п»ї

партиясы Кыргызстандын бир
карыш да жерин сатканга жол бербейт
"Республика" партиясы кезектеги жыйыны менен партия мүчөлөрүн дагы бир жолу кубанта алды. Тактап айтканда 17-сентябрь күнү борборубуздагы "Спартак" стадионунда партиянын мүчөлөрүн, партияны жактоочулардын баарын чогултуп, чоң жыйын өткөрдү.


Партияны н лидерлери Өмүрбек Бабанов, Актан Арым Кубат, Алтынай Өмүрбекова, Юрий Низовский, Исхак Пирматов, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулаймановдорду 25 миңдей адам тосуп алды. Ар кандай курактагы, ар башка улуттагы, ар башка кесиптин ээлери, шайлоочулар "Республика" партиясын дагы бир жолу колдоп беришти. Россиядагы жана Казакстандагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү да ал жыйынга катышышты. Алгачкы сөздү партиянын лидери Өмүрбек Бабанов сүйлөдү. Өзүнүн кайрылуу сөзүн баштаар алдында Өмүрбек Бабанов быйылкы жылы Бишкекте жана Ош, Жалал-Абад шаарларында курман болгондордун жаркын элесине арнап, аза күтүүгө чакырды. Бул учурда стадиондон асманды көздөй ак шарлар учурулду. "Алар эл үчүн, республика үчүн өз өмүрүн аяган жок. Аларга даңк жана алардын элеси эч качан унутулбайт" - деп кошумчалады. "Элим, өзгөрүүгө убакыт келди! Биздин Кыргызстан дүйнөлүк картадан жок болуп кете электе өзүбүзгө келишибиз керек! Бул үчүн "Республика" партиясы бириккендей биригип, иш кылышыбыз зарыл! Биздин катарыбызга эң күчтүү, өз элинин жыргалчылыгы үчүн таза иштеген адамдар кирди. Биз 100 миң жумуш орунун камсыз кылдык. Өзүбүздүн болгон күч-аракетибизди өзүбүздүн өлкө үчүн жумшай бермекчибиз" - деп сүйлөп өттү. Андан сырткары, анын сөзүндө "Республика" партиясы Кыргызстандын бир карыш да жерин сатканга жол бербейт деп белгиледи. "Ушул жылдары биздин канчалаган жерлер сатылып кетти. Үзөңгү-Кууш менен Каркыраны сатууда башында турган адамдарды эл өзү билет. Мындай жат көрүнүш экинчи кайталанбаш керек" - деген сөзү менен жыйынтыктады. Сөзүнүн соңунда "Чын жүрөгүңөр менен шайлап, партияларга сатылбагыла. Ошондо гана элибиздин тагдырын чече турган таза шайлоо өткөрө алабыз" - деп чогулган элди үндөп өттү. Жолугушууга келгендердин алдында кайрылуу сөздөрү менен партиянын төрагасы Өмүрбек Бабанов жана башка Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Алтынай Өмүрбекова, Канатбек Исаев чыгып сүйлөштү. Жаштардын атынан бишкектик студент Мирболсун Тынысовго сөз берилди. Ал эми элибиздин ардактуу аксакалы, III даражадагы "Манас" орденинин кавалери, миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калган профессор, белгилүү нейрохирург, академик Миталип Мамытов "Республика" партиясына ак батасын берип, ийгилик каалады. Иш-чара бою партиянын лидерлери сахнадан кетпестен колдоруна "Республиканын" туусун жана Кыргызстандын мамлекеттик туусун жогору желбиретип кармап турушту. Лидерлердин сөзүнөн соң ырчы Мирбек Атабеков, Ильяз Абдразаков, Өмүрбек Андарбеков, Омар жана башкалар чогулган элге концерт тартуулашты. Салтанаттуу жыйын ар кандай түстөгү фейерверктердин коштоосу менен аяктады.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??