п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Синоптик
"Ар бир кесип ардактуу" дегендей, нан таап жаткан ишибиз өзүбүзгө кымбат. Күн менен түн бири-бирин толуктап тургандай эле, ар бир кесип башка бир кесипти толуктап турат. Синоптиктердин аба ырайын кантип аныктаары баарыбызга эле кызык болсо керек.


Уулкан Сүйөркулова, синоптик:
"Кээ бирде жаңылган учурлар да болуп калат"

- Биздин бөлүмдө 1 күндүк, 2-3 күндүк аба ырайына аныктоолорду түзүп турабыз. 2-3 күндүк аныктоолор болжолдуу түрдө берилет. Ошондой эле келе жаткан айга байкоолорду берип турабыз. Биздин ишибиз өтө оор. Кээ бир күндөрү татаал болот. Кээде материалдар келбей калган учурлар да болот. Ошого карабастан аракет кылып, аныктоо түзүп, эртеңки күнкүгө аба ырайы боюнча так маалымат бергенге аракет кылабыз.
- Материалды кайдан аласыздар?
- Материалдарды Ташкенттен алып турабыз. Жер астындагы температураны аныктаган карталар, бийиктик карталары келип турат. Аларды алып, кайра иштеп чыгып, метереологиялык станциялардан 3 саатта бирден маалыматтарды алып, эртеңки күндүн аба ырайы тууралуу маалыматты жеткирип, күнү-түнү иштейбиз.
- Бул кесипти кандайча тандап калдыңыз?
- Мурда эле биздин айылдан бир кыз аэрологиялык станцияда пилотторду учуруп иштечү. Эженин иштеген ишине абдан кызыкчумун. Мектепти бүтөөрүм менен эле география факультетине тапшырып, ал жакта бир жыл окугандан кийин физика факультетине которуп коюшкан. 1992-жылы Физика факультетинин метеорология бөлүмүн бүтүрүп келип, бүгүнкү күнгө чейин ушул жерде эмгектенип келем.
- Материалдар Ташкенттен келет деп кеттиңиз. Биздин өлкөдөн ал материалдарды алууга болбойбу? Аппаратуралар жетиштүү элеби?
- Ташкенттеги метеорологиялык борбор деле Вашингтондон аба ырайы тууралуу чыккан маалыматты аныктап, Ташкентке салат. Ташкенттен Кыргызстандын ар бир региондору боюнча маалыматтар такталып, Кыргызстанга жиберилет. Эл аралык долбоорлор менен иштеп, кээ бир аппараттарды алабыз.
- Сиз Жогорку окуу жайын жаңы бүтүп келген учур менен азыркы учурдагы ишиңиздин айырмачылыгы көп болсо керек?
- 1992-жылдары бизге факс менен келген карталар ден соолукка абдан зыян болчу. Азыр болсо компьютер, таза барактар менен иш алып барып жатабыз. Жылдан-жылга иш да өсүүнүн гана үстүндө болуп жатат. Мурдагы аныктоого караганда, азыркы аныктоолор так чыгып жатат. Мурда аба ырайын так аныктоого эч кандай шарттар жок болчу. Азыр болсо Ташкенттен спутник алабыз. Андан сырткары Кытай өлкөсү бизге спутник берген. Ар бир жарым саат сайын маалыматтар келип турат.
- "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" - дегендей, адашып, туура эмес маалымат берип калган учурлар болгондур.
- Бизге Ташкенттен кандай маалымат келсе, ошону анализдеп беребиз. Кыргызстандагы болгон станциялардан келген маалыматтар боюнча, бөлүм башчысы, башка бөлүмдүн жетекчилери да келип, баары талкуу кылып, анан барып аба ырайына аныктоо түзүлөт. Кээ бирде жаңылган учурлар да болуп калат. Материал жок болуп, жарык өчүп калганда Ташкенттен материал ала албай калабыз. Жакында эле ушундай окуя болду. Түн ичинде жарык өчүп калып, телекомдон жарым күндөн ашык байланыш жок болуп, эч бир жерден материал ала албай калдык. Андай учурда муруңку күндүн аба ырайынын аныктоосун карайбыз, эски картаны карап, Ташкентке чалып, алардан сурап билип, анализ кылып анан ММКга жиберебиз. Кээде "Манас" аэропортуна чалабыз. Ал жакта да синоптиктер иштешет. Аларда материалдар аз болгонуна карабастан, жардам берип турушат. Жарык өчкөндө компьютерлер атайын адис келмейинче иштебей калат.
- Эртеңки күндүн аба ырайын качан аныктайсыздар?
- Эртеңки күнкү аба ырайын аныкташ үчүн эртең мененки саат жети жарымдан он жарымга чейинки бизге келген маалымат карталарды алып, баарын боёп чыгабыз. Боёп бүткөндөн кийин баарыбыз отуруп алып талкуулайбыз. Бир жарымдарда ММКларга беребиз.
- Октябрда Август айындагыдай ысык болот деп жатышат. Анан быйылкы кыш катуу суук болот деген кептердин канча пайызы чын?
- Октябрь айында бир градуска нормадан төмөн келди. Орточо жылуулук 8-10ө градус болот. Кээ бир түндөрү - 2ө ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. Мен айтып өткөн айлык аныктоо болжолдуу гана аныктоо. Кээде туура чыкса, кээде андай болбой калат. Ал эми жылдык аныктоолорду айта албайбыз. Бизде андай маалыматтар жок.
- Облустарда метеорологиялык станциялар жетиштүүбү?
- Ооба, ар бир облуста үчтөн, төрттөн метеорологиялык станциялар бар. Болгону Таласта эки станция бар. Мурун 3 станция болчу, баарына айлык төлөгөнгө каражаттын жетишпегендигинин айынан ал станцияны жабууга туура келди.
- Кадр маселеси кандай?
- Жаштар келип, бир аз үйрөнгөндөн кийин эле "Айлыгы аз экен" - деп, башка тармактарга кетип калышат. Бул кесипке кызыккандар калып иштешет.
- Ишытеги кызыктардан бир шиңгил айта кетпейсизби?
- Бул жакта телефон тынбайт да. Бат-баттан эле телефон чалууларга жооп берип жатып, тил көнүп калган. Анан бир күнү үйдө отурсам эле телефон шыңгырап калды, барып "Гидрометцентр" деп жооп берип жибериптирмин. Теңтуштар менен чогуу отуруп калсак деле "Жамгыр жаайт" - деп тамашалай беришет.
- Материалдарыңыздар Ташкенттен, Вашингтондон келсе, англис тилинде эркин сүйлөгөндөр иштесе керек? Же котормочулар барбы?
- Учурдун талабына ылайык, англис тилин билген, компьютерде жакшы иштей алган кызматкерлерди алабыз.

Төлөбүбү
Касымалиева





  Киностан

"Үй-бүлө очогунун" окуялары
("Семейный дом")
"Үй-бүлө очогу" деген орустардын жаңы сериалы үй кожойкелерин эле эмес үй-бүлөнүн бардык мүчөсүн кызыктырып жатат. Айрыкча сериалдагы эркекке окшогон кыз Никитанын образы көрөмандардын кызыгуусун ого бетер арбытып барат.


Сериалдын сюжети
Жаш үй-бүлө Соколовдор балалуу боло албай, балдар үйүнөн 8 жаштан 15 жашка чейин 5 бала багып алышат. Дима жана Женя экөө тең билимдүү, келечекке жакшы ойлору бар жаш үй-бүлө. Бирорк ар бир күнү алардын үй-бүлөсүндө күтүлбөгөн көрүнүштөр болуп кетип, алардын зээнин кейитет. Багып алган улуу кызы Люда чачын кыскартып, эркектей болуп жүргөндүктөн, элдер аны "Никита" дешет. 15 жаштагы кызы Катя болсо Артём аттуу бала менен сүйлөшүп жүрүп, боюнда болуп калат. Ксюша жана Сергей аттуу кызы менен баласы бири-бирине өтө жакын болуп жүрөт. Дагы бир баласы Руслан Гафуров абдан таланттуу математик болуп чыгат. балдардын апасына көз салып жүргөн Прохороф аттуу бизнесмен адам, Швей аттуу жаман кошунасы да эпизоддордо бар. Үй-бүлөнүн жашоосу жалаң гана жаман учурлар менен коштолбостон, анда жыргал, чыныгы достук, жагымдуу ачылыштар, жакшы нерселер да камтылган. Балдарынын азабын тарткан Дима менен Женя акырындык менен чыныгы бактылуулукту сезген ата-энелердин катарын толуктайт.


Кино үчүн жибек чачынан айрылган Никита
"Үй-бүлө очогунун" башкы ролун ойногон эркек мүнөз кыз Никита көпчүлүктү кызыктырат. Бир караганда аны эч ким кыз деп ойлобойт. "Жашоодо Никитага таптакыр окшошпойм. Кинодогу Никитанын сүйлөгөн сөзүнө, кыял-жоругуна көнүү мен үчүн тозок болду. Андан дагы кээ бир фразаларын да көп түшүнө бербейм" - дейт Ольга Павлюкова. Кинодогу келишим боюнча анын суйсалган жибек чачын эркектикиндей кылып кыскартышкан. Ата-энесине кызынын чачын эркектикиндей кылып кыркып алганы жакпай, кызын урушушкан. Достору болсо Ольганы тааныбай калышкан. Эң кыйыны бир эпизоддо чечинген жери Ольга үчүн оор болгон. Кинодон алган гонорарына гардеробун бир сыйра жаңыртып, калган акчасын ата-энесине берген.

Өзү биринчи кечирим сураган Виктория
"Үй-бүлө очогу" сериалынын башкы ролун ойногон актриса 1972-жылы 24-мартта Москва шаарында төрөлгөн.Ө зүнөн кичүү 3 сиңдиси менен чогуу өскөн. 11 жашынан баштап Виктория жаштар сарайынын астындагы Москвалык театрына барып, ошол бойдон эле калып калбастан, билимин андан ары улантып кеткен. Мектепти бүтөөрү менен Станислав театрына кирип, спектаклдерди ойной баштаган. Андан көп убакыт өтпөй эле кинодон бир канча сунуштар түшүп, өзүн кинодон да бир сынап көрүүнү чечип, "Өтүкчү" ("Башмачник") деген тасмага тартылган.
Жеке жашоосу
Виктория Толстоганова учурда Варенька аттуу кызы, өмүрлүк жары Андрей Кузич менен Москва шаарында жашайт. Ал эми кыял-жоругу тууралуу кеп кыла турган болсок, Виктория жини бат келип, кайра бат эле жазылат. Айланасындагы адамдарга катуу тийип алып, кийин өкүнүп калмай адаты бар. Таарынтып алган адамынан өзү биринчи барып кечирим сурайт.

Радиотехниктен актёрлукка жеткен Андрей
Андрей Мерзликин 1973-жылы 24-мартта Королёв шаарында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин радиотехника факультетин бүтүргөн, бирок, ал чөйрөдө иштеп кете албай, андан кийин экономикалык билим алган. Экономикалык кесипте билим алып жүргөн кезде эле актёрлук тууралуу ойлонгон. Ал эми киного студент кезинде тартыла баштаган.

Жеке жашоосу
2006-жылы Андрей Мерзликин Анна Осокина деген кызга үйлөнгөн. Экөө бир кечеден таанышып калышкан. Анянын кесиби психолог, Андрейдин режиссёру менен эки жылдай иштешип калган. 2007-жылы жаш жубайлар Фёдор аттуу уулдуу болушкан.

Элес Турар




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??