п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сырмаек

Айпери Кубик кызы:
Окурмандардын суранычын аткаруу үчүн, обончу, ырчы жана куудул Кубик Калыковдун кызы Айперини редакцияга конокко чакырдык.

Айпери тууралуу:
- Өзүнө жакпаган сапаты жок;
- Жинденгенде "Кудайым ай" деген сөздү көп колдонот;
- Өзүнүн репертуарындагы эң жакшы көргөн ыры "Сезим";
- Бардык тамактарды жакшы жасайт;
- Минип жүргөн темир тулпары "Ниссан" үлгүсүндөгү машина;
- Жигиттердин ыймандуулугун баалайт;
- Университетте ИАРД деген өз кесибинин сабагын жакшы көрүп окуйт;
- Адамдарга таарына албайт;
- Каратэ менен машыгып, футбол ойночу. Азыр ага убактысы жок.

"Казакстандан жуучулар келип…..."
- Айпери, жоголуп эле кайда жүрөсүң?
- Окуу башталып, окуп жатам. Быйыл буюрса үчүнчү курс болуп калдым. Сессияны бүтүрөөрүм менен эле Тата Улан экөөбүз Россиянын Абакан, Красноярск, Екатеринбург ж.б. шаарларына, Казакстандын Тараз, Шымкент деген эки шаарына барып концерт коюп келдик. Кыргыздар көп экен, жылуу маанайда тосуп алышты. Казакстанга барган гастролум эсте калаарлык болду. Бизди Мелис деген бала тосуп алып, ата-энеси менен коноктошту. Номерлерибизди алып калган эле. Ал бала турмуштун кыйынчылыктарын көрүп калган, ошол жакта иштеген бала экен. Биз Кыргызстанга келгенден эки-үч күндөн кийин эле атама Мелистин ата-энеси телефон чалып, "Кызыңды биздин бала жактырып калыптыр, сураган жерге бериш керек" - дегенде, атамдын эси ооп, "Ал баланы эмне кылдың? Бир эле күндө кантип сүйүп калсын? Башын айлантып келдиң" дегенинен, "Мен ага ини катары кеңештеримди гана бергем, андан башка ашыкча сөз сүйлөшкөн эмеспиз" дедим. Атам "тийесиң, сыйына сый менен жооп бериш керек" - деп чечип койду. Атама, "Менден бир жаш кичүү балага турмушка чыгып алып эмне кылам?" - деп, ал балага телефон чалып, "Мелис, иним, үйлөнгүң келип калдыбы? Эки жактан сурабай эле эмне ар нерсени уюштуруп жатасың? Тийе албайм, кечирип кой, окуумду бүтөйүн. Эгер ушунчалык эле үйлөнгүң келип атса күтүп тур, окуумдун аягына чыгайын. Өзүм бала туруп, балалуу болгум келбейт" - деп катуу сүйлөдүм. Ошондон кийин анын ата-энеси келбей калды.
- Жүрөгүңдүн ээси барбы?
- Жигитим жок. Мен деле сүйүүнүн кандай экенин билип, даамын таткым келет.
- Кайсы акын, обончулар менен иштешип атасың?
- Башынан эле обончум, продюссерим, акыным дагы атам. Буюрса алдыда көп нерсени пландап, жакшы иштерди баштайын деп жатам.
- Сени үй жыйнаганга, тамактарды жасаганга тың деп жүрүшөт.
- Тамак жагына жакшы элемин. Апам экөөбүз кышкы салатттарды, кампотторду даярдап койдук. Үйдү болсо убактым болгондо жыйнап коём.
- Боёнгонуң башкача болуп калыптыр. Стилиңди өзгөртөйүн деп жаткансың го?
- Минтип боёнгонума эки-үч күн эле болду. Атайын стилистим деле жок. Бирок, жакынкы аралыкта бир стилист менен иштешейин деп жатам. Бир жылдан бери чачымдын өңүн сары, күрөң, кызыл өңдө алып жүрүп, эми карага боёдум.
- Чыгармачылыктагы сынчың ким?
- Менин каталарымды, кемчиликтеримди дайыма айтып турган сынчым менин апам. Атама барып, бул клип кандай болуптур десем эле, "кызым сага баары жарашат" деп жооп берип коёт.
- Эмнеге башка ырчылардай болуп, кыска же болбосо ачык көйнөктөрдү, анан кыргыз көйнөктөрүн көп кийбейсиң?
- Мага өтө ачык кийинген көп жага бербейт. Таенем кичинекей кезимен эле "Эркектин кыздын ачык денесине назары түшүп калса, ошол жер тозоктун отуна күйөт" - деп мага дайыма айта берчү. Ошол сөз калыптанып калгангабы, тозоктун отунан коркуп, андай кыскаларды кийбейм. Мен өзүм патриотмун. Кыргыз үчүн күйүп кетем. Бул жолку Тата Улан менен Россияга концерт коюп барганда, Улан байке патриоттук сезимимди ого бетер күчөтүп койду. Ал жактан келгенден кийин атайын барып, кыргыз көйнөк тиктирдим. Эки-үч жылдан кийин комуз үйрөнүп калсам, ошондо комуз менен кийип чыгып ырдайм. Азыр өзүмдү шоу-бизнестин бир нугунан таба элекмин. Тойлорго чакырганда кыргыз көйнөк кийип барып ырдайм.
- Кесибиң дипломат эмеспи? Келечекте өзүңдү саясатта көрө аласыңбы?
- Саясат мен үчүн оор нерсе. Мен негизи Кыргызстандын идеологиясы боюнча көп ойлоном. План түзүп койгом. Биз окуп түшүнө турган нерсени учурда көрүп түшүнүп жатабыз. Кыргызстандын ар бир жараны саясатчы. Менин оюмча бул туура эмес. Ар бир нерсенин өз орду менен болгону жакшы. Мисалы, Кореяда, Өзбекстанда саясатты ар бири эле сүйлөй бербейт. Саясатты бийликте отургандар эле сүйлөшү керек. Кытай тилин үйрөнүп жатам. Кореяга барып келгенден кийин Кореянын элчилигинде иштегим келет. Азыр окуумду жакшы бүтсөм көрөм. Мүмкүн турмушка чыгып, үйдө отуруп калам. Анын баарын убакыт көрсөтөт.
- Ырчылардын арасында жакын досторду көп эле көрүп жүрөм. Бирок сенин жакын курбуңду көрө албай койдум.
- Мен шоу-бизнестеги бардык кыздар менен бирдей мамиледемин. Чогуу окуган группалаш кыздар менен да мамилем жакшы. Чыгармачылыктан сырткары Элнура деген жакын курбум бар. Ата-энелерибиз да теңтуштар. Экөөбүздүн таанышканыбызга эки-үч жыл эле болду. Дайыма мени менен жүрөт. Макияжыма, кийимдериме карап, гастролдордо дайыма мени менен чогуу жүрөт. Намаз окуган ыймандуу кыз.
- Ичиңдеги сырыңды ким менен бөлүшөсүң?
- Дос, тааныштарымдын баарын атам тааныйт. Менин мамилемди да билип турат. Атам-апама ичимдеги болгон сырымды айтам. Негизи сырды ата-энеге, бир туугандарга айтыш керек. Анткени, алар сени туура түшүнөт жана эч качан сатып кетпейт. Курбум деп ишенип, бир кызга сырымды айтчумун. Кийин турмуш ал кыздын кандай экенин өзү көрсөттү. Ошондон кийин адамдарга болгон мамилем өзгөрдү.
- Группалаштарың уюштурган кечелерге барасыңбы?
- Кечелерине бара албай калам. Кээде бир айда 3-4 туулган күн болуп кетет. А менин убактым жок болуп калат. Болгону алар менен чогуу бир жолу тоого барып келгем.
- Окууда ырчылыгыңды пайдаланасыңбы?
- Жок, ырчылыгымды колдонгум келбейт. Өмүр бою атымды пайдаланып жашай албайм. Студент болгондон кийин студенттик күндөрдүн да даамын татып, өз күчүм менен окуганга аракет кылам.
- Китепкананын эшигин канча убакта бир ачып турасың?
- Чынын айтканда азыр китепкананын эшигин көп деле ачпайм. Керектүү материалды интернеттен карап алам. Мектепте окуп жүргөндө К.Баялинов атындагы китепканадан чыкчу эмесмин. Китепкананын жытын, китептерди абдан жакшы көрчүмүн. Кереги жок болсо деле энциклопедиялардан ар нерсени издей берчүмүн. Азыр деле ошол китепканадагы китептердин жытын сагындым, бирок, барганга убакыт жок.
- Университеттеги сени тааныган студенттер тийишип, номериңди сурашабы?
- Номеримди сурагандар жок. Бирок, беш-алты бала бар болчу, дайыма мен окууга кирип баратканда менин ырымды ырдап тийишип калышчу. Чынын айтканда, ушуга чейин бир да бала жаныма басып келип номеримди сурап,ы же "таанышып албайлыбы?" - деген жок. Тийшишет бирок, карап койсом унчукпай жерди карап калышат. Номеримди группалаштарым аркылуу алышат. Бир жолу мен окуган университетте "Айпери Кубик кызы менен таанышпай эле коюш керек экен. Ал таанышам деген баланы тебе берет" - деген ушак тарап кетиптир. Угуп алып абдан таң калдым. Ушул убакка чейин балдарды тээп, же согуп көрө элекмин.
- Имиш-имиштерге терикпейисңби?
- Элдин адамы болгондон кийин жакшы-жаман сөздөр сөзсүз түрдө ээрчийт. Кылбаган нерсени, кылды деп сөз жайып жиберишет. Өзүм жөнүндө аябай сонун жаңылыктарды угуп алып, "Ии, чын эле мен ушундай бекем ээ?" деп күлүп калам. Албетте, ушактарга ыйлап, маанайымды түшүрбөйм. Менин ата-энем, биртуугандарым, досторум таза экенимди билет. Ошол мага жетишет. Башка адамдардын айткандары - өздөрүнүн гана ою.
- Ырчы мырзага турмушка чыгасыңбы?
- Ырчы мырзалардан ала турганы жок го. (тамашалап) Кудайым буйруганы тургандыр. Бирок, шоу-бизнестин адамына турмушка чыга албайм. Мүмкүн, Урмат менен Неляга окшоп, нике буйруп калса тийип калам. Бирок, азыр турмушка чыкканга моралдык жана материалдык жактан даяр болсом да, ал жөнүндө ойлоно элекмин.
- Чыккынчылыкты кечиресиңби?
- Кечирем бирок, ал адамга болгон жүрөгүм сууп калат. Бир жолу кылган нерсени, сөзсүз түрдө экинчи жолу кайталайт. Ага жакшы сүйлөп, жардам беришим мүмкүн. Бирок, андан эч кандай жакшылык күтпөйм.
- Өзүңө албай эле кой бирок, шоу-бизнеске келген кээ бир кыздар өзүнөн улуу адамдар менен жүрүп кетип, азыркы шоу-бизнести көбү "кир, ыплас" дешет.
- Шоу-бизнесте ким кандай жүрөөрүн өзүңүздөр билсеңиздер керек. "Бир кумалак, бир карын майды чиритет" болуп, кашыктап чогулткан намысты, чынылап төгүп коюшту. Ошолордун айынан таза кыздардын аты булганып калды. Колуман келишинче жакшы сапаттарды көрсөткөнгө аракеттенем.
- Сени бой көтөргөн, орой кыз дешет. Өзүңдүн сапаттарыңды айта кетсең?
- Мен жөнөкөй кызмын. Бирок, сахнадагы бийим, көз караштарым орой көрүнүшү мүмкүн. Адамдарга жаман оюм жок, тескерисинче жардам бергим келет. Сахнада да, жашоодо да бирдей боло албайсың. Анткени, сахнанын өзүнүн маданияты болот. Сахнага чыкканда башка маска кийесиң.
- Микаэль берген тумар дагы эле машинаңда жүрсө керек?
- Эми аны тумар деп деле айтпайм. Анткени, тумарга ишенүү бул ширк. Микаэлдин мага берген кичинекей белеги десем болот.


Төлөбүбү
Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??