п»ї
 Таанышуу жарыясы


Ишекеева Атыргүл Мамытовна, элдик дарыгер:
"Дубалап бериңизчи дегендерди кууп чыгам"
Бүгүнкү күндө дубанын "ысытма", "суутма" деген түрлөрү күч алып баратат. Жада калса, жашоодогу эң ыйык, эң тунук сезим - сүйүүгө да дубанын жардамы менен оңой жеткилери келет. Бирок, ойлогон оюы аткарылган күндө дагы, мындай бакыт көпкө созулбайт. Анткени, алар тунук сүйүүнүн кадырына жетпей, аздектеп, баалай албай булгап салышкан.


- Дуба деген эмне?
- Дуба деген бул илимдин бир түрү. Негизи дуба десе эле көпчүлүктөрдүн ою жаман жакка бурулат экен. Дубанын да эки түрү бар, ак жана кара. Бардыгыңарга белгилүү болгон кара дуба бул - ич күйдүлүктөн же, кандайдыр бир максатка жетиш үчүн, ушул жолду адамдар тандашууда. Ал эми ак дуба-бул бирөөнүн жакшылыгына кубанып, "мындан ары жакшылык болсун" деген мааниде ак дуба айтылат. Ак дубаны - көпчүлүк эл "бата" деп түшүнүшөт.
- Деги эле кара дуба дегенге ишенүүгө болобу?
- Албетте, ишенүүгө болот.
- Мисалы, ошол эле кара дубаны көзү ачыктар жана молдолор жасап беришет экен?
- Негизи Кудай Таалам адам баласына эки жолду берген, ак менен караны. "Молдонун айтканын кыл , кылганын кылба" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Жогоруда айтып кетпедимби, дуба-бул илимдин бир түрү болгондуктан, куранда, хадисте бар. Китептен окуп, үйрөнүп алышып, жаман ишти кылып жатышат. Мындай жолго көбүнчө молдолор барышат. Мен молдолук касиети бар адамдарды сыйлайм, бирок, бул жалган дүйнөдө кудайга сыйбаган иштерди жасаган үчүн, анын балдары, урук - тукуму запкысын жейт. Дубалаган адамдын көзү өтүп кеткен күндө дагы, анын күнөөсүн жалган дүйнөдө калган балдары тартат. Жанагы ичкиликке, баңги затка, иши жүрүшпөй, же оорукчан болуп калышы ата-энелердин кылган күнөөсүнүн кесепетинен да. Бардыгыбыз эртеби-кечпи ата- эне деген статуска ээ болобуз, ошондуктан, балдарыбыздын келечегин ойлоп, күнөө кылбаганга аракет кылышыбыз керек.
- Жасалган жаман дубаны жандырса болобу?
- Эгерде, муун-сөөктөргө өтүшүп, жүрөккө сайылып калбаса, жандырыш үчүн бардык күч аракетибизди жумшайбыз. Негизи дубаны жандыруу өтө оор иш. Дубаланган адамга өзүбүздө болгон оң энергиябызды берип, терс энергияларын тартып алабыз, бирок, бизге аябай кыйынчылык жаратат. Көбүнчө адамдар, башка суроо менен кайрылбаса, атайын "менин дубамды чечип бериңиз" деп келгендер болгон эмес.
- Дубаланып калган адам өзүнүн дубаланганын билүүгө мүмкүнбү, кантип билет?
- Дуба окулган адам, акырындап арыктап, психологиясы бузулуп, баскан басышы, турган туруму өзгөрүлүп, иши жүрүшпөй, эгерде үй-бүлөсү бар болсо, келинчеги же күйөөсү көзүнө шайтан көрүнүп, күнүгө чыр-чатактардын көбөйүшүнөн ажырашууга алып келет.
- Эгерде дубаны кайра жандырбаса, дубаланган киши катуу ооруп же жинди болуп калат дешет?
- Негизи, элдик медицина же кыргызчылык жол менен дарылоонун пайдасы зор. Кээбир адамдар ишенишпей, врачтарга эле кайрыла беришет. Дарыгерлер болсо, ар кандай диагноз коюшуп, акырында "болбой калды" деп ооруканадан чыгарып койгондору да ушул. Эгерде, адамдын дубаланганга чейин кандайдыр бир оорусу болсо, дуба ал ооруну андан ары ырбатып жиберет. Мисалы: Жүрөгү ооруса, инсультка, ашказаны ооруса, язвага, же, башка айыкпас дарттарга алып келиши ыктымал.
- Сизге да ошондой сунуш менен кайрылгандар болобу? Эркектер көп кайрылышабы же аялзатыбы?
- Ооба, мындай сунуштар менен кайрылгандар жок эмес. Көбүнчө мага жапжаш кыздар, "Мени жигитим таштап кетти"- деп сүрөттөрүн көтөрүп келишет. Мындай суроо менен келгендерге акырындык менен түшүндүрүүгө аракет кылам, эгерде такыр эле болбой жатса, кабинетимен кууп чыгам.
- Кудурети алсыз молдо же көзү ачыктар жасаган дубанын да таасири тийиши мүмкүнбү?
- Чала молдолордун же көзү ачыктардын жасаган дубасы да чала болуп калышы ыктымал.
- Дубадан сактаныш үчүн кандайдыр иш чараларды кылууга болобу?
- Ислам дининин беш парзын аткарып, даарат алып, намаз окуп, келме келтирип, орозо кармап, көзү өтүп кеткен адамдарга куран окуп, эгерде, акча каражатынан аксабасаң, ажыга барып турсаң эле бир гана дубадан эмес, бардык жамандыктан сактанууга мүмкүн.




Боз уланга үч балалуу аялды сүйдүргөн сүрөт

Мен дагы шаарыбыздагы көзү ачыктардын бирине барганымда, жашы-карысы дебей өз кезегин күткөн кардарлар көзгө дароо урунду. Мен дагы эл арасынан өз ордумду таап, жайгашып отурганымда, ары-бери тынчы жок басып, кээде оор үшкүрүнүп өзүн бир орунда кармай албай жаткан жаш мырзаны дароо байкап, сөзгө тартмай болдум. Бирок, ал менин гезиттен келгенимди билээр замат, артка кылчактай басты. Бир аздан кийин ойлонду көрүнөт, макулдугун берип, бирок аты-жөнүн өзгөртүүсүн суранып, Мирлан (аты өзгөртүлдү) башынан өткөн окуясын мындайча баяндап берди.


- Мирлан, бул жерге сенин келишиңе эмне түрткү болду?
- Бул жерге жыргаганыман келип жатат дейсиңби? Менден бир топ жаш улуу айым башымды айландырып, дуба окутуп коюптуры, ошону жандырайын дегенде эки көзүм төрт болуп атат.
- Ал кыз сенден канча жаш улуу жана кандайча таанышып калдың эле?
- Ал менден 12 жаш улуу. Экөөбүздүн таанышканыбызга эки жылдын жүзү болуп калды. 2008-жылы Мурадил деген досумду аскерге узатып, кече уюштурганбыз. Бардык достор сүйлөшкөн кыздары менен келишип, алардын катарынан кем калбай Рысбек да Жазира деген сүйлөшкөн кызын курбусу менен ээрчитип келген эле. Алар менен таанышып, кече ортолоп кызуусуна кирип калган кези. Жумуштан курсагым ачка баргандыктанбы, бир эки стакан арак ичип, дароо мас болуп уктап калыптырмын. Эртең менен көзүмдү ачсам эле Тахмина эже менин койнумда энеден туума жатыптыр. Өзүмдөн мындай кылыкты күтпөгөн жаным, ордуман атып туруп, өзүмдөн өзүм уялып, жийиркенип, жумушума кеткенге шаштым. Балакеттин баары ошол түндөн башталбадыбы? Эртеси, жумуштан кеч чыгып, үйгө бара жатсам, телефонума Тахмина эженин смси келди: "Мирлан кандайсың, сени менен сүйлөшчү сөздөр бар эле, качан жолугабыз?"- дегенинен дене башым дүркүрөп кетти. Ошондо жүрөгүм бир нерсени сезген окшойт .
"Тахминаны
сүйдүргөн сүрөт"
Экөөбүз жолукчу күн да келди. "Эркиндик" сейил багынан кезигишип, аркы- беркини сүйлөшүп отуруп, убакыттын кантип өтүп кеткенин да байкабай калыптырмын. Кетели деп коштошуп атсак, ал мындай деп сөз баштады: "Мирлан, баягы экөөбүз бирге өткөргөн айлуу түндү эч унута албай жатам. Анткени, көптөн бери сактап жүргөн кыздык абийиримди, ошол ыйык түнү сага арнаган элем. Бирок, мен сени менен болгонума эч өкүнбөйм. Анткени, мен өмүр бою сендей мырзаны издеп келгем. А сенчи?" деп суроо узатса, оозума бир да сөз келбей делдейип эле туруп калыптырмын. Мен ал түнү эс учумду жоготкончо мас болсом да, ал эженин кыз экенине эч ишене бербегенимди айтып, кетип калдым. Арадан бир топ ай өткөндөн кийин, Рысбек телефон чалып, Ала-Тоо аянтында мени күтүп тургандыгын айтып, тез келип калышымды өтүндү. Мен дароо алар чогулган жерге жетип барсам, досумдун сүйлөшкөн кызынын туулган күнү болуп, тааныштарынын бардыгын чакырыптыр, алардын арасында Тахмина эже да бар экен. Ал жерден бардыгыбыз эстеликке калсын деп сүрөткө да түшүп алдык. Ал түнү да мен Тахмина эже менен таң атырдым.
"Үч баланын
энеси экен"
Эмнегедир, акыркы күндөрү бассам-турсам Тахмина эже оюмдан чыкпай, ал менен жолугушууну самап, ар кандай шылтоо менен Жазиранын жумушуна да көп барчу болдум. Менин барып жатканымды билген Рысбек, кызынан кызгангансып да жүрдү. Бирок, мен Тахмина эжеге барып жатканымды айтуудан уялчумун. Ошентип жүрүп, Тахмина менен бирге батирге да чыгып, кадимки эрди-катындай жашап алдык. Биринчи түнү мени менен болгондо кыз эмес экенин гана билбестен бир күйөөдөн чыгып, үч баланын энеси экенин билип турсам дагы эмнегедир, андан алыстай алган жокмун. Мындай жорукту күтпөгөн ата-энем, бир туугандарым бир нече жолу ажыраштырып, айылга да алып кетишти. Көп эле жолу жакшынакай, жаш кыздар менен тааныштырышып үйлөнтүшсө да, Тахмина такыр оюмдан кетпей, кайра эле аны көздөй качып жөнөчүмүн.
"Дубаланганым
ачыкка чыкты"
Көрсө, баягы Жазиранын туулган күнүндө түшкөн сүрөттү көзү ачыкка алпарып, менин башымды айландырып, окутуп салган экен. Апам менин мүнөзүмдүн өзгөргөндүгүн, күндөн күнгө арыктап, жүдөп кеткенимди байкаса керек, мага билгизбей молдого барса, дубаланып калганым жөнүндө айтыптыр. Анан мени дароо бул жерге жиберди. Келгениме эки жума болуп калды, башында аябай кыйналгам, азыр жеңилдеп, өзүмө келе баштадым. Дубаны жандырыш үчүн бир айдай келесиң деген эле.
- Тахмина эже менен жашап жүргөндө сизде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болду беле?
- Ооба, эч ким менен сүйлөшкүм келбей, туугандарымдын арасынан четтеп, жакын адамдарым мени урушса, аларды тескерисинче жаман көрүп, сүйлөшпөй койчумун.
- Азыр ал эже каякта?
- Билбейм, бул жака келгенден бери ал менен кабарлаша элекмин.
- Дубаны жандырып бүткөндөн кийин, Тахмина эжеге айтасызбы, кылган жоругун?
- Ага, апамдан дубаланып калганымды укканда дароо үйүнө барып айткам, ал "эч нерсе кылган эмесмин" деп танып салган. Эмнеси болсо да, кудайга койдум. Мүмкүн ал да өз бактысы үчүн күрөшкөндүр.

Айзат Кыдыралиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??