п»ї

  Таржымал

Атак-даңкпы же үй -бүлөбү?
Бүгүнкү күндө карьера жана үй-бүлө ар бир айымдын көйгөйлүү маселеси эмеспи. Бири карьерадан бакыт таап, бири үй-бүлөлүк таалайдан кемип калса, айрымы үй-бүлөдө балдарды тарбиялоо түйшүгү менен алектенип келишет. Ал эми биздин маданият тармагындагы белгилүү айымдарыбыз кайсы жолду тандап алганын сиздер менен чогуу карап көрөлү.


Айжан Акылбекова
"Апамдын махабаты", "Экөө", "Чиркин өмүр" тасмаларында башкы каармандын ролун жараткан таланттуу актриса Айжан Акылбекова учурда бир үй-бүлөнүн кожейкеси болуп олтурган чагы. Удаа үч уулдун энеси болгон жаш актриса таңшыган талантына карабай, үй-бүлөнү тандап кеткени кай бирин өкүндүрсө, бирин кубантат. Дегеним, Айжан айым дагы да болсо кино жаатында керемет ролдорду аткаруу менен көптөгөн ийгиликтерди багындырат беле деген суроо туулбай койбойт. Ал эми кээ бирлери "Айжан Таттыбүбүнүн жолун жолдоп, легендарлуу кино айымына айланмак" деген ой-пикирде. Атак-даңктан да, үй-бүлөнү биринчи орунга койгон жаш айым, чындыгында "жан дүйнөсүндөгү сезимин, сүйүүсүн" алда канча жогору тураарын далилдеди көрүнөт.


Саламат Садыкова
Чыгармачыл чөйрөдө көзгө басаар бир айым бар. Ал Саламат Садыкова эжекебиз. Жан дили менен берилип, образга кирип ырдаган ырчы, кудайдан белекке берилген талантын өркүндөтөм деп эмне деген гана эмгектерди жасаган жок. Талыкпаган эмгек менен бийиктиктерди багындырган ырчы бекеринен карьераны тандабаса керек. Жер кыдырып, Кыргызстандын атын чыгарууга аракет кылган ырчы убагында үй-бүлөнү алдынкы орунга жылдырып, бала менен олтуруп калганда азыркыдай Саламат эжени көрө алат белек, ким билсин? Өзүнүн күчүнө ишенген айым алыскы айылдан келип, бүтүндөй борборду багындырганына тан беребиз. Атак-даңкты маңдай-тери жана жан үрөгөн эмгеги менен тапкан эрки күчтүү айым менен сыймыктанабыз.


Гүлнара Кахарова
Шоу тармагында дайыма шыңгыр күлкү менен шайыр-шатман жүргөн айым Гүлнара Кахаровага эмне болгон деп кабатыр болбой эле коюңуз. Болгону башка айымдарга окшоп көп башын оорутпастан эле жүрөгүнө жакын үй-бүлөнү тандап кеткен тура. Учурда бажыраган балдарын тарбиялап, балпайган байбиче болгон учуру. Дайыма көңүлүңдү көтөргөн ырларды ырдаган ырчы айым жүрөгүнө жакын адамын тандап, бактылуу үй-бүлө курам деген максатында чыгармачылыгынан четтеп, үй-бүлө тармагын тандап алган. Бул да болсо, айымдын баласаак экенинен кабар берип турат.


Гүлбүбү Иманалиева
"Балама" аттуу ыры менен таанылган өзгөчө талант Гүлбүбү Иманалиева эл алдына чыгып, бир топ аброй топтогонго жетишкен эле. Убагында экс-жолдошу Элмирбек менен жашап жүргөндө татынакай клибин элге алып чыккан болчу. Өзү да табиятынан артык талантка ээ болгон Гүлбүбү эжебиздин канатын күйөөсү менен ажыраштырган тагдыр убактылуу кайрыды көрүнөт. Болбосо, азыркы чыгып аткан өзү курактуу ырчылардын көч башында жүрө турган талант эле. Эми Элмирбектен кийин экинчи турмушка чыгыптыр деп угуп, кубанып калдык. Не демекчибиз, ырчылыкты калтырып, жаңы жашоого бет алган ырчы айымга ийгилик гана каалайбыз.


Мээрим Шерматова
Кино жаатындагы таланттуу айым Шайыр Касымалиева да карьерасында көп ийгиликтерге жетише алды десек жаңылышпайбыз. Апасынын жолун жолдоо максатында Шайыр айымдын кызы Мээрим Шерматова алгач ырчы жигиттердин клиптеринде тартылуу менен, карьерасын баштаганы баарыбызга белгилүү. Бирок, эмнегедир акыркы күндөрү такыр эле көрүнбөй калды деп атсак, көрсө бир наристенин мээримдүү энеси болуп олтурган экен. Бул да болсо апасы Шайыр эженин тарбиясы деп түшүнсөк болот окшойт. Кызын өзүнүн жашоосуна окшоштургусу келген эмеспи же айым үчүн чыныгы бактылуулук үй-бүлөдөбү айтор, Мээрим Шерматова үй-бүлөдө кожейке болуп олтурган кези. Апасы дагы "Жолдошуңдун сөзүн ук, ага баш көтөрбө" - деген сөздөрүн көп айтат.


Айымдар эмнеге ыйлашат?

Апасынын ыйлап жатканын көргөн жаш бала кызыгуу менен сурайт: "сиз эмне үчүн ыйлап жатасыз?"
- Анткени мен аялмын да
- Апа, мен түшүнгөн жокмун.
Апасы баласын катуу кучактап, "Балам сен аны эч качан түшүнбөйсүң" - дейт.
Анда бала атасына келип сурайт, "Эмне үчүн апам кээде себеби жок эле ыйлай берет?" деп сураса: "Баардык аялдар кээде себеби жок ыйлай беришет" - дегенден башка жооп айта албай коёт.
- Бала чоңоюп, жигит болсо да "Эмне үчүн айымдар ыйлай беришет?" -деп таң калганын койгон эмес.
Айласы кеткенде Кудайдан сураса, Кудай:
- "Аялды жаратып жатканда, мен анын ыйык болушун каалагам. Дүйнөнү кармап туруш үчүн күч бергем. Баланы багыш үчүн назик кол бергем. Мен ага бардык оорууну, төрөттү көтөрө билиш үчүн күчтүү сезим бергем. Башкаларга жөлөк таяк болуп, оорулууларды караш үчүн күчтүү эркиндик бергем. Балдарды сүйүү үчүн мээримдүүлүк бергем. Жолдошун колдоп туруу үчүн күч берип, ага кошо кандай гана учур болбосун ыйлап алганга мүмкүнчүлүк бергем. Ошондуктан сен айымдардын сулуулугу анын кийиминде же чач жасалгасында деп түшүнбөшүң керек. Аял затынын сулуулугу анын көздөрүндө, анткени, алар жүрөктөгү сүйүүгө жол ачып бере турган эшик", -деп жооп берген экен.


Кызыктуу фактылар:
Статистикага ылайык Россиянын ар бир үчүнчү айымы бизнес менен алектенет.
Ал эми 25% айымдар мырзаларга караганда кирешени көбүрөөк табышат.
Учурда көпчүлүк мырзалар айымдардын кесиптерине т.а секретарь, мугалим, эсептөөчү, сатуучу, жарнамалык агент ж.б. га кызыгышат.
Германиядан 20-50 жаштагы иштеген айымдардан сурамжылоо жүргүзгөндө алардын 88 пайызы күйөөсүнө көз каранды болбошу үчүн иштешээри анык болгон.
Азыркы убакта айымдардын саясатка аралашуусу көп кездешүүдө. Буга белгилүү саясатчы айымдар мисал боло алышат, Мадлен Олбрайт, Маргарет Тэтчер, Кондализа Райс, Ангела Меркель. ж.б.
Россиянын "Бирдиктүү Росссия " партиясынын 51 пайызын жалаң айымдар түзөт. Калган партияларда 45% дан жогору.


Карьера менен үй-бүлөнү кантип чогуу алып кетүү керек?
Үй-бүлөнүн алдында өзүңүздү күнөөлүү деп эсептебеңиз.
Карьера менен үй-бүлөнү карама-каршы кылбай, аларды бирге алып кетүүгө толук мүмкүн.
Күнүнө 24 саат иштебей, иш күнү бүткөн соң жылмаюу менен үйгө бет алыңыз.
Иштен кийинки убактыңызды балдарыңызга жана жолдошуңузга арнаңыз.
Иш убактысы башталаарга чейин, балдарыңызга, жолдошуңузга жылуу маанай тартуулап, эртең мененки чай менен узатыңыз.
Дем алыш күндөрү үй-бүлөңүз менен сейилдеп, жакшы маанайда өткөрүңүз.
Көп убакыттагы иштер нервдик чарчоолорго, стресстерге алып келет, андыктан чеги менен иштеңиз.
- Жумушуңуздан отпуск алсаңыз, аны үй-бүлөңүзгө арнаңыз.


Канымжан Жаманбаева
Бир убактарда "Кечирип кой" деген ыры менен сахнаны аттаган ырчы Канымжан Жаманбаева мырзалардын элесинде капкара узун чачтары, кара көздөрү менен эсте калган көрүнөт. Дегеним, ырчынын ичке жагымдуу үнү менен ырдаган "Кечирип кой" аттуу ырын көпчүлүгү суктануу менен угушчу эле. "Карьера же үй-бүлөбү" деген маселеге бул айым да чалдыккан. "Оң бетиң өпсөм сол бетиң калат, сол бетиң өпсөм оң бетиң калат"- деген сымал, чыгармачылык менен алектенип жүрүп, үй-бүлөнүн аксашын каалабаган айым, толугу менен үй-бүлөнү тандап кете бериптир.


Нургүл Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??