п»ї
 Таанышуу жарыясы


Баатыр ата Имич
Белгилүү журналист, "Ильич иликтейт" программасынын автору Ильич Кулназаров борщ менен гречканы такыр жебейт, а этти абдан жакшы көрөт. Тескерисинче жубайы, балдары этти эмес, жашылчадан жасалган тамакка көбүрөөк басым жасашат. Анда Ильичтин үй-бүлөсү жөнүндө кенен маалымат алгыңыз келсе төмөндөн окусаңыз болот.

Таанышуу, табышуу
Ильич: - Мен эркек катары, үй-бүлөлүү адам катары башынан эле ажырашканга аябай каршымын. Менин жакын досторумдун, агаларымдын, кесиптештеримдин арасында ажырашкандары болду. Ошондо аларга "Ажырашуу деген бул абалдан чыгуу эмес, ажыраша койсоң эле кой үстүндө торгой жумурткалап, жыргап-куунап жашап калбайсың"-деп көптөрүнө кеңештеримди берчүмүн. Бирок, тилекке каршы көпчүлүгү ажырашып кетишти. Менин жашоодогу негизги принцибим ошол ,үй-бүлөдөгү өйдө-ылдый маселени убагында чечүү. Чынын айтсам, биз Аида экөөбүздүн акыркы жолу качан урушканыбыз да эсимде жок. Жаңы үйлөнгөндө уруша кетчүбүз, эми ал кезде жаш болчубуз. Азыр мен аны, ал мени түшүнгөнгө аябай аракет кылабыз.
Аида: - Мен ушундай адам менен жашаганыма сүйүнөм. Ильичти тааный электе эле курбум экөөбүз алыста турган эки баланы карап туруп, "тээтиги бала меники" десем, ал "Талант меники" деп жөн эле тамашалашып күлүп койгонбуз. Ошентип курбум аркылуу тааныш болуп калганда Ильичтин өзүнүн теңтуштарынын арасынан өзгөчөлөнүп, дайыма костюм-шым кийип кычырап жүргөнүн, жөнөкөйлүгүн баалачумун. Анан такыр иччү, чекчү эмес. Эмнеге экенин билбейм, эки жылдан бери тамеки тартып калды. Ошентип ,экөөбүз бир жарым жылдай дос болуп жүрдүк. Отуруштардан кийин кээде үйгө узатып койчу. Ал мага бир көргөндө эле жакса да, бирок мен аны жактыраарымды билгизчү эмесмин. Бир күнү эле мага Ильич телефон чалып, "Сени менен жумуштар боюнча сүйлөшөйүн дедим эле" дегенде мен баарын түшүндүм. Анткени ушул жылдар аралыгында биз бири-бирибизди жакшы эле билдик окшойт.
Кызганыч
Ильич: - Чындыгында менин жумушум оор, командировкаларда көп жүрөсүң, кээде айлап кетесиң, түндөп кетип, таң атпай келесиң. Анткени журналистикада жумуш ошондой. Андан сырткары кесиптештер менен өзүнчө алыш-бериш, карым-катнаш болот.
Анан алар менен барасың. Аиданы деле түшүнөм, бала менен 6 жыл үйдө отуруу оңой эмес. Анын көңүлүн көтөрүү үчүн конокторго, концерттерге алпарып турам. Бирок, мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербейт.
Аида: - Ильич көбүнчө жумушка эрте кетип, кеч келет. Келип эле телевизорду тиктеп отура берет. Мен деле балдар менен үйдө отуруп, кечинде кадимкидей чарчап калам. Ошондо мени менен деле сүйлөшүп, көңүл буруп койсоң боло деп калам. Кээде шектүү көрүнсө, аңдыйм. Мисалы, телефонду көтөрүп сыртка чыгып кетсе артынан барам, тыңшайм. (күлүп).Бирок иш сапары менен кеткенде эч жаман ойлобойм. Анткени Ильичтин деңгээли бийик, мен ага 100 пайыз ишенем.
Ийгилик
Ильич: - Менин журналистика тармагында иштеп калышыма, азыркы даражама жеткениме чынын айтайын Аиданын эмгеги зор. Анда телевидениеге жаңы келген кезим, айлык аз. Кээ күндөрү жөө барып, жөө келем. Ал учурда кичинекей кызыбыз, келинчегимдин боюнда дагы бар. Кышында болчу. Үйдө тамак-аш түгөнүп, бир аз ун калган. Кечинде келсем Аида кымындай ундан лагман чоюп бышырып, мени жумуштан келет деп күтүп отуруптур. Көрүп алып аябай жаман болдум. "Боюнда бар болсо, кичинекей бала менен үйдө отурса, урдум телевидениеңди, андан көрө курулушка барып, жума сайын акча алып иштейм" деп катуу чечим кабыл алдым. Ошондо Аида "Мен чыдайм. Сен бара бер, мен сага ишенем" деп мага аябай чоң дем берген.
Аида: - Ошондо батир акыбыз 1500 сом болсо, Ильичтин айлыгы беш жүз сом болчу. Ал учурда курулушта иштегендер айына 6-7 миң алышчу. Аябай кыйналып кеттик. Ильич жумуштан чыгам дегенде, "Жок мен баарына чыдайм. Мага эчтеке сатып бербе. Качан байыганда сатып бересиң. Азыр карьераңды көтөр"-дегем. Эмнегедир мен ошондо жолдошумдун талантына, иштеп кете алышына көзүм жеткен, ишенгем.
Баатыр ата
Ильич: - Мен 18 жашымда үйлөндүм. Учурда эки кыз, эки уулдун атасымын. Улуу кызымды көргөндөр көбүнчө балдызы деп ойлошот. Ал эми досторум мени "Баатыр ата Ильич" дей беришет. Анткени, алардын бирден, экиден балдары болсо, менин төрт балам бар. Кээде жумуштан ушундай чарчап келсем да балдарымдын күлкүсүн угуп, аларды кучактап өпкүлөп атып кадимкидей эс алып калам.
Аида: - Ильич мага караганда абдан баласаак. Эң негизгиси жакшы ата, жакшы күйөө.
Ильич: - Ар бир эркек эң биринчи баласын өзгөчө күтөт. Анткени баланы, анын чонойгонун көрө элек кез. Кандай болот экен деп кызыгып, жубайың менен кошо УЗИге барып, эркекпи, кызбы аны көрүп, курсактагы бала менен сүйлөшүп, кадимкидей башкача болуп каласың. Ал эми кийинкилери көнүмүш болуп калат. "Аида толготуп калган турбайбы" деп төрөт үйүнө жеткирип коем. Анан Аида "сүйүнчү, кыз же эркек" дейт. Төрөгөн аялга эмне керек экенин баарын билип калгансың. Ысык чайымды кайнатып, тамак -аш алып, балдарды ээрчитип, төрөт үйүнө барып калам. Анан балаңды көрүп, башкача сезимдерге кабыласың.
Бири-бирине сын
Ильич: - Жубайымдын мага жөнөкөйлүгү жагат. Такыр интриганы түшүнбөйт, түз айтат, түз кабыл алат. Кээде үй-бүлөлүк маселелер боюнча урушуп кетип, көгөрүп эки-үч күн сүйлөшпөйбүз го деп атсам, 10 мүнөт өтпөй эч нерсе болбогондой кирип келип, "Муну мындай кылалы, минтели" деп ого бетер жинге тиет. Мен өзүм көкмүн. Ал ак көңүл. Эми адам ар кандай мүнөздө болот экен. Аларды балдардан көрөт экенсиң. Ошон үчүн балдар ата-эненин күзгүсү деп айтылат тура.
Аида: - Ильич токтоо, берешен анан бир аз жалкоо адам. Оңой менен жини келбейт. Көбүнчө мен ар кайсыны айтып атып жеткирем. Таарыныч болуп калганда ким күнөөлүү болсо ошол биринчи кечирим сурайт. Ошондой болсо да көбүнчө мен биринчи кадам таштайм.
Кызыктуу учур
Аида: - Экинчи балам боюмда бар. Маршруткада кетип баратабыз, бош орун жок, айдоочунун артындагы темирди кармап турганбыз. Ильич бир колу менен мени кучактап алган.
Мен жөн турбай ага тийишип, ойноп, улам-улам колун тиштегилеп аткам. Бир маалда эле Ильичтин колун тиштесем "Аа" деп бакырган аялдын үнү чыкты. Көрсө мен Ильичтин колун алып койгонун байкабай, жанымдагы аялдын колун тиштеп алыпмын. Жеткенче күлүп атып, көздөрүмөн жаш агып атат. Ошол окуяны бир айга чейин эстеп күлүп жүрдүк, азыр да күлүп калабыз.


Самара Сапынова









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??