п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Классташ

Классташтардын тентеги
Курмангазы
Балалык баёо сезим, бактылуу көз ирмемдер, шыңкылдаган күлкү мына ушунун баары окучуулук доор менен коштолот эмеспи. "Классташ" аттуу рубрикабыздын бул жолку мейманы бир нече музыкалык аспаптарда мыкты ойногон, "Эне-Сай" музыкалык тобунун жетекчиси Курмангазы Азыкбаев.


Классташы, жеке ишмер
Акматбеков Улан:
"Классыбыздын тентеги болчу"
Мен Курмангазы менен Нарын шаарындагы Чкалов атындагы №2 - орто мектебинде 8-класска чейин окудум. Ал кичинекей кезинде кара-тору, бою кыска, тоголок бала эле. Классыбызда аябай шамдагай,тентек, кылам дегенин кылган, алам дегенин алган өжөр болчу. Курмангазы балдар менен мушташканда бою кичинекей болсо дагы, жемин жедирчү эмес. Утулуп калган күндөр да болду. Бирок, кек сактамайы жок эле. Сабакты орто окуду, көбүнчө гуманитардык сабактарга басым жасачу. Мугалимдердин үстөлүнө "кнопкаларды" биринчилерден болуп коркпой койгон Курмангазы эле. Анан эле мугалимдер отуруп алып, "Ким койду?" деп урушуп, кыйкырып жатып калышчу. Бирок, биз мугалимдерге бири-бирибизди "салып" берчү эмеспиз, кызарып-татарып, жинденип, таппаган соң тим болушчу.

"Кыз жандуу эле..."
Курмангазынын кыздардын жанынан чыкпай айланчыктап , кыз жандуу болсо да,сүйүү катын жазганын көргөн жокмун. Аны байкаган мектептин деректири " Силер ала турган болочок келинчегиңер 1-2- класста окуйт" деп тамашалап калчу. Ал кезде баардык кыздар чачтары узун кылып өстүрүп, дайыма өрүп жүрүшчү. Анан бир күнү сабакта отурганбыз, бир маалда эле классташ кыздарыбыз ыйлап калышты, көрсө Курмангазы кыздардын чачтарын билгизбей биринин чачын бириникине байлап коюптур. Сабак бүтүп, кыздар ордунан тура калса эле чачтары чачташып калыптыр да. Ошонун айынан мугалимдерден муш жеген. Курмангазынын музыкага болгон шыгы бала кезинен эле башталган. Анда 6-класста окуп жүрсөк керек. Балдардын баарын чогултуп алып, атайын музыкалык ансамбль түзүп, гитара үйрөнө баштадык. Биз болсо, 2-3 айдан кийин эле тажап кетсек, а классташым тескеринче гитараны үйрөнүп бүткөндөн кийин башка жаңы аспаптарды үйрөнгөнгө аракет кылып жүрдү. Мына эми эмгегинин үзүрүн көрүп, кыргыздын алп музыканттарынын бири болуп жүрбөйбү.

"Классташ кыздарыбыздын тоокторун уурдап..."
Биз мектепте окуп жүргө-ндө, классташтарыбыз менен атайын жай мезгилинде жаратылыш койнуна барып эс алууну салтка айландырып алган элек. Бир жолу Нарын шаарындагы "Теке-Секирик" коктусуна барып эс алууну чечтик. Ал жердин эми кооздугун сөз менен айтып жеткире албайсың. Шаркыраган шаркыратма суусу, тоо тиреген көпкөк карагайлар, кулпурган гүлдөр көздүн жоосун алчу. Тоого чыгарга бир күн калганда, балдар болуп кыздардын тоокканасындагы тоокторун уурдап келип, таң атканча жүндөрүн жулуп, куйкалап, тазалап эртең мененкиге даярдап койдук. Эртеси классташтарыбыздын баары чогулуп, тоого келдик. Баягы уурдалган тооктордун эттерин бышырып, дасторкондун үстүн жайнаттык. Кыздарыбыз болсо, эч нерсе менен кабары жок эле, тооктун семиздигин мактап, тамшанып жеп алышты. Кийин тоокторунун саны азайгандарын байкашып, бизден көрүп жүрүштү. Ошентип, кыздарыбызды өздөрүнүн тооктору менен өздөрүн коноктоп, сыйлап жөнөткөнбүз. Илгери бизде азыркыдай болуп, дискотека, кафе-ресторан дегендер жок болчу. Бир гана алтынчы күнү кечинде "танцы" деп койчубуз, ошого барып көңүл аччубуз. Ал жердеги тынччылыкты, тазалыкты мугалимдер көзөмөлдөп, балдарды "кыздарга жакындабай бийлегиле, өппөгүлө" деп көз салып турушчу. Анан мугалимдер сыртка чыгып кеткенде, жарыктыкты өчүргөнгө атайын дежур балдарды коюп койгонбуз. Алар жарыктыкты дароо өчүрө салышат. Биз ошол маалда, бийлеп жаткан кыздардын беттеринен өөп алганга жетишчүбүз.
"Ар кандай амалдарды ойлоп тапчу"
Негизи, Курмангазы аябай оптимист эле. Отуруштарда тамада да болчу, ырдачу, бийлечү, жаңы оюндарды ойлоп таап, кеченин көркүн аччу. Илгери жогорку окуу жайлардын саны аз эле. Анан бардыгыбыз бири-бирибизди кайсыл институтта окуруунан кабарыбыз бар эле да. Бир жолу, анда жаз мезгили болуш керек, биз Курмангазынын бөлмөсүнө конокко барып калдык. Бир кезде эле пальто менен мискей көтөрүп кирип калды. Көрсө ал бизди коноктойм деп, ашканадага кыздардын бышып жаткан даяр тамагын уурдап келе бериптир да. Тамакты жейли деп жатсак, анда дагы жарыктыкты өчүрүп: " коё тургула, бир аз муздасын" деп коёт. Баягы мискейдеги тамакты баардыгыбыз отуруп алып түгөткөндөн кийин, Курмангазы "жакшынакай" кылып, билгизбей алып барып койду. Дагы бир жолу кыш мезгилинде, Жаңы жыл майрамын өткөрөбүз деп Курмангазынын жатаканасына бардык. Баягы көзөмөлдөп отурган комендант бизди такыр өткөзбөй койду. Бир маалда сыртка чыгып, терезеден кирмей болдук. Ал жоругубузду байкап калган кыздар бизди киргизбей жатпайбы. Ошондо кермеге кыдырата тизилген кийимдерин алып, короодогу балатыны кооздоп салдык. Бизден мындайды күтпөгөн кыздар аябай ыйлашкан. Бизди Курмангазы: " Бул жакта жакшы ырдаган, сулуу кыздар көп, келгиле силерди тааныштырам" - деп бизди чакыра берчү. Ошентип жүрүп, болочок жубайы Зина менен да ошо жерден таанышкан да.

"Курмангазы жылдыз оорусуна чалдыккан жок."
Классташ деген сен кандай кызматта иштесең да, канча жашка чыксаң дагы, классташ бойдон калат экен. Бул түбөлүктүү, тунук, достук экен. Анткени биз мектепте окуп жүргөндө бирге окуган классташыбызды жөнөкөй, бала кезинен байланып, билип, достошконбуз. Эч кандай байлык, бийлик бул жерде ролду ойнобайт экен. Курмангазынын адам менен болгон мамилеси, жөнөкөй сапаты менен азыркы күнгө чейин биз менен катышта. Эмгек сиңирген артист болуп, элге таанылып калса дагы, бой көтөрүү эмне экенин билбейт. Жылдыз оорусуна да чалдыккан жок. Мен классташым Курмангазы менен сыймыктанып келем.


"Адам деген атка татыктуу кылып тарбиялады"
Күндөрдүн биринде, көчөдөн кедей киши, бай классташын таанып, жанына басып келет.
Анан кедей, классташына мындай дейт:
- Сен бул дүйнөдө бактылуу адам экенсиң. Сенде, менде жок байлык, бакыт, баардык нерсе бар. А мен болсо, күндүзү курсагым ачка кыйналсам, түнкүсүн жатаарга жылуу орун жок түнү менен үшүп, чыгам. А бирок биздин класс жетекчибиз сага караганда мени көбүрөөк жакшы көрчү эсиңдеби? Сага татаал тапшырмаларды берип, сени дайыма кыйначу, а мага дайыма тапшырманы жеңилдетип, такыр урушчу эмес.
Анда бай киши, кедей классташына боору ооруй карап:
- Ооба, сен туура айтып жатасың, мугалимибиз сени абдан жакшы көрчү, ошондуктан баардыгы сен каалагандай гана болду. Бирок, мугалимдин так ошол татаал тапшырмалары мени бул жашоодо, өмүр бою адам деген атка татыктуу кылып тарбиялады. Ошондуктан ушул даражага жетип отурам.

Дуба тууралуу керектүү маалыматтар
Дуба деген эмне?
Дуба пенденин Кудайдан жардам сурашы, жакшылык жана кайыр тилеши. Пенденин өз чабалдыгын билип, бүтүн турган турпаты менен Кудайга жалбарышы жана жүрөгүнүн тереңинен келген таза сезимдери менен ага дуба кылышы да бир ибадат болот.
Бекеринен пайгамбарыбыз (с.а.с) "Дуба бир ибадаттыр" деген сөзү менен бул акыйкаттыкты тастыктаган эмес чыгар.
Куранда дуба
Жараткан эгебиз дуба жөнүндө Куран-ы Каримде мындай деп буюрган: "Жаратканыңар мындай буйрук кылат: Мага дуба кылгыла, дубаңарды кабыл алайын" деген.
Пайгамбарыбызга: "Эй, Алланын Расулу! Жараткан бизге жакынбы? Ага шыбырап жалбаралы. Болбосо узакпы, кыйкырып дуба кылалы" деп суранганда ал суроого мына мындай аят түшөт экен.
"Пенделерим сенден мени сурай турган болсо, менин сөзсүз аларга жакын экенимди билишсин. Менден тилек тилегендин дубасын кабыл кылам. Эми алар да менин чакыруумду кабыл алып, мага ишенишсин, туура жолдо жүргөндөрдүн катарына кошулсун!". Бул аятта да Улуу Жараткан бизге жакын экенин билдирет жана дубаларыбызды кабыл кылып, тилектерибизди орундата турганын жарыялайт.
Дуба-кичүүнүн улуудан, күчсүздүн күчтүүдөн жардам сурап кайрылышы. Ошол себептен Аллага дуба кылып жатканыбызда сөзүбүздүн жана кылган эткенибиздин адеп-ахлакка туура болушу абдан чоң мааниге ээ. Улуу Жараткан дуба кылып жатканда өзүбүздү кандай алып турушубуз керектигин мындайча буюрат:
"Жаратканыңарга жалбарып, ичиңерден дуба кылгыла. Сөздүн чыны, ал өтө аша чапкандарды сүйбөйт"
Дуба кылып жатып кыйкырып сүйлөө, сөздү өтө эле узартуу, күнөө деп эсептелген нерселерди каалоо, ылайыксыз тилектер жана ишке ашышы мүмкүн болбогон нерселерди тилөө туура эмес. Бул дубада "чектен чыгуу" болуп эсептелет.

Айзат Кыдыралиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??