Роза Отунбаева журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга көңүл бурду
КР Президенти Роза Отунбаева Оштогу жергиликтүү журналисттер менен жолугушту. Жергиликтүү журналисттер Ош коогалаңында өздөрүнүн коопсуздугун эч кайсыл тараптан камсыздалбаганын, тополоң болуп жатканда өмүрлөрүн тобокелге салып коюп иштегендерин жашырган жок. Президент Р. Отунбаева алардын мындай көйгөйлүү маселелерин мамлекет Улуттук коопсуздук кызматынын башчылары менен биргеликте чечээрин билдирди жана укук коргоо кызматына алардын коопсуздугун сактоо боюнча тиешелүү тапшырма берди. Мындан сырткары журналисттер

маалымат алууда ар тараптан тоскоолдук жаралып жатканын айтышты
Бул боюнча Р. Отунбаева бардык министрликтерге маалымат берүүдө журналисттер менен жакшылап иштешүүнү талап кылды. Буга улай эле президент журналисттерден маалымат таратууда абдан тыкандык менен иштөөнү, маалыматты тактап туруп таратууну айтып, журналисттерсиз коомдо маалымат жок болуп, мамлекетте саясат жүрбөй тургандыгын белгилеп өттү.
"Мамлекеттин турмушунда стратегиялык, саясий жактан алганда журналисттердин орду өзгөчө. Ошон үчүн алардын коопсуздугу мамлекет үчүн маанилүү. Биз журналисттердин коопсуздугун ар тараптан коргошубуз керек",-деди, Р.Отунбаева.

Т.Имашов Бишкек шаарынын вице-мэри болуп дайындалды
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Иса Өмүркулов дун буйругу менен конкурс өткөрүлгөнгө чейин Бишкек шаарынын вице-мэри болуп Төрөбек Имашов дайындалды. Маалыматка ылайык, буга чейин Төрөбек Имашов Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеген.


Партиялар эл менен жолугушууларды өткөрө баштады
Парламенттик шайлоолорго карата партиянын лидерлери жер-жерлерде эл менен жолугушууларды өткөрө баштады. КСДПнын лидери А.Атамбаев Балыкчы шаарына барып, андан ары Чолпон-Ата шаарынын стадионунда жолугушуу өткөрдү жана Ананьеводо болду. Ал эми Өмүрбек Бабанов Талас шаарында эл менен жолугушкан. "Акшумкар" партиясынын лидери Т.Сариев дин жолугушууларына Кара-Балта шаарында 10 миңге жакын адам чогулса, Суусамырда 2 миңден ашык адам келген, ал эми Талас шаарындагы жолугушууга 6 миңден ашык адам чогулган.Ошондой эле Өмүрбек Текебаев башындагы "Ата Мекен" партиясы ушул тапта Жалал-Абад облусунда шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүүдө. Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков өңдүү мурдагы министрлер башкарган "Ата журт" партиясы үгүт иштерин Ысык-Көлдөн баштап, кечээ бишкектиктер менен жолугушкан. Ал эми "Айкөл эл" партиясынын айрым лидерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жолугушууларды өткөрүштү.


  Бир бүркүм

КР Президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Момбеков Кубаныч Алиевич КР Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. Мамлекет башчысынын башка Жарлыгы менен Жамашева Феруза Зулумбековна КР Жогорку сотунун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
12-сентябрда Токтогул районунда бир сааттан ашык катуу шамал болгон. 22:40та башталган шамал саат 23:55ге чейин болуп, ылдамдыгы секундасына 24 метрден 28 метрге чейин жеткен.
Өлкө башчысы Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Өскөмбаев Дамир Абдыкеримович КР мамлекеттик кызматынын финансы полициясынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.
Өткөн аптада Кыргызстанда буудайдын орточо чекене баасы 3,9 пайызга арзандап, килограммы 8,21 сомдон болууда. Ал эми биринчи сорттогу ундун баасы өткөн аптада 1,3 пайызга арзандаган.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата жүгүртүүдө 35 миллиард 738,7 миллион сом болгон болсо, сентябрь айына карата анын көлөмү 39 миллиард 209,4 миллион сомду түзгөн. Мында августта республикада жүгүртүүдөгү акчалар 1 миллион 776,9 миллион сомго өскөн.
15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында "Кыргызстандын китеп эстеликтери" долбоорунун бет ачары болот. Иш-чарага АКШнын элчиси Татиана К. Гфэллер, КР Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Маданият министрлигинин өкүлдөрү, китепкананын кызматкерлери жана окурмандары катышат.
Президенттин жарлыгы менен башкы прокуратуранын милдетин аткаруучу болуп Байтемир Ибраевдин ордуна Кубатбек Байболов дайындалган.




Жаштар кыймылдары
Бишкектен форум өткөрүшөт
"Кыргызстанды өзгөртүүгө сенин мүмкүнчүлүгүң жетет!" аттуу форум жаштар кыймылдары тарабынан Бишкекте өткөрүлөт. Чогулушта өлкөнүн биримдиги жана достугу, ошондой эле улут аралык мамилелерди бекемдөө маселелери каралат. Жыйын 14-сентябрда Мамлекеттик тарых музейинде эртең мененки саат 11ден 16га чейин иш алып барат. Бул тууралуу маалыматты "Кыргызстанды кайра жаратуу" жана "Экологиялык жаштар" кыймылдары менен "Эл биримдиги" коомдук фонду жыйында билдиришти.


Тыюу салынган жерлерге үгүт материалдарын жайгаштырууга болбойт
Бишкек мэриясынын "Тазалык" муниципалдык ишканасы Тынчтык проспекти, Абдрахманов, Ибраимов жана Курманжан Датка көчөлөрүндөгү жол боюна илинген "Айкөл эл" партиясынын үгүт жарнактарын алып салды. Себеби бул материалдар мыйзамсыз жайгаштырылган. Анткени жарнак материалдарын, жарыяларды, үгүт чакырыктарды электр карагайлары, имараттар, дарбазалар, аялдамалар, жарык берүүчү курулуштар, бак-дарактарга илүүгө Бишкек шаарынын жасалгалоо эрежелерине ылайык тыюу салынган. Жол боюн үгүт материалдардан тазалоо үчүн шаардык бюджеттен пландаштырылбаган 19163,8 сом акча сарпталган. Ошондуктан, каржы коротуулар эрежелерди бузгандардын мойнуна салынат, деп белгилешти мэриядан.


Камбар-Ата-1ди курууга каражат жетиштүү
Жакында Камбарата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты ишке берилди, эми экинчи агрегатын курабыз, бара-бара Камбар-Ата-1ге киришебиз. "Азыр эл арасында Кыргызстан бул милдеттерди жалгыздап аткара албайт деген сөздөр таратылууда. Бирок, бул милдеттин өтөөсүнө чыгуу үчүн бизде саясий эрк да, финансылык мүмкүнчүлүктөр да жетиштүү. Жакынкы келечекте Кыргызстан региондогу гидроэнергетикалык держава боло алат" деп билдирет энергетика министри Осмонбек Артыкбаев .


Теледебаттан баш тарткан партиялар үчүн акысыз эфирдик убакыт берилбейт
Парламенттик шайлоого аттанган саясий партиялардын теледебаты 29-сентябрда баштала тургандыгы кечээ Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында белгилүү болду. Саясый партиялар теледебатка чүчү кулак кармоонун негизинде тандалат. Теледебаттан баш тарткан партиялар үчүн акысыз убакыт берилбейт. Белгилүү болгондой, саясий партиялардын жеке чыгуулары үчүн УТРК менен ЭлТР коомдук телеберүүсүндө 20 мүнөттөн эфирдик убакыт берилет. УТРКда 21-сентябрдан 27-сентябрга чейин тегерек столдор, 29-сентябрдан тартып дебаттар башталат. Тегерек столдорго 5тен партия, теледебаттарга 3төн саясый партия катышат. УТРК менен ЭлТРде өтө турган дебаттар "Мир" мамлекеттер аралык телерадиоберүүсүндө да көрсөтүлөт. Эфирдик убактысын өз убагында пайдаланбаган саясый партиялардын убактыларын БШК өзү пайдаланат.


Кыргызстандык балбан дүйнө чемпионатында коло медаль утуп алды
Кыргызстандык балбан Алексей Крупняков Москвада өткөн 118 өлкөнүн балбандары катышкан дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Ал 96 кг чейинки салмактык категорияда таймашкан жана коло медаль үчүн күрөштө белорусиялык атлетти жеңип алган. Эске сала кетсек, ата мекендик команданын эсебинде дагы бир коло медаль бар. Аны грек-рим стилиндеги балбан Данияр Көбөнов уткан.