. Алар кызыл килемден өтүшкөн соң, сынакка бет алышат. Сынактын функцияларына ылайык ар бир дизайнер жана модельер өзүнүн фантазиясын элге көрсөтө алат. Алардын эмгегин жана талантын мыкты калыстар тобу баалап, акчалай сыйлык ыйгарышат. Эске сала кетсек, баш байгеге 100 000 сом, 1-орунга 30 000 сом, 2-орунга 20 000 сом, 3-орунга 10 000 сом акчалай сыйлыктар коюлган. Сыйлыктарды эч кандай демөөрчүсү жок эле, Замира айым өзүнүн атынан берет. "Акыркы мезгилде өлкөбүздө ойго келбес иштер болуп, элибиз жабыркап турат. Ошондуктан аз да болсо өз өлкөмдүн маданиятына салым кошоюн деп жатам" - деген оюн билдирген.


Эрлан Алжирге кете албай калды
Жаш ырчы Эрлан Андашев Алжирдин белгилуу "West Town Boys" (WTB) тобу менен чыгармачылык негизде иштешкени турат. Бул топтун Алжирде 4-сентябрда "Piriha Fi Balek" турнесинин негизиндеги жана топтун түзүлүшүнүн 10-жылдыгына арналган концерти пландаштырылган. Эрлан аталган концертке чакырылып, бирок бара албай калды. Топтун солисти Амине Кадринин айтымында аларга Эрландын жандуу үнү менен ырдаган видеолору жаккандыктан келечекте чогуу ырдап чыгууга West Town Boys тобу даяр экендигин билидиришкен. Эки жактын продюссерлери Турцияга барган официалдуу жолугушуусунда суйлөшүп, эки тарап партфолиолору менен алмашышкан. Учурда Эрлан жана анын продюсери кызуу ойлонушууда.


Лутфилла чоң колдоого ээ болду
Жаш ырчы Лутфилла Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтунун "телевидение радио режиссеру" бөлүмүнө тапшырды. Ырчынын студент болуп калышына "Кыз Бурак" тобунун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын жардамы өтө чоң. Буга чейин Оштон колдоп аркасынан түрткүлөгөн Гүлшайыр эже Лутфилланын контрагын төлөп берүүнү дагы колго алган. Экзамендерин жалаң төрт, бешке тапшырып, бат эле өтүп кеткен жаш ырчынын кубанычы койнуна батпай "Гүлшайыр эже мени дайыма чыгармачылыкта колдоп келген, терең ыраазычылыгымды билдирем" -деген сөздөрүн айтты.


Туулган күнүңүз менен!
Нурайым Азыкбекова
Туулган күнүмдү унутуп калып…
Түрлүү аспаптарда ойноп, бир нече ийгиликтерди багындырган Нурайым Азыкбаева 3-сентябрда жыйырма бир жашка толду.

- Саламатсызбы Нурайым өтүп кеткен туулган күнүңүз менен! Туулган күнүңүздү кандай өткөрдүңүз?
- Рахмат, мен туулган күнүмдү абдан чоң кылып, шаан-шөкөт менен өткөрдүм дегенден алысмын. Анткени, чыгыш базарынан жаңы келип, аябай чарчаптырмын, алдын ала пландабастан күндөгүдөй эле үй бүлөмдүн тегерегинде өткөрдүм. Болгону атамдын, апамдын туугандары келип куттукташты, белек бекчектерин беришти. Курбу кыздарыма өзүнчө өткөрө албасам да, үйгө келип олтуруп кетишти. Укмуштуу кылып өткөргөн деле жокмун.
- Жакындарыңан кандай белектерди алдың?
- Үйдөгүлөрдүн баардыгы биригип, көбүнчө атам десем туура болот го, мага темир тулпар ыйгарышты. Байкем тажырыйбалуу болгондуктан, авто базарынан "таета" маркасындагы кара көк түстөгү автоунааны тандап мага белек кылышты. Абдан кубанычта болдум. Буга чейин атам "сактыкта кордук жок" жакшылап үйрөнүп, окуп ал дегенинен кышында авто мектептен үч ай сабак алып, айдоо күбөлүгүн алгам. Ошондо атам деле ичинде ойлоп жүрсө керек, менин туулган күнүмө темир тулпар алып берди.
- Жигиттер да белектерден кур калтырбаса керек?
- Ооба, абдан күлкүмүштүү болду, мен туулган күнүмдү деле эсимден чыгарып коюптурмун. Эми биздин үйдө атамдын тарбиясы катуу болгондуктан "свиданияга" деле көп чыкпайбыз. Ошол күнү жигитим саат 11-де чалып, "эшикте күтүп турам" - деп калды. Эч нерсени ойлобостон эшке чыксам, жигитим достору менен келиптир. Мен ичимен "булардын баары эмне кылып жүрүшөт" - деп ойлонуп коем. Баардыгы эле мени "чыгыш базарына барып келиптирсин, лауреат болуптурсуң куттуктайбыз" - деп белектерин берип атышат. Ал эми жигитим жыйырма бир роза даярдап коюптур, байкатпай аркаман берип, "туулган күнүң менен" - деп куттуктап атпайбы, ошондо туулган күнүм экени эсиме келип атат. Элдер алдын ала пландап, бир эки күн мурун ойлонушса, мен болсо такыр унутуп коюптурмун. Иштерим менен жүрүп, эсимен чыгып кетиртир (күлүп).
- Эсте калган туулган күнүң тууралуу айтып бербейсиңби?
- Биз Астанага чыгармачыл адамдар менен конкурска барганыбызда, туулган күнүмө дал келип, ошол жерден өткөргөм. Мен баягыдай эле иш менен алек болуп, оюмдун баары конкурста болгондуктан туулган күнүмө көңүл бурбаптырмын. Мейманканада уктап жатсам, таң атпай эки этаж торт алышып, гүлдөрүн, шампанскийин көтөрүшүп, тааныганы тааныбаганы да келип куттуктап, баардыгы мага күтүүсүз белек кылышканы эсимен кетпейт. Алар бири-бирин абдан баалаган адамдардан экен, өзгөчө музыкалык аспапта ойногондорду баалай билишет экен. Жылуу маанай тартуулашкан, абдан кубанычта болгом.
- Кандай белектерди жактырасын?
- Мен белектерге көп мани деле бербейм. Бул чоң белек, же кичине белек берди деп бөлбөйм. Мага белектердин баардыгы бирдей. Болгону көңүл, жакшы сөз, жылуу мамиле болсо ошол мага белек.
Белек берүү этикасы:
Белекти берээрден мурун, ал киши эмне менен алектенээрин билип алыңыз. Белек канчалык пайдалуу болсо, ал ошончолук жагымдуу болот.
Белегиңиз индивидуалдуу болсун. Жакшы тандалган белек сиз жөнүндө жакшы ойду калтырат.
Эң ылайыктуу белек болуп гүл эсептелинет. Ал дайыма жагымдуу жана көзгө жакшы көрүнөт. Мырзаларга же улгайгандарга, жумуш башчыларына туулган күндө гүл берүүгө уруксаат, ал эми жигиттерге гүл белек кылуу туура эмес.
Гүлдү сунууда сол кол менен берүү шарт, анткени оң колуңуз менен кол алышасыз.
Белектерди тыкан ороп бериңиз, анткени жасалгаланбаган белек жагымсыз көрүнөт.

Нургүл Ибраева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??