п»ї

Гүлдөр, гүлдөр………..
Үйдө өскөн гүлдөрдүн көпчүлүгү бизге алыскы өлкөлөрдөн келген. Ошого жараша ар бир гүлдүн өзүнүн мүнөзү бар, кээ бири күндү, сууну жакшы көрсө, кээ бири тескерисинче сууну көп жактыра беришпейт. Бөлмө гүлдөрү башка өсүмдүктөрдөн өзгөчөлөнүп үйдөн сыртка чыкпай, жаратылышка жакын болууга үйрөтөт.


Гүлдүн аты эмнеден кабар берет?
Бөлмө гүлдөрүнүн кээ бири үйгө байлык, бакыт, тынчтык чакырса, кээ бирөө жамандык да алып келет экен.


Азалия
Азалия - оң энергияны чыгарып, аял-күйөөнүн мамилесин бекемдейт. Ошондуктан аны көбүнчө жаңы үйлөнгөн жубайларга белек кылышат.


Гүлдү кантип багуу керек?
Бөлмө гүлдөрү үйдөгү жаман энергияны, чаңды өзүнө сиңирип алып, таза нерсени сыртка чыгарып турат. Ал бөлмөгө кооздук гана бербестен, акыл-эстин өсүшүнө да өз салымын кошот. Анткени, жашыл өң адамды эс алдырып, жаман нерседен алаксытат. Үйдө өсүүчү гүлдөр ар бирине өзүнчө кам көрүүнү, жылуу мамилени талап кылат. Аларды өтө ысык да, муздак да жерге койбош керек, болбосо жалбырактары саргайып, өсүүсү начарлап кетет. Негизинен гүлдөрдү гүлдөөчү анан жалбырактуу деп экиге бөлүшөт. Мүмкүн болсо гүлдү чоң терезеге, ачык, жарык жерге койгон оң. Өтө ачуу тийген Күндүн нуру да гүлдүн жалбырактарын күйгүзүп, өсүүсүнө тоскоолдук кылат.


Отургузуу, көчүрүү
Гүлдөрдү негизинен жаз айында көчүрүү керек. Себеби, жай, күз айларында тамыры бекемделип, суукка чыдамдуу болуп калат. Алар да жай өсүүчү жана ылдам өсүүчү деп экиге бөлүнөт. Аларды өсүүсүнө жараша 2-3 жылда бир отургузуп туруш керек, болбосо тамыры челекке батпай, өсүүсү жайлап калат.


Толстянка
Толстянка - акча чакыруучу, финансылык маселелерди чечүүчү гүл. Ал адамдарды тыкандыкка жанан сарамжалдуулукка үндөйт.


Фиалка
Фиалка токтоолуктун, назиктиктин символу, эгерде бул гүлдү үйүңүзгө отургузсаңыз романтикалык сүйүүгө туш болосуз.


Лимон
Лимон - маанайыңдын жакшы болуусуна жакшы шарт түзөт. Эч качан лимон өскөн үйдө акча каражаты боюнча маселе чыкпайт, бирок, ошол үй-бүлөнүн бирөөсүнүн кайгырышына, депрессияга түшүшүнө алып келет.


Пайдалуу кеңештер
Гүлдөрдү эртең менен эрте же кечинде бычак менен кыйгачынан кесип, сууга салса көпкө сакталат. Эч качан кайчы менен кесүүгө болбойт.
Гүлдү кесип алып эле букет жасоого болбойт. Аны салкын температурада 2 сааттан кем эмес кармаш керек.
Гүл соолубай көпкө сакталыш үчүн вазага бир таблетка аспирин салып коюу керек.
Вазадагы гүлдү ачык терезеге же шамалдуу жерге койбоо керек.
Эгерде жасминди кышында горшокко отургузсаң, бир айдын ичинде гүлдөйт.
Бөлмө гүлдөрүнүн жыты аңкып туруусун кааласаңыз, аны кумшекер кошулган суу менен сугарыңыз.
Гүлдү эч качан батарейканын жанына койбоо керек.
Жумуртканын кабыгы үйдө өскөн гүлгө эң жакшы жер семирткич болуп эсептелинет.


Кактус
Кактус - сактоочу жана тынчтык чакыруучу. Аны терезеге же компютердин мониторунун астына коюу керек.




Кышкы салат
Кыштын кыраан чилдесинде банкаларды ачып, бадыраң, помидор жеген кандай рахат. Консерваланган жер-жемишти жеп отуруп, жайды элестетип, бышыкчылыктын жыты мурдуңа келээри талашсыз. Андыктан кожейкелер өз колуңуз менен кышка даярдык көрүүнү унутпаңыз.
Кызылча, сабиз салаты

Керектелүүчү азыктар:
1кг сабиз
1кг кызылча
1кг алма
1кг пияз
1кг помидор
1стакан семичке майы

Даярдоо ыкмасы
Сабизди, кызылчаны, алманы чоң-чоң кылып өткөргүчтөн өткөрүп, пиязды, помидорду тегерекче кылып кесебиз. Анан баардыгын 1,5 саат демдеп, ысык кезинде банкага салып, жаап коебуз.
Помидор, калемпир салаты

Керектелүүчү азыктар:
1кг бадыраң
2,5 кг помидор
0,5кг сабиз
0,5кг пияз
1кг капуста
2 кг болгар калемпири
100гр туз
100гр сахар
0,5 өсүмдүк майы
0,75 уксус

Даярдоо ыкмасы
Бадыраңды тегерекче кылып туурап, помидорду кесип алабыз. Сабизди өткөргүчтөн чоң-чоң кылып өткөрүп, пиязды тегерекче, капустаны ичке кылып туурайбыз.Ал эми калемпирди жарым тегерекче кылып кесип алып, баардыгын жакшылап аралаштырабыз. Анан аларды банкага салып, 10 мүнөт кайнатып алабыз.
Кайнатма салат

Керектелүүчү азыктар
1кг болгар калемпири
2 кг помидор
1кг сабиз
1 кг пияз
0,5 стакан уксус
ѕ стакан сахар
5 чай кашык туз
400гр өсүмдүк майы
2 баш чеснок

Даярдоо ыкмасы
Сабизди тилке-тилке кылып туурап, калганын өткөргүчтөн өткөрөбүз. Баардыгын аралаштырып туруп, ага сахар менен тузду кошуп, кастрюлга 8-10 мүнөт кайнатабыз. Кичине тыныктырып туруп, дагы 5-8 мүнөт кайнатып, өсүмдүк майын куябыз. Ысык кезинде банкага салып, уксусту куюп, чеснокту салып, жаап коебуз.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??