п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Махабат майданы

Жаныбарлардын жан кумары
Жаныбарлар-эң мыкты өнөктөр. Алар жан кумарына токойдо, талаада, деңизде, бакта, жердин астында каалаган учурда бата алышат. Врачтын кеңешине эч качан муктаж болушпайт жана социалдык укуктарды бузганы үчүн жооп берүүгө милдеттүү эмес.


Кенгуру күнүнө беш жолу кумарга батат
Кенгурунун ургаачысы бир күндө беш жолу төшөк кумарына батса, ал эми коендор бир жылда алты жолу төлдөшөт. Алардын жаңы туулган балдарынын саны 6дан 10го чейин жетет. Эгерде алардын көбөйүүсүнө башкалар тоскоол болбосо, 90 жылда ар бир чарчы метрде бирден коён отургандай ылдамдыкта көбөйүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. А кадимки айланкөчөктү "секс-машина" деп койсок жаңылышпайбыз. Алар бир күндүн 9 саатын төшөк оюнуна арнашып, оргазмынын узактыгы 1,5 саатка созулуп, үч жолу удаа кайталанат экен. Айланкөчөктөр көпчүлүк убактысын төшөк кумарында өткөргөндүктөн, адам сыяктуу жугуштуу ооруларга көп чалдыгуу коркунучу бар .


Киттер кумарга кантип батышат?
Киттер төшөк кумарына батууну каалаганда Тынч океандын суусу муздак жерине барып, бири-бирине суу чачышып, сезимдерин козгошот. Ал эми деңиз мышыктары жээкке жатып алышып, баштарын-баштарына тийгизип, бири-бирин акырын сылап-сыйпашат. Кээде кадимкидей өбүшүшөт. Маймылдар болсо таанышканда мурду менен мурдун тийгизип, анан мурду менен "артын" жыттап туруп махабат көлүнө чөмүлүшөт.


Каргалар каалаган учурда…
Каргалар топтошуп учуп баратса да, каалаган учурда сүйүү кумарына бата алышат. Аларда кызгануу сезими жок болот. Ал эми кадимки бака үчтөн кем эмес ургаачы бака менен төшөк кумарына батып, тукумун көбөйтөт. Бирок төшөк кумарына батуунун алдында биринчи өнөктөштөрүнөн ураксат алышы керек.


Пингвин гомосексуалдары
Бакалар өнөктөштөрүнүн ургаачы-эркегин жакшы билишпейт. Кээ бир учурда бирдей жыныстагылар менен да сүйүү кумарына бата беришет. Өзгөчө гомосексуалдар пингвиндердин арасында көп кездешет. Ар бир жыйырманчы пингвин голубой болот.


Лемминг 14 күндөн кийин боозуйт
Кадимки лемминг туулгандан 14 күн өткөндөн кийин эле боозуп, 16-23 күндөн кийин тууйт экен. Лемминг жуптары 167 күндүн ичинде 8 "наристени" жарык дүйнөгө алып келишип, андан соң эркеги өлүп калат экен.
Ал эми эң коркунучтуу төшөк оюну богомолаларда болот. Алар жыргалдын туу чокусуна чыккандан кийин өнөктөштөрүнүн баштарын жеп салышса, чычкандар абдан темпераменттүү болгондуктан, тамак жегенге да жетишпей, махабатка малынган боюнча "о дүйнөгө" узап кетишет экен.


Гарем
Галапагосских аралындагы деңиз кескелдиригин көпчүлүгү "сыйлашат". Эркегинин салмагы 270 кг.га чейин болот. Ал атайын жерди ээлеп, ургаачыларын айланасына топтоп, өзүнчө гарем түзүп, башка душмандардан коргоп турат.
Ошондой эле мартышкалар да топ-топ болуп жашашат. Алардын ургаачысы боюнда болгонго чейин топтогу 60 га жакын эркектерин зордукташат. Ошолордун эң сексуалдуусун, активдүүсүн балдарынын атасы деп эсептешет.


Кызык экен
Тайвандагы жеке менчик зоопаркта Бьюти деген жолборс африкалык Симба деген арстандан үч "бала" тууган. Бирок, бирөө өлүп калган. Мындай аргындашкан "балдар" чанда кездешет. Себеби, жаратылышта алардын ата-энелери ар башка континентте жашаган, бири-бири менен келише албаган жаныбарлар. Бирок, алар шартка байланыштуу кичинесинен бир тордо жашап, бири-бирине абдан көнүп калышкан. Ал эми аргындашкан лигрдин (арстан+жолборс) ургаачысы тукум берсе да, гибрид болуп калышы мүмкүн. Алар карыганча өсүп, куйругун кошпогондо узундугу 3 метрге чейин жетүү коркунучу бар. Мындай кылганы үчүн зоопарктын кожоюну күнөөлүү деп табылып, 1500 доллар айып төлөгөн.


Кызыктуу фактылар:
Эң чоң пенис Блювалдыкы (көк кит). Анын узундугу 3 метр 50 см.
Түндүк китинин жалпы салмагы 30-80 тонна болсо, жумурткасы 1 тоннаны түзөт.
Африкалык пилдин пенисинин узундугу 2 метрге жетет.
Эң узун сперматозоид чымындыкы. Ал 6 см, бул өзүнөн 20 эсе чоң.
Сундевал чычканы 1 сааттын ичинде 100 жолу төшөк кумарына бата алат.
Эң узун төшөк кумарына жыландар батышкан. Алар секс менен 23 саат 15 мүнөт алектенишкен.
Эң кыска төшөк кумарына москиттер батышат. Алар үчүн 3 секунд жетиштүү.
Ал эми эң узун оргазмга чочколор батышат. Анын узактыгы30 мүнөткө созулат.
Тоо саламандрасы баласын 3 жыл көтөрөт.

Сайкал кыз




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??