п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Данияр Исанов, "НТС" телерадиокомпаниясынын диктору:
"Суранам, "сүйүү деген эмне?" дебеңизчи!"
" Ата Журт үчүн өлүмгө да даярмын!" - деп төшүн каккылаган адамдарга караганда, кериле кетмен чапкан бир дыйкандын Ата Журтуна кошкон салымы - опол тоодой!"

Д.ИСАНОВ

Балалык
Балалыкты сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Балалык-бул адамдын айланаңды ак менен кара күчтөр коштоп, кошо жүрөөрүн аңдай элек маалы. Адам балалыгында гана аруу дүйнөгө эгедер. Балалыкты кимдир бирөөлөргө карата ойлордун тазалыгы, душман деген түшүнүктөн ат чабым алыс, ыплас турмуштун казанына кайнай элек учуру деп эсептейм. Эр жеткен соң сен канчалык таза болсоң да, көр турмуш көкүрөккө жыга тээп, саман-топонго аралаштырып кирдетип коет.
Мен төрөлгөндөн кийин эки-үч ай өтпөй таенем багып алыптыр. Эсимде, жашым үч-төрткө караган кезде эшикте ойноп жүрүп, бир ойго батаар элем. Жанымда олтурушкан кемпир-чалдардын сөздөрүнө кулак салбастан тоо тарапка көз чаптырып: "биз да чоңоюп, анан картаябыз, өлөбүз, анан кайра төрөлөбүз, жашоо кайра улана берет, жашоо айлампа" деген ой башыма келе берээр эле. Кийин эс тартып калганда китептерден: "адам төрөлөт, өлөт, жан түбөлүктүү нерсе!" деген тыянакты окудум.

Окуучулук кез
1-класска барганда ата-энемдин колуна келип, Талас шаарындагы №1 орто мектепте окуп калдым. Чынын айтсам, бардык сабактан начар окудум. Эсепти жек көргөндүктөн, математиканы мектепти аяктагычакты "эки" алып жүрүп бүттүм. Бир гана "адабият" сабагын жакшы окудум. Адабиятка кызыгып, китепти көбүрөөк окушума ошол кездеги мектептин директору, "кыргыз тили жана адабияты" сабагынын мугалими Коңурбаев Кабылбек агайымдын салымы зор болду. Ал киши өзүнчө бир театр эле. Кабылбек агай көркөм окуп, сабакты өтүп жаткан кезде класс ичинде чымын учканда угулгандай абал түзүлчү. Себеби, биздин класс бир орунда отура албаган, ашынган "тынчы жок" класстардан болчу. Кийин чоңойгондо: "Кабылбек агайдай мыкты педагог болом!" деп максат койдум. Агайым менден көп нерсени үмүт кылчу. Адабиятка болгон ышкымды байкаган агай: "сен келсең ордумду бошотуп берем!" - деп тамашалап калаар эле. Өкүнүчтүүсү, анын ишенимин аткара алган жокмун. Менден мыкты педагог чыккан жок.

Кесип тандоо
Азыр көпчүлүк жаштардан мектепти бүтүп келишкенде: "каякка окугуң келет?" - деген суроо узатсаң: "билбейм, иши кылып жеңил факультет болсо, же филфакка тапшырам, кыргызча сүйлөсөң оңой" дегендерине күбө болуп алып таң калам. Мен 7-классымда эле "кыргыз тили жана адабияты" мугалими болуп, өзүмдүн мектебиме келем деген максат менен жашагам. 11-классты бүткөндөн кийин атамдын: "экономфак, юрфакка тапшыр!" - дегенине карабай, КУУнун "кыргыз филологиясы" факультетине тапшырдым. Окууну бүткөндөн кийин жубайым экөөбүз Талас шаарындагы Педагогикалык Институтта 2 жыл мугалим болуп иштедик. Ошондо мугалим болуш оңой эмес экенин, эч качан Кабылбек Коңурбаев боло албасымды түшүндүм.
Кийин Бишкекке чыгармачылыктын аркасы менен баса бердим. 2005-жылы "НТС" компаниясы жаңы ачылып, телеге кирдим. Кыргыздын мыкты дикторлору деп: Сатыбалды Жээнбеков, Чоробек Мамырканов, Жеңишбек Ашымов, Бактыбек Мамытов, Тамара Алсеитова, Гүлшан Молдоевалар ды эсептейм. Ал эми алардын деңгээлине жетиш үчүн алардай болуп кайра баштан төрөлүш керек. . .

Чыгармачылык
Бала кезден дастандарды, көлөмдүү чыгармаларды көркөм окугандан канагат алам. Көркөм окуп жатканда көкүрөгүмдөгү бардык бук, ыза чыгып кеткендей болуп, эс алып калам. Эгер укканды сүйгөн киши болсо, ага бир орундан жылбай он саатка чукул көркөм окуп бериш да мен үчүн ырахат тартуулайт. Кайсы бир жылдары укканды сүйгөн бир курбубузга 28 саат тынбай окуп, романды аягына чыгаргам.
Көпчүлүк учурда кыял менен жашагандыктан алдыда жарала турган чыгармаларымдын каармандарына таасирленип, кээде эфир учурунда ойго жетеленип, жаңылып кеткен учурлар болот. Менин бир душманым бар - ал жалкоолук. Ушундан кутулуп, көптөгөн пландарымды иш жүзүнө ашыраарыма ишенем.
Таасирленүү да эң башкы душмандардан. Эгер сен кимдир бирөөгө таасирленип, анан чыгарма жараттым десең анда өспөй калганыңдын белгиси деп түшүнгөн оң. Адамдын өз изи, өз үнү, өз жолу болууга тийиш!

Өлүм
Өлүмдөн коркпош керек деген менен, албетте, андан өткөн сүрдүү нерсе жок. Жазмыш ошол. Төрөлгөндөн кийин өлгөндү да билиш керек. Албетте, адамча өлгөндү үйрөнүшүбүз маанилүү. Айтылуу индиялык ойчул Ошо Раджниш: "Өлүм деген бир эшикти ачып, экинчи дүйнөгө өтүп кетүү!" - деп чечмелеген. Жан деген өлбөс нерсе. . .

Өмүр
Өмүр-бул жарык дүйнөнү аңдап жашоо деп кабыл алам. Көпчүлүгүбүз (анын ичинде өзүм да) аңдабай эле "туулган ушундай турбайбы!" деп жашап келатабыз. Турмушту турган турпаты менен кабылдап, ойгоо жашап өтүш маанилүү. Кудай менен эсептешпешип олтурбай, өмүрдү адам катары жашап өтүүгө күч үрөгөн туура. . .

Сүйүү
Сүйүү-бул сыйкырдуу күч, керемет нерсе, бирок, мен анын кандай "нерсе" экенин толук чечмелеп бералбайм. Мурда жарыяланган эсселеримдин ичинде сүйүүнү:

"Суранам! Мага "сүйүү деген эмне?" - деп суроо бербесеңиз?
- Эмнеге?
- Качан "сүйүүгө тойдум" - дегенде гана жооп берчү маселе бул!" - деп чечмелегенге аракет кылгам. Демек, биз эч качан сүйүүгө тойбойбуз. Түшүнүп бүтө албайбыз. . .
Үй-бүлө
Жубайымдын аты Фарида, кесиби филолог. Эки уул, бир кыздын ата-энесибиз.
Чарчап, көңүлүм чөккөндө балдарымды эркелеткенден ырахат алам. Өмүрүмдүн бир бөлүгү ошолор. Алар мага күч-кубат, дем берет. Андан тышкары өзүмдү ар күнү комуз күүлөрүн, Р.Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков, А.Керимбаев агайларыбыздын ырларын угуп, дилимди тазартканга аракет кылам.

Маданият
Экономика, сасыган саясат маданияттын алдында түккө татыбаган нерселер. Маданият алдыга жылмайын, эртеңки күндөн үмүт артып да кереги жок. Алгач көкүрөгүңдү байыт. Көкүрөгүң көңдөйбү, демек, сенден жакшылыкты күтүп кереги жок. Алгач, өзүбүзгө төңкөрүш жасаш керек. Мына ошондо гана коомдо жылыш болот.
Тилекке каршы, бизде тескерисинче биринчи акча, экономика, бизнес, саясат. Маданият деп азыркы шоу-бизнести түшүнбөш керек. Маданият деп "Манасыбызды", "комузубузду", айтор, элдик кааданын бардыгын айткан туура.
Чөнтөгүндөгү миллиондогон акчасы туруп, трибунага чыгып алып, миңдеген адамдын алдында: "айланайын, кыйналып атабыз,элибиз ачка!" - деп кой терисин жамынышкан саясатчылардын ыплас иштерине жийиркенем. Алардын антип айтышка акысы жок. Аны ачка адам сүйлөсө жарашат.

Эгер мен. . .
Улгайган кезде артка бир кылчайып, ушул өмүрдү маңыздуу жана татыктуу жашай алдымбы деп өзүмө өзүм суроо узатып көрмөкмүн да: "Мен ушинтип жашагам!" - деген мемуар жазууга киришмекмин.
Анан ал мемуарда башкаларга окшоп өзүмдү көтөрө чалып мактабай, тирүүлүктө кетирген бардык кемчиликтеримди, каталарымды, туура эмес баскан кадамдарымды толугу менен сыпаттап туруп, сөз соңунда: "Оо, айланайын адамзат! Мен ушинтип жашагам! Менин кетирген кемчилигимди, итчилигимди эч кимиңиздер кайталабаысаңыздар экен! Жалгыз өтүнүчүм ушул! Тилекке каршы, аттиң, ай! деп аяктамакмын!
Cамара Сапынова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??