п»ї
 Таанышуу жарыясы


  киностан

Аракечтин ролун ашыра аткарган
АКТЕРЛОР
Элибизде "Көр казган менен баш жазган адам сооп табат" деген жаман салт бар. Аракечтик деген коомдун трагедиясы, андан арылуу актуалдуу маселе болгондон баштап, искусствонун бардык тармактарында, анын ичинде кино тасмасында чагылдырып, адамдарга анын терс жактарын ачып, эскертүү жасоо кыргыз киносунда да таамай көрсөтүлгөн.


"Азаттын ролун профессионалдык деңгээлде ачып берүү мен үчүн кызык…"
(С. Чокморов)
Албетте, бул жөнүндө сөз кыларда эң алгач эле Т.Океев тарткан "Улан" кино тасмасындагы легендарлуу актёр Сүймөнкул Чокморов аткарган "алкаш" Aзаттын элеси келет. Анткени өзү аракты бир уурттабай туруп, аракечтин типтүү образын жеткире аткаргандыгы баарыбызга маалым. Тагдыры тайкы, жашоодо жолу болбогон аракечти аткарууда, Суймөнкул улуу актёр болсо да, бир аз кыйынчылыктарга дуушар болгон экен. Тасма кыш айларында тартылгандыктан, суукка карабай көлгө түшүп, каарманы үчүн курмандыкка барат. Тасма тууралу мындай эскерүүсү бар: "Буга чейин элибиз мени жалаң оң каарман катары тааныса, ичкиликке берилген эрки жок бир алсыз адам Азаттын ролун аткарыш абдан кыйынга турду. Бирок, чыныгы актёр эч качан роль тандабайт.Аракечти таасын көрсөтүп, профессионалдык деңгээлде ачып берүү мен үчүн кызык болду. Күтүлбөгөн жерден импровизацияны ойлоп табыш, рамкадагы ролдон чыгып кетүү коркунучун жок кылуу бул менин кинодогу алгачкы кадамым эле. Бир эпизодунда Азат адаттагыдай мас абалда үйгө келсе, аялы Гүлсара жаактан ары чаап жибергени атылган октун дабышындай даана угулат. Ошол жерден аткарып аткан каарманыма ушунчалык жек көрүү сезим пайда болду". Ийгиликтин акыбети кайтат дегендей Ереванда уюшулган кинофестивальда "Улан" кинотасмасында "эркектин ролун ашкере аткаргандыгы үчүн" деген наамга татыктуу болгон.


Аракечти аткарып, жашоосунда да каармандын тагдырын кайталап…
Ал эми аракечтин образын "Айыл өкмөтү", "Боз салкын" көркөм тасмаларында өтө ишенимдүү ойногон Каныбек Бекбатыровдун чыгармачылыгын билүү максатында кесиптеши Жамал эжеге кайрылганыбызда ал эскерип да, анын тагдырына кейип да мындай деди: "Каныбек - бул кыргыздын кино искусствосуна өзгөчө салым кошкон уникалдуу талант болчу. Кайталангыс актёрдун чыгармачылык башаты "Туңгуч" театры алгач кадамын таштаганда эле башталган. Орустун Олег Даль аттуу улуу актёруна салыштырып жүрүшөт. "Эпизоддун королу" аталыш чоң түйшүктү талап кылат. Каныбек мына ошондой таланттардын катарында. Германияда "Таямам" спектаклин койгонубузда, Каныбекке өзгөчө таазим этип кол чабышкан. Эч бир актёрго окшобогон өзгөчө жүзү бар эле. Режиссер, операторлор менен бат тил табышып оңой иштешет болчу. Мейли сахада болобу, же кинотасмада болобу аракечтин образына баш-оту менен кирип, болуп көрбөгөндөй ачып берет эле. Бирок, акыркы учурда көп ичип калды. Чыгармачыл адамдар табиятынан көңүлү назик келет. Аларды түшүнүп жашаш бул да өзүнчө бир оор нерсе. Бетке айткан тайманбас жагы болгону менен бир сырдуу инсан экенин жашырбайм. Ушундай жеке жашоосунда кыйналып турса да элге билдирчү эмес. Бир жолу колу чыгып кетип, ооруканага да барбастан, өзү салып алып, ошого көнүп калганын байкагам. Бирок, таланты такшалып эми өрчүп гүлдөп турган маалда көзү өтүп кеткени өкүнүчтүү".


Маматтын образы ойго салып…
Дагы бир жакында эле тартылган режиссер Рысбек Жабировдун "Талак" кино тасмасында Санжар Бердибеков араккечтин образын жаңы өңүттөн ачып көрсөттү. Ал жөнүндө режиссер мындайча токтолду: "Негизинен Санжар тубаса актёр экенин тастыктады. Ал көрсө,чыныгы талант экен. Бул ролду аткарууда топту анча деле кыйнаган жок, ал тургай, сценарийди окуп көрүп, "менин эле турмушумду жазып коюпсуз да, эми баарын башкадан баштайм, бул образ олуттуу ойго салды" деп күлдү. Ошондуктанбы, мастын образына оңой эле кирди. Биз да ал ролун аткарып бүткөндөн кийин "бул турмушту өзгөртүш керек экенине көзүң жетти окшойт" деп тамашаладык. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" дегендей атасынын жолун жолдоп, чыгармачылыгын мындан ары да өркүндөтөрүнө ынандым. Эң башкысы Санжар жараткан мас Мамат жөнүндөгү бул тасмада бүгүнкү күндөгү жумушсуздуктун айынан элет жаштарынын аракка азгырылган кунарсыз жашоосу таасын чагылдырылган. Мындай көрүнүш бара-бара адат болуп калгандай.


Марат Козукеев, актер: "Көчөдөгү алкаштарды көрсөм аяп калдым…"
"Он үч жашар баланын арманы" тасмасындагы көрүнүктүү актёр Марат Козукеев жараткан "аракеч" ата чындыгында арактын азабын тартып, аягында селсаякка айланган оор тагдырлардан. Образды кандай жараткандыгы жөнүндө актёрго кайрылганыбызда, ал : "Жашообузда кездешип жүрчү окуяны баяндаган бул тасмада мен бакубат турмушта жашап жүрүп, "көңүлдөш" таап, үй-бүлөсүн карабай, ошонун кесепетинен ичип кетип, акыры селсаякка айланган бир байкуштун образын жараттым. Мага аялын сабаган жерин аткарыш кыйынга турду, анан режиссёр жакшы ыкма ойлоп тапты. Себеби, өмүрүмдө аялзатына кол көтөргөн эмесмин. Кесибиң артист богондон кийин, "алкаш" десе аргасыз аткарат экенсиң. Бул тасмага тартылып бүткөндөн соң, мен көчөдөн көргөн алкаштарга да кандайдыр бир аёо сезим менен карап калдым. Анткени ар биринин аркасында оор тагдыр сырлары жаткансыйт… Дегеним, ошол ролду жүрөгүм менен кабыл алгандыктанбы, айтор, кийин ал образдан оңой чыга албай, көпкө чейин түйшөлүп кыйналып жүрдүм…" деди.


Жогорудагы актёрлор "алкаштын" ролун жеткире келиштирип аткаруу менен бирге арактын азап- тозогун, акылды уурдап, адамды адамдык улуулуктан ажыратарын түшүндүрөт. Албетте, бул биздин да, кыргыз коомунун да, бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу маселеси. Ошондуктан, бул кинотасмаларды көрүп, андан сабак алалы, анткени, "алкаш" болуу "көңүл үчүн" бир жолу "ак көтөргүн" дегенден деле башталып кетиши мүмкүн…


Динара Асылбекова









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??