п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Керемет кечтин маеги

Үмүт Тилегенова, опера ырчысы:
"Жолдошумду эркин кармайм,
анткени, мага да эркиндик керек"
Үмүт Тилегенова бүгүнкү күндүн эң баалуу ырчыларынын бири. Күйөрмандарын сагынткан сыйкырдуу аваздын ээсин издеп барып, жаңы төрөлгөн наристеси менен сейилдеп жүргөн кезинде жолуктурдук. Жүзүнөн бакыт нуру чачырап, эне болгонгобу, мурдагысынан да чырайына чыгып кеткен Үмүт айым бизге төмөнкүдөй маек куруп берди.

- Улуу балам Мырза 8 жашка чыкты. Тааныштарым, чогуу иштешкендерим, досторум: "Сахнага качан чыгасың? Же жолдошуң тараптан бут тосуулар болуп атабы?" деп тынбай чалып, сурап атышат. А, чындыгында мага эч ким бут тоскон жок. Экинчи жолу эне болуу бактысына кезигип, Тилек аттуу уулдуу болдум. Кудай буюрса, уулум 4 айга толуп, күлүшүп калдык. Кош бойлуу кезимде гезиттерден "наристе күтүп атыптырсыз, кандай көтөрүп атасыз" деп, журналисттер чалып атышты. Тун балам экөөнүн ортосу 8 жыл болуп калгандыктан, кош бойлуу кезим да, төрөтүм да оорураак өттү. Өзүм да кандай болуп кетет деп арсар болуп, "биринчи аман-эсен көз жарып алайынчы, анан…" деп кош бойлуу экенимди жарыялаган жокмун.
- А чындап эле жолдошуңуз тараптан бут тосуу болуп калсачы?
- Жолдошум көп дипломдун ээси, чыгармачылык багытта да билим алган. Негизи анын да жан дүйнөсү чыгармачыл, ошон үчүн анын мага бут тосом деген ою да жок. Албетте, ал мени биринчи иретте өмүрлөшү, андан кийин ырчы катары карайт.
- "Мырзалар дөбөт сыяктуу, аларды чынжыр менен бекем байлап койбосо, каалаган жагына чуркап кетет" деген "насаат" сизди да таасирлентеби?
- Жалаң эле мырзалар эмес, аял киши да акылдуу болуш керек да, чынжырлатканга жеткирбеш керек. Эгер дээринде жок болсо чынжыр менен байласаң да болбойт. "Саат мынчада сөзсүз келип калгын!" деп телефон чалып катуу талап койгон күндө да, ою бузук эркек ошол убакыттын ичинде деле терс жолго басам десе, басып коёт. А, айрым мырзалар бар, түнкү 12, 2ге чейин кечигет, бирок, алар чын эле үй-бүлөсүн камсыз кылуу үчүн жан үрөп иштейт. Менин оюмча, "чуркагысы" келген эркекти чынжыр менен жоошутам деген аял жаңылышат.
- Жөнөкөй кожойке болуп, үйдө олтуруп калганыңыз карьераңызга бөгөт болгон жокпу?
- Биринчи баламды төрөгөндө 5 жолу "нянька" алмаштыргам. Балаңы жакшы карай турган, жоопкерчиликтүү жардамчы издейсиң да. Бешинчисинде кудай жалгап, эжем үйдө отуруп калып,уулум эки жашка чыкканча карап берген. Азыр сахнаны сагынгыдай да боло элекмин, башында кыйналганымды айтпадымбы, эми-эми өзүмө келдим. Бала жаңы төрөлгөндө эле "жаңы ырлар даяр болуп калды, качан чыгармачылыкка киришесиң" деп композиторлор да кабар алып баштаганда: "Күзүндө чыгам" дедим эле, мына күз да келди. Эми, чыгармачылыгымды улантсам, атабыз жардам берет, айла кетсе кайрадан жардамчы кыз издейбиз да. Бирок, аял киши биринчи - эне, жар болуш керек, атак-даңкты экинчи, үчүнчү орунга койсо туура болот. Өзүмдөн улуу эжелер менен кеңешип калганда "Атак-даңк да бүтөт, биринчи бала керек" деген сөздөрү мээме сиңип калыптыр.
- Атактын артынан кубаладыңызбы?
- Даңкың да түгөнөт, качан карылык келгенде. Ошондо күйөөсүз, баласыз калган тагдырды элестетип көрүңүзчү. Карьера деген кумарлуу азгырык да. Бүгүн бир утушка жетсең, эртең дагы бир жеңишти багындыргың келет. Мен атакты куубайм. Бирок, карьера дагы адамдын жөндөмүн, инсандыгын далилдей турган бир мерчемдүү чек. Аял киши өзүн жалаң эле төрөт менен үй оокатка арнап койбой, өзүнүн инсандыгын да көрсөтүш керек.
- "Акча таппаган эркек - эркек эмес…" дейт экен айрымдар. А сизчи?
- Аялзатынын биринчи парзы эне болуп, бала төрөш болсо, эркектики - үй-бүлөсүн эч кимдин көзүн карабагыдай кылып багып кетүү. Эркек ошонусу менен эркек.
- Түгөйүңүздү катуу кармайсызбы?
- Анчейин деле катуу кармабаганга аракет кылам, себеби мен өзүм эркиндикти сүйөм да. Мени катуу кармашын каалабайм.
- "Аялзатынын эң күчтүү "инструменти" - көз жашы" деп коюшат го. Көз жашыңызды колдонуп коёсузбу кээде?
- Ата-энем, бир туугандарымдын жанында эле эрээркеп ыйлабасам, башкалардын жанында көз жашымды көрсөткөнгө өзүмө жол бербейм.
- Эл арасында балким, сизди сүйгөн мырзалар да бардыр, түгөйүңүз ичи тарып, маселе жаратпайбы?
- Жолдошума "Ырга болгон күйөрмандыкты сүйүү менен алмаштырып түшүнүп алба" деген сыяктуу кеңешимди айтып турам. Бирок, "поклонниктердин" арзуусун айтканына "повод" бериш, бербеш аял кишинин өзүнөн да. Жубай болуп жашап аткандан кийин, албетте чеги менен болгон кызганыч да керек, эгерде бири-бириңди аз-маз кызганбасаң анда, кызыкчылык жок деген түшүнүк болуп калбайбы. Кызыкчылык жок болсо, бир үй-бүлө болуп, жашап кереги жок да.
- "Аялдардын ортосунда достук болбойт" дегенге кошуласызбы?
- Бул жашоодо мен кайра эч качан эркек болуп жаралбайм да, туурабы? Ошон үчүн аялдардын ортосунда достук бар деп айтканга, татыктуу достук жаратканга инсан катары милдеттүүмүн. Жана бул сезимге өзүм да өтө аяр мамиле жасайм.
Афина Бакирова




  Ийгилик формуласы

Эгерде ийгиликке жетишем десеңиз…
Алдыга максат коюп, ага умтулуңуз
Кандайдыр бир ишке орношуп, андан ийгиликке жетишем десеңиз алдыңызга реалдуу максат коюп, ага жетүү үчүн баардык иш аракеттерди аткарыңыз. Кандай иштерди аткарып, ким болуп чыгаарыңызды алдын ала пландап алыңыз. Кандай гана жумушту аткарбаңыз, биринчиден өзүңүзгө талапты бекем коюңуз. Негизи функционалдык милдеттериңизди дагы эске алуу шарт. "Бул иштен бир нече ийгиликке жетишишим керек" - деп ойлоңуз да, ар бир деталга көңүл буруңуз. Мисалы: эмнеге жетише тургандыгыңызды жана кандай мүлкүңүз боло тургандыгын да эсептеп коюңуз. Мындай талап менен сиздин максатыңыз реалдуулукка жакын болот. Алгач биринчи максатыңызга жеткен соң, аны улам жогорулатыңыз. Эгерде сиз жашооңузду алдын ала пландабасаңыз, умтулуу жана аракеттен улам максатыңыз аксап калышы мүмкүн.

Өз демилгеңизди ачык айтыңыз
Ишиңиз алдыга жүрүш үчүн сизге жакын адамдар да сиздин негизги демилгеңизди билиши шарт, эмнени көздөп, эмнеге умтулуп жатканыңызды эч ким билбесе, максатыңыздын иш жүзүнө ашышы кыйын болуп калат. Сиз каалаган иштерди башка бирөө аткарып бербейт. Эгерде сиз кандайдыр бир тармакта иштегиңиз келсе, өзүңүздүн демилгеңизди көрсөтүңүз. Сиздин аракетиңиз көз жаздымда калбайт.

Активдүү болуңуз
Кандай гана иштер менен алектенбеңиз, активдүү болуңуз. Баары бир тыйындан куралат демекчи, эгерде сиздин статусуңузга туура келбеген иш болсо дагы чын дилиңизден аткарып, активдүү болушуңуз керек. Сизге берилген иштин майын чыгарып, жок дегенде "төрт" деген баага аткарыңыз. Анын майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруңуз. Өзүңүздүн жумушуңузду жаман дебестен аны менен сыймыктана билиңиз. Сыймыктануу жок болсо, сиздин ишеничиңиз, максатыңыз күйүп кетиши толук мүмкүн.

Өзүңүз менен иштөө
Ийгиликке жетишем десеңиз, өзүңүздүн жакшы сапаттарыңызды көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Сизди курчап турган адамдар менен тыгыз байланышта болуңуз. Керек болсо оту менен кирип, күлү менен кошо чыгыңыз. Сиз жөнүндө жакшы ой калтыруу үчүн аракетчил болуңуз. Аткарган ишиңиз көмүскөдө калбашы үчүн, колуңуздан келген аракетиңизди жасаңыз.

Тышкы келбет
Жумуш учурундагы сиздин тышкы келбетиңиз көп маанини туюндурат. Эгерде сиз кардарлар менен иш алып бара турган болсоңуз, алардын ишенимине кирүү үчүн сиздин келбетиңиз олуттуу көрүнүшү керек. Сиздин баскан турганыңыз, сүйлөгөн сөзүңүз жана манераларыңыз чоң роль ойнойт. Сиздин ар бир кыймылыңыз сиз жөнүндө маалымат берип турат. Андыктан өзүңүздү тарбиялай билиңиз.

Өз ара сүйлөшүүлөр:
Сиздин башкаларга болгон мамилеңиз эң маанилүү орунда экенин эсиңизден чыгарбаңыз. Кимдир бирөөгө кайрылуу, суроого жооп берүү, телефон менен байланышуу сиздин ишиңизге таасирин тийгизиши ыктымал. Башка адам сүйлөп жатканда, ага жолтоо болбой, айтып бүткөн соң гана жеке пикириңизди билдириңиз. Сизге берилген суроого көңүл буруу менен чын жүрөктөн, канааттангандай жооп бериңиз. Ишенимдүү адам болууга умтулуңуз. Жоопкерчилик менен көп ийгиликтерге жетише аласыз.

Өз ара атаандашуу
Ар бир жумушта, иште сөзсүз түрдө ушак сөздөр айтылып, интрига болот. Бири-бири менен атаандашуу, өчөшүү дагы болбой койбойт. Каршылашуу, тил табышалбай калуу да келип чыгат. Эки тарапка бирдей карап, шашылбастан нейтралдуу оюңузду билдириңиз. Конфликттерден алыс болуңуз.

Жөнөкөй бирок, лидер болуңуз
Эмнеге жөндөмдүү экениңизди көрсөтө билиңиз. Сиз айткан сөзгө, аткарган ишиңизге сөзсүз түрдө сын пикир айтылаарын унутпаңыз. Андыктан аларды туура кабыл алыңыз. Өзүңүздү психологиялык жактан алдын ала даярдап алыңыз. Сизге айтылган сөздөргө жумшак жылмаюу менен гана жооп беришти унутпаңыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??