п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кычык суроолор

Алмамбет Шыкмаматов:
"Өзүмдү мамалакка окшоштурам"
- Тамашага кандайсыз?
- Кудайга шүгүр, эл катары.
- Аялыңыздан акча кымтып алмайыңыз барбы?
- Үйдө чарбачылыкка, өзүнө керектүү тыйын-тыпырды ал киши өзү тейлейт. Генералдык, стратегиялык багытка керек боло турган тыйын болсо, мисалы үй сатып ала турган болсок, менин чечимим керек.
- Чогуу иштешкендерге кыялыңызды көрсөтөсүзбү?
- Эбепке-себеп болсо гана кыялымды көрсөтөм. Бирок, тирүү жан болгондон кийин эмоция болот да. Беш кол тең эмес дегендей, кээ бир кызматкер берген ишти туура аткарат. Кээ бир сөзгө түшүнбөгөн, кежир, өз билгенин бербеген, калп айткан кызматкерлерге болсо кыялымды көрсөтүүгө туура келет.
- Чоң маселени чечүүдө кызмат ордуңузду пайдаланып көрдүңүз беле?
- Менин чоң кызматка келгениме беш ай болду. Беш айдын ичинде баш көтөрбөй, оор кырдаал менен эле алпурушуп келе жатабыз. Түштүктөгү окуялар, азыркы болуп жаткан окуялар жана саясатта радикалдуу өзгөрүүлөр болбодубу. Мындай учурда элдин психологиясында да чоң өзгөрүүлөр болот. Эртеден-кечке баш көтөрбөй, жумуштарыбыз менен алпурушуп жүрөбүз. Биринчиден, беш ай иштей элек жатып эле кандайдыр бир өзүмдүн кызыкчылыгымды көздөгөн чоң маселе жарала элек. Экинчиден, аны ойлонууга да убакыт жок. Өзүмдүн табиятымдан мындайга жол бербейм. Себеби, беш жыл бою өткөн бийликти, "Кыянаттык менен кызмат абалын пайдаланат. Эл менен бийликтин ортосундагы жарака чоңойгондон-чоңоюп баратат. Биздин мамлекеттик бийликтегилер топтошуп алып, жалаң гана өз кызыкчылыктарын чечет" - деп сындап келгенбиз. Күрөшүп, ант берип келген азыркы ар бир жетекчи андай жолду кайталабайт болуш керек. Тарых кайталанбас үчүн, жанагындай жаман иштер кайра болбош үчүн азыркы бийлик таза иштөөгө милдеттүү. Бул бийликтин башка жолу жок.
- Мугалимдин айлыгына канча күн жашай аласыз?
- Мугалимдин да айлыгы жок беш жыл жашагам. 2005-жылы парламент тараганда баарыбыз оппозицияга кетип, мен "Ата Мекен" партиясынын аппарат жетекчиси болуп беш жыл бир тыйын айлык албай иштедим. Келинчегим да иштечү эмес. Көрбөгөндү көрдүк, ошентсе дагы туугандар, жоро-жолдоштор жардам берип турду. Тирүүнүн оокаты өтө берет. Айтайын дегеним, моралдык, психологиялык жактан адамдын көкүрөгүндө кандайдыр бир умтулуу болуп, иштеп жаткан ишинен каниет алса, материалдык муктаждык экинчи планга чыгып кетет. Ошондуктан, "Бул айлыкка жашаса болот? Же тиги айлыкка жайшай албайсың" - дегенге кошула албайм.
- Кандай иш үчүн соттолууга даярсыз?
- Ак жеринен караланбай, эгерде элге, мамлекетке кыянаттык кылсам, коомчулука зыян келтирген зыянкеч болсом соттолууга даярмын.
- Адам соттотуп көрдүңүз беле?
- Жок. Мурун сот системасында жарандык иштер боюнча консультант болуп жети жыл иштегем. Адамды соттотмок эмес, тескерисинче ак жеринен соттолуп кетип жаткан кишиге жардам бергем.
- Эгерде сиз жөнүндө китеп жаза турган болсо, аты эмне болмок?
- "Болот кантип курчуду" - деген китеп болмок.
- Эгерде айымдардын кийими болсоңуз, кайсы кийим болмоксуз?
- Костюму болмокмун.
- А тамак болсоңузчу?
- Ашлямфу.
- Өзүңүздү кайсы жаныбарга окшотосуз?
- Мамалакка.
- Кайсы сапатыңыз сиздин жашооңузга терс таасирин көп тийгизет?
- Шашмалыгым.
- Карьераңыз үчүн кандай курмандыктарга бардыңыз?
- Мен карьера үчүн эмес, акыйкаттык орнош үчүн, үй-бүлөмдүн, мамлекеттин келечеги үчүн, убагында өмүрүмдү тобокелге салгам. 2005-жылдан баштап Максимдин, Жаныш Бакиевдердин адам өлтүрүүлөргө катышуулары тууралуу макалаларды жазып, гезиттерге жарыялачумун. Көбү "Өзүңдү популярдуу кылайын деп атасыңбы? Сени булар "ары-бери" кылып коюшу мүмкүн" - деп айтышчу. Аларга жооп кылып, "Элдин аң сезимин ойготуш үчүн ушундай нерселерден кабардар кылып турушубуз керек" - деп калчумун. Ошондогу кылган иштеримди курмандык деп эсептейм, бирок карьера үчүн эмес, акыйкат, калыс заман үчүн. "Кресло", карьерага азыр да жармашпайм.
- Карьераңызды эмнеден баштадыңыз эле?
- Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу кызматынан баштагам.
- Ушу жашка келгиче канча адамды алдадыңыз?
- Адамдын убал-сообуна кала турган калп айтууларым болбосо керек. Бирок, "Арак ичпейсиңби?" - дегенде, "Дары ичип аттым эле, ичкенге болбойт", "Бир жакка баралы" - десе, бош болсом да "Колум бошобойт, баралбайм" - деген калптарыма сан жетпесе керек.
- Келинчегиңиз сиздин көзүңүзгө чөп салса эмне кылат элеңиз?
- Бул жөнүндө ойлонуп көрө элекмин. Эгер ошондой болуп калса, күнөөнү биринчи өзүмөн издейм.
- Күнүнө канча акча коротосуз?
- Түштөнүүгө гана жүз элүү сом коротом.
- Азыр кыздар эркекке, эркектер кызга айланып, жынысын өзгөртүп жатышпайбы. Мүмкүнчүлүк болсо сиз да өзгөртмөк белеңиз?
- Мүмкүнчүлүк болсо да, болбосо да өзгөртпөйт элем. Мен аны оору деп эсептейм. Акыл-эси ордунда эмес адамдар кыла турган нерсе.
- Кайсы кызматты кыялданып жүрөсүз?
- Кызматты кыялдана элекмин. "Мен кылган эмгек бааланса экен, менин эмгегим элдин купулуна толсо экен" - деп кыялданам. Эгерде менин кылган ишим элдин купулуна толбосо, бул иштен кетишим керек.
- Эгер, сиз 24 сааттын ичинде өлөөрүңүздү билсеңиз, ал убакыттын ичинде эмнелерди кылмак элеңиз?
- Билбейм. Таарынткан адамдарыман кечирим сурасам керек.
- Түштөнүүгө кайсы белгилүү айымды чакырат элеңиз?
- Түштөнүүгө аялымды чакырам.
- Эгерде, сиздин кызыңыз сизден да улуу адам менен мамиле куруп алса кандай чара колдонмоксуз?
- Жаагын түлөтө чабам.
- Досуңуздун аялын сүйүп калсаңыз эмне кылат элеңиз?
- Сүйүүнү жүрөк, жүрөктү акыл-эс башкарат. А менин акыл-эсим досумдун аялын сүйдүртпөйт.
- Кызганычтан чыны-кашык ыргыган күндөр болсо керек?
- Кызганычтын айынан тултуюп сүйлөбөй койгон күндөр болгон, бирок чыны-кашыктар ордунда эле турат.
- Мас болуп, батинкелер алмашкан учурларчы?
- Шапкелерди унутуп койгон учурлар болгон. Бирок, батинкелер алмашкан эмес.
- Кандай мас болосуз?
- Эл катары бакылдап мас болом. Мага алкоголь жакпайт, кичине ичсем эле ооруп калам. Ошондуктан көп ичпейм.
- Жаш ырчы кыздардын кимиси жагат?
- Ырчы кыздардын бири калбай, баары жагат.
- Эгер киного тартылып калсаңыз, кандай роль ойномок элеңиз?
- Адвокаттын ролун ойномокмун.
- Гомосексуалдарга кандай көз караштасыз?
- Кыжырым келет.
- Гейлер тийишти беле?
- Жо-ок, кудай сактасын.
- Эгер тийишсе эмне кылмаксыз?
- Бир тепмекмин.
- Өмүрлүк жарыңызды ала качып алдыңыз беле?
- Ооба, сүйлөшүп жүрүп эле алакачып алгам.
- Байбичеңиз уруксат берсе, токол алмак белеңиз?
- Уруксат берсе да албайм. "Токол алайын" деген ниет түшүмө да кире элек.
- "Бийлик колдун кири", - дегендей, азыр кызмат орундары бат-баттан эле алмаштырылып жатпайбы. Сизди азыркы кызматыңыздан бошотуп, сизге жакпаган кызматты сунуштаса, иштей бересизби?
- Аны ойлонуп көрөбүз. Мен кызматтан кетсем дагы саясаттан кетпейм.

Төлөбүбү Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??