Жылдыздар кеңеш беришет

"Ала качуунун курмандыгы болуп…"
Бүгүнкү күндө негедир биздин чыгармачылык чөйрөбүздө гейлер көбөйүүдө. Заман бузулганына жараша өз жынысын чангандарды кездештирип жүрөбүз. Эркек эркектей, аял аялдай болгону эле дурус го…

Ала качуу туралуу сөз укканда кадимкидей мазем качып, муунум титиреп чыгат. Анткени, мен дал ошол ала качуунун курмандыгы болдум. "Таш түшкөн жерде оор"-деп акыры отуруп калдым.
"Мундуз эмне үчүн жашың бир топко барып калса да, ушул убакка чейин үйлөнгөн эмессиң?" дедим. "Кыз жактырбай жүрүп, көпкө түйшөлдүм. Мына эми тагдыр буйруп сени жолуктурдум. Мага сендей ай чырайлуу аялзатын туш кылган тагдырыма ыраазымын чырагым"деп бооруна кысты. "Нике ысык болот"-деген чын тура. Алгач Мундузга боорум ооруп, ага аяр мамиле жасап жашап калдым. Ал "Түнкү клубда" иштесе, мен окууну бүтүп Университетте чет тилинен сабак берип иштеп жүрдүм.

"Досу үчүн ичкен ашын жерге коёт…"
Мундуздун Алмаз аттуу досу бар экен. Түштүк Кореянын Сеул шаарында чакан бизнеси бар. Анын Кыргызстанга келишин угуп, Мундуз башкача боло баштады. Досу үчүн ичкен ашын жерге коюп, баарына даяр эле. Ошентип, жакын досун Манас аэропортунан тосуп алдык. Менден да назик, арыкчырай келип, сылык-сыпаа учурашкан жакшынакай аяшыма таңыркай карадым.
Акыркы учурлары жан досу менен көп убактысын чогуу өткөрмөй болду. Экөөнүн мамилеси ого бетер жанданып ынак болуп кетишти. Алмаздан башка эч кимди сөз кылчу болбой калды. Мен жолдошумду чырайлуу сулуулардан эмес, сүйкүмдүү аяшымдан кызганып калам деп, мындай үрөй учурган жат көрүнүшкө ынангым келбеди. Эки достун ортосундагы ысык мамилени өз көзүм менен көрбөсөм да, сүйлөшүп турганын көрүп көңүлүм иренжий түшчү. "Гүлү, киймимди даярда, аяшың экөөбүз бир жерге барып келели"деп калды. "Мундуз мен дагы даярданайынбы ээ, чогуу эле барсак кантет?" дегениме "Ал жакта жалаң эркектер болсо, сага эмне бар?"-деп орой жооп берди. "Сен негедир өзгөрүп баратасың. Билесиңби, биринчи жолу бул куттуу үйдүн босогосун аттап киргенде, сен мага азыркыдан такыр бөлөк туюлуп, менин карегим менен тең айланчудай сезилгенсиң. Эми болсо, эки сөзүңдүн бири эле Алмаз, Алмаз. Досуңдан башка эч кимди көзгө илбей, Алмаздын айынан акыркы жолу сага эркелеген күнүм да унутта калды". "Болду жетишет… Тарт тилиңди, биротоло жөн койсо төбөгө чыгып алчудайсың. Менин жалгыз досум тууралуу жаман сөз айтчу болсоң, менден бирди көрөсүң, уктуңбу!"деп ачуулана чыгып кетти.

"Эки достун жоругу айбанча кумар болгону менен…"
Жолдошумдун кетишин гана күтүп турган элем. Көптөн берки планымды ишке ашырууга мезгил келип жетти деп ойлонуп, такси тосуп, Мундуздун иштеген жерине келдим. Алмаз экөө эч нерседен бейкапар артка кылчайбастан кирип кетишти. Атайы келгенге жараша биротоло аягына чыгайын деп "Түнкү клубдун" босогосуна жакындай бергенде сакчылар: "Сизге кирүүгө мүмкүн эмес" деп жолумду торошту. Эки достун жоругу жөн гана "айбанча кумар" болгону менен Мундузду толук кандуу эркек деп айта алам. Ишеничтүү айтканымдын себеби кош бойлуумун. А балким, менде да кемчилик бардыр. Жолдошумдун көңүлүн таап, досуна өтө эле ынак кылып жакындаттырбай койсом болмок. Мүмкүн болочоктогу наристеме жакшы ата болоор беле…

"Досунун өлүмүн көтөрө албай…"
Көп өтпөй Алмаз автокырсыкка учурап, ошол эле жерден жан бериптир деген суук кабар уктук. Мундузга досунан айрылганы катуу сокку болду. Мени да көзгө илбестен, жадагалса курсактагы баламдын келечек тагдырына кайдыгер мамиле жасады. Кайгысын арак менен бөлүшүп, көп ичип кетти. Акыры жумушунан да айрылды. Мундузду сактап калыштын аракетинде "ананимдик менчик" клиникаларга да жаткырдык. Бүт күчүмдү аянбай жумшадым, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаган соң биротоло төркүнүмө кетип калдым.
"Бизге жолтоо болбогула!" деп кыйкырып атты
Бир күнү уктап калган жеримден селт этип чоочуп кеттим, көрсө курсактагы балапаным тыбырчылап кыймылга келип калыптыр. Акырын ичимди сылагылап: "Аман-эсен көз жарып алсам, ушунум бактылуу өмүрлүү болсо экен"-деп тиленип көзүмдөгү мөлт-мөлт аккан жаш тамчылап, көөдөнүмдө уюп жаткан музду бала деми жаз күнү сыяктуу ээритип жиберди. Таң эрте баягы жеңем келиптир. "Амансыңбы жеңе, үйдөгүлөр кандай, баары тынчпы" деп чочуп кеттим. "Гүлайым, көп азап чегип капаланбай, курсактагы балаңды ойло. Аман-эсен төрөлсө чоңойгондо сени багат. Мындан аркы жашооңдун камын көр. Жакшы жигит чыкса турмушка деле чыгып ал" деди жеңем. "Ии, жеңе…деги тынч элеби, же Мундузга бирдеме болдубу?" деп муунум калчылдады. Бир нерсени сезгендей жүрөгүм уйгу-туйгу болуп кабынан ыгып кетчүдөй болуп согуп туруп алды. "Жашырганда эмне, баары бир эртеби-кечпи билинет эле да. Мундуз баягы клиникадан жакшы болбой, азыр психикалык диспансерде дарыланып жатат. Доктурлар абалы аябай оор дешүүдө. Себеби, көзүнө Алмаз досу көрүнөт окшойт сыягы. Бир күнү акыбалын сурап учурашканы барсам, "Жеңе, менин жанымдагы олтурган Алмаз менен эмнеге учурашпадыңыз?" десе жүрөгүм оозума тыгылып калгандай чоочуп кеттим да "Мундуз, деги эмнелерди айтып жатасың? Кандай гана келишимдүү жигит элең өзүңдү-өзүң жок кылыпсың шордуум" деп ыйлап жибердим. "Сиз мени аябаңыз, эмнеге баарыңар мени аяйсыңар. Алмаз экөөбүзгө жолтоо болбогула, биздин жашообузга кийлигишпегиле, тынч койгула" деп кыйкырып атты" деди. Жеңем кеткенден кийин көпкө ойлондум да урматтуу окурмандар, сиздерге кат жазууга кириштим. Сай-сөөгүм сыздап жалгыздыктан жанчылып турганда кеп-кеңешиңиздерге муктажмын.
Гүлайым. Бишкек шаары.





Кыргызстандагы гомосексуалдардын кыйын абалы тууралуу коомдун координатору Сыйнат Султаналиева мындай дейт: "Гомосексуалдардын өкүлдөрүн кыйнап үйлөндүрүшөт, жүрүм-турумун сынга алып басынтышат. Мындайларды буга чейин шылдың катары карап келишкен. Кемсинтүүлөргө, ур-токмокко туш болушкан учурлары арбын. Биздин өлкөдө мындай сексуалдык адамдардын көйгөйү эч кимди деле тынчсыздандырбайт. Тескерисинче аларды коомдо бөлүнүп калган адам катары өгөйлөшөт. Булардын көпчүлүгү ачыкка чыга алышпай чөйрөсүнөн тартынып корунушат. Кыргыз коомунда гомосексуалдарды жактырбай, жаман жоруктуу адам катары кабыл алат. Дүйнө жүзү боюнча мусулмандар дүйнөсү гомосексуалдык мамиле үчүн түрмөдөн сабагандан тартып, өлүм жазасына өкүм чыгарганга чейин жазалашат".


Өлкөдө гомосексуализм боюнча кыргызча китеп жарык көрдү. 5000 нуска менен жарык көргөн бул китепчеде Кыргызстандагы лесбиянкалар, гейлер, биосексуалдарга арналган. Китепте гомосексуалдар тууралуу ачык-айрым маалымат берүү, аларга түшүнүү менен мамиле жасоого чакыруу максаты жатат. Кыргыз коомунда мындай жат көрүнүштү жактырбагандай кабыл алышат.


Кыргызстанда жогорудагылардын
"Лабрис" аттуу кому түзүлгөн. Анда буга чейин кыргыз гомосексуалдары 3000ге жеткени айтылган. Алардын так санын айтыш азыр кыйын дейт коом жетекчиси Анна Кирей. Бизге көпчүлүгү кайрылышпайт, анткени, келүүдөн тартынышат. Азырынча бизге катталганы өтө эле аз, болгону 300 адам. Статистикага таянсак коомдогу адамдардын 3-7%ы гомосексуалисттер болгон. Ал эми "Оазис" борбору 7000 деп билдирди.


Адамдын сексуалдуулук ориентациясы 3 түргө бөлүнөт. Гомосексуалдар карама-каршы жыныстагы адамдарга эмоционалдык жана сексуалдык жактан умтулган адамдар. Ал эми эркектерге жана аялдарга бирдей умтулган адамдар биосексуалдар. Мындай түргө киргендер кадимкидей үй-бүлө куруп, аялдар, эркектер менен да жыныстык катнашта боло беришип, эмоционалдык жана сексуалдык жактан ырахат алышат. Трансексуалдар болсо, операциялык жол менен жыныстык мүчөсүн алмаштыруу.




Ырчы Гүлзинат Суранчиева:
Бул мен үчүн жат көрүнүш. Негизи бул психикалык жактан жабыркаган оору болушу мүмкүн. Эркек эркектей болгону жакшы, андай "жапайы кумарга" азгырылбай. Жолдошу өз катачылыктарын баары бир тагдыр сынынан өтөп жатыптыр. Менин түшүнүгүм боюнча "көгүш" бул тубаса эмес. Угушума караганда мындай түргө киргендерди жин башкарып алган. Жин "эркек", "ургаачы" болуп эки түргө бөлүнөт экен. Булардын ичинде "ургаачы жин" бар, анан өздөрүн ошого тарбиялашат деп ойлойм. Гүлайым өз тагдырын өзү чечсин. Кыйын кезеңге туш болуптур, өзү туура багыт тандайт деген терең ишеничтемин.

Продюсер Назгүл Насиева:
Чындыгында тагдыры абдан кейиштүү экен. Бирок, бизде азыр мындай окуялар анчейин деле таң калыштуу эмес. Өзгөчө биздин чыгармачылык чөйрөдө акыркы кездери көбөйүп кетти. Негедир тамыр байлап акырындап көбөйүшү өкүндүрөт. Ал эми бул каарманыбыз жаш болсо, аман-эсен көз жарып алса, ошол баласы үчүн жашасын. "Кызга бергис жубан бар" дейт, мүмкүн бактысына дагы бир жакшы мырзаны кудайым маңдайына жазып койгондур. Жолдошун болсо, туугандары карап айыктырып алат деген ойду айткым келет.

Продюсер Канат Култаев:
Гүлайымга берээр кеңешим ар бир адам бул жарыкчылыкка келгенден кийин, бактылуу болууга тийиш. Оптимисттик көз-караш менен кийинки турмушунда жакшы инсанга туш болуп, баласына энелик мээримин төгүп бакыт кучагына бөлөнсүн. Жолдошун аяган туура эмес, ал өзүнүн тагдырына өзү балта чапты. "Уйга жүгөн салабы, көнгөн адат калабы" дегендей эле, жайбаракат жашап жаткан жерден "эски оорусу" козголуптур. Турмушун башка нукка бурган соң, ошол бойдон калыш керек эле, кайра артка кылчайбастан. Эми өз күнөөсүн өзү тартсын, андай оорудан толук айыгып чыгышы кыйын го.Чынбы?

Динара АСЫЛБЕКОВА