п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Бек Борбиевдин "Түн чүрөгүн" Дайыр Исмадияров тартып алды
Бек Борбиев "Түн чүрөгүм" деген ырын, жаш ырчы Дайыр Исмадияровго берди. Мындан бир канча убакыт мурун Дайыр Бектен аталган ырын сураганда макулдугун берген эле. Азыр болсо Дайырдын "Түн чүрөгү" бардык радиолордон тынбай кетип, угуучуларга рахат тартуулап аткан кези.


Амир Аскаровдон эксклюзивдүү клип
Жаштардын арасынан жаңыдан суурулуп келе жаткан ырчы жигит Амир Аскаров "Өкүнүч" аттуу жаңы ырына клип тартып баштаганы турат. "Өкүнүч" ыры борбордогу радиолордон жаңырып жатат. Клип Бишкектен тартылат. Башкы ролду өзү ойнойт. Клиптин идеясы, сценарийи фотограф Евгений Чистяковго тийешелүү. Клипти башынан-аягына чейин Амир өз чөнтөгүнөн каржылайт.


Нурлан Насип Россияга концерт коёт
15-октябрда жаш кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан ырчы жигит Нурлан Насип кичи мекени Токтогулга тушоо кесүү концертин коёт. Андан ары Россиянын Питер шаарына сапар тартып, боордош туугандарга өз өнөрүн тартуулап келмекчи. Анын продюсери Канат Кадыржандын айтуусу боюнча, Россиядан келгенден кийин, Нурлан Кыргызстандын бардык дубандарындагы күйөрмандары менен учурашканча концертин коюп келет. Учурда болсо сөзү, обону өзүнө таандык "Жогорку сүйүү" деген рок стилиндеги жаңы ырына клип тартып баштады. Клип Бишкек шаарынын ичинде тартылып, сценарийин Синемарт студиясы жазып, даярдап берди. Нурлан "Жогорку сүйүүсүндө" чыныгы сүйүүнүнүн бар экендигин сүйүшкөндөргө дагы бир жолу даңазалайт. Күйөрмандары жакынкы аралыкта көгүлтүр экрандан көрө алышат.


Гүлзат Батырканова Казакстанга аттанганы жатат
20-октябрда Казакстандын Атар шаарында боло турган ШКУнун "антитерроризм" аскердик окууларына карата Кыргызстандын атынан Гүлзат Батырканова Коргоо министрлиги менен биргеликте чоң программадагы концерт даярдап жатат. Аталган концертке Асель Турдалиева, Замира Мавлянова, "Шаттык" бий ансамбли жана Коргоо министрилигинин алдындагы улуттук аскерлердин ыр-бий ансамбли да катышат.


Юлия Руцкая Италиядан сыйлык алып келди
"Жамгырды" кубулжута ырдаган ырчы кыз Юлия Руцкая Италиядан жаңы эле келди. Юлия ал жакка сынактан жеңип алган сыйлыгын алганы барган эле. 27-28-августта Италиянын Неаполь шаарындагы "Дүйнө ырлары" ("Canzoni dalmondo") сынагына Кыргызстандын атынан катышып, "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү" наамына ээ болгон. Аталган сынакта Юлия "Жамгыр" жана Англиялык Лара Фабияндын репертуарында бир ырын ырдаган. Кагаз кармаганда да биринчини алып, ырчылардан биринчи болуп ырдап чыккан. Калыстар тобунун төрайымы 1985-жылкы Евровидениенин жеңүүчүсү Анна Мария Давид болгон. "Дүйнө ырлары" сынагына Испания, Мальта, Израиль, Турция, Франция ж.б. 13 мамлекеттен ырчылар катышкан. Сынактын жыйынтыгында Юлияга чет мамлекеттердеги фестивалдарга көптөгөн сунуштар түштү.




Элмирбек Иманалиев:
"Булбулумду" ырдаш үчүн Элмира Кайып кызы мага көп жолу сыра алып берген"
"Булбулумдун" автору Элмирбек Иманалиев ырынын жаралуу тарыхындагы урунттуу учурларын айтып берди.


Ырдын тексти бир күндө жазылган
Бул ырды 1997-98-жылдары чыгаргам. Жазаардан мурун кыялымда бир чыгарманын сюжети бар болчу. Ал кезде жыйырмага да чыга элек кезим. Ырдын тексти бир күндө эле жазылган. Бирок, Обон болуп калыптангыча бир топ убакыт өттү. "Булбулум" ошол чыгармадагы каармандын ыры катары колдонулмак. Себеби, ал жөнүндө бир фильм тартсамбы деп да кыялданчумун. Биринчи обондун өзү же тексти жаралат да. Бул ырдын алгач тексти жаралып, эң кызыгы ушуга обон чыгарып, Сыймык Бейшекеевге окутуп, ушуга бир обон чыгарчы деп көргөзсөм эле ал аракет кылып көрүп, "Мунуң жаңылмачка окшогон ыр экен, тилим сынып атат" - деп күлүп калды.

Өзгөртүп ырдай берчүмүн
1998-жылы Байтик айылы жакка жоро-жолдоштор менен тоого чыгып калдык. Булбул сайрап турган май айы. Ошондо ушул кайрыктар келди адегенде ар жерде ар башка кылып өзгөртүп, "импровизация" кылып ырдай берчүмүн. Бирок, өзүбүздүн чөйрөдө кызыкчылык жаратып, бир тобу ырдап, менин ырым акырындап тарай баштады. Композитор Калыйбек Тагаев менин обонумду нотага түшүрүп атып, "тим эле ойкуштаган обон экен го" - деп күлдү. Уккан эле киши кызыгып калчу болду.

Саламат Садыкова машинени токтотуп алып ыйлап…
Эң кызыгы Алмата шаарына Мухтар Ауэзовдун жүз жылдыгына карата концерт болуп, азыркы Газпром Нефть Азиянын генералдык директору Болот Абилдаевдин машинеси менен Саламат Садыкова эже экөөбүз Алматага чогуу бардык. Жолдон суранып "Булбулумду" ырдатып калышты. Жүрөгү назик, таланттуу киши эмеспи, Саламат эже машинени токтотуп алып ыйлап кирди. "Булбулумду" эң биринчи Садыкова эже ырдап чыгып, радиого жаздырган.

"Булбулумду" ырдаш үчүн Элмира Кайып кызы көп жолу сыра алып берди
Андан кийин группалашым Элмира Кайып кызы "Элмирбек, мага ушул ырыңды бер, ырдап чыгайын" - деп, мага көп жолу сыра алып берди. Улам "үйрөнөйүн, ырдайын" деп атып, акыры ырдады. Алгачкы берилген баалардан ыр сүйгөн Садыкбай Тургуналиев деген байке, Түгөлбай Казаков, Шайлообек Дүйшеев болуп отурсак, "Булбулумду" кайра-кайра ырдатып,Түгөлбай байке ырга катуу баа берген эле. "Муңдуу, мукам обондор Керимбаев менен бүттү деп жүрсөм, дагы бар экен", - деди. Ошондо Садыкбай байке атайын "Асаба" гезитине "Түгөлбай таазим эткен обон" деген макала жазган. Ошондо төбөм көккө жетип, а киши берген баа мага дем болду. "Булбулум" кимдир бирөөнүн дарегине арналганбы? - деп көп суроо беришет. Аталган ырда "Булбул, махабат, жаштык" үчөө биртууган. Мен башында айтып кеткен чыгарма болсо ыр чыккандан кийин эле жазылбай калды.

Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??