п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Саясат калаасында

Стилдүү ледилер
Алгач жолукканда адамдын үстүндөгү кийими көзгө урунуп, акыл-эсин анан барып билет эмессиңби. Анын сыңарындай
элдин көзүнө биринчи эле урунган өлкө башчылардын өмүрлүк жарларынын кийинүү стилдерине саякаттап чыктык.


Эң стилдүү биринчи ледилер
Көйнөктөрдү көйкөлтө кийген Мишель Обама
АКШнын президентинин жубайы Мишель Обама АКШнын тарыхындагы биринчи кара түстүү айым. Кийим тандоодо Мишель суктанарлык табитке ээ. Үлпөткөбү, иш-чаралар боюнча жолугушуу болобу, кандай кийим кийип барышты эң сонун билет. Көбүнчө көзгө дароо көрүнгөн ачык өңдүү көйнөктөрдү кийет. Мишелдин "визиттик карточкасы" түрдүү стилдеги, эң жарашыктуу көйнөктөрү болуп саналат. Мишелдин стилин Жаклин Кеннединин стилине окшоштурсак болот. Жеңи кыска кйнөк кийип, узун, жарашыктуу моюнуна апакай бермет тагынганды жактырганы, аны Жаклин Кеннедиге өтө жакындатып турат. Чачы да өзүнө жарашыктуу көрк берет. "Мен башкаларчылап, гардеробго көп акча коротпойм" - дейт. Calvin Klein, Oscar de la Renta, Narciso Rodriguez, жана жаш Thakoon, Jason Wu аттуу дизайнерлердин тиккен көйнөктөрүн гана кийет. Мишелдин келбети келишип тургандыктан, ал кандай көйнөк кийсе да ажарына чыгып калары белгилүү.


Франциянын биринчи ледиси бийиктиктен түшө элек
Франциянын президенти Николя Саркозинин өмүрлүк жары, франциянын биринчи ледиси Карла Бруни күңүрт түстүү кийимдерди көп кийет. Салтанаттуу кечелерге көп баргандыктан, көйнөктү көп сатып алганды аябай жакшы көрөт. Фотомодель болгондуктанбы, же өзүнүн эле кийимге болгон табити жакшыбы, айтор Карла туура жана жарашыктуу кийинүү жагынан алдыңкы орунда турат. Карла Брунинин кийинүү стилин АКШнын биринчи ледиси Мишель Обама менен салыштырышат. Бул жерде эч кандай таң калуу деле жок. Анткени, экөө тең жакынкы аралыкта эле саясий горизонтко келип, биринчи ледилердин арасынан эң көрүнүктүү жана эң стилдүү ледилердин катарын толуктады. Карлага бардык кийимдер куюп койгондой жарашат. Николяга турмушка чыккандан бери бийик такалуу бут кийимдерди кийбей калган. Ал эми кымбат баалуу сөйкө-шакектерди жөн эле эл чогулган жерлерге тагынып алмай адаты бар. Жада калса, да жалтырак таштар чөгөрүлгөн туфлилери да сансыз. Жалтылдаган буюмдарга кызыккан Саркозинин жубайы саясатта жана модада бийиктиктен түшө элек.




Ортозаар биринчи леди
Шым кийбеген Светлана Медведева
Россиянын учурдагы биринчи ледиси Светлана Медведева оор тигилиштеги көйнөк, юбкаларды кийет. Анын кийинүү стилин Раиса Горбачеванын стилине окшоштурушат. Ал шымданганга көп басым жасабай, көйнөктөрүнүн көбү улуттук символика менен кооздолгон. Өтө ачык, кыска, модалуу көйнөктөрдү кийбегендиктен Орусиянын президентинин жубайы "ортозаар леди" деген наамга ылайык.


Биздечи?..
"Адамдын көркү - чүпүрөк" - деп бекеринен айтылбаса керек. Аялзаты болгондон кийин кыраңдагы кызгалдактай жоодурап, өзүн аздектеп, татына кийинип жүргөнгө не жетсин? Ушул себептен улам, Кыргызстандын саясатындагы айымдардын кийинүү стилин үч топко бөлүп карап көрдүк.
Эң стилдүү айымдар
Экс-депутат Динара Молдошева эжебиз классикалык үлгүдөгү кийимдерди тандап, суйкайып жүргөндүктөн Кыргызстандын эң стилдүү айымдарынын асты деп айтканыбыз ылайыктуу. Дамира Ниязалиева болсо ачык түскө көбүрөөк басым жасап, 45тен ооп баратканына карабай, азыр да мырзалардын шилекейин чубуртуп жүргөнү анык. Мира Жангарачева да стилдүү айымдардын сабында, жарашыктуу, тыкан кийинип алса аял жолборстой болуп ого бетер сүрдүү көрүнүп калат экен, эй. Замира Акбагышева да кыргыздын эң алдыңкы стилдүү айымдарынын катарынан алыс кетпейт. Анын гардеробунда классикалык үлгүдөгү кийимдер үстөмдүк кылат.
Ортозаар кийингендер
"Эт менен челдин ортосунда" - деп… саясатчы айымдардын арты да, асты да эмес болуп кийиинген Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаеваны жана Роза Акназарованы көргөзсөк болчудай. Анткени, экөө тең өтө ачылып-чачылып кетпей жоон орто кийинген жөнөкөй айымдардан.


Табити жоктор кимдер?
Президентибиз Роза Отунбаеваны , Токтайым Үмөталиеваны, Клара Ажибекованы табити жок айымдар деп атап жүрүшөт. Токтайым Үмөталиева кыргыздын патриотубу же көп үшүйбү айтор, кемселдерди көп кийет. Роза Отунбаева саясат жагынан алдына ат салдырбаганы менен убакытынын тардыгынанбы, же жеке стилистинин жоктугунанбы, бирде сөйкөсүн тагынса, бирде тагынбай деле эл алдына чыгып кетмей жайы бар. Анан классикалык үлгүдөгү кийимдерге басым жасабай, шаан-шөкөттүү кийингенге жакын экенин кыргыз эли өзү деле баамдап жүрсө керек. Учурдагы президентибиз кийинүү жагынан кичине уттуруп жаткансыйт.






Саясаттагы сексуалдуу айымдар
Сексуалдуу дегенде эле фотомодель, же болбосо порножылдыздарды көз алдыбызга элестетээрибиз бышык. Ал эми саясаттагы айымдарды көбү "стерва" деп ойлошот. Өлкө башкарган, депутат айымдардын да сексуалдуулары өтө эле көп. Порножылдыздардын "Плейбой" журналынан да өзүнүн сексуалдуулугун дагы бир жолу далилдеген депутат айымдар жок эмес.


"Плейбой" менен саясатты аралаштырган Светлана Хоркина
Россиянын депутаты, спортчу айым Светлана Хоркина "Maxim" деген журналга ич кийимчен сүрөткө түшүп берген. Андан көп өтпөй эле Плейбой журналынан сунуштар түшүп, ал журналдын биринчи бетине болгон уят жерин көргөзүп, уялбастан сүрөткө түшкөн. Муну көргөн депутаттардын шилекейлери чууруп, баары Светлананын денесине ашык болуп калат. Эки журналга чыккан депутат учурда саясаттагы сексуалдуу айымдардын эң алдыңкыларынын бири болуп калды.

Уятттуу жерин гана жашырган Алина Кабаева
"Манастан Чубак кем бекен?" - дегенсип, Светлананы көргөн орустардын дагы бир депутат айымы Алина Кабаева да уяттуу жерлерин леопарддын териси менен жаап сүрөткө түшкөн. Андан көп өтпөй эле Алинага ар жактан сунуштар түшүп, "Аю" деген эркектердин журналын тандап алып, биринчи бетине көркөмдүү денесин жашырбай, сексуалдуу поза менен түшүп берген.

Көз карашы менен эркектин эсин оодарган Мария
Мария Галоян 20 жашында Эстониянын Тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалган. Эркектердин көз жоосун алган чырайлуу депутат кыз Мария да журналдарга жылаңач тартылып, калың журттун арасында бир нече убакыт талаш-тартыштарды, нааразычылыктарды туудуруп турган. Ошого карабастан, учурда Мария Эстониянын эң сексуалдуу жана эң ийгиликтүү саясатчы айымы. Анын бир көз карашы эле анча-мынча эркектин эсин оодарып, башын айлантып, чүлүк менен жетеленип калганга чейин жеткирет.

Порно киного тартылган депутат Чиччолина
Илона Шталлер (венгрияча фамилиясы) "Чиччолина" деген тергеме ат менен саясий чөйрөдө өтө популярдуу айым. Чиччолина Италиянын экс-депутаты. Ал сексуалдуу көрүнүш үчүн кезегинде эмчегине пластикалык операция жасатып, Италиянын гана эмес ага жакын өлкөлөрдүн саясатчыларынын да бүйүрүн кызыткан. Көрсө, Чиччолина төшүн жөн эле чоңойтпоптур. Чоң төшү менен ондогон порно кинолорго тартылган. Ал стриптиз бийлегенде эркектер эле эмес, аялдар да көзүн албай, эсин жогото карап калчу. Ошентип, саясатты да, порно жаатты да таарынтпай, чогуу алып жүргөн саясатчы бүгүнкү күндө "Саясаттагы сексуалдуу айымдардын" арасынан 4-орунду эч кимге бербей келет.

Италиянын эң сексуалдуу депутаты
Модель Мара Карфагна Италиянын эң сексуалдуу депутаты болду. Модель дегенде эле эркектер периштени элестетип алат эмеспи. Маранын фигурасын көргөн депутаттар, ошол жерден эле "иштерин бүтүрүп" салгысы келет, бирок кызмат абалы ага жол бербей көпчүлүгү жеткенге зар болуп жашап келет. Анын сындуу мүчөсү, кандай кийим болбосун багын ачат. Ар бир жыйынга чогулган саясий ишмерлер, депутаттар Мара Карфагнага сугун артып, астыңкы эринин тиштеген боюнча айласы жок арманда кетишет.

Плейбойдун рейтингинде биринчи орунда турган Тимошенко
Украинанын мен-мен деген белдүү саясатчы айымдарынын бири Юлия Тимошенко сүрдүү көрүнгөнү менен, сексуалдуу айымдардын эң алдыңкысы. Айрыкча жини келип турган мезгилде өтө сексуалдуу болуп көрүнөт. Анын чачы эле сексуалдуулугунан кабар берет. Плейбой журналынын журналисттери аркасынан канча жыл ээрчисе да, бекемдигинен аларга сүрөткө түшүп бере элек. Ошондой болгон күндө да, Плейбой журналынын сексуалдуу айымдар рейтингиндеги биринчи орундан түшпөй келет.



Элес Турар



кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??