п»ї

  Үйрөнүү стилдери

Үйрөнүү стилдерин билүү инсандын өзүн - өзү жакындан таанып-билүүсүнө да көмөкчү болот, ата-энелер менен балдардын ортосундагы мамилени, өз ара түшүнүүчүлүктү жөнгө салат. Натыйжада мугалимдер балдардын ар кырдуулугун аңдап - билишет, ошондой эле шакирттер менен болгон ишмердүүлүктүн майнабы артат.
Адамдар үйрөнүү стилине карата үчкө бөлүнөт:
1 Көрмө.
2. Укма.
3. Кыймылдуулар.

Көрмөлөр

Көрмөлөрдүн бала чагы
Кичинекейинен кыймылы аз;
Тартиптүү келишет;
Сүрөттүү китептерди жана сүрөт тартканды абдан жактырышат;
Буюмдары дайыма иреттелүү;
Ойногон соң, оюнчуктары дайыма өз ордунда;
Өзгөчө көрүүчүлөр менен өч болуп, аларга оюнчутарын такыр бергиси келбейт.
Көрмөлөрдүн
күчтүү жактары
Көргөндөрүн жана окугандарын жакшы эстей алышат;
Так көрүнүштөргө маани беришет;
Түстөрдү колдонуп, ошондон ырахат алышат;
Сүрөттөр жана сөздөр аркылуу үйрөнүүгө ынтызар болушат.
Кичинекейинен китепке, маалымат каражаттарына абдан жакын болушат;
Адамдар менен таанышкан учурларда алардын жүздөрүнөн жакшы таанып калышат;
Окумал келишет;
Пландуу, алдын-ала программаларды түзүшөт;
Тигил же бул нерсенин көрүнүшүнө, турган турпатына өзгөчө маани беришет;
Ар кыл баяндамалардын жана түшүндүрмөлөрдүн жазуу жүзүндө берилишин туура көрүшөт;
Көрмөлөрдүн
алсыз жактары
Уккандарын узак убакыт бою эстерине сактай алышпайт;
Жазуу эмес жүзүндөгү маалыматты кыйынчылык менен түшүнүшү мүмкүн;
Практикалык иш аракеттерге анча кызыга беришпейт;
Чаржайыт, башаламан учурларда өтө тынчсызданышат;
Адамдардын аттарын оңой менен эстей алышпайт;
Көрсөтмөлүү куралдарга таянбаган узун түшүндүрмөлөрдү кабылдай алышпайт;
Плансыз, чаржайыт иш аракеттер аларга жага бербейт.

Укмалар
Укмалардын бала чагы
Берки топтогуларга караганда абдан сүйлөөк болушат;
Жалгыз эле ойной бериши мүмкүн, бирок, дайыма өзү менен өзү сүйлөшөт;
Кичинекейинен тили эрте чыгат;
Курдаштарына караганда сөз байлыгы мол келет;
Укмалардын
күчтүү
жактары
Уккандарын эстеп калышат, жазып жатканда көпчүлүк учурда сүйлөнүшөт;
Узак убакыт бою түшүндүрмөлөр болсо да, тажабай кабылдоого жөндөмдүү болушат;
Жакшы чечен боло алышат;
Музыка укканды абдан жактырышат;
Башка кишилер үчүн мааниси жоктой сезилген музыка, үн, ыргак алардын көп нерселерди түшүнүүсүнө жардам бериши мүмкүн;
Укмалардын
алсыз
жактары
Ызы-чууну жактырышпайт;
Тынч эмес жайларда, оюн бир жерге топтой албай кыйналышат;
Сүрөттөр жана сүрөттүү түшүндүрмөлөр алардын кызыгуусун туудурбайт;
Сабактардын ыргак менен жагымдуу түшүндүрүлүшү аларга майдай жагат;
Окуганга караганада укканды жакшы көрүшөт;
Маалыматтардын жазуу жүзүндө болушу алардын түшүнүүсүн татаалдаштырат;
Адамдардын жүздөрүн оңой менен эстей алышпайт;

Кыймылдуулар
Кыймылдуулардын бала чагы
Булардын өзгөчөлүктөрү бала кезден баштап эле даана байкалат;
Өтө кыймылдуу келишет;
Көтөрүп жүргөнүңүздө, тынчы жоктугунан улам, дайыма туйлап турушат;
Диван, кресло, столдун үстү, тосмолор булардын асыресе ойной турган жерлери болуп саналат;
Кичинесинен үстүндөгү кийим кечесине эч маани беришпейт, кийимим булганып калат, жыртылып калат деген ой алар үчүн арткы орундарда турат;
Кыймылдуулардын
күчтүү жактары
Жасаган нерселерди жакшы эстешет;
Тийүү жана аракет кылуу менен үйрөнүшөт;
Оюндарга жанын беришет;
Же булардын көңүлүн ачышы керек, же болбосо алар башкалардын көңүлүн көтөрүшү зарыл;
Керектүү нерселерди тууроо жана жасап көрүү жолу менен үйрөнүшөт;
Бир ишти жасап көрүп, анан ошондон маани чыгарганга аракет кылышат;
Эркин, каалагандай кийингенди жакшы көрүшөт;
Сезген нерселерин башкалар менен бөлүшкөндү жакшы көрүшөт;
Спорт багытында ийгиликтерди жаратууга жөндөмдүү болушат;
Аракетти талап кылган ишмердүүлүктү жакшы көрүшөт;
Бийди, чуркоону, сууда сүзүүнү, тамактанууну, тамак жасоону, саякаттаганды жакшы көрүшөт;
Лабораториялык ишмердүүлүктөрдө жакшы жетишкендиктерди жаратышат;
Кыймылдуулардын
алсыз жактары
Буга чейин айтылган жана уккан нерселерин жакшы эстей алышпайт;
Окугандан кыйналышат;
Жакшы укпай калышы мүмкүн, же уккандарынан маани чыгара алышпайт;
Тигил же бул түшүндүрмөлөр алардын өзгөчөлүктөрүн эске албай жасалса, абдан жай кабыл алышат;
Башка адамдарга жагымдуу болоор- болбосун эске албай, жөнү жок тийише бергенди, айрыкча сүйлөп жатканда кишини кармалаганды жакшы көрүшөт;
Үйрөнүү стилинде болгон зарылдык эмнеден улам келип чыгат?
Ал бизге кандайча жардам бериши мүмкүн?
ХХl кылым адамдын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу ачууга бет алган, ыкчамдыктын, интеллектуалдык атаандашуучулуктун доору. Мындай шартта көп окуп, көп иштегенден тышкары, туура иштегендер, ар бир жагдайда таасын баа берип, чыгармачыл ойлогондор алдыга озуп чыгышат. Үйрөнүү стилдерин билүү, каныңыздын группасын билгендей эле, актуалдуулукка айланууда.

Ата-энеге он насаат:
1. Өз балаңды өзүңдөй же сен каалагандай болот деп күтпө, ага өзү болуусуна жардам бер.
2. Ызаңды балаңдан чыгарба, эмнени эксең, ошол өнүп чыгат.
3. Бала үчүн жасаган нерсеңди кадыр-колко кылба, сен аны жарык дүйнөгө келишине себепчи болдуң, эми мунун акыбетин ал кантип кайтарат?
4. Сен балаңды меники деп ойлобо, ал-Жараткандыкы.
5. Анын көйгөйлөрүнө үстүртөн караба.
6. Басынтпа.
7. Эгерде балаңа эч нерсе кылып бере албай жатсаң, анда өзүңдү жемелебе, эгерде колуңдан келип туруп, бирок, жасабай жатсаң, анда жемелей бер.
8. Эгерде бала үчүн жасалчу нерселердин баары жасалбаган болсо, анда ал жетишсиз экени эсиңде болсун.
9. Бөлөк бирөөнүн баласын сүйө бил. Эгерде башкалардын сенин балаңа жакшы мамиле жасашын кааласаң, сен да бөлөк бирөөнүн баласына жылуу мамиле жаса.
10. Өз балаңа, мейли ал жөндөмсүз, жолсуз, чоң болсо да, мээримиңди төк. Аны менен баарлашып атканда кубангын, анткени, бала деген- азырынча сени менен кошо жүргөн майрам.




Балалуу үй базар
"Балага караганда - небере ысык болот" дегендей, небере жытын жыттаганда гана неберенин таттуу экенине көзү жетип, бир эмес эки неберени багып, чоңойтуп балпайган "бабушка" атка конгон ырчы Шахрезада Аскарова неберелери тууралуу сөз кылмакчы.

Менин эки неберем бар. Алар улуу балам Рустамдын балдары. Тун неберем Эмир 4 жашта, ал эми кичүү неберем Радмир 2,5 жашта.
Биринчи неберем төрөлгөндө аябай толкунданып, сүйүнгөнүмдү айтпа. Эми ал сезимди сөз менен айтып жеткире албайсың… Экинчи неберем төрөлгөндө деле сүйүнгөм, бирок, биринчисиндей эмес.
Эмнегедир мага Эмир жакыныраак. Себеби экөөбүздүн сүйлөгөнүбүздү, басканыбызды, шашмалыгыбызды абдан окшоштурушат. Мүнөзүбүз гана эмес, кебетебиз да түсмөлдөшүп кетет. Экөөбүздү кошуп койсо, эч качан эрикпейбиз. Эмирди "бамбуча" деп эркелетем. Аябай бир нерсени бат үйрөнөт, бат кабыл алат, адамдар менен бат тил табыша алат, музыкага да бир аз шыгы бар. Алгачкы жолу тили чыкканда мени "Бабака" дечү.
Бир жолу курбу кыздарым менен шерине ойноп, чогулуп калдык, Эмирди өзүм менен чогуу алып барсам, мени "бабака" десе, шеринелеш досторум бул жерде бир эле "бабака" эмес, көп "бабакалар" бар, деп тамашалап жатышпайбы. Азыр эми тили так чыкканда, "бабушка" деген атка кондум. Коомдук унааларда кетип баратсак, мени "бабушка" деп айтса, элдер "ай, Шахра, эмнеге сени бабушка деп айтат?" деп таң калышкан күндөр да болгон. Негизи үйдө менин апам бар, анан апамды чоң эне дешет, ата-энесин мама, папа дешет, анан мен "бабушка" деген атка ыйгарылып калдым деп күлүп калам.
Ал эми экинчиси Радмир Казакстанда төрөлгөнүн укканда эле, эртеси жетип баргам. Ал аябай жоош, оор басырыктуу, бир айтканынан кайтпаган өжөр бала. Аны "боорсок", "жөжө", "мамалак" деп эркелетем. Анткени ал болпойгон бала. Экөө удаа болгондуктан, аябай бир нерсеге ээрегишет. Эмирди алдап койсоң алданып калат, а Радмир болсо эч качан алданбаган адаты бар. Мүнөзү атасыныкын тарткан. Ал эми кебетеси таяке жактарына окшошуп кетет.Кичүү болсо дагы, байкесин уруп коёт. Эмир кичинекей деп,Радмирге көп жардам берет. А, Радмир тескерисинче мен кичинекей эмесмин деп бутунун учуна чейин көтөрүлүп, боюн ченеп туруп алат.Оюнчук алганда экөөнө тең бирдей өңдө, бирдей өлчөмдө алып бербесек, анда өлдүк. Кечээ машина алып берсем, Радмирдин машинасынын дөңгөлөгү түшүп калыптыр, "эмнеге менин машинамдын дөңгөлөгү жок"деп чыр салып, экөө бир машинаны талашып жатышат. Эми булардын өнөрлөрүн, кылыктарын айтып бүтө албайсың.
Нагизи бала бар жерде - базар деген чын экен. Неберелерим менен кантип, таң атканын, күн батканын сезбей да калам. Бир жакка кетишкенде кадимкидей жоктоп калам. Үй ичи тып-тынч болуп, аябай жаман болом. Кээде балам неберелеримди урушса, боорум ооруйт. Өзүм бала кыял болгондуктанбы, билбейм, балага аябай жакынмын. "Балага - караганда небере ысык болот" десе ишенчү эмесмин, эми өз башыма келгенде гана түшүнүп жатам.


Айзат Кыдыралиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??