п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сулуулук дүйнөнү сактайт

Айымдарга кеңеш
Адамдын көркү чүпүрөк дегендей айымдарга өзгөчө көрк берип турган кийим жана азем жасалгалар экени баарыбызга белгилүү.
Аларды туура тандап кийип, жарашыктуу тагынуу дагы билгичтикти талап кылат. Анда азем жасалгаларды туура тандоо боюнча айымдага аз да болсо стилисттердин айткан сөздөрүнө таянып кеңеш берүүнү туура көрдүк.

Азыркы учурда:
Күз айларында мурунку 90 - жылдардагы кийимдер жана алардын стили кайрадан модага айланышы толук мүмкүн, саргыч, кызыл өңдөр кайрадан кайтып келет. Атлас кыска көйнөктөрү, бантиктери, ачык түстөгү өңдөр, ачык түстөгү азем буюмдар модага айланууда.


Асем жасалгаларды туура тагынуу эрежелери:
Иштеги вариант:
Эгерде сиз костюм жана жайык жака менен бермет шуруларын тагынсаңыз, ал сиздин ийгиликтүү айымдардан экениңизден кабар берет. Эгерде классикалык стилде кийинсеңиз кара көйнөк менен ак берметти тагынган туура болот. Анткени, ал көйнөгүңүзгө көрк берип турат. Бирок алар канчалык кичине болсо, адамды ошончо каардуу көрсөтүшүн эске алыңыз. Бирок, көйнөккө көрк берип тураарын унутпаңыз.

Күнүмдүк вариант:
Узун бермет трикотаж кийимдери менен абдан жарашыктуу көрүнөт. Эгерде сиз кара юбка же кара шымды водолоска менен кийип, бермет тагынып алсаңыз элеганттуу көрүнүп каласыз. Анткени, кара түстөгү кийимге ак түстөгү бермет тагынган дал келет. Ал эми калың жана түрдүү түстөгү кийимдерге жана ар кандай чөнтөктөрү бар юбкаларды кийгенде асем бумдарды тагынуу туура эмес.

Романтикалык вариант:
Эгерде сиз жакын адамынызга же сүйүктүүңүзгө жакшы, жагымдуу көрүнгүңүз келсе бир нече кеңешти эске түйүп алыңыз. Сиздин тыкан жана стилдүү көрүнгөнүңүз сиз жөнүндө жакшы ойду жаратат. Эгерде сиз бош кийимдерди кийип алар менен биргеликте ар түрдүү асем буюмдарын тагынып алсаңыз, ал сиздин табитиңиздин начар экенин билдирет. Андыктан, сизге жарашкан кийимди гана кийиңиз.




Кыскача:
Кийимдин ар бир кичинекей деталына көңүл буруңуз. Көйнөктүн топчусу, тигилген жиби, анын өңү кичинекей нерсе болгону менен чоң маанини туюндурат.
Бут кийим менен сумка, ар түрдүү азем буюмдар, кол кап билинбегени менен өзгөчө көрккө ээ.
Күмүш менен алтынды бирге тагынбаңыз. Анткени алар карама каршы турат. Алардын ар бирин өз алдынча тагынганыңыз эп.
Бул маалда азем буюмдарды кымбат баалуу металлдары менен биргеликте тагынса болот. Андан тышкары ушул сезондо азем буюмдардын кесек жасалгалоолору модада.
Эгерде сиз абдан арык болсоңуз, бош жана ачык түстөгү кийимдерге басым кылыңыз, анткени ал сиздин кемчилиңизди жаап турат.
Абдан ачык түстөгү сумка менен бут кийимди, бир өңдөгү пальто менен кийсеңиз жарашыктуу болот, же аларды тескерисинче кылыңыз.
Эгерде сиздин боюңуз кичинекей болсо, теринин өңүндөй кийим сиздин боюңузду узун көрстөт.
Көңүл буруңуз:
Айымдардын, баскан турганы, кийинген кийими, сүйлөгөн сөзү, ар бир манерасы абдан чоң роль ойнойт. Андыктан өзүңүздү башкара билиңиз.
Сиз тандаган кийим, сиздин дене-түзүлүшүңөргө дал келип, бой мүчөңүздү жакшыртып туруусуна көңүл буруңуз.
Кийген кийимиңиздин түсү дагы, сиздин өң келбетиңизди толуктап туруусу керек.




Косметологдун кеңеши
Редакциябызга адистердин кеп кеңешине муктаж болгон суроолор менен кайрылгандар көп. Бул саныбызда косметологго келген суроолорго адистен жооп алып берүүгө аракет кылдык. Суроолорго дерматолог-венеролог косметолог Мырзабекова Чынара Асанбековна жооп бермекчи.

- Мен 23 жаштамын, көзүмдүн алдында майда бырыштар пайда болду. Кандай кремдерди колдонсом болот?
Айпери, 23 жашта.
- Жайында көбүнчө көз айнек кийип жүргөнүңүз жакшы. Ар бир куракка арналган кремдер бар, ар бир айым өзүнүн терисине жараша кремдерди тандоосу керек. Бизде косметологдор бырыштар түшпөш үчүн көп иш аракеттерди кылып келишет. Кээ бири азыраак күлгүлө деп айтышат, жада калса, туура күлүүнүн да жолдорун үйрөтүшөт.
- Бир жумадан бери менин чачым аябай түшө баштады, ошол эле шампунь, кондиционер менен эле колдонгом. Бул эмне себептен болуп жатат. Кандай чара көрүшүм керек?
Бегимай, 27 жашта.
- Негизинен күндө ар бир адамдын норма боюнча 100 чачы түшөт. Эгерде чачы узун болсо, көп болуп сезиле берет. Ал эми кичине чачтардыкы көп билинбейт. Анын ар кандай себептери бар. Эгерде стресс болсо чач абдан түшүшү мүмкүн. Кош бойлуу учурунда, анемия болсо, чач түшөт. Аны толугу менен карап, доктурлардын көзөмөлүнөн өтүшү керек.
- Бетиме дайыма эле без еткилер чыга берет. Сыгып салсам көбөйүп кетпейби?
Айзат 18 жашта.
- Эч убакта сыкпаш керек. Көбөйүп кетиши мүмкүн. 18 жаштагы кыздарда безеткилердин чыгуусу гормондордун өзгөрүүсүнөн болушу керек. Эгер алар көп убакытка созулса дермотолог - анколгого кайрылуусу керек.
- Тоналдык кремди 20 жаштан тартып колдонсо болобу?
Асель, 20 жашта.
- Тоналдык кремдер кышкысын жакшы, ал сууктан шамалдан сактап турат. Ал эми жайкысын болсо бет эс алгыны жакшы, тери дагы дем алыш керек да. Кремдин баардыгын 30 жаштан өткөндөн кийин колдонсо туура болот.
- Үй шартында кирпигимди өстүрсөм, зыян келтирип албаймынбы?
Рахат, 20 жашта.
Албетте зыяны тиет, бул клей менен көп күн жүрөт. Зыянга учурашы толук мүмүкүн.
- Жаңы төрөгөн эне өзүнүн сүтү менен бетти сүртсө, агарабы?
Алина 27 жашта.
- Ооба, эненин сүтүндө бетти агартуучу заттар бар, вата менен сүртүп койсо эч нерсе болбойт.
- Ар бир мезгилге арналган
кремдер барбы?
Наргиза, 20 жашта.
- Албетте, кышкы, жазгы, күзгү, майлуу, кургак беттерге арналган кремдер бар. Аларды туура тандап, анан колдонуу керек.
- Чач түшкөндө кайра ордуна келтирүүгө болобу?
Чынара, 25жашта.
- Ар кандай витаминдерди ичиңиз. Фен менен дайыма кургатканда дагы чачтар бузулат, сынат. Ага каршы ар кандай маскаларды жасаса болот. Жер жемиштерди, жашылчаларды колдонуш керек.
- Мен 29 жаштамын тушь
менен колдонсом эле кирпигим сынып калат, ал эмнеден?
Альбина, 29 жашта.
- Тушту такыр колдон бой эле коюңуз керек. Косметика абдан начар же болбосо териге жакпайт. Сапаттуу жана териге жаккан косметиканы гана колдонуу керек.


Нургүл Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??