Шоу Дүйнө

Гулнур Асанова Турциядан түз эфирге чыкты
Турциянын ТРТ каналы улуттар аралык мамилени чыңдоо максатында уюштурган түз эфирге Кыргызстандын атынан Гулнур Асанова барып катышып келди. Ал көрсөтүүгө азейбаржан, түрк ж.б улутундагы элдер катышып, ар бири өзүнүн салттуу музыкасын аткарып беришкен. "Мен Турцияга фестивалга барганымда, сизди түз эфирге чакырсак болобу деп суранышкан эле, мен баардык даректеримди таштап койгом, электрондук почтамды текшерсем Түркиядан кат келиптир,байланышып анан барып келдим" - дейт Гулнур. Түз эфирди бардык Түркия эли көрдү, жылуу кабыл алышты, бири-бирибизге жылуу маанай тартуулап, кызыктуу маек куруп олтурдук, ар бирибиз өзүбүздүн салттуу музыкабызды аткардык.


Жан Эльден жаңы клип
Жаш ырчы ЖанЭль жаңы клип тарттырсам деп шымаланып жүргөн кези. Дегеним, шайлоо бүтөөрү менен, аталган бир партиядан бошосо эле Ысык-Көлдү карай бет алат. Албетте клип тарттырганы. "Баардык радиолордон жаңырган "Кайрылбайсың" аттуу кайгылуу ырымды эми клип менен толуктайм" - деп турган чагы. Сүйүү темасына арналган бул ырдын клиби дагы жогорку деңгээлде болт деген ишеничте.


Светлана ыр менен алек
Жаңы жанданып келе жаткан жаш ырчы Светлана шоу тармагына аралашып, талантын элге тартуулап, билек түрүп чыгармачылык менен алектенүүдө. Дегеним, "Бактылуу күнүм калсын эсиңде" аттуу ырына клип тартыруунун үстүндө. Анын идеясы Мамакеевге таандык. Бир эле клип менен чектелип калбастан дагы "Жүрөк эзбегин" атуу ырын жаратып, эми орус тилинде "Здравствуй это я" ырынын үстүндө иштөөдө. Эми аларга да клип тарттырууну пландап жаткан кези.


"Тунку белес" радиосу кызыктуу оюн тартуулайт
28-сентябрда "Түнкү Белес" радиосу туулган күнүнө карата угармандар үчүн "Ак чөлмөк" жана "Кызыктуу мүнөт" аттуу кызыктуу оюн тартуулайт. "Түнкү Белес" тууралуу берилген суроого мыкты смс жазган угарманга белек тапшырышат. Ал эми "кызыктуу мүнөт" оюнунда угармандар түз эфирге чыгып, ди-джейлердин эфирде сүйлөгөнүн, ыңгайсыз абалда калган учурларын, шашып туура эмес сүйлөп алгандарын оригиналдуу туурап берсе, ошол ди-джей өз колу менен бир кинонун билетин тапшырат. Андан тышкары түз эфирге ырчы Жанэль, Аваз, Асель аттуу ырчылар келип кызыктуу маек куруп беришмекчи.





  Россиядагы жаңылыктар

Жанна Фриске эне боло албайт
36 жаштагы ырчы Жанна Фриске балалуу боло албай, тукумсуздук менен күрөшүүдө. Жаңы карьерамды баштайм деп жаңы топко кирген Жанна кайра топтон баш тартууга аргасыз болгон. Анткени, боюндагы баласын жоготуп, стресске кабылып, абдан кыйынчылыкка кабылган. Мындай учур бир нече жолу кайталанган. Мындан кийин да доктурлар балалуу боло албайт десе дагы, ырчы башын жерге салбай, тукумсуздук менен катуу күрөшүүдө. "Мен балалуу болуш үчүн бардык жерге барып дарыланам, болгон күч аракетимди жумшайм, өзгөчө эркек балалуу болом" - деген терең ишенич менен жүргөн убагы.


Гоша Куценко "гей" экенин мойнуна алды
Кино актер Гоша Куценко радиого берип жаткан интервьюсунда "Мен геймин" деп сенсациялык билдирүү жарыялаган. Мындай жаңылык бир гана элди таң калтырбастан, олтурган радио журналистердин да оозун ачырган. Алпаруучулар бул билдирүүнү тактап сураганында актер "Горький багында дайыма өткөрүлүп турган гейлердин парадына арнап "Мен геймин" аттуу ыр жараткам, азыркы убакта ыр жазып китеп чыгарыш баардыгынын колунан келет, мен да башка турмушта жашаган адамдарды куттуктап жазгам, анткени алардын баардыгы бизге окшошкон эле адамдар" - деп кыйыр мааниде жооп берген. Бирок, журналистердин "эмне үчүн, гейлерге арнадыңыз" деген суроосуна актер "анткени, ал парадга менин досум катышат" -деген жооп айтып кутулган.


"ВИА Гра" тобу 10 жашка чыкты
Ушул жылдын ноябрь айында "ВИА Гра" тобу 10 жылдыгын белгилейт. Майрамга карата топтун ырчы кыздары Россияны толугу менен кыдырып, концерт беришмекчи. Эң кызыгы он жылдан бери ырдаган топтогу катышуучуларды чогултушуп, чоң концерт уюштурушмакчы. Айта кетсек, Вера Брежнева, Ольга Карагина, Татьяна Котова ж.б. катышып, шаңдуу маанайда өткөрүшмөкчү.


Туулган күнүңүз менен!
Саламат Садыкова:
"Кырк жаштан кийин жашоо таттуу болот экен"
Кыргыз Республикасынын эл артисти, ырчы Саламат Садыкова 1956 жылы
28-сентябрда жарык дүйнөгө келген. Чыгармачыл чөйрөдө өзгөчө орунду ээлеген эжекебизди 54 жаш курагы менен алдын ала куттуктап, кыскача маек курдук.


- Туулган күнүңүз кут болсун.
- Чоң рахмат.
- Туулган күнүңүздү кандай өткөрөйүн деп жатасыз?
- Менин өзүмдүн жакшы жакын курбу кыздарым, жоро жолдошторум бар. Баарыбыз бири-бирибиздин жакшылыктарыбызды, кубанычыбызды дайыма бирге бөлүшүп жүрөбүз. Өз ара шеринебиз да бар. Алар менен бирге шаардын бир кафесинде кайсы экенин айтпай эле коеюн (күлүп), чакан курбу кыздарым менен белгилейин деп турам.
- Кандай белек алганды жактырасыз?
- Мен мага тигиндей же мындай белек берсе экен деп деле кыялданбайм. Кандай гана белек болбосун чын жүрөктөн берилсе ошо мага кубаныч. Албетте, бирок мен күтүүсүз белектерди баалайм, "Сюрприз" деп коюшат го. Мен ал жагынан да жолдуумун, дайыма сюрприздерге туш болом, албетте алардан баш тартпайм, болгон кубанычым менен кабыл алам.
- Бала кезиңизде эң биринчи туулган күнүңүздү өткөргөн күнүңүз эсиңиздеби?
- Кичинекейимен, дегеле бой жетип калганга чейин эле туулган күн эмне экенин билген эмесмин. Кийин чыгармачыл чөйрөгө аралашып, коомдон өзүмдүн ордумду тапкан соң, жакшы дос күтүп, жашоонун даамын татып, бутка тургандан кийин, туулган күн өткөрө баштадым. Анткени, элдин чайын ичип, сыйын көргөндөн кийин, аларды кайра бериш керек да(күлүп).
- Атыңызды ким койду эле?
- Атымды атам койгон. Ал Момун деген киши болгон эле. Отуз эки жашында мен жалгыз баласы болуп төрөлгөн экенмин. Көп оорубай, сыркоолобосо экен деген тилек менен мага Саламатхан деген ысым берген экен.
- Туулган күндө сиз кандай сезимде болосуз?
- Бир жылда бир келчү күн болгондуктан кубануу сезимдери болот. Жашың өйдөлөгөн сайын жашоонун даамын татып, адамдын акылына акыл кошула баштайт экен. Мен аны толук билип калдым. Биз жаш кезекте учуп бараткан куштай, "качан тилегиме жетем" деп алга умтулуп, убакыттын бат өтүп кетээрин билбептирбиз да. Барган сайын, айрыкча кырк жаштан жогорулагандан кийин жашоо даамына келип, барктуу, таттуу боло баштайт экен. Ар бир күндүн баркын билип калат экенсиң, ошондуктан туулган күнүмдү кубаныч сезимдери менен өзүмдүн чакан чөйрөмдө шаңдуу өткөрүп алсам деп тилек кылып атам.


Нургүл Ибраева