п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүз­дөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаа­га батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-136-01. Таш -Көмүрлүк Мусабаев Алтынды октябрь айындагы туулган күнү менен куттуктайм! Ийгилик сага. Рахат.
ОП-136-02. Мыктыбек Арстанбек, мен сизди чексиз сүйөм! Мени менен байланышыңызчы. Менин атым Роза, Жалалабаттан болом.
ОП-136-03. Мелис менен Чолпонай сүйүү!
ОП-136-04. Досум Жаныбек, кыздарды "Жаным", "Болтушкам" дей бербечи мейлиби. Бактыбек.
ОП-136-05. Кыргыз эстрадасына өз салымын кошуп келе жаткан назик үндүү сүйүктүү ырчым Неля эжеге салам жолдойм! Ар дайым бар болуңуз жана Урмат байке менен бактылуу өмүр сүрүңүз! Кузя.
ОП-136-06. Мелис байке, эртерээк келиңизчи, мен сизди сагындым. Козу.
ОП-136-07. Жүрөгүм калбыр болуп бүтмөй болду, Өзүңдү күтүүгө эч түтпөй койду. Аттиң ай колдон келбес нерсе экен. Унутуп, сени такыр күтпөй коюу, Көзүмдү жумуп алсам, унуттум деп, жүрөгүм кайра сени элестетет. Кечиргин, кечигип мен баратам деп, утурлап, келаткандай элес келет.
ОП-136-08. Кыргызым деп эл арасынан суурулуп чыгып, кыргыз үчүн кызмат кылып, талантын арнап, мен нукура кыргызмын деп рэп ырлары менен таанылгын патриот жигит Добр менен сыймыктанам! Таланттың ташкындай берсин, мен сени абдан жакшы көрөм жана сыйлайм! Зуура. 0551184891.
ОП-136-09. Мен бир жигит менен кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрөм, бирок, ал баланын ата-энеси мага өтө жага бербейт. Анткени, мен алардын үйүнө барганда, ар кандай сөздөрдү айтып көңүлүмдү калтырды. Жигитим менен жүрбөй коёюн десем, такыр унута албай жатам. Мага кеңеш бергилечи.
ОП-136-10. Казакстандан Гүлжан менен Бүбүжан Ош жергесиндеги Жоробеков Абдыкеримди издешет. 87775679257 номерине кабарыңарды билдирсеңер болот.
ОП-136-11. Мика мен сени сүйөм! Козуң.
ОП-136-12. Мен партиялардан Республикага ишенем. Себеби, бардык адамдар ишмерлер. Республика, силерге ишенебиз! Хана .
ОП-136-13. Менин жаным Өмүрбекке арналат: Алмалуу гүлдүн багынан, Ар бир күндүн, аппак аткан таңынан. Күндө ойлоп, бир өзүңдү сагынам. Сенин күлкүң кулагыма жаңырган, Сени күтүп, сени күтүп алтыным, Издеп, сендей таба албадым ай-ааламдан. Себеби, сен кымбатсың баарынан. А….
ОП-136-14. Урматтуу ОП-135-118 абоненти таластык жигит, беш кол тең эмес да, кыздардын баары байлыкка азгыруучулардан эмес. Туура, байлыкка сүйүүсүн алмаштырган селкилер да жок эмес. Сиз да сулууну эмес, жан дүйнөсү кереметти издесеңиз, албетте табасыз! Жөнөкөй кыз.
ОП-136-15. Кыргыз элим бар бол, сак бол, аман бол!
ОП-136-16. Чоң иштеп, тиштеп жаткан адамдар, өзүңөрдү ойлобой, элди да ойлобойсуңарбы? Алматада иштеген кыргыздарга да көңүл бөлүп койсоңор болмок. Өзүм деп өлүп кетпегиле.
ОП-136-16. Жалалабаттыктарга салам. Ишиңерге ийгилик! Жалпы кыргыз элим, жеримде тынччылык орносун! Алматадан Мунара.
ОП-136-17. Ата-Мекен партиясын колдосоңор, жаңылышпайбыз жаштар. Анткени, союз жаштарынын колдоосу менен уюшулган. Акча, байлык сатып алуу менен эмес.
ОП-136-18. Саламатсызбы Добр, сизге чыгармачылык бийиктик калоо менен бирге, суроом: "Сиз үчүн түбөлүк, тунук сүйүү…?" Нурайка.
ОП-136-19. Ким айтты намазсыз бейишти ачам деп, акчага ключун алам деп. Ойлобогун эч качан мусулман, Өлүмдөн алыска качам деп. Э. Дима.
ОП-136-20. Мен Самуэль деген досумду издеп жүрөм, окуп калсаң, байланышчы мени менен, сураныч. ыОП-136-21. "Обон" газити, Кыргызстан боюнча №1 гезит. Лейлектик кыз.
ОП-136-22. Дүйнө сулуу ислам менен, Сүйүү ширин ыйман менен. Аллах берген өмүр таттуу, окучуулук күндөр менен. Сырдуу кыз.
ОП-136-23. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы алга! Чыныгы патриот инсан, ал Адахан Мадумаров! Мирка.
ОП-136-24. Кандай сонун көк чөптө ак шүдүрүүм, андан сонун кызгалдак ачса гүлүн. Кечээкиге кейибе, жаша куунак, Бардык күндүн улуусу-бүгүнкү күн! Мирка.
ОП-136-25. Сүлүктү шаарчасындагы №9 гимназиянын 10-классына ысык салам! Силер суперсиңер! Миргүл 94.
ОП-136-26. Исфананын жаштары барсыңарбы? 94-жылкы кыздар Гүлнура, Кико, Дина, Мария, Рахатка, Жылдызга салам! Мирка 94.
ОП-136-27. Сүлүктү шаарчасындагы №9 гимназияда окуган жакын курбум, Исманкулова Назгүл бар бол! Сендей доско жолуктуруп койгонуна, кудайга миң мертебе ыраазымын. Досуң Мирка 94.
ОП-136-28. Бишкек шаарындагы ЮР колледжде окуп жаткан Сүлүктүлүк 93-жылкы Халбеков Исакка чоң салам! Окууларыңа ийгилик! Миргүл.
ОП-136-29. Исфана шаарчасына жана Тайлан айылындагы Керимовдун үй-бүлөсүнө салам! Мирка.
ОП-136-30. Сүлүктүнүн сулуу, суйкайган, супер селкилерине сагынычтуу сонун салам! Миргүл.
ОП-136-31. Супер смсчилерге жана Алматыда иштегендерге. Балотаны чанып, Алатауга качып кеткен агам Өмүрбеккке салам жолдойм! Мен барганда, төрт буттап, жакшылап жууйбуз. Өзгөндөн Клубничка.
ОП-136-32. КНУнун атын чыгарып, Тамашоуда ойноп жаткан ЧЕЗ командасындагы менин красавчиктерим, Атайчик, Урматик, Чика жана узун Кеша ар дайым жүзүңөрдөн күлкү кетпесин! Сулуулугуңар мени эзилтет. Красотка.
ОП-136-33. Намазды жерден чукуп тапкан эмес, Окубасын деп эч ким айткан эмес. Бул дүйнөдө намаз окубагандар, Эки дүйнөдө бакытын тапкан эмес. Э.Дима.
ОП-136-34. Өзгөн районунун хирургия бөлүмүндөгү 5- палатага салам!
ОП-136-35. Алайлык Элиза, сенин кадырыңа жетпеген балага колуңду ишенип берип турмуштан жолуң болбой калганыңа өкүнөм. Элиза, мен сени сүйөм! Сен үчүн башымды бошотом.
ОП-136-36. Кош-Дөбөдөгү 92-жылкы Мээрим, мен сенсиз жашай албайм! Тима.
ОП-136-37. Лейлектик атам Каримов Халжигитке апам Каримова Бузарага салам! Кызыңар
ОП-136-38. Мээрим мен сени чексиз сүйөм! Бирөө сени капа кылса, тукумун курутам. Тима.
ОП-136-39. Аксы районундагы, Ак-Суу айылына салам!
ОП-136-40. Элим дайым бирге бололу, түндүк, түштүк дебегиле. Барыбыз кыргызбыз!
ОП-136-41. Салам кыргыз калкым! Ошондой эле саламым Лейлек районуна! Бар болгула! Миргүл.
ОП-136-42. Добр байке, сизге чыгармачылык ийгилик, дайым бар болуңуз!
ОП-136-43. Асманда ак булуттар калкып карайт, көл үстүндө ак куудай бир айымды. Эх чиркин, эгер мүмкүн болсо мага, Айым менен сүзмөкмүн мен ары жакка.
ОП-136-44. Кыргыз элим, татыктуу, элинин, жеринин келечегин ойлогон чыныгы патриот азаматтарыбызга добушубузду берели. Астра.
ОП-136-45. Кичинекей мышыгым үшүп келсе эшиктен, Куурчагына жылынат, энеси эшиктен келгиче.
ОП-136-46. Саяктар барбы? Бизге эч ким жетпейт!
ОП-136-47. Адина эже Замир жездем менен бактылуу болгула! Индира.
ОП-136-48. Жаным Айхон, мен сени гана сүйөм! Мен да сенсиз жашай албайм! Сёма.
ОП-136-49. КУУда окуган Иманкулова Венера, Орозбай кызы Махабат, Каныбекова Ырыскүл смсти окусаңар, мага чалып койгулачы. 0555981498, 0705223429 силерди таппай жүрөм. Тамара.
ОП-136-50. Бекжан базарында иштеген досторум Жылдыз, Айзирек, Рахат силерге ийгилик, ар дайым жүзүңөр жарык, жүрөгүңөр ак болуп ыйманга толсун! 180590.
ОП-136-51. Досторум Калыкова Элнура, Света силерди аябай сагындым. Окууңарга ийгилик, ар дайым жолуңар ачык болсун! 18.05.91.
ОП-136-52. Добр нукура кыргыз бала, мен Мүрөк нукура кызмын. Экөөбүз баарлашып көрөйлү да. Мени тандап коюңуз, алыс жактан барам.
ОП-136-53. Шымкент шаарындагы, Бекжан базарында иштеген Барыктабасова Нурияны туулган күнү менен куттуктайбыз! Бактылуу бол! Ар дайым маңдайыбызда жайнап жүрө бер! Ата-энең жана бир туугандарың.
ОП-136-54. Супер КВНшик Саламат Алиев сиздин көзүңүз күйүп турат экен.
ОП-136-55. Замир Арыкбаев коңур үндүү, күн жүздүү жылдыздуу баласың!
ОП-136-56. Келгиле Кыргыз элим, баарыбыз тынч жашашка аракет кылалы. Тима.
ОП-136-57. Добр, сенин эмгегиңди элим бааласын!
ОП-136-58. Добр байке, мен сизди абдан сыйлайм! Сиз нукура кыргыз баласыз! Светик.
ОП-136-59. Аялдар эркектердин жумушун тартып алды. Тамекисин тартып, машинасын айдап, алкоголь ичимдигинен алдыга озуп кетишти. Биз байкуштарга эмне калды? Улан86.
ОП-136-60. Менин сүйүктүү курбум Меканын 28-сентябрь туулган күнү менен куттуктаймын! Аман бол, бар бол! Жази.
ОП-136-61. Таш-Көмүрлүктөр кандайсыңар?
ОП-136-62. Адам баласын Алла таалам бул дүйнөгө жаратканга чейин эле маңдайга көп нерсени жазат турбайбы. Андан эч ким эч жакка качып кутула албайт экен. Ошон үчүн айтат да, Алла маңдайга эмнени жазса, ошону көрөбүз деп. Кыргыз калкым аман болуңуздар! Экс-смсчи Жанусь Роза.
ОП-136-63. Экс смсчи досторум, Айгөлөк, Меришка, Леди, Гуличка, Макуся, Канжар, Эркин, КБШ, Ангел-Асем, Ханышй, Кейси, Гуля88, Наргиза, Кеминдик Наргиз, Аська, Мухит, Нурзат 90, Абда, Амангүл, Гузеля, Фея, Алтынай, Зуля, Мисс Сайит, Ангел жана башка досторума салам айтам! "Обонтайга" качан кайрылып келесиңер, дайыныңарды билдиргилечи? 0777527555
ОП-136-64. Корей актерлору жөнүдө жазыңыздарчы суранам.
ОП-136-65. Салам кыргыз элим. 10- октябрь келе жаткан шайлоо күнүңөр менен! Өз партияңарды туура тандап, келечек үчүн күрөшкүлө, бардыгы биздин колубузда. Алга, Кыргызстан!
ОП-136-66. Анекдот: Аялы күйөөсүнө: Мага 50 сом берчи, тишимди жулдуруп келейин десе, күйөөсү 100 сом берет. Анда аялы, жок мага 50 эле сом керек десе, Күйөөсү камырабай, ме 100сом, алдагы тилиңди кошо жулдура кел дептир.
ОП-136-67. Төлөк айылына салам!
ОП-136-68. Жалалабад областына караштуу Октябрь айылындагы менин сүйүктүүм Аширова Аиданы 17 жашка толушу менен куттуктайм! Аида мен сени чексиз сүйөм! Бишкектен Алымбек 90.
ОП-136-69. Мээрим, сен менин бул дүйнөдөгү бардыгымсың, мен сени эч кимге бербейм! Тима.
ОП-136-70. Кыргызстан мен сени сүйөм!
ОП-136-71. Мүнөзү да жакшы, түсү да бар, бирок, окуган эмес. Турмушка чыксам болобу? Бир туугандарым иштеген балдарды табат. Жүрөгүмөбү, же акылыма кулак салайынбы?
ОП-136-72. Гүлгө жеткис нерсе барбы дүйнөдө, Гүлдөн сулуу нерсе барбы дүйнөдө. Гүлдөргө теңешет кыздарды, Ардактайлы гүлдөй кылып алдарды. Мира 94.
ОП-136-73. Сүйүү бул баткак, сен жүрөсүң аны аралап. Кечээ сүйөм деген жигитиң, эртең кетет сени таштап. Мира94.
ОП-136-74. Супер КВНшик Саламат Алиев, сиздин көзүңүз оттой жанып турат. Э…..
ОП-136-75. Сүйдүм сени сезимдерди багына, Сүйүүм күчөп бараткансыйт дагы да.
ОП-136-76. Досторумдун арасынан Курбанбек аттуу жигитти унутуп калыптырмын. Эгер смсти окуп калсаң, сенден кечирим сурайм! Таарынба. Мерин.
ОП-136-77. 9 б классынын жетекчиси Асанова Айгүл эжеге чоң салам! Биз сизди абдан жакшы көрөбүз, ар дайым ден соолукта болуңуз. Мерин.
ОП-136-78. Добр, сизге ырларыңызды ким жазып берет? Негизи ырларыңыздын мааниси такыр жок. Эгерде жазуучу, акын менен иштешкиң келсе, 0778665915 номерине чал. Акын Алимбек.
ОП-136-79. Алай районунун жашоочууларына ысык салам! Арслан.
ОП-136-80. Дордой базарында иштеген 1979 -жылкы Карыбеков Бакытка салам.
ОП-136-81. Добр байке, сиз башка жанрда ыр ырдай аласызбы?
ОП-136-82. Кандайсыңар "Обондун" смсчилери, эми мен силер менен. Бема.
ОП-136-83. Айгүл эже, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып бериңизчи? Зара.
ОП-136-84. Добр байке, сизди үйлөндү деп айтып жатышат. Ошол чынбы?
ОП-136-85. Нуриза эже, окууларыңызга ийгилик, бактылуу болуңуз! Иниңиз Темиш.
ОП-136-86. Көрбөсөм кантип сүйөмүн, каралдым менин жүрөгүм, көргөнү ашык болуп мен, карааныңды издеп жүрөмүн. Карекке толгон көз жашым көк деңизге айланды, көрбөсөм дагы көңүлүм сага байланды. Акын Алимбек.
ОП-136-87. Саламатсызбы Айгүл эже, ден соолугуңуз жакшыбы? Сиз алгачкы сүйүүгө канча жашыңызда кабылдыңыз эле?
ОП-136-88. Кызым Молдорова Айдайга бактылуу балалык каалайм! Апасы Молдорова Бактыгүл.
ОП-136-89. Кочкор районунун, Кум-Дөбө айылынын Бирлик кыштагында экс-кайненем Шайырды абдан сагындым. Саламым менен кетип калган келиниңиз Бактыгүл.
ОП-136-90. Түнүңүздөр бейпил болсун!
ОП-136-91. Р.Отунбаева сизге айтаарым, эч качан бөлүнбөңүз, жаратканым дайым бизди колдоп жүрөт. Жардам сурап, башкаларга өтүнбөңүз. Акын.
ОП-136-92. Көрбөсөм кантип сүйөмүн. Каралдым менин жүрөгүм, Карааныңды издеп жүрөмүн.Көргөнүмө ашык болуп мен, карааныңды издеп жүрөмүн. Карекке толгон көз жашым көк деңизге айланды, карааныңды көрбөсөм дагы, көңүлүм сага байланды. Акын Алимбек.
ОП-136-93. Бардык смсчилерге жана Бакай-Аталык Айпериге салам жолдойм!
ОП-136-94. Кумир менен баарлашканга Айгеримди чакыргылачы. Нурайым.
ОП-136-95. Добр менен Айгеримге чоң салам! Нури.
ОП-136-96. Чачыкей сен менин эң жакын курбумсуң. Ар дайым бар бол! Нури.
ОП-136-97. Нукура кыргыз бала Добрга салам жолдойм! Сиздин жөнөкөйлүгүңүзгө баа бердим. Бар болуңуз, аман болуңуз! Нури.
ОП-136-98. Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин 8а классынын окучуусу Чачыкей менен Таалайга салам жолдонот.
ОП-136-99. Сүйүү, сүйүү кандай көңүлдүү, сүйбөй адам өткөрөбү өмүрдү. Эгер сүйбөгөнгө жолуксаң, Айтчы ушул дагы өмүрбү?
ОП-136-100. Айгерим, чексиз мактоого татыктуу! Нурайым.
ОП-136-101. Сиңдибиз Хафизаны жана инибиз Улукбекти удаа келген туулган күндөрү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Ардактарыбыз, силерге дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайбыз! Эжеси Наргиза жана жездеси Бактияр.
ОП-136-102. Айгеримдин күйөрманы Новелла, сизге ийгилик!
ОП-136-103. Обон гезитинин смсчилери Айпери менен Аскага салам! Нурайым.
ОП-136-104. Нурлан Насип талантыңыз ташкындай берсин! Нури.
ОП-136-105. Кусага баткан жүрөгүм, кымбатым жаным сен өзүң, кубанып кээде кетемин, кылыктуу сенин мүнөзүң. Акын.
ОП-136-106. Окурмандар мен "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен "Ак жол" партисын колодойм! Алимбек.
ОП-136-107. Казакстанда иштеп жатышкан кыргыз бир туугандарыма салам жолдойм! Иштериңерге ийгилик, өзүңөргө чың ден соолук каалаймын! Акын.
ОП-136-108. Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылынын тургундары Беккулиевдердин үй-бүлөсүнө салам!
ОП-136-109. Бөлүнөбүз биз эмнеге айткыла, жерибиз бир, элибиз бир эмеспи. Күндө эле учурашабыз эмнеге, айткылачы ушул бизге керекпи. Биргеликте бөлүнбөй иш алып барсак, күнү-түнү бир кудайга жалбарсак. Бизден өткөн баатыр инсан болбос эле, Жүрөктөрдөн биз дайыма туура сөздү тандап айталсак. Алимбек.
ОП-136-110. Кадам-Жай районундагы Б.Айтматов атындагы орто мектебине ысык салам. Сара 95.
ОП-136-111. Сүйө билсең көп түрү бар сүйүүнүн, Кереги эмне жеңил-желпи жүрүүнүн. Махабатың кимге артык берилсе, Сен ошонун багында сайраган булбулусуң. 95 Сара.
ОП-136-112. Салам Жульетта, мүмкүн болсо достошуп алалычы. 0770186359 Сара 95.
ОП-136-113. Сүйүктүү ырчым СултанСадыралиевге ысык салам! Элмира.
ОП-136-115. Мени тааныгандарга жалындуу ысык салам жолдойм! Аман болуңуздар, бар болуңуздар! Алимбек.
ОП-136-116. Атай Өмүрзаков, мен сизди аябай сүйөм! Ошондой эле сүйүктүү ырчым Мирбек Атабековго салам. Элмира.
ОП-136-117. Сыныш мен сени сүйөм! Мырзайым.
ОП-136-118. Кантип сүйдүм бактым сага байланды, Эң жөнөкөй жал-жал көзүң арбады.
ОП-136-119. Айгеримдин күйөрмандары келгиле, достошобуз! Нурай.
ОП-136-120. Достор айткылачы, бардык адамдар адашабы?
ОП-136-121. Сүйүүнү кудай бир берет, Сүйүүдө болот керемет. Сүйө албасаң сүйгөнүңдү, Сүйүүсүз жашоо не керек?
ОП-136-122. Дос бул кайгы кубанычыңда шерик, ооруганда дарыгериң, ал эми азап башыңда турганда, сенден азапты алууга дайым даяр жакын адамың. Эгерде ушундай досуңуз болсо, сиз аябай байсыз. Эч убакта мындай досту капалантпаңыз!
ОП-136-123. Таш-Көмүрлүк Ажар кандайсың? Сен абдан жөнөкөй кыз экенсиң, дале турат көз алдымда элесиң. Ажарлуу кыз экенсиң, сүйүп калган экенмин. Сырдуу жигит.
ОП-136-124. Сүйүү чок, каалабаса өчүп калат, Сүйүү гүлү калабаса соолуп калат. Эки жаш так ошону түшүнүшсө, Түбөлүк махабаттан орун алат. 07770241хх
ОП-136-125. Суунун бою атыр, сүйгөнүңдү чакыр, Сүйгөнүң келбесе, сүйөм деп бакыр. 07770241хх.
ОП-136-126. ДайырИсмадияров жана Нурлан Насипке арналат: Бул жашоодо көрбөгүлө эч жамандык, Коштоп жүрсүн силерди амандык. Илим-билим бакыт, сүйүү жана да, Эң башкысы ыймандыкты каалаймын. 07770241хх.
ОП-136-127. Азаптуу күнгө кабылган, Махабаттын отуна малынган. Унута албай сыздап ыйлаган, Нурлан Насипке салам айтамын. Сизге чыгармачылык ийгилик каалайм! 07770241хх.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??