п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ден соолук

Бүгүнкү күндө ар бир үчүнчү аялзаты миома ооруусу менен ооруп, бул жөнүндө толук маалымат алалбай жүргөндөр да арбын. Ошондуктан, ар кайсы региондордон бизге кайрылган энелерибиздин, эжелерибиздин суроолоруна адистен жооп алдык.

Миома
акушер-гинеколог.
Миома -деген эмне?
Жыныстык органдагы миома - бул гинекологиялык ооруулардын бир түрү. Көбүнчө бул дарт горманалдык эреженин жана айыздын бузулушунун кесепетинен келип чыгат. Мындай ооруунун, 1,5 %- 5% чейин күчөтүлүп, айыкпас дарт - рак оорусуна айланышы толук ыктымал. Бул дарт бир гана маткага эмес, башка ички органдарга да терс таасирин тийгизет. Мисалы: Бөйрөктүн иштеген функциялары начарлайт, заара кылууда кыйналышат, аз кандуулук, ич өтүүлөр да көп болот. Миома, "фибромиома" жана "фиброма" болуп бөлүнөт. Фибромиома - ооруусуна чалдыккан айымдар балалуу болууга мүмкүнчүлүктөрү жок, эгерде, болуп калган күндө дагы тез-тез бала боюнан козголуп, же дарт наристеге өтүшүп, өз маалына жетпей төрөлүп, коркунуч жаратат. Ал эми "фиброма" миоманын жеңил түрү болуп эсептелет. Оорубаган, ден соолугу таза айымдардай, дени сак, балалуу болууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Миома - бир гана ички органдарга эмес, сырткы келбетке да терс таасирин тийгизет. Мисалы: теринин кургашына, бетке тактардын пайда болушуна, чачтардын түшүшүнө жана тырмактардын тез-тез сынышына алып келет.

Врачтар жаңы
метод ойлоп табышты.
Миоманын пайда болушунун себебин азыркыга чейин окумуштуулар изилдешүүдө. Бул дарттан толук арылуунун бир гана жолу бар, ал операциянын жардамы менен жыныстык органды жараксыз кылып, алып салуу. Убакыттын өтүшү менен, врачтар миоманы капталынан алып, матканы калтыруу методун ойлоп табышкан. Жакында, германиялык врачтар бул оорууга чалдыккан айымдарды айыктырыш үчүн, бирок, ошол эле убакта жыныстык органды толугу менен сактап калыш үчүн "эмболизация" жолу менен, тагыраак айтканда, миоманы сордуруп, бара-бара өзүнөн - өзү жоголуп кетүү аппаратын ойлоп чыгышты.


Айша Тыналиева,
Динара 30 жашта. Токмок.
- Мен жарым жыл мурун операция жолу менен миоманы алдыргам. Ошол операциядан бери айызым келбей калды. Ушул бойдон айыз токтоп калабы?
Айызыңыздын келбей калышы толук мүмкүн. Бир жылда 2 жолу гинекологдун көзөмөлүнөн өтүп, цитологияга мазок тапшырып турууңуз абзел.

Нургүл 60 жашта. Бишкек.
- Миома дартына чалдыкканыма көп жылдын жүзү болду. Адистерге кайрылганымда, " кийин климакс учурунда, өзү куурап жок болот" деген эле. Бирок, климакска кабылгандан бери 10 жыл өтсө дагы, эч кандай өзгөрүүлөр байкалбады. Негизи, климакстан кийин, миома канча убакытта куурап, жоголот?
Негизи миома гормонго көз каранды шишик. Эми ар адамдын организми ар бөлөк эмеспи. Андыктан, кээ бирөөлөрдүкү жашы улгайган кезде гана кичирейсе, айрымдарыныкы эч өзгөрүүсүз калышы мүмкүн.

Мыскал 45 жашта, Бишкек.
- Миома менен төрөгөнгө мүмкүнбү?
Дарыгердин уруксаты менен миомасы барлар төрөсө болот.Бул жерде шишиктин өлчөмү да чоң ролду ойнойт.

Сагын 41 жашта, Талас.
- Миоманы массаждын жардамы менен жок кылса болобу?
Миомага массаж жасаганга болбойт, тез чоңоюп, айыкпас дартка айланып кетиши ыктымал.
Батма 38 жаш, Нарын.
- Акыркы мезгилде аялдардын арасында миома ооруусу эки эсеге көбөйдү. Эгерде операция кылып, шишикти алдырып салсам, кийинчерээк кайра пайда болбойбу?
Миома тез өссө, ооруса, кан келсе, операция жардамы менен алдырып таштоо керек. Жатындын өзүн калтырган операция болсо, кайра пайда болуп калышы мүмкүн.

Элиза 45 жашта, Бишкек.
- Миома өсүп кетпеш үчүн эт жебеш керек деген чынбы?
Миоманын эт менен эч байланышы жок.

Айсулуу, Кант.
- Менин айызым акыркы айдан бери аябай көп келет жана ал 2-3 айга созулуп атат. Буга миоманын таасири тийген жокпу?
Эгер миоманыз бар болсо алетте, тиешеси бар. Тез арада гинекологго кайрылыңыз.

Созул 37 жашта.
- Миома менен бойго бүтүрүүгө болобу?
Миома менен бойго бүтө берет. 3 айга чейин дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп бат-баттан текшерилип туруу керек.

Гуля, 43 жашта, Каракол.
- Миоманын алгачкы белгилери кандай?
Айыздын келиши көбөйүп, табарсык бат толгонсуп сезиле баштайт. Кээде ооруксунуп кетет.

Бактыгүл 27 жашта, Кемин.
- Миоманын кандай түрлөрү бар?
Миоманын 2 түрү бар. Биринчиси жатындын сыртын көздөй өссө, экинчиси ичин көздөй өсөт. Бул эки түрү көлөмдөрү менен айырмаланышат.

Кымбат 40 жашта, Кызыл-Кыя:
- Миома дартына чалдыккан айымдар төрөт учурунда кандай коркунучтарга кабылышат?
Миома менен төрөгөндө кан кетип, миоманын кан айлануусунун бузулушу күтүлөт. Наристе айына жетпей төрөлүп калуусу ыктымал.

Назик, 33жашта, Жалалабат.
- Миомасы барлар күнгө күйсө болбойт деген чынбы?
Күнгө күйгөнгө болбойт. Физио-дарыланууга, биостимуляторлорду, ийнетерапиясын жана массаж алууга болбойт.

Айгүл, 38 жашта, Сокулук району, Шалта айылы:
- Миомага чалдыкпоо үчүн эмне кылуу керек?
Турмушка өз убагында чыгуу аракетин көрүңүз. Аборт жасатуудан алыс качып, төрөөрдүн алдында дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп туруусу зарыл.

Жаңыл 47 жашта,
Атбашы району:
- Жакында эле миомамды операция жолу менен алдыргам. Мындан ары кандай чараларды көрсөм болот?
3 жыл бою миомасы бар адамдардай оор көтөрбөй, күнгө күйбөй, экологиялык жактан таза тамактар менен азыктанып жүрүшүңүз керек.

Алина 34 жашта,
Бакай-Ата району:
- Угушума караганда миома дарты өтүшүп кетсе рак оорусуна айланат экен. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
Ооба, бул илдет өтүшүп кетсе рак оорусуна айланышы толук мүмкүн.

Мимоза 40 жашта,
Акөргөө айылы:
- Миоманы элдик медицина жолу менен айыктырууга болобу?
Элдик медицина миоманын көлөмүн эле кичирейтпесе, толук айыктыра албайт.

Элина 29 жашта,
Маевка айылы:
- Жыныстык катнаштан кийин табарсыгым ооруй берет. Деги эле миомасы барларга жыныстык мамиленин зыяны жокпу?
Миома жыныстык катнашка тоскоол болбойт. Эгер чоңоюп, жаман оорууга өтө баштаса ооруп, зыян апкелиши мүмкүн.


Маткадагы миоманы операция жолу
менен кандай учурда гана жок кылуу керек:
Өтүшүп кеткен аз кандуулук ; (кандын токтобой, көп келиши)
Заара кылууда кыйынчылыктарды жаратканда;
Миоманын кескин өсүшү;
Миомадан башка себептери жок, тукумсуздук;
Көлөмү 16 жумадан ашканда;
Миоманын тез чоңоюшунун бирден-бир себептери:
Мончого, саунага, парга отурганда, ---өө
Жыныстык катнаштан кийин, ысык суу менен жуунганда;
Ваннадагы ысык сууга жатканда;
Көл жээгине жатып, күнгө какталып, күйгөндө;
Дайыма майлуу, куурулган, туздалган, ачуу тамак-аштар менен азыктанганда;

Айзат
Кыдыралиева

"Ушундай күч-кубатым турганда аялым муздак болбойт"
Бакыт Мамаев, ырчы:
Аялзаттын сексуалдуулугу сиз үчүн?
- Мен үчүн аялзаты табиятынан ийкемдүү назик жан. Мага сырткы сулуулугу анчейин чоң роль ойнобойт. Биринчи кезекте ажардуулугуна көңүл бурам. Сүйүктүүсүнө мээримин төгүп, аярлап турган асылзат кимге гана жакпасын.
- Жашооңузда "желим оюнчук" менен жыргалга баткансызбы?
- Аны кандай түшүнсө болот?
- Атайын "Секс-шоп"дүкөндөрдө сатылат го...
- Ммм...(бир азга ойлоно) Ал оюнчуктарды көрмөк турсун укпаптырмын. Бирок, биз үчүн жат көрүнүш деп ойлойм. Эми ал муктаждыкты Батыш өлкөлөрүндө эле колдонбосо. Биздин ай чырайлуу айымдар андай колдонушубузга такыр жол бербейт. Өзүбүздүн татынакай кыздарыбыз турганда мындай оюн куруудан баш тартканыбыз оң. Чынбы?
- Келинчегиңиз менен лаззат отуна батаарда кандай түстөгү ич кийим кийишин каалайсыз, деги эле ич кийимге көңүл бурасызбы?
- Жок, такыр көңүл бурган эмесмин. Кандай ич кийим кийбесин мени азгырып, рахат тартууласа болду. "Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө" дегендей эле.
- Сиз төшөк жаатында фантазёрсузбу?
- Эми биз чыгармачыл адамбыз да, ар тараптуу болгонго кудуретим жетет. Бир эле ыкма кимди болбосун тажаткандай эле, ар бир түндө болуп көрбөгөндөй фантазияга кабылышка аракеттенем. Ал жактан да талант бар.
- Эгерде сизде "мазахисттик"сезим ойгонсо? (өзүнүн жанын өзү кыйнап моокумун кандыруу)
- Ой, дагы не деп чоочутуп жатасың? Жо-ок, түк антип "кумарга батууну" ойлонбойм да, андайга такыр барбайм. Мындай үрөй учураткан оорудан кудай сактасын, бул акылга сыйбаган нерсе да.
- Сүйүктүүңүз "төшөктө" муздак болсо...
- Ушундай күч кубатым менен эч качан муздатпайм. Мендей каны "ысык жан" жолдошунан сүйүктүүм муздашы кыйын.
- Улгайып калганда эркектик күч кубаттуулугуңузду жоготуп алгандан коркуп, анын алдын алгыңыз келеби?
- Мен 100% кепилдик берем. Менде ал проблема болбойт го. Себеби, атам 103 жашка чыкканга чейин деле алдуу-күчтүү болуп, эркектик күч кубатын жоготкон эмес. Эгер "кан кууса"менде ал коркунуч жаралбайт деген ойдомун.
Клеопат Шахри








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??