Нарсулуу Гургубаева, акын, М.Горький атындагы адабий институттун бүтүрүүчүсү.
Бул өмүрдүн жазы бар да, күзү бар,
Бийиги бар, баткагы бар, түзү бар.
Жазын жаздай, күзүн күздөй жат билген,
Бир мезгилдин менде калган изи бар.

Ар бир күнү кызыл канат көпөлөк,
Ал мезгилдин аты өзүңө төп эле.
Мени сүйгөн жигиттердин ичинде,
Мен сүйүмүш эткендер да көп эле…

Кыял болсо бактуу, шактуу, бутактуу,
Кадамдарым мизинде ойноп бычактын,
Сүйүүгө окшош нерсени издеп түндөрдө,
Үнүн ээрчип кетээр элем сүтактын.

Көркү менин көйнөгүмдү түзөгөн,
Ошол жылдын күзү өзгөчө күз эле.
Анан мага кезикти эле бир адам,
Ашпаган бир максат болуп жүзөгө…

Бул өмүрдүн жазы бар да, күзү бар,
Бийиги бар, баткагы бар, түзү бар.
Күнүн күндөй, гүлүн гүлдөй жат билген,
Ошол күздүн менде дале изи бар…

Сыйын алып, сынык чыны албастан,
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүнөн.
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен.

Кетем да анан кеткен бойдон кайрылбайм,
А сен мени ошол бойдон көрбөйсүң.
Куу турмуштун менсиз тартып суугун бу,
Ысыгын да анан менсиз чөлдөйсүң.

Менин атым чымчыганда эсиңди,
Жараткандан мага бүтүн бак сурап.
Жашайсың сен ыөзүң менен өзүң бир,
Жар күтсөң да мендей, менден жакшыраак.

Кол серпсең да бийиктерден бийикке,
Бирок, сага мунун баары кем өңдүү.
Сагынасың жаз жыттанган чачымды,
Сагынасын Күн жыттанган денемди.

Сыйын алып сынык чыны албастан,
Чыгып кеткен аял өңдүү үйүнөн.
Кетем сенден көлөкөмдү эш кылып,
Ааламыңа сыйбай калган күнү мен…

Мен өмүрдөн кеткен кезде күз гүлдөп…
Өксүйт азы өксүйт, бирок, чын дилден,
Арасында ажал сезип өзүн бир,
Бирөө болот күйгөндөрдөн көп күйгөн

Ошол бирөө кездешүүгө кеч келип,
Өзүн аяп, өзүн өзү жек көрүп,
Жыйнай албай шамал жулган ойлорун,
Амал издеп тураары чын четте бир.

А мен болсо кеткен менен өмүрдөн,
Көксөөсүндө калып кетип көп ырдын.
Тегиз тиктеп адыр-будур дүйнөгө,
Көздөрүндө жанып турам Теңирдин…

Билем эне мен мезгилдин сыныгы,
Баскан жолун, башат тегин унуткан.
Кыйын мага адам болуу чыныгы,
Аял болуу андан кыйын куруп кал...

Тилегиң ай, байлык, бала, көшөгө,
Өмүрлүк жар ичпеген да, чекпеген..,
Күткөнүбүз үчүн балким, экөөлөп,
Бүгүн эне мен бакытты жек көрөм…

Сурабачы неге, кантип, кандай деп,
Өмүрүмдүн сен түшүнбөс бул жагын
Ансыз деле каталарым канды жеп,
Ооруга оору, ойго ой кошот, муңга муң.

Биз мезгилди бирге жашап атабыз,
Эки башка дүйнө менен, ой менен.
Жарыктыгым сенин батаң катасыз,
Мен чамасы жаңылганды оң көрөм.

Мен чамасы жаңылганды оң көрөм…

Кечирим оо сен азыр сурабаган,
Туюлат айтылбаган каргышымдай.
Кечирем бүгүн, эртен, кийин, анан.
Болгону сурап үлгүр жалгызым ай.

Мен сенден кече электе, кете электе,
Ак жол де эркиң жетсе текеберим.
Калганга кадырлаш көп, кечелеш көп,
Жолу оор, жолу катуу кеткендердин.

Билем мен сүйүш, аяш, жалынычтан,
Айыпты мойунга алыш кыйын азап,
Мен сага кетпей туруп жаңы душман,
Сен мага болгону бир жылуу башат.

Андыктан кечиктирбей кечиргин де,
Кем сөздүү, кексе пейил жарым кудай…
Сендейден кечиш чыны кесир, күнөө,
Сендейден кетүү бирок карызымдай.

сендейден кетүү бирок, карыз чындап..





Жыргалбек Касаболотов, акын, "z. press. kgs" маалымат агенттигинин долбоорунун редактору.
Эрте кеткен турналар
(Кечиккен репортаж)
Жаан ыйлап, жашын тынбай төгүп турду.
Жамы журт жамандыкты көрүп турду.
Жаалына чыдай албай эр жигиттер,
Жаныштын аткычтарын сөгүп турду.

Эл келип эки жактан чубап жатты.
"Элди аткан кыргызбы?" деп сурап жатты.
Жамгырдай жааган октор тийген сайын,
Жанымдан жапжаш балдар кулап жатты.

Бирөө да элден качып бөлүнбөдү.
Бир тобун бир заматта өлүм жеди.
Бийликке келмек болгон билермандар
Бирөө да жаныбыздан көрүнбөдү.

Шыпшайдар тукумдары кетпей турду,
Шыкаалап маскаларын чечпей турду.
Үчөөнү үзө атсак деп көздөн учуп
Үч мылтык колубузга жетпей турду.

Эх балдар, таңды тоспой ок тостуңар.
Эл үчүн акыреттен достоштуңар.
Аянтта, апрелдин сегизинде
Асмандан турна болуп коштоштуңар.

Тирүүлөр өз жашоосун улап келет.
Тим калбай жүрөк кээде бурап келет.
"Тайманбас жаш балдардын арбагына
Татыктуу болдукпу?" - деп сурап келет.

Кан менен жин аралаш сасып турат.
Калааны күүгүм туман басып турат.
Кайрандар өчү алынбай калабы деп
Кара таш көөдөнүмдө батып турат.

Бир күнү мен да күнүм бүтүп калаар.
Бир азга көч токтолуп күтүп калаар.
Айланып араңарга кошулганы,
Арбагым артыңардан учуп бараар.

өТКөН ЖАЗДЫН ГүЛүНө
Жоругуң азыр чоочун, мага бөтөн.
Жолуккан күндөрдү эстеп, санап өтөм.
Сен иштеп отурганда, шек алдырбай,
Сексейген чачтарыңды карап өтөм.

Сезимди сага арнаган бирден тыйып,
Сездирбей басып кеткем, ичтен күйүп.
Бурулуп эки айрылыш жолго салган
Бул турмуш, аска болчу, бизден бийик.

Көп мезгил аккан сайын өзөн болуп,
Көрүнгүң келет, мага бөтөн болуп.
Элжиреп күлгөнүңдү көп жашырбай
Эстей жүр өткөн жазды, эсен болуп.

Бир басып далай кечте күүгүмдөгөн
Бир сыйра жолукмайын түн кирбеген,
Ал кездин урматы үчүн, балбылдаган,
Аман бол, асылкечим күлмүңдөгөн.

Кыйбас жанга кылчаюу
Акылым түшүп жатып отко-сууга,
Аттандым тагдыр менен достошууга.
Кантсе да кабары жок кетпейин деп
Кайрылдым өзүң менен коштошууга.

Табышмак бул жашоонун билип сыйын,
Тартынбай Таза жолго кириш кыйын.
Жеңишти көздөп чыккан максатыма
Жетээрим, жетпесимди билиш кыйын.

Кыя албай кылчак караар кезим болдуң,
Кыялда орноп калаар сезим болдуң.
Кайрылбай караан үзгөн жаштыгымдын
Канатын көкөлөткөн өзүң болдуң.

Каалаба, кайра кайтып келишимди.
Каалай жүр, андан көрө жеңишимди.
Тилеймин сен бактылуу болушуңду.
Тизмектеп өмүр гүлүн теришиңди.

Сезимге терең каткан тумар болуп,
Сен калдың эч ким билбес кумар болуп.
Көрүнүп башкаларга көркүң артып,
Көктөй бер, көлөкөлүү чынар болуп.

Таштаарда кадамдарды кырдан ары,
Таптаза сезимдерге нурданалы.
Сый менен достук калсын ортобузда.
Сырлары сырт дүйнөгө айтылбаган,
Сыймыгың болгум келет мындан ары.

Өмүр жана Өлүм
Каректен Дүйнө чагылып турган,
Кайрылбас Өмүр агылып турган.
Бүктөлгөн далай иштердин баарын
Бүтүрчү маалы табылып турган.

Күндөрү күнгө уланып барчу.
Күлмүңдөп кээде кубанып калчу.
Мөөнөтү жетип, үзүлүп түштү
Мөлтүлдөп турган бир Өмүр-Тамчы.

Толтура киши топурап барды.
Толтуруп уучун, топурак салды.
Томсоргон көздөр тобуна кайтып,
Томпойгон гана топурак калды.

Кайрылуу
Көкүрөктө жаралган көпөлөктүн,
Көп жыл бою канатын көкөлөттүм.
Оюм өстү. Опол тоо боюм өстү.
Ошентсе да Эр жетип өсө элекмин.

Мен жетилбей, мага окшоп сен жетилбей,
Мезгил өттү, эл күткөн эр жетилбей.
Мээлеп жүргөн коңшуга жем болчудай,
Мекенибиз өксүүдө, тең жетилбей.

Көптү билдим, көп иштер себеп болду,
Көк Асаба көөдөнгө желек болду.
Бүгүн мага калдыркан канаты эмес,
Бүркүттөрдүн канаты керек болду.

Көкөй кесип, эл-жердин таланышы,
Көздөн учту, Көкжалдын жаралышы.
Кыл чайнашкан, кылычтын мизиндеги,
Кыргыз үчүн кыйчалыш заман ушу.

Улуу сөздү унуткан уландарым!
Уучу толсо уурудай кубанганым.
Уйпаланган токолдой жалдырабай,
Улуу жолго бет алчы, суранганым.

Тура бербей бир нерсе кылыш керек!
Туура жолго тумандан чыгыш керек.
Шибегенин учу эмес, бүгүн бизге,
Шилтегени мүрт кеткен кылыч керек.

Асылдыкты таркаткан үрөнүндө,
Азаматтын жетилген түнөгүндө,
Айкөл Манас абалкы күмбөздө эмес -
Ар бириңдин мекенчил жүрөгүңдө.

Алпкаракуш шилтеген канат болгун,
Артыңдагы балдарга сабак болгун.
Арбактарга милдетиң жүктөй бербей
Алың жетсе - ар бириң Манас болгун!