п»ї

Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт
"Түндүкэлектро" ААКсы 10 кВ чыңалуусундагы трансформатордук көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу бүгүн, 21-сентябрда 8:00дөн 17:00гө чейин СЭЗ "Бишкек", "Ак-Өргө", "Дордой" конушунун жашоочуларынын электр жарыгы өчүрүлөт. Бул Бишкектин айрым райондорундагы электр энергиясынын кышка карата оңдоо иштерине байланыштуу жүрүп жатат.

Экс-министр М.Конган-тиевдин соту болду
Кечээ саат 16:00дө Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда мурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен анын орун басары Т.Исаевдин үстүнөн сот иши башталды. Маалыматка ылайык, айыпталуучуларга коомдук ишмер Сапар Аргымбаевди жөнү жок сегиз ай бою тергөө абагында кармашкан деген айып тагылууда.

"Свет-аке" тасмасы "Киношок" фестивалында ийгиликке жетишти
Кыргызстандык режиссердун " Свет-аке" тасмасы Анапа шаарында (Россия) өткөн КМШ өлкөлөрү, Латвия, Литва жана Эстониянын "Киношок" XIX кинофестивалында ийгиликке жетишти. Кинофестивалдын толук метраждуу тасмалар сынагында "Свет-аке" тасмасы "Мыкты эркектин ролу" жана "Слон" кино таануучулар менен кино сынчылардын гильдиясынын сыйлыгына арзыды. "Киношоктун" башкы байгесин Литва, Россия жана Франция биргеликте тарткан режиссер Шарунас Бартастын "Евразиец" фильми алды. Белгилей кетсек, кинофестивалдын "Неформат" сынагында режиссер Элнура Осмоналиеванын "Алмаз" аттуу тасмасы, ал эми "ТВ - Шок" сынагында Айбек Жангазиев продюсерлик кылган режиссер Тынай Ибрагимовдун "Үзүлбөгөн үзөнгү" тасмасы көрсөтүлдү.

Токтогулда бир партиянын лидерин эл ташбараңга алып жибере жаздашты
"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Токтогулдагы жолугушуусу ийгиликсиз аяктады, деп жазат "Агым" гезити 17-сентябрдагы санында. Ө.Текебаевдин жан сакчысы бир аялды сөккөн экен, аны уккан жергиликтүү жигиттер "ата мекенчилерди" ташбараңга алып жибере жаздашты. Жан сакчылары шефин шамдагайлык менен машинеге салып, Жалал-Абадды көздөй сапар тартышты, дейт гезит. Ал эми "Ата Журт" партиясын Ош, Жалал-Абадда эл абдан жакшы кабыл алды. Оштогу жолугушууда 50 миң киши стадионго батпай калса, Жалал- Абадда улак тартып тосуп алышты. Ал жерде да 30 миң киши стадионго батпай калган. Эгерде административдик ресурс колдонулбай шайлоо таза өтсө, "Ата Журт" партиясы көч башында болобу,- деген ой келбей койбойт.

Бишкекте "Ааламдашуу жана түрк дүйнөсү" аттуу конгресс өтөт
21-24-сентябрда Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде КР Президентинин Администрациясынын колдоосу менен "Ааламдашуу жана Түрк дүйнөсү" аттуу түрк дүйнөсү социологдорунун III Конгресси өтөт.
Конгресстин максаты түрк дүйнөсүнүн социологиялык маселелерин илимий жактан изилдөө жана аны чечүүнүн жолдорун табуу. Конгресс 9 секцияда иш алып барат.
Конгресске Түркия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Тажикистан, Германия, Россия жана Кыргызстандын окумуштуу социологдору катышмакчы.
Түрк дүйнөсү социологдорунун I Конгресси 2005-жылы Түркияда, II Конгресси 2008-жылы Казакстанда болуп өткөн. Ал эми, Эларалык социологиялык уюмга Борбордук Азиядагы өлкөлөрдөн биринчи болуп, 2010-жылы Кыргызстандын Социологиялык ассоциациясы мүчөлүккө кабыл алынган.
Конгресске Эларалык социологиялык ассоциациянын вице-президенти, Түштүк Африкадагы Иоганнсбург университетинин Социологиялык борборунун директору, профессор Тина Иус катышмакчы.
Конгресстин ачылышына КР Президенттик Администрациясынын жетекчиси Э.Каптагаев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Неждат Акчал мырзалар катышып, сөз сүйлөөлөрү күтүлүүдө.




  Бир бүркүм

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Турусбек Коёналиев Президенттин иш башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.
Өкмөттүн токтому менен Жаркын Бапанова "Ак-Шумкар" партиясынан шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болду. Мындай дайындоо 27-июнда кабыл алынган "Кыргызстандын Конституциясын ишке киргизүү" Мыйзамынын 1-бөлүгүнө ылайык келген.
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаеванын буйругуна ылайык, Садык Шер-Нияз КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташтык боюнча Мамлекет аралык фонддо Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды.
Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Баатырбек Жээналиев Нарын областынын Нарын шаарынын мэр кызматына бекитилди.
КР Президенти Роза Отунбаеванын Жарлыгы менен Кыргызстан элинин жана мамлекеттин алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн КР мамлекеттик жана коомдук ишмери Күлүйпа Кондучаловага "Акшумкар" өзгөчө белгиси менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы ыйгарылды.
КР президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, бир катар соттордун төрагалары дайындалды. Ага ылайык, Айтмолдоев Бактыбек Аскарович Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы, Мамаев Жыргалбек Аскерович Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун төрагасы, Есеналиева Гүлжан Шаршенбековна Бишкек шаарынын район аралык сотунун төрагасы, Рахматов Токтобек Өмүралиевич Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун төрагасы, Бакиров Кайридин Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун төрагасы, Каримова Рахат Абдылдаевна Ош облустук сотунун төрагасынын орун басары болуп дайындалышты.
Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тилине" арналган салтанаттуу жыйын болот. Жыйындан соң кеңири программада концерт берилет. Ага белгилүү манасчылар, обончулар, комузчулар жана фольклордук-этнографиялык ансамблдер катышмакчы.




Нарын областынын айрым жерлеринде кардын калыңдыгы 1 метрден ашат
Нарында айрым жерлерде кардын калыңдыгы 1 метрден ашат. "Учурда областтык, райондук атайын штабдар уюшулуп, Ат-Башы, Нарын райондорунун кар баскан жайлоолоруна жөнөп кетишти", -деп билдирет Нарын областтык акимчиликтин аппарат жетекчиси Жакып Субакожоев .


Казакстандын укук коргоо кызматкерлери "Бишкек-Москва" поездинде каракчылык, зордукчулук жасашууда
Москвадагы KGinfo маалымат булагынын журналисти А.Эгембердиевдин билдирүүсү боюнча, акыркы мезгилде Казакстандын аймагы аркылуу өтүүчү №17-18 "Бишкек-Москва-Бишкек" поездинин жүргүнчүлөрү кошуна мамлекеттин чек ара, милиция жана башка кызматтары тарабынан көптөгөн укук бузууларга кабылышууда. Бишкектен Москвага чейинки жолдун көп бөлүгү Казакстан аймагы болуп саналат жана "Мерке", "Жайсаң" чек ара бекеттери бир нече шаарлардан өткөндүктөн, Казакстандын жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу милдети жүктөлгөн милиция кызматкерлери кыргызстандык жүргүнчүлөргө орой мамиле жасагандыгы аз келгенсип, мекендештерибиздин акчасын тоноп, кээде зордук-зомбулук көрсөткөн учурлары кадыресе көрүнүш болуп калган. Бул айткандарыбызга үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында "Жайсаң" чек ара бекетинде болгон окуя далил.
№17 "Бишкек-Москва" поездинин жүргүнчүсү Асан Тойгонбаевдин айтуусунда, 17 - сентябрда таңкы саат 7.00 чамасында "Жайсаң" чек ара бекетиндеги текшерүү учурунда баары жайында болгон. Бирок, бир кезде эле №11 вагондун жүргүнчүлөрү келишип, ошол вагондогу жүргүнчү кыз зордукталгандыгын айтышкан. Кийинчерээк жабырлануучу, 1984-жылы туулган Чүй облусунун жараны Дамирова Айсалкын (фамилиясы өзгөртүлдү) болгон окуяны айтып берип, Казакстандын чек ара кызматкери "Жайсаң" станциясына келгенде аны документиң туура эмес деген шылтоо менен поездден түшүрүп, чек ара терминалынын бөлмөсүнө алып кирип, күч менен зордуктап салгандыгы тууралуу арыз жазган.
Андан соң аталган поезддин жүздөй жүргүнчүлөрү поездден түшүшүп, жергиликтүү бийликтен бул окуя боюнча күнөөлүүнү таап, жазалоону талап кылышкан. Акыры Казакстандын темир жолдогу прокуратура кызматынын жогорку начальниктери келишкен. Натыйжада алар күнөөкөрдү көрсөтүүгө мажбур болушкан. Көрсө, ал "Жайсаң" чек ара бекетинин кызматкери Анвар Бейсенбаев деген экен. Ошол учурда кызматтык кийимин чечип, спорттук костюм, шым кийип алыптыр.
Ошентип "Жайсаң" бекетинде поезд тогуз саат кармалып, жабырлануучу поездден түшүрүлүп калган.
Ошол эле поезддин начальниги Кубанычбек Абдылдаевдин айтуусунда, "Бишкек-Москва" поездинде бардык мыйзамсыз акча чогултуулар Казакстандын "Мерке" станциясында башталат.Темир жолдогу милиция кызматкерлеринен тартып, жөнөкөй адамдарына чейин поездге уруксатсыз эле кирип алышып, оройлук менен акысы жок болсо да ар бир вагондун жүргүнчүсүнөн ар кандай справкаларды талап кылып, паспортторду чогултуп кетишет.
Жүргүнчү Асан Тойгонбаев бул башаламандыктар тууралуу буларды айтты: "Мерке" станциясынан "Жамбул" станциясына чейин милиционерлер менен жөнөкөй атуулдар кыргызстандык жүргүнчүлөрдүн соттолбогондугу, жаш жигиттер менен кыздардан издөөдө жүрбөгөндүгү тууралуу справка талап кылып, тамбурга алып чыгып же же башка вагонго алпарып акча чогултушту". Ал бешинчи вагондун 15 жүргүнчүсү милиционерлерге берген 3000 рублга жакын акча тууралуу арыз менен тизмени көрсөттү. Ошондой эле жүргүнчүлөрдө жабырлангандыгы тууралуу фото, видео, аудио тасмалар бар.
Бул окуялардын күбөсү болгондор Кыргызстандын жетекчилигине мындай башаламандыкты тыюу жана өз укуктарын коргоо боюнча кайрылышкан. 17-сентябрда "Бишкек-Москва" поездинде жабырланган кыздын жана жүргүнчүлөрдүн арызы, фото, видео материалдар КР РФ элчилигине тапшырылмакчы.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??