п»ї

Мончодо…
Мончого барып, кийимиңизди уурдатып жиберсеңиз эмне кылат элеңиз?
Сапар Сопубеков, ырчы:
"Мончону башыма киймекмин"
- Жанымдагылардан телефонун сурап алып, досторума чалып, "Мага кийим алып келгиле-ее, уурдап кетти" - демекмин. Заматтын ортосунда ызы-чуу кылып, мончону башыма киймекмин.

Бактияр Токторов, ырчы:
"Шейшепти
оронуп алып…"
- Кудай сактасын андай нерседен. Элестетсең, эч нерсеси жок жыпжылаңач калып атканыңды. Ал жактан шейшеп берет да негизи. Шейшепти оронуп алып, азыр эми телефон деген бар да. Ошол кудай берген уюлдук телефондон, "Досум, кийимиңди алып келе кал, ушинтип балээ басып, мени уурулар дырдай калтырышты" - демекмин.


Самат Дөөлөтбаков, ырчы:
"Досторумдун кийимдерин бөлүшүп…"
- Кийимдеримди уурдаткан учурлар көп эле болгон. Уурдаткан курткаларымды эстеп коюп кайгырып жүрөм. Мен негизи мончого досторум менен барам. Эми барганда уурдап кетсе, досторумдун кийимдерин бөлүшүп кийинип, же болбосо бирөөнө чалып, "кийим алып келип бер" - деп, "кызыл жабар" алдырып анан кийип кетмекмин.


Бегимай Бекбоева, ырчы: "Жышынып отура бермекмин"
- Кыйкырып-өкүрүп, мончодо иштеген эжени чакырмакмын. Анан бирөө келмек да. Кыйкырсам да эч ким келбей калса, "өлгөн турбайымбы, киримди чыгарып отуруп турайын" - деп жышынып отура бермекмин. Акыры мончого бирөө-жарым келмек да. Мен мончолорго киргенде таштек барбы-жокпу, карабай эле кирип кете берем. Ичине киргенде же чөмүч жок болуп калат. Сыртка чыгып "эже-е-е" - деп кыйкырып берем.


Асель Касымова, ырчы:
"Андан башка айла жок"
- Вахтершага чалдырып үйдөн кийим алдыртып келмекмин да. Андан башка айла жок. "Таап бер" десең, ал жакта жоголгон буюм-тайымдын жоопкерчилигин моюндарына албайт.




Мончонун сырларынан…
- Мончонун парына шерик менен кирген жакшы. Пардын ичиндеги отургучка жатып бууланган туура. Эгер андайга мүмкүнчүлүк болбосо отуруп бууланып, бутуңуз жерге тийип турушу керек. Бири курсагы менен жатса, шериги шыпыргы менен бутунан моюнга чейин акырындан чапкылап чыгат. Оодарылганда да ушундай көрүнүштү кайра кайталап чыгат.
Арканы, төштү, курсакты жана жамбашты жатып буулантыш керек. Дененин калган бөлүгүн отуруп, туруп бууландырса болот.
Наристелер 2 жаштан баштап мончого барса болот. Биринчи жолку барганда мончонун температурасы 50-60 °С болуп, наристени 1-1,5 мүнөт парга киргизүү керек.
6-8 ай дайыма мончого барган киши аз ооруйт.
Мончодо адамдын организминин аткарган функциясы өзгөрөт. Жуунуп чыккандан кийин адам ишке жөндөмдүү болуп, өзүн жеңил сезип калат. Мончо биринчи эле терини жумшартат. Андан сырткары 600 граммдан 1200граммга чейин тер бөлүнүп чыгат.

Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??