п»ї
 Таанышуу жарыясы


(23-сентябрдан 22-октябрга чейин)
Жылдыз белгилеринен 7- катарда,
абадагы жылдыз белигилеринен
3- катарда турат.
Планетасы- Венера
Бактылуу саны - 6
Астрологиялык символу - Тараза.
Астрологиялык өңү- ачык көгүш.
Астрологиялык ташы- Изумруд, ак бермет, опал, сапфир.

Тараза -айым мүнөзү
Бул жылдыздын астында төрөлгөн айымдар сырткы келбеттери келишимдүү, сулуучымак болушат. Мындай айымдар кооз, кымбат кийимдерди, баалуу буюмдарды белекке алуудан ырахатка чөмүлүшөт. Чөйрөсүндөгү адамдардын көңүл борборунда болуу үчүн баардык күч аракетин жумшашы ыктымал. Искусствого болгон кызыгуусу жогору болгондуктан,адабий китептерди окуу менен алектенишет. Бул айымдардын кемчиликтери - кандай кечеге, чогулушка,жумушка болбосун кечигип келишет. Тыкан кийинип, баалуу белектер менен кубандырып турган мырзаларды идеалдуу эркек деп эсептешет.
Ал эми жеке жашоосунда эркектердин да өзүн каранып, жасангандарын талап кылышат. Эгерде мырзанын тараза айымга баалуу белек бергенге кудурети жетпесе, анда ал мырза аныкы эмес. Майдачыл, акчага сараң эркектерди жек көрүшөт.

Интимдик жашоосу
Тараза жылдызынын алдында төрөлгөн айымдарды эркелетип, бир кучак гүл белек кылып, жылуу сөздөрүңүздү аябасаңыз -сөзсүз алардын жанын эргитесиз. Тараза айымдары төшөк кумарына батып жатканда бир гана назиктикти талап кылышат жана ошондон оргазм ала алышат. Алар көмкөрөсүнөн жатып, денесин төшөктөгү өнөктөшү сыйпалаганда гана ырахаттын туу чокусуна жетишет.

Тараза жылдызындагы мырзалар
Тараза жылдызынын мырзалары чөйрөсүндөгү тынчтыктан, бейкутчулуктан ырахат алышат. Ар кандай көңүл ачуучу оюндарга кызыгуулары артпайт.Шашки, шахмат сыяктуу спорттун түрүн жактырышат. Бул мырзалар, боорукер, адилетүү, аты атап тургандай таразалап, өлчөп, бардык адамдарга бирдей мамиле жасашып, ошол эле убакта тамашаны да жакшы кабыл алышат. Кыскасы, чыр-чатакты сүйбөгөнү менен чындык үчүн бардыгына даяр турушат.
"Көзү менен сүйгөн мырзалардын" катарына так ушуларды киргизсе болот. Мындай эркектер ар бир кооздукка, сулуулукка суктануу менен кароого жөндөмдүү келишет. Айымдардын жүрөгүнөн бат орун таба билүү менен сүйүүгө туруктуу жана кызганчаак болору шексиз. Ал эми жеке жашоолорунда таразалап, өлчөп гана бир чечимге келишет.
Жеңил ойлуулукту жана эмоциясын ичине ката албаган айымдарды көп жактыра беришпейт. Аял затынын сүйүүдөгү бекем жана туруктуулук сапатын - эң жакшы сапат деп эсептешет. Заманбап жана жарашыктуу кийинген, узун чачтуу айымдарга табити тартат. Эгерде, жакшы көргөн мырзаңыз тараза жылдызында төрөлгөнүн билсеңиз, "жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарат" деген сөздү туу тутуп, жылуу мамилеңизди аябасаңыз жеңиш сиз тарапта экенинен эч кам санабаңыз.

Интимдик жашоосунда:
Тараза жылдызынын алдында төрөлгөн мырзалар сексуалдуу болушат.Төшөк жаатында, айрым эркектер өзүнүн кызыкчылыгын ойлошсо, бул мырзалар тескеринче төшөктөгү өнөктөшүнүн секске болгон көңүлүн сыйлашат. Мындай эркектер айымдарда болуп көрбөгөндөй рахат тартуулоо боюнча мыкты адис келишет.


Тараза жылдызы, суупери,чаян, жаачы, арстан, эгиздер жылдыздары менен бактылуу жана узакка өмүр сүрө алышат.
Ал эми жыныстык мамиледе тараза жана кой жылдыздары менен ой-пикирлери туура келишет.
Букачар, бийкеч, балыктар, текечээр, бөйөн жылдыздары менен такыр пикирлери келишпейт.

Айзат Кыдыралиева




Сен жана мен
Никесиз
кыз төрөлдү
- Бирөөсүн эптей албай жатып, экинчи кыз менен сүйлөшкөндү эмне кыласың? От менен ойноп жатканыңды түшүнүп турасыңбы? Эй, окууңдан айдаласың. Керек болсо кесилип да кетесиң, чоң чуу чыгып кетсе. Өзүң эле кетсең бир жөн, мен кошо сүйрөлөмбү деп корком. Ансыз деле жатаканадагылар "сенин досуң жакында ата болот экен го?" деп какшыктап башташты. Эркексинби, эми эмне качып жатасың? Жаш кызды буздуңбу - ал да! Бас, барып сүйлөшүп ары же бери болгула. Көздөн далдоо алып кет, болбосо, - деген Темирдин шыкагы менен анын жетегинде Адылынын айласы жок эле келгенин Тумар кайдан билсин. "Тумара, сени сыртта Адыл күтүп турат" деп Темир бөлмөсүнө баш бакканда кыз ордунан ыргып турду. Жатакананын сыртында өзүн күтүп шылкыйып турган жигитти көздөй шашыла, жетип-жетпей кучагына бой ургусу келген кызды жан биргесинин муздак көз карашы тык токтотту. Бирок, азыр "эмне суз карайсың?" деп тиреше турган убакпы?! Кыз кара күчкө жылмая, бүкүрөйгөн боюн түздөй, Адылдын күрмөсүнүн топчуларын кармалай:
- Келдиңби? Мен каникулга тарадым. Баары кетишкен, бөлмөдө жалгыз калдым. Алып кетесиңби? - деди жалооруй, жал-жал тиктей. Үнү диртилдеп ыйламсырагандай чыкты.
- Жок…Азыр эмес…- Адыл жарга такалгандай кайпактап, кыздан көзүн ала качты. Темир менен талашып-тартышып, жолду катар жакшы эле айтаар сөзүн камдап келген. Эми болсо кыздын аянычтуу тиктегенин, жүдөй түшкөнүн, ыйдан кызарган көзүн көрүп сөзү оозунан ыргыды.
- Качан? Анан качан? Ансыз деле араң эле жүрөм! Мындан ары чыдый албайм…Миң жашырган күндө деле ичим билинип калды. Эми таңа да албайм, - кыз көптөн бери көөдөнүнө батырып, кабат-кабат болуп үйүлгөн ыза-муңун төкчү маал эми келгендей ачуу чаңырып, Адылды жулкулдатып жиберди.
- Эй, эй, акырын…Акырын дейм! Эмне айкырасың?! Эмне долуланасың, өз абийириңди өзүң төгүп. Эмне догурунасың мага? Балаң меники же меники эмес экенин далилдеш керек. Мен кайдан билем, сен жатаканаңда дагы кимдер менен…
- Ады-ыл! Сен… сен кантип ушунтип айтып жатасың?! Мен, мен сага ишенбедим беле. Ошол күнү айткан сөздөрүң кана?! Сен ушундай адам белең?! Демек мен сага…мен сага…- туттугуп, сөзү көмөкөйүнө мууна түшкөн кыз өксүп ыйлап жиберди. Адыл болсо жакшы сөз айтып, же кучагына алып жубатууга да жарабай, тескерисинче, шолоктоп ыйлап, ары-бери өткөндөрдүн көңүлүн өздөрүнө бурдуруп жатканына жини келип турду. Колунан булка тартып, жатакананын капталын көздөй жетеледи. Адылдын орой мамилесиненби, же чыйрыгып чыкканынанбы, кыздын ичи зыр эте түштү. Тык токтой калып Адылдын колун өзүнүн курсагына коеюн деп ойлоду. Бирок, ал кыздын бул оюн окуп койгонсуп, колун силкип салды. Ичимди сыйпаласа, жибиир бекен, аталык сезими ойгоноор бекен деген тез кыялы бырчалана түшкөн кыз чарт жарылды. Адылды жекире тиктеп алып курсагындагы күнөөсүз-күнөөлүү күмөнүн муштап-муштап алды:
- Жек көрөм! Экөөңдү тең жек көрөм!!!
- Эй, эй! Эмне жинди болуп жатасың?- Адыл кызды эки каруусунан мыкчый кармап токтотуп калды. - Эмне албууттанасың? Акыл-эсиң ордуңдабы? Дагы мен сүйлөшөйүн деп келип коём муну менен…Унут, Адыл деген атты унуткунуң, уктуңбу? Өзүңө эле жакшы. Болбосо…- деген оозунан чыгып кеткен сөзүн Адыл оңдоп кетти. - Тумара, түшүнсөң, мен сени алдап, пайдаланып басып кетейин деген оюмда да жок болчу. Мен сени сүйгөм! Келечек турмушумду да сени менен гана элестетип, керек болсо келээрки жылы үйлөнөлү, антели-минтели деген ой максаттарым менен бөлүшпөй жүрдүм беле? Бөлүшкөм, айткам, туурабы? А сен болсо… Мени деген эркек деп коёт…Анан да мен сени зордогон эмесмин, экөөбүздүн бири-бирибизди жактырып, экөөбүздүн тең каалообуз менен ошол иш болуп кетти да. Боюңда болуп калаарын мен кайдан билдим? Сен кыз болгон соң "жок" дешиң керек болчу, сен мени тыйып калсаң болмок.
"Ооба, Адыл дал апасындай айтып жатат. Өз абийрин өзү сакташы керек болчу. Күнөө өзүндө…"
Тумар ушинтип ойлоно, жоошуй түштү. Адыл дал ушуну каалаган. Кыздын чөгө түшкөн абалын дароо байкап көксөгөнүнө жеткенин түшүндү. Эми өзүн гана күнөөлүү сезип, ичмекейи ичинде болуп, ойго малынган кыздын жанынан эртерээк жоголуш керек.
- Мейли анда, Тумара кош бол! - деген сөздү кызды ойготуп албайын дегендей акырын айтып, шашыла жолго тыштү.
Экөөнүн ажырашаар кези келгенин, эми Адылды кармап кала албасын түшүндүбү, Тумар оор үшкүрүнүп алды. "Кош" да дебеди. Болгону, көзүнөн ысык жаш чууруду.
- Тумара, акчаңды көмүр алып коротуп койдум эле. Карындашым үйдөн акча ала келсе, Темирден берип жиберем. - Адыл артына кайрылып кыйкырып калды.
Кыз укпагандай эки ийни ылдый түшүп, бүжүрөп басып кете берди.
ххх
"Бул кыз соо эмес…" деп баамдап-байкап, бирок, батынып сурай албай жүргөн "вахтадагы" орус кемпир жанааракта чыгып кеткен кыз эми шолоктоп ыйлап киргенин көрүп токтотуп калды. Солуктаган кыздын үзүл-кесил сөзүн угуп эле түшүндү. Эртеси үйүнө ээрчитип кетти. Кемпирдин "үйүңө билдирели, кантип эле кечиришпесин. Тигил ант ургуруңдун ата-энесине барыш керек. Минтип калтырганда болбойт. Баланын убал-сообу кимге?" деп кейип-кепчип кечке айтканына көгөрүп, ыйлап-сыктап такыр макул болбой койду. Акыры кемпир жайына койду. Бирок, тамак-аштан өксүк кылбай, бөпөлөп бакты. Ата-энеси менен кат алыштырган да кемпир болду. Жатаканага келген катты өзү алып келет, жообун да өзү салат. Жан кишиге сыр ачпаган кемпирдин үйүндө Тумар суук көзгө илинбей төрөр төрөгүчө жашады. Күйүткө баткан күндөр жылжып өтүп, Тумар күткөн жай келди. Эсеби боюнча боюнан бошоор кез ушул ай.
Тумардын толгоосу башталган күнү кемпир жатаканадагы мөөнөтүндө болчу.Түштөн кийин жүзү албырып, ичи сайып-сайып ооруй баштады. Ичин бурап, жаны көзүнө көрүнгөн сайын Тумардын төрөлө элек баласын жек көрүүсү күчөп, эртерээк эле төрөп салса көзүн көрбөй жоготкусу келип турду. Жаны кыйналып, ичи-белинин сыздап ооруганына чыдабай бөлмөдөгү өзү жатчу керебетти ары-бери сүйрөй берди. Ошентсе оорусу басаңдай түшкөндөй сезилет. Толгоосу бир келип, кайра жанып, тулку боюн кара тер басып, алы кетип шалдырап чыкты. Акылынан тана жаздап, үнүм сыртка угулбасын деп жаздыкты тиштенип онтолойт. Ооруксунуусу күчөгөн сайын Адылды эстеп, жер-жеберине жеткире тилдеп, булкулдап ыйлап "мага чала, мага бул кыйноо да аздык кылат" дейт да, кайра туруп "жанымды алсаң, кыйнабай эртерээк ала көр" деп Көктөн тиленет. Бир аз жаны жай ала түшкөндө жаны үзүлүп кетчүдөй болгон сезимден чочулай коркуп, өзүн-өзү аяп кетет.
Дал ушул маалда түнү бою жүрөгү тынчыбай, "Баягы кыздын айы-күнү жетип калды эле, эмне болду экен?" - деп үйүнө телефон чалса, жооп жок. Чыдабай таңга жуук жумушун таштап салып, үйүнө жүгүрүп келип, үстүнөн чыкты. Кемпирди көрүп, кыз сүйүнүп кетти. Жан алакетке түшүрүп жатып, жарык дүйнөгө никесиз кыз бала төрөлдү.
(Уландысы кийинки санда)







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??