саресеп

Шайлоонун шайтан оюнунда…
Учурда бешиктеги баладан тартып, улгайган адамдарга чейин саясатты сүйлөшүп калган убагы. Саясат сасык оюн болсо дагы ар бир экинчи кишинин саясатка кийлигишкенин көрүп олтурган чагыбыз. Анткени алдыда шайлоого карата ар бир партия үгүт иштерин жүргүзүүдө. Алардын арасында биздин ырчыларыбыз да бар. Берилген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, кайсы бир партиянын кызыкчылыгын колдоп үгүт иштерин жүргүзүүгө жардам беришип, иштеп беришүүдө. Анда аларга бир аз көз жүгүртүп өтсөк.


Күмөндөрдүн командасы
Куудулдардын арасынан Күмөндөр Абылов саясатка толугу менен аралашканы баарыбызга белгилүү. Тамашаны четке кагып, "Акыйкат" партиясына депутат болуу максатында мүчө болуп кирген. Учурда ызы-чуу жараткан үгүт иштеринде, элдин боорун эзип, тамашалап жүрөт деп ойлобоңуз, болгону үгүт иштерин толугу менен өз мойнуна алып, бир нече ырчылардын башын бириктирген "команда" түзгөн. Дегеним, өз иниси Бакыт Мукул, сахналаш карындашы Нуриса Абазова, иниси Аскат Мусабековдор болуп, жер жерлерди кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүшүүдө.


Тууганчыл үгүтчүлөр
"Жашасын Кыргызстан" партиясында жалаң тааныш-билиштер чогулуп алышыптыр, дегеним бири-бирине жардам берүү максатында ырчы жигит Максат Бегалиев жана Бураш "Жашасын Кыргызстан " партиясынын жетекчиси болгон Токтайым Үмөталиеванын жакын адамдары. Учурда партиянын таламын талашкан ырчы Максат менен Бураш чоң үмүттө үгүт иштери менен Ош жана Бишкек шаарларында катуу эмгектенүүдө. Токтайым Үмөталиеванын "Ырчыларга акча төлөнбөйт" - деген сөзүнө караганда, эгерде партия ийгиликке жетишсе өз кызы менен күйөө баласы олуттуу бир орунду ээлейт көрүнөт.


Баардыгы бир "мафия" болуп…
Шоу тармагындагы көрүнүктүү ырчыларыбыздын көпчүлүгү бир үйүр болуп, "Республика" партиясына кирип алышыптыр. Ал жерде Айчүрөк Иманалиевадан тартып, Токтобек Асаналиев, Кутман Жолдошев, Мирбек Атабеков, Омар, Өмүрбек Андарбеков, Тилек Каныметов, Бегимай Эсенгулова, Ильяз Андаш, Аида Кулуева, Жанэль, алпаруучулар Нурзат Токтосунова, бийчи Бакыт Байсариев, Назира Кадыевага чейин чогултуп алышыптыр. Республикачылар эми жер жерлерди кыдырып, үгүт иштерин жүргүзүп аткан кездери. Эмнеге олуттуу ырчынын бары бир команда болуп алган деп таң калып атсак, көрсө "Республика" партиясы ырчылардан акчасын аябаган көрүнөт.


Мырзалардан момпосуй…
Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясына депутат болуу максатында мүчө болуп кирген ырчы Бек Борбиев, учурда жүрүп жаткан үгүттөө иштеринде жөн олтурбастан, партиянын таламын талашып, өз командасын топтоп, үгүт иштерин толугу менен өз мойнуна алыптыр. Кубик Калыков, Байыш Момунов, Сапар Эркебаев, Камчы Сарыбаев, Чыңгыз Мырзаев аттуу ырчы жигиттер менен өз командасын топтоптур. Эң негизгиси партиянын коюлган талаптарын так аткарышып, кайсы жерге барышпасын курсактары ток, маяналары колдорунда, айтор жүрөктөрү ыраазы болуп, барган жерлеринде ырдап коюп жүргөн чактары.


Бири куудул, бири ырчы
Ар кандай тармактагы ырчылардын башын бириктирген "Бириккен элдик кыймылы" партиясы ырчылардын арасынан Замир Мырза, Сема, Кубаныч Сатаев,Алишер Тоотаев жана куудулдардан Рахман Разыков, Жаныбек Алыкулов, Жакут Сыдыков, комузчу кыз Кенже чакырылып, ар тармактуу таланттар үгүт иштери менен жер жерлерди кыдырып жүргөн кездери. Келишим менен бир ай бою ырчылар чогуу жүрүп, партиянын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп беришсе, ар бири бир айдын ичинде 11 000 доллар менен үйлөрүнө кайтмакчы.


Үчкө бөлүнгөнбир топ
"Замандаш" партиясы учурда үч топко бөлүнүп, эки тобу Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн түрө кыдырып жүрүшсө бири Орусияга бет алып, үгүттө иштерин жүгүзүшөт. Ар бир топто бирден алпаруучу, бирден куудул жана 3-4 ырчы бар. Алардын арасында Жетигеновалар да бар. Белгилей кетчү нерсе Назира айым куудулданып, Орусияны отуз жолу кыдырмакчы.


Нургүл Ибраева