п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Түгөй төр

Турмуш бул -түгөнбөгөн түйшүк. Мына ушул түйшүктүн айланасында жүрүп, жубайлардын ортосу алыстаган жокпу, экөө бири-бирин канчалык деңгээлде билет деген максатта куудул Жакут Сыдыков менен жубайы Аиданы "Түгөй төр" рубрикабызга конокко чакырдык.


"Менин тарифим Ё-твое"
- Келинчегиңиздин туулган күнүн унутпайсызбы?
Жакут: - Жок унутпайм, ал унута турган иш эмес. Себеби ал биздин үйдүн жарыгы.
Аида: - Менин туулган күнүмдү эч унутпайт. Керек болсо эрте эле эстеп алат.
- Жалаяк жууган учуруңуз болду беле?
Жакут: -Жалаяк жууган учур болгон. Себеби келинчегим жаңы төрөгөндө 40 күнгө чейин колун сууга салдырбайын деп өзүм жуучумун. 40 күн болбосо да 1-2 жума жакшы эле жардам бердим.
Аида: - Биринчи балабыз Гүлжигит төрөлгөндө 20 күндөй жалаяк жуушкан.
- Жубайыңыз сизди кызганабы?
Жакут: - Кызганган боюнча гран-прини алып келатат.
Аида: - Жаңы үйлөнгөндө аябай кызганчумун. Азыр анча деле эмес. Анткени мен ага ишенем.
Күнүнө канча акча коротосуз?
Жакут: - Чөнтөктө болгон акчаны коротом. Бирок Аидага караганда сарамжалдуумун деп койсом болот.
Аида: - Ар кандай. Көбүнчө машинасына, анан бирдигине коротот.
Жашоодон тажаган учурларыңыз болду беле?
Жакут: - Жаштык кезде тажадым деп капа болгон учурлар болгон. Азыр болсо эч тажабайм, тескерисинче жашоо бизден тажайбы дейм.
Аида: - Жок. Жашоодон тажадым дегенин деле уга элекмин.
- Чыгармачылыкта атаандашыңыз барбы?
Жакут: - Менимче атаандашым деле жок . Анткени Жакут эч кимге атааандашпайт.
Аида: - Эч кимге деле атаандашпайт. Өзү менен өзү болуп жүрө берет.
- Уйкунун айынан бармак тиштеген учурларыңыз болобу?
Жакут: - Мени уйкучу деп айтышат. Кичинекей кезимден эле күн менен түн алмашып калган. Себеби мен эртең менен уктап, түштөн кийин турам. Мындайча айтканда менин тарифим Ё-твое.
Аида: - Уктап калган учурлары көп эле. Ойготсоң ойгонбойт, анан тургандан кийин өкүнүп кайгыра берет. Бул анын көнүмүш адаты.
- Сиз берген кайсы белекти келинчегиңиз унутпай айтып жүрөт?
Жакут: - Аидага арнап "Аидам" деп ыр жазып белек кылгам. Ал ошону такыр унутпайт.
Аида: - Бир жолу туулган күнүмдө мени жумушка жиберип коюп, бүт баарын алып келип дасторкон даярдап, тосуп алганы эч эсимден кетпейт. Ошол күн мен үчүн өзгөчө белек болгон. Бирок, ал нерсе азыр кайталана элек.
- Жубайыңыз канчанчы размердеги бут кийим киет.
Жакут: - Бутунун өлчөмү 36.
Аида: - 35, 36.
- Кайсы фирманын косметикасын колдонот?
Жакут: - Аны билбейм. Чынын айтсам косметиканы деле колдонбойт. Мага боенбогону жагат. Анткени өзү сулуу да.
Аида: - Мен көп деле косметика колдонбойм. Азыр "Oriflame", кээде-кээде "Mery Key" колдонуп жүрөм.

"Жакут өзү менен өзү болуп жүрө берет"

- Таанышкан күндөрүңүздү отуруп алып эстейсиздерби?
Аида: - Экөөбүз калган учурда, чай ичип отурганда, көчөгө чыкканда тааныш жерлерди көргөндө эстеп калабыз.
Жакут: - Таанышкан, кыз-жигит болгон күндөрдү дайыма балдарыбыз жокто эстейбиз. Анткени алар барда бизге билинбейт. Азыр алар жайлоодо, экообүз үйдө калганда кыз-жигит болгон күндөрдү эстеп, жетелешип жүрө беребиз.
- Эмнени жаман көрөсүз?
Аида: - Мышыкты аябай жаман көрөм.
Жакут: - Билбейм. Көп эле нерсени жаман көрөт.
- Кантип эс алганды жакшы көрөсүз?
Аида: - Жаратылышта, шар аккан суунун боюнда эс алганды жакшы көрөм. Балдарды паркка алпарып ойноткондон рахат алам.
Жакут: - Жаратылыштын койнунда эс алганды, балдарды парка алпарып каруселге түшүрүп ойнотконду жакшы көрөт.
- Кимиңер баласааксыңар?
Аида: - Мен баласаакмын дейин десем, кээде Жакут менден да ашып кетет.
Жакут: - Экөөбүз бирдей эле.
- Эң көп колдонгон сөзүңүз?
Аида: - Көп колдонгон деле сөзүм жок.
Жакут: - Жакут деген сөздү көп колдонот.
- Таарынычта кимиңер биринчи кечирим сурайсыңар?
Аида: - Таарынышып кетсек Жакут биринчи кечирим сурайт. Анткени мен көкмүн. Бир-эки күн көгөрүп, унчукпай отура берем. Ал болсо бат таарынып, бат жазылат.
Жакут: - Күнөө кетсе деле, кетпесе деле мен байкуш кечирим сурай берем.
- Чөнтөкчүгө кабылып, ыйлаган учуруңуз болду беле?
Аида: - Жакут экөөбүз базарда жүргөндө чөнтөкчү артыман аңдып келип, сумкамды жулуп кетип, аябай ыйлагам. .
Жакут: - Ооба, болгон. Биз жаңы үйлөнгөн жылдары дос балам үчөөбүз Аламедин базарында жүргөнбүз. Аида бизден 300 метрдей артта келе жаткан. Бир маалда эле сумкасын жулдуруп ийип, ыйлап келатат. Биз болсо чөнтөкчүнү кууп жетпей калдык. Аида болсо мени бекем кучактап алып, кое бербей аябай ыйлаган.
- Карызга акча көп бересизби же карызга көп аласызбы?
Аида: - Карыз алган деле учурубуз болбойт, алсак бергенге шашабыз. Бирок мен албайм.
Жакут: - Чынында ал эч ким менен аласа-бересе кылбайт. Мен үйгө ырыскы алып келем, ал үйдөгү кут. Ошондуктан анын карыз менен ырыскыга тиешеси жок.
- Көбүнчө кайсы буюм жаныңызда жүрөт?
Аида: - Жанымда дайыма сумкам, телефонум жүрөт.
Жакут: - Дайыма уюлдук телефонун алып жүрөт.
- Жолдошуңуз сынды кандай кабыл алат?
Аида: - Жакут өзү жөнөкөй адам. Сынга чычалаганын уга элекмин.
Жакут: - Сынды туура эле кабыл алам. Бирок, кээ бирөө сын айтпай эле көңүлүңдү оорутат. Эгер туура айтылса, сын да адамдын өсүүсүнө көмөк берет.
- Кандай музыканы жактырасыз?
Аида: - Жай ыргактагы музыкаларды жакшы көрөм.
Жакут: - Билбейм, иши кылып ар кандай музыкаларды уга берет.
- Айылчылаганды жакшы көрөсүзбү?
Аида: - Көп деле айылчылабайм. Бир жакка чыга турган болсок, Жакут экөөбүз чогуу эле барабыз.
Жакут: - Билбейм. Негизи жакшы көрөт болуш керек. Айылчылаган жакшы да.

"Сүйгөнүм сойку болсо өлтүрүп салмакмын"
- Сулуу кыздардан көңүлүң калды беле?
- Жок, сулуу кыздардан көңүлүм кала элек
- Эгерде аялдарда телефон менен косметика жок болсо эмне кылмак?
- Косметика жок болсо өзүнүн табигый жүзү менен жүрө бермек. Телефон жок болсо илкерки жашоодогудай кат жазышмак.
- Жашоодо аял канча жолу кызарат?
- Менимче үч жолу кызарса керек. Биринчи уят болгондо, экинчи жаңы күйөөгө тийгенде, үчүнчү боюнда барда.
- Сүйгөнүңүз сойку болсо эмне кылат элеңиз?
- Сүйгөнүм сойку болсо жөн гана таштап коймокмун. Жок… өлтүрүп салмакмын.


"Ууру менен ойноштун айырмасы жок"
- Аял деген кандай болуш керек?
- Аял-назик, таза, туруктуу, казан-аштуу болуш керек.
- Эмнеге эркектерге сакал өсөт?
- Аял менен эркекти айырмалаган сакал да. Ошон үчүн эркектерге сакал өссө керек. Эгерде аялдар деле эркектерчилеп сакал алса, аларга деле өсмөк.
- Ууру менен ойноштун эмне айырмасы бар?
- Экөөнүн эч кандай айырмасы жок. Ууру өзүн ойлосо, ойнош экөөнү тең ойлойт.
- Сүйгөнүңдүн бою кодо болсо эмне кыласың?
- Эгерде сүйсөм боюна деле карабайт болчумун. Бою кичинекей болсо, мен анын бою менен жашамак белем. Өзү менен, сүйүүм менен жашамакмын. Эң негизгиси анын мага деген ою таза болуш керек.

Самара Сапынова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??