Маалымат майданында
Президентибиздин эл аралык коомчулуктан Кыргызстандын тышкы карызын жоюп салу өтүнүчү туура багыт
Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Ж.Сатыбалдиев Бишкектеги бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында муну менен Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерди өзүнө алат. Тактап айтканда адам укуктарын коргоо, турмуш-шарты жетишсиз бүлөдөгү балдарды жана аялдарды коргоону өз мойнуна алат. "Болочокто мындай жол менен Кыргызстандын тышкы карызын жоюп салуу маселесин чечүү мүмкүнчүлүгү бар" деди Ж.Сатыбалдиев.


"Жыл мугалими - 2010" сынагы өткөрүлөт
Кыргызстанда экинчи ирет өткөрүлө турган быйылкы "Жыл мугалими - 2010" сынагынын жалпы байге фонду 1 млн. 326 миң сомду түзөт. Ага республикалык бюджеттен 1,5 млн сом бөлүнгөн. Сынак "Жылдын мыкты мугалими", "Мыкты жалпы билим берүүчү мектеп" жана "Мыкты балдар бакчасы" номинациялары боюнча өткөрүлүп, таланттуу педагогдорду сыйлоо, окуу мекемелеринде инновациялык усулдарды киргизүү максатын көздөйт. Мугалимдердин республикалык сынагы бүгүн Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы №1 орто мектепте башталып, 30-сентябрда Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде жыйынтыкталат.


"НТС" телеканалынын операторун сабап кетишти
Бишкекте ишемби күнү "Арзу" кафесинин жанында "НТСтин" 3 операторунун жана белгисиз 5 баланын ортосунда чыр-чатак чыккан. Натыйжада 31 жаштагы оператор Тимур Исманбетов оор жаракаттар менен ооруканага жаткырыылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө иши жүрүп жатат.


Кыргызстандын делегациясы АКШга болгон иш сапарында 250 миң доллар үнөмдөдү
Кыргызстандын делегациясы АКШга болгон иш сапарында 250 миң доллар үнөмдөдү-деп билдирди Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Муктар Жумалиев. Анын айтымында "Р.Отунбаева баштаган БУУнун генералдык ассамблеясынын 65-сессиясында кыргыз делегациясы бюджеттеги акчаны үнөмдөдү. 15 мүчөдөн турган кыргыз делегациясы бир рейстик авиабилеттерди сатып алып, АКШга барышты. Муну менен биз 250 миң доллар үнөмдөдүк. Бул Р.Отунбаеванын демилгеси болду," -деди М.Жумалиев. Белгилей кетсек , буга чейин Кыргызстандын делегациялары катышуусундагы расмий иш сапарларда чартердик рейстер менен жүрчү экен.


"Оймо-2010" фестивалы эч кандай натыйжа бербептир
Бул тууралуу туристтик операторлордун ассосациясынын президенти Айнура Сыдыкова билдирди. Анын айтымында, фестивалдын эл аралык деңгээлде жылышы болгон жок жана анын өтө турган күнүн алдын-ала такташ керек бочу, балким, ошондо башка өлкөлөрдөн туристтер көбүрөөк келмек. "Фестивалга бар болгону, ал жерден негизинен кокустан келгендер жана чет өлкөдөн башка иштер менен келген жарандар жүргөнүн байкадым," деди А.Сыдыкова.


Жаңы ыр жыйнак чыкты
Жакында Кадырбек Керимбаевдин "Чыр дептер" аттуу ырлар жана пародиялар топтому жарык көрдү. Жыйнакка аттуу-баштуу саясатчылардын кемчиликтери же "ичти жылытарлык" сапаттары көзгө сайгандай даана сынга алынган. Китептин баш сөзүн кыргыздын чыгаан уулу Шайлообек Дүйшеев жазган. Заманыбыздын бетке чабар тайманбас инсандарынын бири Кадырбек мырзага аманчылык жана чыгармачылык ийгилик каалайбыз. Баса, автордун "Сыр дептер" жыйнагы да жарык көрүүнүн алдында турат.




Өмүрбек Бабанов:
"Биздин партиянын бардык региондо элдин оозуна алынып, колдоого арзып бара жатышы бир топ саясатчыларга тынчтык бербей жатат"
26 - сентябрь 2010 жыл
26-сентябрдын экинчи жарымында Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов баш болгон депутаттыкка талапкерлер - партия мүчөлөрү Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Мирлан Бакиров жана Малик Осмонов областтын эли менен жолукту.
Борбордук стадионго "Республика" саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасы менен жакындан таанышуу жана партия лидери Өмүрбек Бабанов менен көзмө-көз жолугуп, суроо берүү үчүн 20 миңге жакын облус жашоочулары келишти.
Партия лидери Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө учурдагы күзгү талаа жумуштарына карабастан, жолугушууга атайын убакыт бөлүп келгендиги үчүн облус жашоочуларына ыраазычылыгын билдирди.
"Бүгүн "Республика" кризиске каршы конкреттүү программаны иштеп чыккан жападан жалгыз партия. Азыркы шартта кыргызстандыктар мамлекет менен бийликтин колдоосуна өзгөчө муктаж болуп турган учуру. Мамлекет тарабынын элге көрүлгөн камкордук деген эмне? Ал - татыктуу айлык акы, жеткиликтүү билим берүү, сапаттуу медициналык тейлөө, айыл чарбасына берилүүчү жеңилдетилген кредиттер, өнөр жай тармагына, социалдык курулуштарга жасалган колдоо. Бул маселелерди чечүү - мамлекеттин эң башкы милдети! "Республика" партиясы Кыргызстандын ички финансылык жана жаратылыш ресурстарын коррупциянын айла-амалга салынган ыкмаларысыз колдонууну сунуштап жаткандыгын дагы бир жолу эсиңиздерге салууну туура көрүп турам. Биз бир үй-бүлөгө эмес, жалпы кыргызстандык мекендештерибиздин кызыкчылыгы үчүн таза абийир менен иштөөнү сунуш кылып жатабыз",-деди Өмүрбек Бабанов.
"Республиканын" лидери жалал-абаддыктардын бир нече суроолоруна жооп берди. Карапайым эл "Эмне үчүн бир катар партиянын лидерлери "Республика" партиясы Максим Бакиев тарабынан каржыланып жатат деп айтып жатышат", "Республика" партиясынын Роза Отунбаевага тиешеси барбы", "Шайлоолор таза өтөрүнө ишенесизби" деген суроолор берилди.
Буга партия лидери Өмүрбек Бабанов кезеги менен, түшүнүктүү кылып жооп берди. "Биринчиден, "Республика" партиясы эч ким тарабынан каржыланбайт жана чет жактан келген акчага муктаждыгыбыз жок. Бул боюнча мен бир нече жолу айтканмын, бул жолу да сиздердин алдыңыздарда айтып коюшту эп көрүп турам. Биздин партиянын мүчөлөрүнүн каражаты жетиштүү болгондуктан, сырттан акча алып жатат деген сөз күлкү келтирерлик нерсе. Экинчиден, "Республика" партиясынын Роза Отунбаевга эч кандай тиешеси жок. Эгерде чынын айтсам, өзгөчө акыркы күндөрү биздин партия тууралуу атайылап ар кандай ушак сөздөр, чындыкка келбеген жалган кептер таратылууда. Биздин партиянын бардык региондордо элдин оозуна алынып, колдоого арзып бара жатышы бир топ саясатчыларга тынчтык бербей жатат. Элдин колдоосуна татып жатышыбыз өзгөчө, элдин алдына чыгып куру убадаларды бергенден башка колунан иш келбеген саясатчыларды жаман абалга алып келип, бүлүнтүп жатат. Мен элдин салмактуулук менен акыл калчап, ой жүгүртүп туура тандай тургандыгына ишенем",-деди партия лидери.
"Жакында өтө турган шайлоонун таза өтөр-өтпөсү туурасында айта турган болсок, парламенттик шайлоонун таза, бурмаланбай өтөрүнө мен ишенбейм. Азыртадан эле бир нече партиялардын мамлекеттик ресурстарды пайдаланып жаткандыгын көрүп жатабыз. Андыктан "Республика" партиясы шайлоонун таза өтөрүнө ишенбейт, бирок, калың элдин, карапайым кыргызстандыктардын колдоосуна ишенет жана таянып турат. Биз маанилүү тандоонун алдында турабыз, эгерде сиздер 10-октябрда биздин партияга добуш берсеңиздер, бул суроого жооп берген болосуздар. Ал эми бизге берилген добушуңуздарды коргоп, сактап алууга болгон аракетибизди жумшайбыз",-деп жооп берди Өмүрбек Бабанов.
Эл алдында чыгып сүйлөгөн Бакыт Төрөбаев менен Мирлан Бакиров "Република" партиясынын экономикалык программасынын артыкчылыктары туурасында айтып берип, жалалабаддыктарды өз элинин кызыкчылыгы үчүн экономикалык жана саясий туура чечимдерди кабыл алууга багыт алып бара жаткан жаткан жаш лидерлерди колдоого чакырды.
Жолугушуу кыргыз эстрада ырчыларынын концерти менен аяктады.