п»ї

Ырчылардын ырларына саякат
Шоу тармагындагы жаш ырчы жигиттерибиздин ырларына көз жүгүртүп көрсөк, көбүнчөсү сүйүүгө арналганына күбө болот экенбиз. Чыгармачыл адамдардын ырдаган ырлары да алардын жан дүйнөсүнө дал келип, ички дүйнөсүнөн жана жүрөгүнүн абалынан кабар берип тургандыгы талашсыз. Анда бир нече ырчы жигиттердин ырларына саресеп салсак.


Мирбек Атабеков
Кыздардын оозунан түшпөй калган ырчы жигит Мирбек Атабековдун сүйүүгө арналган ырларын чоң роман кылып жазсак да жарашчудай. Дегеним, репетуарындагы ырларынын токсон пайызы сүйүүгө жана кыздарга арналган экен. Алардын ичинде "кара көздөргө", "азиат улутундагы бийкечке", "карындашына" "секелегине", айтор баардыгы кымча белдүү, кыздарга арналганын күбө болдук. Мирбек мырза алгач сахнага "Сени гана" деген ыры менен чыгып, кыздардын жан дүйнөсүндө кененирээк отурукташып алган көрүнөт. Жүрөгүнө дал келбей калганбы ортодон ырчы жигит "Не моя" деген ыры менен чыга калды. Андан соң кайрадан эле сүйүүсүн даңызалап, "Сени сагынам" , "Сени сүйөм", "Тагдырым" - деп боздоп келгени келген. Эмнеси болсо да талантууу жигиттерди алга сүрөп турган кара көз кыздарыбызга баракелде десек болчудай.


Омар
Жаш ырчы Омар алгач сахнага аттанганда эле "Где ты" деген ыры менен жан дүйнөсүнө жакын адамын издеп, жүрөктөгү сезимдерин билдирип, ырдап чыкканы эсиңизде болсо керек. Андан соң Омар чыныгы жашоонун даамын татып, үй бүлө курууну терең ойлонуп кеткенби айтор, өмүрлүк жарын издеп, бат эле "Жолугаарым" деген ыры менен эл алдына чыккан эле. "Кайдан табамын, мага буйруганын" - деп сүйгөнүн издеген жаш жигит, көңүлүндөгү бийкечке жолукканбы, бат эле ("Let Me be your boyfriend" )"Сенин жигитиң болууга урууксаат бер" - деген ырын жаратканы баарыбызга маалым. Бирок, эмнегедир ал бийкеч башка менен кетип калганбы же уруксаат бербей койгонбу, иши кылып ырчы жигит бир аздан кийин эле "Үзө албай үмүтүмдү, алыстап кеттиң менден башка менен" деген ыр саптарга ээ болгон "Мейли" аттуу ыры менен кала берди көрүнөт.


Султан Садыралиев
Бир убактарда популярдуу болуп, кыздардын оозунан түшпөй калган ырчы Султан Садыралиев жагымдуу ырлары менен бир топ аброй топтогонго жетишкен. Бирде домбара менен үн созо калган ырчынын репертуарына көз жүгүртсөк, "сүйүү", "кубаныч" менен башталган ыр саптар "өкүнүч" жана "кусалык" менен аяктайт экен. Дегеним, Султан мырза "чу" дегенде эле "ай-ай жаным азапка неге мени салдың" деген "Жаным" атуу ыры менен чыкканы эсиңизде болсо керек. Анан аз убакыт өтпөй эле Султандын "Аячы мени" деп боздогонуна күбө болдук. Чындыгында жалаң куса, кайгыга бөлөнгөн ырлар Султанды тажатып ийдиби же сүйүүдөн жабыр тартып жүргөнбү айтор, караанына зар болгон күйөрмандары көбөйдү көрүнөт.


Нурлан Насип
Алгач сахнада "айталбай сага сүйүүмдү, кыйналып кетти жүрөгүм" - деп аянычтуу ырдаган Нурлан Насип , "Аяйым", "Жаным" атуу ырлары менен көпчүлүк кыздардын көңүлүн өзүнө бурган. Нурлан Насип эми далай жолу "сүйүү" темасына арналган ырларды жаратат го деп атсак, жаш жигиттин жүрөгү эмитеден эле кайгыга, кусалыкка бөлүнүп калыптыр. Дегеним, "Унута албай, сыздап ыйладым" деген ыр саптарга ээ "Унуталбайм" - деген ыры менен боздоп калды көрүнөт.


Самат Дөөлөтбаков
Шоу тармагында өзүнүн стили менен айырмаланга ырчы Самат Дөөлөтбаков да сүйүү темасынан алыс эмес. Жүрөктөгү сезимдерди ыр аркылуу билдирген ырчы мырзанын ырларына көз чаптырып көрсөк баардыгы олуттуу көрүнөт. Дегеним, башкалардан айрмаланып, ылгабай сүйүүсүн билдиргендерден эмес экен. Болгону "Айдай сулуу" аттуу ыры менен чыгып, көпчүлүк кыздардын көңүлүн өзүнө бурган. Өмүрүндө чыныгы сүйүүнү күткөн Самат сүйүүсүн издеп "Сени издейм" деген ырынын кийин көңүлүндөгү кызга жолкканбы иши кылып, ал кызды өмүрлүк жар кылып эми Самат мырза "Жалгызым" деген ыры менен бүтүргөнбү айтор, Дале болсо сүйүү тууралуу бүтүргөндөй. Айтор ырларына күбө боло элепиз.


Ильяз Абдразаков
Алгач Ильяз Абдаразаков "Арманым" деген ыры менен чыкканда көпчүлүк кыздардын тамшанып уккандары талашсыз. Кийин кыздардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, кыздарга арналган көптөгөн ырлары жарык көрө баштады. Андан соң Ильяз чыныгы сүйүүгө жолукканбы, айтор сүйүүсүн даңазалап, сагынычын көз жаздымда калтырбай "Сагынамын сени" - деп жүрөгү эзилгенине күбө болгонбуз. Шайыр шатман ырларды ырдап жүргөн Ильязга көз тийгенби же жүрөгү жараланып, сүйүүдөн азап чеккенби, айтор "Азап" деген ырын жаратты. "Ааламда бүт дүйнөмдү сага арнайм" - деп кайгыра бербей, алга умтулууну көздөгөнбү иши кылып, кыздардын сулуулугуна суктанып, жалпы бийкечтерге арнап, "Жаным ай" деген ыры менен дагы көп кыздардын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп олтурган кези.


Мирбек Иманбеков
"Сулуу кыздарды көргөндө жигиттердин шилекейи куюлуп калат" - деген сөзгө ишенбегенге арга жок. Биринчи "Жаным" деген ыры менен чыккан Мирбек Иманбеков көпчүлүк кыздардын жүрөгүнөн орун алган эле. Сулуу кыздардын саны көбөйүп кеткенине байланыштуубу айтор, сүйүүнүн керемети болгон бийкечке жолугуп, анын да атын сураганга жетишпей, "сурабаптырмын атың ким деп" -өкүнүчтүү ырдаганына күбө болгонбуз. Бетиндеги уячасы менен убагында көпчүлүк кыздарды өзүнө багындырган ырчы "Тун чүрөгүм" - деп ырдап чыкканда, Мирбек мырза эми сүйүүсүн тапкан экен деп кубанып атсак, сүйүүдөнбү же сүйгөн кыздардан тажаганды айтор бат эле "Эмне пайда" пайда деген ыры менен чыга келди.


Бырс этме
Ильяз Абдразаков концерт коюп, сахнадан берилип ырдап атып, көрүүчүлөргө кайрылат:
- Кана жаштар колуңарды бийик көтөрүп, шаңдуу олтурабыз! Өйдөрөөк, өйдөрөөк көтөрөбүз, канна мени силерди көрбөй жатам?!
Анда залда олтургандардан бирөө:
- Андан көрө сен өйдөрөөк болсоң сени көрбөй жатабыз! -деп коет.
ххх
Султан менен Мирбек барга кирип, эки кружка пиво заказ беришет, анда Мирбек
- Чоң кыз таза кружкага куюп келиңизчи ээ?-
Үч мүнөттөн кийин официант эки кружка пиво алып келип:
- Кимиңер таза кружкасы менен заказ бердиңер эле?

Нургүл Ибраева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??