п»ї

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүз­дөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаа­га батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


Ардактуу биздин окурмандарыбыз, сиздерди кийинки сандан баштап, "Смс-соболдун" талкуусуна катышууга чакырабыз. Сурообуз төмөнкүдөй болмокчу:

"Эгер сүйгөнүңүз сойку болуп калса эмне кыласыз?"

ОП-135-01. Нура сизге чоң рахмат! Ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн. Айпери.
ОП-135-02. С.Садыралиев, куш бооң бек болсун! Кармашкан колуңар үзүлбөсүн. Айка.
ОП-135-03. Алтындай болгон апакем Норинсо Жумабаевнага, андан соң сүйктүү жарым Каримжан уулу Бахтиярга салам жолдойм! Наргиза.
ОП-135-04. Кыргызстан жашыл жери, жашыл бакча жергеси, жайыт төрү, дан талаасы байлыктын энеси. Кең казнасы көл сулуусу, тунук суунун атасы, ак пейилдин мартчылыктын ырыскынын кемеси. Кыргызстан соолук айылы, таланттардын эшиги, Тунук акыл, чебер колдун түгөнбөгөн кесиби. Заманына, өз калкына ой пикири санаалаш, Кыргызстан ыр калаасы, ырахаттын бешиги. Мекенибизди ар дайым сүйөлү, мекен үчүн кызмат кылалы. Зуля 94.
ОП-135-05. Убакыт өтүп баратат, Уйкусуз нечен таң атат. Көңүлгө бүлүк түшүргөн, өзүңдү кантем асыл зат. Ангел.
ОП-135-06. "Сүйүү" деген өзүнчө бир роман. Бул романдын автору биз, эгерде баркына жетип сактай албасак, ал роман дубал болуп кураган. Ангел.
ОП-135-07. Эгер сен телефон болгондо, мен смс болмокмун. өчүрөйүн дегенде, такыр өчмөк эмесмин. Ангел .
ОП-135-08. Достор келгиле ар нерсени жаза бербей, бир талкууну талкуулайбыз. Билбегендер билишет, унуткандар эстешет, таппагандар издешет. Менин силерге берейин деген суроом: Кыргыз элимде Манас баатырдан мурун, кайсыл баатырыбыз болгон? 0551152152 номерине сиздерден жооп күтөм. Эркин.
ОП-135-09. Абдыраимов айылындагы №11 орто мектебинин 8а классына чоң салам.
ОП-135-10. "Сүйүү" - балдай, чындап даамын татканга, Сүйүү кымбат алтын, күмүш таштан да. Бул жашоодо сүйүү гана дем берет, Жаның кейип, сен капага батканда. Ангел.
ОП-135-11. Баткен шаарына ысык салам. өзгөчө Бужун айылына.
ОП-135-12. ОшМУнун БИМ факультетинин сырттан окуу бөлүмүнүн 4-курсуна салам. Окуп калсаңар мени менен байланышып койгулачы. 0778228171
ОП-135-13. Урматтуу Нура, сага да чоң ийгилик, ар дайым бар бол! Номериңди бербейсиңби достошолу. Айпери Бакай-Атадан.
ОП-135-14. Мен Кубик кызы Айперини сүйөм! Чыгармачылыгыңа ийгилик. Келдибек.
ОП-135-15. Жылдыздын нуру түшкөн кыргыз жерим, Кыргыздын көркү түшкөн кыргыз элим. Ар дайым сен сулуусуң менин журтум, Ардактуусуң кыргыз элим, кыргыз жерим. Зуля94.
ОП-135-16. Сүйгөнүм мен тагдырга таарынбаймын, Сүйбөсөң сен сүйчү деп жалынбаймын. Күтөмүн күтө берем махабатым, Сүйгөнүм сүйүп келем сени дайым!
ОП-135-17. Арманым бар менин ырымда, Жетемби жаным мен сага. Ак жүзүңдөн өбөмбү, өбө албай же арманда өтөмбү? Ангел.
ОП-135-18. Астанада иштеген Мээрим, Мека, Нази кайдасыңар? Дайыныңарды билдиргилечи суранам. Куба.
ОП-135-19. Айгүл, сиз өзүңүздү темпераментүүмүн деп эсептейсизби?
ОП-135-20. Менин дос кыздарым Назик, Айпери, Марал жана мени тааныгандарга ысык салам!
ОП-135-21. Жашоодо эң чоң нерсе-бул жоготуу экен. Ыйык туткан адамым капилеттен эле таштап кетип калса, андан өткөн азап болбосо керек. Неге мындай жашоо татаал, таш боор? Чыдамым түгөнүп баратат… KGS.
ОП-135-22. Чоң -Алайдагы Эсенбаев Кубан, мен сизди чексиз сүйөм! Мени кечириңизчи...
ОП-135-23. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына чоң салам! Ар дайым эле элдин кубанычын тең бөлүшүп, жүрө бергиле. Силердин окурманыңар Улан86.
ОП-135-24. Сүйүктүү агам Сонунбекти 28-сентябрь келе жаткан туулган күнү менен куттуктайм! Ден соолугуңуз ар дайым бекем болуп, жеңем менен балдарыңыздын бактысына бар болуңуз. Ишиңизге ийгилик! Карындашыңыз Айзирек.
ОП-135-25. Асылым, ардагым, айдайым ардактуу апам менин. Сиз дүйнөдө эң кымбат, эң сыйлуу апалардын бирисиз. Мен сизди абдан сагындым. Дүйнөдөгү энелер эч качан оорубасын. Балапан.
ОП-135-26. Сагындым назик шыңгыр күлгөнүңдү, Сагындым ар бир айткан сөздөрүңдү. Уккум келип үнүңдү чалсам, өчүксүң, Сүйөмүн жалгыз жаным бир өзүңдү! Кара-Балтадан Эркин.
ОП-135-27. Кыргызда кел демей бар, кет демей жок. Ошон үчүн бизге чет элдиктер көп келишет. Улан86.
ОП-135-28. Эрмек Нурбаевге жана ЧЕЗ командасындагы азамат балдарга сагынычтуу салам! Красотка.
ОП-135-29. 23-сентябрь кыргыз элимди мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм! Кыргыз тилим өркүндөчү, өчпөчү. Эне тилин унутуп, башка тилде сүйлөбөйлү. Кыргыз жерим өсүш үчүн, кыргыз тилде сүйлөп башташ керек. Эркин.
ОП-135-30. Өзгөн районуна караштуу Кароол айылына жана досторум Эдил, Чыңгыз, Айбек, Ринат, Аскат, Сейиттерге салам жолдойм! Ата-энесин сыйлаган, балдардан болгула.
ОП-135-31. Дүйнө жүзү боюнча, бизде гана бир гүл бар, ал -Айгүл. Бул гүлдү көргүңөр келсе, Баткендин Айгүл-Таш айылына келгиле. Мен кыргыз кыздарын ушул гүлгө теңейм. Анткени биздин кыздарга башка улуттун бир дагы кыздары тең келе алышпайт. Улан86.
ОП-135-32. Агам Акматты 25-сентябрь 25 жашка толушу менен куттуктайм. Сизге бекем ден соолук, узак өмүр, кетпес дөөлөт каалайм! Карындашыңыз Айзирек.
ОП-135-33. Азыркы маанисиз ырлардан качан кутулабыз? Жаман тажатты. Өмүрбек.
ОП-135-34. Жаралап жүрөгүмдү арбап алдың, Назик күлүп, сен мени ойго салдың. Аттиң ай, алыстасың, жете албадым, Күн санап, жолугушуу күндү күтөм. Бул дүйнөдө бир гана сени сүйөм! Жададым, жалгыздык жанга батты, бирок, жаным, жалгыз гана сени күтөм. Кара-Балтадан Эркин.
ОП-135-35. "Обондун" супер смсчилерине эки тонна салам. Аска90.
ОП-135-36. Алыскы Алай районуна сагынычтуу, жалындуу салам! Бектур.
ОП-135-37. Шымкент шаарындагы "Фиркан" фирмасында иштеген агам, Ниязбеков Толубайды өтүп кеткен туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар дайым бар болуңуз! Эжелериң жана карындаштарың.
ОП-135-38. Кыргыз элимди 23-сентябрь эне-тил күнү менен куттуктаймын. Саячка.
ОП-135-39. 0778842613 номериндеги Таластык Айжан, смсти окуп мени менен байланышып койчу. Мен сени сагындым. Аска90.
ОП-135-40. Ноокаттык Юсупова Уулкан, мени менен байланышып койчу. Ак-Булактан Султанова Назгүл 0778172607.
ОП-135-41. ОП-133-121 абоненти Мелис, номериңди жазып койбойсуңбу? Козу.
ОП-135-42. Шымкент шаарындагы "Бекжан" базарында иштеп жаткан Мураска ишиңе ийгилик, ар дайым ден соолугуң бекем болсун! Майрам.
ОП-135-43. Актриса болууну аябай самайм, бирок кантип болуу керек? Сиздерден жардам күтөм.
ОП-135-44. Ажибаев Сёма, сен кимди сүйөсүң? А мен сени сүйөм! Сенсиз жашоо жок! А сенчи?
ОП-135-45. Мен Кытайга баргым келип жатат. Мага жардам бергилечи.
ОП-135-46. Мен "Эл Фм" радиосунда иштеген Турсун Умарга салам жолдойм. Ишиңе ийгилик, тунук сүйүү каалайм! Айдана.
ОП-135-47. Шаарда иштеп жаткан досум Айзадага салам жолдойм! Мен сени абдан сагындым.07789045хх
ОП-135-48. Апам Раяны 18-сентябрь туулган күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Ар дайым бар болуңуз. Бакай-Атадан Айпери.
ОП-135-49. Мен №45 орто мектептин бардык окуучуларына ысык салам жолдойм! Бакай-Атадан Айпери.
ОП-135-50. Кудай дейли кыргыз элим дайыма, Кубанычтуу күндөр келет дагы да. Кудай айткан кызыкпасаң байлыкка, Келесиң сен жаннат деген жайыңа. Көз көрбөгөн көңүл сүйгөн пендесиң, Кудай дайым коргоп келет душмандан. Кошуна мамлекет болуп келген, казак, орус, өзбек, дунгандан. Алимбек.
ОП-135-51. Бул дүйнөдө кыйынмын деп жаткандар, Байлык үчүн ар-намысын саткандар. Ойлонушсун күнөөлүрүн билишсин, Акыйкат барбы өзү бул дүйнө жалганында. Айтышпайт бирөөлөрдөн пара акча алганын да. Кочкор-Ата шаарынан Алимбек.
ОП-135-52. Акча байлык ар дайым, Баарысынан бийиктир, бири-бирине дос кылган. Акыйкаттуу бийликтир, Эки досту кас кылган. Арак адамды мас кылган, Акча болсо, илгертен,бири-бирине жат кылган. Акыйкатты айтпаган, айтканынан кайтпаган, Адам барбы дүйнөдө, акчага намысын сатпаган. Анда эмесе келгиниң, жүрөктө сөздү бергиниң, Жашоонун кыйынчылыгын, биримдик менен жеңгиниң. Кочкор-ата шаарынан Алимбек.
ОП-135-53. Табышмак: 1)"Айланайын пешенем, пешенеме ишенем". 2) " Ушаласаң, узарат, анан учу кызарат". 0778665915 номерине жообун жазгыла. Алимбек.
ОП-135-54. Апакем жарымысыз го жанымдын. Дүйнөдөгү бардык апаларга даңк! Мээримиңер күн сымал жарык чачканы үчүн, нурларынан кубат алып биз, балдары жашайбыз. Ата-энелерибиз ар дайым аман болушсун! Зуля.
ОП-135-55. Апакем эң асылым, кубатым Сонунбү Рахмановага чоң салам! Жашоомдун жарыгы, күйүп турган шамыбыз, үйүбүздүн куту, мээримдүүм, ыйыгым, теңдешсизим, айта берсем, алтындан кымбатымсыз го. Сизди аябай сагындым, батыраак кайтыңызчы? Багыма аман болуңуз! Эркеңиз Зуля.
ОП-135-56. Жаным менин, Жалалабаттын кулуну сени абдан сүйөм! Жүрөгүмдө болгон ак сүйүүмдү сага арнап, бул дүйнөдө сен бар, мен бактылуумун. Ажибаев Сёмчик.
ОП-135-57. Улуу махабаттын, кол жеткис таза сезимдин символу, Сёма менен Айхон.
ОП-135-58. Жаштыктын жалын курагы, колунда комуз кыягы. Жазылып, өчпөйт дайыма, калем сабынын сыясы, Алыстап мезгил узаса, мукамдуу ырлар ырдалса. Жаштыкты текке өткөрбөй, артыңда өчпөс из калса. Акын.
ОП-135-59. Түбөлүктүү чексиз сүйүү табалбадым, жүрөгүмдү багындырган сулууну. Тилек кылып, келем дайым досторум, сүйгөнүмдү мен бактылуу кылууну, Сүйүү деген барбы өзү жашоодо? Баары эле бири-бирин алдоодо, чыдай албай армандуу ыр жараттым, салкын шамал, согуп жаткан жайлоодо. Акын Алимбек.
ОП-135-60. Табышмак: "Мен канча жаштамын? Кайсыл жерден болом? Туулган күнүм качан? Жообун 0778665915 номерине жазыңыздар.
ОП-135-61. 87026357980 номериндеги Нази, 87025121416 номериндеги Мека, кабарыңарды билдиргилечи, суранам. Кубан-Куба.
ОП-135-62. Өмүрбек ага, чынымды айтсам, мен сизди сүйөм! Экөөбүз достук мамиледе болгон үчүн, мен сизге айта албай жүрөм! Бирок, мен сөз берем, мен сендик болоорума. Алматыдан А....
ОП-135-63. Сүйүктүү ырчым, Расул кызы Айгеримге жана "Айкадем" бий тобуна ийгилик каалайм! Нурай.
ОП-135-64. Ак эмгек менен кызмат кылып элиме, ата-энемдин ак сүтүн мен актаймын. Мага айткан асыл насаат сөздөрүн, унутпаймын жүрөгүмдө сактаймын. Кыргыз элдин ынтымагын ойлосоң, бөлүнбөгүн түштүк -түндүк экиге, биримдикке келбесек эгер бүгүндөн. Жаратканым бөлүп коёт жетиге. Алимбек.
ОП-135-65. Куланак айылындагы, орто мектептин 9а классынын окуучуларына ысык салам! Жигит.KG.
ОП-135-66. Мен Баткен районунун, Боз-Адыр айылынын жашоочусу атам Ирапов Дүйшөнбайды жана апам Ирапова Тахминаны 16-сентябрь туулган күнү менен куттуктайм! Ар дайым уул-кыздын урматын көрүңүздөр, ден соолук жана бакыт каалайм! Бишкек шаарынан Айзирек жана Тойчубек.
ОП-135-67. Урматтуу кыргыз элим өлкөбүздө тынчтык орносун, бөлүнбөйлү. "Бөлүнгөндү, бөрү жейт" деп, өзбектерге кеп кетет. Жигит.
ОП-135-68. Чексиз сүйүү, түбөлүктүү махабат, жүрөктөрдө орун алсын, жашасын. Сүйөмүн деп алгандар бүгүндөн, түзөтсө дейм ар бир катасын. Акын.
ОП-135-69. Урматтуу "Обон" гезитинин окурмандары, ким кайсыл партияны шайлайт? Гезитке ушул тууралуу жазсаңыздар жакшы болмок. Эртеңки келечек үчүн. Коррупцияны алдын алайлы, келиңиздер. Кочкор-Атадан акын.
ОП-135-70. Кыздар жигиттерин эмне үчүн кызганышат? Анткени жигиттерине ишенишпейт. Жигиттер кыздарын эмне үчүн кызганышат? Анткени жигиттер ишенип, сүйүшөт. Улан 86.
ОП-135-71. Күтөт сени өлүм подвалда, Бир күн түшөсүң, ошо капканга. Ыйманды эмес, байлыкты жыйнагандар, эртең тозок дүйнөнү сатып алба. Б.Дима.
ОП-135-72. Асыл адамда болот бир жүрөк, Ал жүрөк бирди тандап, бирди сүйөт. Ошондой жүрөк менде да бар, Ал жүрөк сени тандап, сени сүйөт. Өмүрлүк жарың Шорамиго.
ОП-135-73. Ушунчалык таш боор белең, Сүйүү деген сезимди эч билбеген. А балким, сенде да бар мага окшогон, Сүйүүң бар эч бир жанга билдирбеген. Жылуу жүрөк музга айланды, Жаздай көңүл кушка айланды, Жайдын жарык күнүндө, Көңүлүмө кар жаап салды. Ашыгып сүйдүм сени, көңүлүм калбай сенден. Баары бир сүйөм сени, өзүңсүз күнүм өтпөй, Өзгөрдүм соолуган гүлдөй, өзүңдөн үмүтүм үзбөй. Айыкпаган сүйүүдөн, айлам кетти. Армандуу ачуу сүйүү жанга жетти.Сүйүшкөндөр эч качан сүйүүңөрдү кор кылбагыла, сүйгөнүңөрдөн айрылбагыла. Айпери.
ОП-135-74. Алмата шаарында иштеген тааныштарымдын баарына чоң салам! Соодаңар жакшы болсун! Жалалабаттан Мамытова Айпери.
ОП-135-75. Исфана шаарынын 94-жылкылары кайдасыңар? Силерди сагындым. Мирка.
ОП-135-76. "Обон" гезитинин супер смсчилери жана жалпы окурмандары, мен жарым жылдан бери бир бала менен телефондон таанышып, бири-бирибизди көрбөй эле жактырып калдык. Бул негизи чыныгы сүйүүбү? Көрбөй калып, сүйүп калганга көз карашыңар кандай? 0778194271 номерине жооп күтөм.
ОП-135-77. Салам кыргыз элим! Жегениңер торт болсун, Айдаганыңар форд болсун. Ичкениңер сок болун. Жок болгон чөнтөгүңөр акчага толсун. Машинаңар кыздарга толсун. Батам кабыл болсун! Улан86.
ОП-135-78. Сүйүктүү ырчыларым жана кумирлерим Султан, Неля, Урматка салам жолдонот. Силер суперсиңер! Күйөрманыңар Айкөкүл.
ОП-135-79. Ади 89, боксту качан баштайлы? Мен физкультура академиясындамын. 0779277878 номерине байланышка чык.
ОП-135-80. Жолдошум Бекбол, уулум Талант, кызым Бегимай ар дайым жүзүңөрдөн жылмаюу кетпей, жашоонун рахатын көрүп жашагыла!
ОП-135-81. Султан Садыралиев, супер ырчы! Гүлкайыр.
ОП-135-82. Азамат мен сени чексиз сүйөм! Мени кечирип кой, жаным! А....
ОП-135-83. Жегениң торт болсун, Айдаганың форд болсун. Газды бассаң оборот болсун, бурулсаң поворот болсун. Бата кабыл болсун, проблема жок болсун. Портманың миллиардга толсун!
ОП-135-84. Бишкек шаарында иштеп жаткан досум Айзадага ысык салам! Эртерээк келчи, мен сени абдан сагындым.
ОП-135-85. Жаным ак чардакка айланып, Сенин мага ушул болсун жардамың.
ОП-135-86. Нарын шаарына караштуу Ак-Талаа районундагы Тоголок-Молдо айылындагы бардык тургундарына жана өзгөчө апам Зуулайкага, атам Баатырга ысык, сагынычтуу салам жолдойм! Мээрим.
ОП-135-87. Менин сүйүктүү курбум Маликаны 23-сентябрь туулган күнү менен куттуктаймын. Ар дайым ден соолугуң чын болуп, өмүрүң узун болуп, жүзүңдөн жылмаюу кетпесин. Сени баалай, барктай, сыйлай жана сүйө турган өмүрлүк жар каалайм. Айка.
ОП-135-88. "Обон" гезитинин жалпы жааматына ысык салам! Менин кубаныч-кайгымды тең бөлүшүп бергениңерге миң мертебе ыраазымын. Нускаңар миллионго жетип, калемиңер курчуй берсин. Ар дайым ушул даражадан төмөндөбөгүлө. Мени силердин фанатыңармын.
ОП-135-89. Жаным Адилет, мен сени эч кимге бербейм. Сен мендиксиң, а мен сендикмин, эч качан унутпа! Жөжөң.
ОП-135-90. Шайлоо качан бүтөт? Тынчыраак телевизор көргөзбөй калышты, кур убадаларын берип, башты оорутушту. Таластык жигит.
ОП-135-91. Кыргыздардын шоу-бизнесине өзүнүн салымын кошуп келе жаткан ырчы кыз Бакуляга ысык салам. Мен сени сүйөм! Сен абдан сулуусуң, акылдуусуң, таланттуусуң! Ар дайым бар бол! Таластык жигит.
ОП-135-92. Эмнеге жигиттер сырткы сулуулугу эмес, ички сулуулугуна карайбыз деп коюшуп, чырайлуу кыздардын артынан чуркашат. Акыркы күндөрү, жигиттерге ишенич жоголуп баратат.
ОП-135-93. Мен бир баланы жакшы көрүп калдым, бирок, экөөбүз жөн гана доспуз. Эми мен сүйүүмдү билдирейин деп сүрдөп атам. Эгер ага сезимимди билдирсем, мени менен такыр сүйлөшпөй койсочу? Мүмкүн анын сүйгөнү бар? Ушул суроонун жообунан ар дайым коркуп келем. Эми эмне кылам? Достор, мага кеңеш бергилечи! Жазга.
ОП-135-94. Сүйүктүү жарым Алтынайга жана уулум Мураска сагынычтуу салам. Мен силер деп жашап жүрөм ардактарым, ар дайым бар болгула! Силер менин жашоомсуңар, бакытымсыңар. Силер бар, мен бактылуумун! Болот.
ОП-135-95. Бир жарым жашта курагым, эмчекти эңсеп турамын. Чыгарам деп эмчектен, Калемпир далай шыбадың. Эмип алып мен байкуш, далай жолу ыйладым. Коё турчу жарым жыл, өзүм эле чыгамын.
ОП-135-96. Лейлек районуна караштуу, Раззаков айылындагы орто мектебинин 10-классынын жалпы окучууларына жалындуу салам!
ОП-135-97. Кыргыз элине белгилүү төкмө акын Шекербек Адыловго салам жолдойм! Шекер аке, Турциядагы сапарыңыз байсалдуу болсун!
ОП-135-98. "Манас" радиосунда иштеп жаткан Айбекке салам!
ОП-135-99. Кыргыз элимди, мамлекеттик тил күнү менен чын дилимден куттуктаймын! Өсөлүчү, өркүндөйлүчү!
ОП-135-100. "Белес" радиосунда иштеген мукам үндүү Самара, мен сиз менен таанышсам болобу? Сырдуу жигит.
ОП-135-101. Эй мусулман абалыңа бир кара, Кабыр азап болот, жүргөнүңө карата. Эх чирикин, кийин өкүнүп калбайлы, Жүрөлү беш парызды аткара. Б.Дима.
ОП-135-102. Тамашоунун бардык командаларынын ичинен ЧЕЗ командасынын красавчиктерине ысык салам! Красотка.
ОП-135-103. Корей актерлору Ли Мин Хо жана Ким Сам Бом хөнүндө жазгылачы, сураныч. Бакай-Атадан Айпери.
ОП-135-104. Кана эмесе, Кыргызстандыктар, шайлоону таза, жана тынч өткөрүп алалы. Айпери.
ОП-135-105. Мен Ноокат районунун тургунумун, өзүм ыр жазам, элге кантип таанылтсам болот? Жардам бергилечи. Айжамал.
ОП-135-106. Атам Мамырзакты, апам Майраны удаалаш келген тулган күндөрү менен куттуктайм. Кызыңар Айжамал.
ОП-135-107. Суусамыр орто мектебинде окуган1993-жылкы балдарга жана кыздарга ак жол! Актан 92.
ОП-135-108. Султан Садыралиев, кууш бооң бек болсун! Бактылуу бол! Гүлкайыр.
ОП-135-109. Нурбек Дайырбек уулу, сиз суперсиз! Сизге чыгармачылык ийгилик! Өргөчөрдөн күйөрманыңыз.
ОП-135-110. Намазды жерден чукуп тапкан эмес, Окубасын деп аны эч ким айткан эмес.
ОП-135-111. Баткен облусуна жашаган апам Асылга, агам Бектурга жана сиңдилерим Айзирек, Айданага сагынычтуу салам. Мен силерди абдан жакшы көрөм! Бакуля.
ОП-135-112. Ади жаным, качан келесиң? Сенсиз менде жашоо жок. Сенин жөжөң.
ОП-135-113. Нурлан байке, сиздин сүйлөшкөн кызыңыз барбы? Айко.
ОП-135-114. "Обон" газетасынын супер смсчилерине салам! Мени катарыңарга кошуп алгылачы. Айко.
ОП-135-115. Аскат, мен сени сүйөм, эмнеге менин сүйүүмдү байкабайсың? Мен сенсиз жашай албашыма көзүм жетип олтурам. Мындан ары жалгыздык менен коштошпосом, чыдамым түгөнүп бара жатат.
ОП-135-116. Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо жаңы конушундагы эжем Жыпарды жана жездем Азаматты келе жаткан удаа туулган күндөрү менен куттуктайм! Кармашкан колуңар эч качан үзүлбөй, эл сыймыктаган, ата-энесин сыйлаган үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болгула! Сиңдиңиз Айжамал.
ОП-135-117. Эмне кыздар мырзалардын чөнтөгүнө, креслосуна карап гана турмушка чыгып калышканбы? Сүйүү-деген сезимди акчага, бийликке алмаштырдыңарбы, селкилер? Таластык жигит.
ОП-135-118. Азыркы шайлоого аттанып аткан азаматтардын куру убадаларынан тажадым. Чыныгы эл үчүн күйгөн, баатыр качан келет болду экен? Коррупция качан жоюлат? Сюзана.
ОП-135-119. Махабат, алтыным, эртерээк сакайып кетишиңди тилеп келем. Сен мага керексиң, сенсиз менде жашоо жок!
ОП-135-120. Эльмира Мадиева менен таанышкым келип жатат. Мага телефонун бергилечи, суранам. Мишка.
ОП-135-121. Достор, кайсыл партияга добушуңарды бересиңер?
ОП-135-122. Дүйнөдөгү эң ыйык, эң кымбат, асыл зат бар, алар-энелер. Айланайын энелер, ар дайым аман болгула, бактылуу болгула, бар болгула. Силер бар, биз барбыз! Сюзана.
ОП-135-123. Айгерим Расул кызы сиз периштесиз! Мен сизди жакшы көрөм! Нури.
ОП-135-124. Үйүбүздүн кенжетайы, эрке балабыз Урматты 25- сентябрь 3 жашка толушу менен куттуктайбыз! Урматик, бактылуу балалыктын даамын татып, акыл-эстүү ата-энесин сыйлаган эр-азаматтардан болушуңа тилектешпиз. Атаң Максат, апаң Мээрим.
ОП-135-125. Дүйнөдө эң сулуу бир кыз бар, ал Элина Абай кызы. Мен сизди сүйөм! Макс.
ОП-135-126. Кыргыз эстрадасына салымын кошуп келе жаткан жаш ырчы Айгерим Абдырасуловна, сиз супер ырчысыз! Табышмактуу күйөрманыңыз.
ОП-135-127. Мен Ош базарында иштеген бир мырзага ашык болуп калдым. Бирок, анын үй-бүлөсү бар экен. Ал жигиттин келинчегин эстегенде, сүйгүм келбей кетет. Бирок, жүрөктү башкара албайт экенсиң. Ханзада.
ОП-135-128. Аалы куш бооң бек болсун! Аяшка менен бактылуу, бирге өмүр сүргүлө! Алдыңарды мал бассын, артыңарды бала бассын!








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??