п»ї
 Таанышуу жарыясы


Чамгыр тарткан ырчылар
Ар бир инсан мектеп убагында ар түрдүү жомоктор менен таанышып, анын каармандарынан сабак алат эмеспи. Ал эми "Чамгыр" жомогу жаш ыбалдардын аң сезимине сиңип калганы баарыбызга маалым. Дал ошол жомоктогу ар бир каармандардын ордуна биздин шоу тармагындагы чыгармачыл адамдарды коюп, өсүп чыккан чамгырды кантип тартып, ким кимди жардамга чакыраарына чогуу күбө болсок.


Алгач Замир Арыкбаев чамгыр сээп, ал чоңоюп өскөндөн кийин казып алууга келет. Чамгырдын сабагынан тартып жерден сууруп чыгара албай коет да өзүнүн жакын аяшкасы Неляны эстей коюп жардамга чакырат.
Неля Замирге жардамга келип, аяшын белинен кучактап, экөөлөп болгон күчү менен тартып киришет. Чамгырды сууруп чыга алышпай, Неля тердеп-кургап, эси оогондон кийин терең ишенген, дайыма колдоп келген, ишенген курбу кызы Кундузду жардамга чакырат.

Кундуз Неляга, Неля Замирге жармашып , күчүркөнүп чамгырды кайра тартып башташат Эч тартып чыгара алышпайт.

А нан Кундуз өзүнүн иничеги Омарды жардамга чакырат, анткени, Омар дайыма кундуз эжекесинин жөлөк-таягы болууга даяр экенин кыз өзү сезчү.

Омар Кундуздун назик белин кучактай, ичинен сынып калбаса экен деп коркот. А бирок, чамгырды сууруп чыгыш керек да! Айласы кеткен Омар Кундуздун денесин аткып, күчүн жыйнап тартып кирет. Акыры өзү да майнап чыгыра албасына көзү жеткен Омар Максатты жалбарып жардамга чакырат. Максат аккөңүл, алдуу-күчтүү, кең далылуу жигит эмеспи, Омардын артынан кучактай калып, баары чиренип "бол эле бол" деп шыкакташса дагы көгөргөн чамгыр козголбойт. Айлалары кетет. Максат Бегалиев жардамга кимди чакырсам деп ойлонуп атып, "Ушу Бактыгүл жарайт, тамакты да бабы менен ичип, алкымын жакшы сыйлачу эле, демек, күчтүү эле болуш керек, чамгырды сууруп чыгат" деген ишеничте Бактыгүл Бадыеваны жардамга чакырат.
Бактыгүл Максатты, Максат Омарды, Омар Кундузду, Кундуз Неляны кучактап: "бир, эки, үч" деп тартканда оңбогур чамгыр суурулуп чыгып, ырчылар буттары асманга көтөрүлө чалкасынан кетишти.
Нургүл Ибраева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??