п»ї

  Билгениң оң

Акчаңыз көп болуусун
Кааласаңыз
Акча маселеси бүгүнкү күндө ар бир адамды ойлонтпой койбойт. Жөн гана көчөдөн өтүп бараткан адамдардын, жүргүнчүлөрдүн кайгылуу көрүнүшү, базарга же дүкөнгө кирген адамдардын маанайы суз экендиги эмне себептен деп ойлойсуз? Албетте, бардык маселе акча көйгөйүнө келип такалат. Бирок, ар бир инсан акчанын аздыгына карабай үнөмдөөгө муктаж. Анын себептерин аныктоо үчүн жеке изилдөө менен алек болдук да, эң жөнөкөй ар тараптуу кеңештерге көз чаптырдык.


Акча кантип пайда болгон?
Ар бир адам балачактан баштап акча дайыма тыйын жана кагаз түрүндө болорун элестетип келет. Бирок, алгач акчалар башкача формада түзүлгөн. 20-кылымда Кытай жана Бирмада туз жана бир салым чай акча болуп эсептелинчү. Мексикада болсо какао, күрүч, балык, буудайды акча дешсе, Түштүк Чыгыш Азияда апийимди жана жаныбарлардын сөөктөрүн акча катары колдонушчу. Бирок, мындай көрүнүш адамдардын нааразычылыгын туудурган. Акча менен алмашууда бардыгына бирдей болуш үчүн алар бир аталыштагы акчаны жасоону туура көрүшкөн. Биринчилерден болуп акча жасоону Америкалыктар 1816-1826 жана 1834 - жылдары Аляска штатында ойлоп чыгышкан. Андан соң ар бир мамлекет өзүнө тиешелүү акчаларды жасай баштаган. Мисалы, Англияда Елизавета 2-нин 70 жылдыгына арнап тыйындарды чыгарышкан. Уламдан- улам коомдун өнүгүшүнө байланыштуу "кредит карточкалары" жарык көрө баштаган.


Өзүңүздү жемелебеңиз:
"Ийгиликке жетише алган жокмун же туура эмес кесип тандап, башка жолго түшүп алдым", - деп эч кабатыр болбоңуз. Эгерде өзүңүздө бир нерсе жакпаса, аны өзгөртүүнү ойлонуңуз. Мындай учурда "Өзүңүздү саздан сууруп чыгып, жашоого тик карап, алга умтулуу", -деген "Мюнгхаузендин" методун колдонсоңуз болот.


Акчага кандай мамиле кыласыз?
Чоң суммадагы акча сиздин капчыгыңызга түшсө, сиз абдан кубанычта болосуз.
Ал эми акча азайган сайын, сиздин маанайыңыз чөгө баштайт. "Акча бул жашоодо маанилүү роль ойнобойт", - дешиңиз мүмкүн. Бирок, акча дагы адамдын жылуу мамилесине муктаж экен. Аз суммадагы акча болсо дагы сиздин жашооңузда бар экенине кубанычта болуңуз. Алгач алган маянаңыздан бир аз бөлүп койгонду адатка айландырып алыңыз. Акчаңызды жөн эле алып койбостон конкреттүү нерселерге арнаңыз. Алдыга максат коюп ага умтулуудан тажабаңыз. Анын ар бир деталына чейин ойлоп коюңуз. Бир убактарда ийгиликтин туу чокусуна чыгып, акча сиздин колуңузда болоруна ишениңиз.

Акча деген сөз кайдан келип чыккан?
Төрт кылым мурда англиялык философ Томас Гоббс мамлекетти тирүү организм менен ал эми акчаны аны айланган кан менен салыштырган. Мисалы: "капитал" деген сөз "capitale" латын тилинен алынып, "мал" дегенди түшүндүргөн. Ал эми орустардын "бакс" деген сөзү, "bucks" англис тилинен алынганда "bucca" - "жаныбар" дегенди билдирген. Дүйнөлүк экономистер "бир нече убакыттан кийин кагаз акчалар жоголуп, элдер электрондук акчаларды пайдалана башташат", - деп божомолдошууда.


Эмне үчүн акчаңыз жетишсиз?
Акча маселеси барган сайын чоң көйгөйгө айланып, ар бир инсанды тынчсыздандырат. "Чу" дегенде эле анын себеби болуп, өлкөдөгү финансылык кризис, экономиканын деңгээли болушу мүмкүн. Андан соң өз кесиби менен иштегенге жумуштун жоктугу, паракорчулук менен гана жумушка орношуу, ушул жана башка көйгөйлөр чыга келсе аларды кароого муктажбыз. Бирок, алардан тышкары да башка майда деталдарга көңүл бурбайбыз.


Чыгымдарга көңүл буруңуз:
Акча дагы кыймылды жакшы көрөт. Акчаны жеңил кабыл алып, жеңил бергенди үйрөнүңүз. Тапкан акчаңыздан көп чыгым болбоңуз, өз чыгымдарыңызды алдын- ала пландап , анын эсебин чыгара билиңиз. Бул сиздин үнөмдөөңүздү жакшыртат


Акча энергиянын булагы:
Акча энергиянын булагы болуп эсептелинет. Ал дайыма нейтралдуу болот. Ага терс же оң маани берүү сиздин колуңузда. Ошондуктан "Кудай адамдарды акча жана бийлик, атак-даңк менен сынайт" - деп бекеринен айтышпаса керек. Акча адамдын энергиясын жогорулатат, позитивдүү же негативдүү сапаттарды пайда кылат. Биз коомго энергиябызды, билимибизди, тажырыйбабызды, убактыбызды бөлсөк, ошончолук пайда алып келебиз. Жада калса жаратылыш ар бир адамга бакыт жана байлыкты алуу үчүн толук мүмкүнчүлүк берген. Бирок аны баардыгы колдоно алышпайт. Ошондуктан акча сизге берекелүү болушун кааласаңыз, сиз дагы ага болгон мамилеңизди туура кылыңыз.


Акчаңыз максатыңызга жараша болот
Алдыга койгон максатыңыз канчалык бийик болсо, тапкан акчаңыз да акырындап жогорулай баштайт. Ошондуктан акчанын саны бизге көз каранды. Дүйнө жүзүндөгү адамдардын 5% эң бай болуп эсептелинет. Анткени алар ошончолук бай болууга аракет кылып, өздөрүн тарбиялай билишет. Эгерде сиз да алардын катарын толуктайм десеңиз, жашоого болгон көз карашыңызды, ой жүгүртүүңүздү, акчага болгон мамилеңизди өзгөртүңүз.


Акча сырларынан…
Үйдө:
Эмгек менен тапкан акча сизди жакшы көрсүн десеңиз, маяна алган күнү баарын чачып салгандан алыс болуңуз. Алардын баары үйдө болушуна аракет кылыңыз. Алар дагы сизден энергия алуусу керек.
Жумуштан:
Карыз бергенге дүйшөмбү күн эмес, жума күнү ылайыктуу болот. Анткени,анын да "өзүнүн ырымы болот", - деп чоң энелерибиз айтып коюшат. Андан көрө карыз акча ала бербестен, карыз бергенге аракет кылыңыз, анткени, алар баары бир өзүңүзгө кайтып келет.
Оңой акчаларды…
Таап алган же утушка ээ болгон акчалардын, белекке берилген акчалардын баркы жок болорун эсиңизден чыгарбаңыз. Аларды андан көрө кембагалдарга же жетим балдарга бергениңиз дурус. Анткени акча канчалык оңой келсе, ошончолук бат жоголуп кетиши толук мүмкүн.


Кыскача:
Эң биринчи кагаз акчаларды АКШ да 1861 жылы чыгара башташкан. Кагаз акчалардын чыгышынын бир себеби, монеталардын жетишсиздиги болгон. Алгач аны даярдоодо алты адам алектенген.
АКШнын купуя кызматы 1865- жылы пайда болуп, жасалма акчаларды текшерүү боюнча бир нече иштерди жүргүзүшкөн. Анткени, колдонууда жүргөн ар бир акча каражаты жасалма болуп эсептелинген.
$ белгисин 1788- жылы Олливер Поллок ойлоп тапкан.
Кытай эли биринчи болуп кагаз акчасын колдоно башташкан.
Америкалык доллардын ар биринде кокаиндин издери болгон.
Жаңы чыгарылган акчаны орто эсеп менен 1.5 жылдан 12 жылга чейин колдонууга уруксат берилген.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??