п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ден соолук

Үмүткө толгон каректер
Акыркы учурда балдар арасында рак ооруусунун күч алып бараткандыгы жанды кейитет... Бул айыккыс ооруга чалдыккан наристелердин абалына өкмөт жана коомчулук тарабынан кандай кам көрүлүп жатат болду экен? Статистикага таянсак, Кыргызстанда балдардын рак оорусу экинчи орунда турат экен. Мындай дарттын көбөйүшүнө эмне түрткү болууда?... Мындай суроолорго жооп алуу үчүн адистерге да кайрылдык.

Байзакова Дамира Өмүрза-ковна, балдар онкология бөлүмүнүн башчысы, медицина илимде-ринин доктору:
Балдардын оорусуна жамынып акча тапкан "хелп чилдрен" фонду
- Бул оорунун пайда болушунун акырыкы мезгилде көп себептери бар, экология жана кытай товарлары да таасирин тийгизип жатат. Мисалы , 2000-жылда 100 баланы кабыл алсак, 2010-жылдын ичинде 200 балага көбөйүүдө. Бир эле "оор"түрүн кездештирүүгө болот. Бизде мындай балдарды чет мамлекеттин протоколу деп коёт, ошол ыкма менен дарылайбыз. Балдардын 70% айыгып кетет, аралыгы 10 же 7 жылга өмүрүн узартууга болот.
- Эне кош бойлуу учурунда жатындын моюнчасында рак оорусу бар болсо, анда төрөлгөн баласына өтүп кетиши мүмкүнбү?
- Кош бойлуу аялда рак оорусу бар болсо, эч кандай балага өтүп кетерин учурата элекпиз. Ошондуктан, кош бойлуу кезде өзүнө жакшы карап, витаминдерден камсыз болуп, көп нерсе ойлонбостон чың ден соолукта болсо эле, бала дени сак төрөлөт.
- Бул ооруканада жаткан балдардын жаш өзгөчөлүктөрү тууралуу токтоло кетсеңиз
- Негизинен 4 жаштан баштап 14 жашка чейинки балдар дарыланышат. Көбүнчө "ак кан", "баштагы шишик" менен кайрылгандар үстөмдүк кылат. Бизде өтүшүп кеткенден соң келишет го. Эгер убагында кайрылышса, бизге да жеңилдик болор эле. Региондордо дарыгерлердин шалаакылыгы менен да балдар кыйналып атышат. Сабатсыз врачтар туура эмес диагноз коюшуп, анын кесепетинен жабырланып калган балдарыбыз да жок эмес.
- Оорукана заманбап аппараттар менен жабдылганбы? Дегеним, дары-дармектер боюнча материалдык жактан ким каржылайт?
- Мен ушул иш боюнча 8 жылдан бери жеке өзүм көзөмөлдөп, Италия мамлекети менен келишим түзүп иш алып барам. Бир гана техника, дары-дармек менен жардам бербестен, өтө "оор" акыбалдагы балдарыбызды Италиянын эң күчтүү ооруканаларына алып барып, дарылап атышат.
- Мамлекет тарабынан колго алынып, жардам көрсөтүлүп турабы?

- Өкмөт тарабынан эч андай жардам боло элек, тескерисинче биздин атыбызды "Жеке балдар фонду" тарабынан жамынып акча чогулткандар да жок эмес. Буга мисал жакында эле АКИ пресстен бизде иштеген дарыгерлер "Help children" фонду жалган акция уюштуруп, биздин атыбызды пайдаланып, чоң супермаркеттерден, соода борборлордон акча жыйнап дайнын билгиз бестен качып кетишкенин кабарлашты.
- Ошондой "шылуундарга"кандай чара көрдүңүздөр?
- Биз болгону " каржы полициясына " кабарладык. Азыр ал иш боюнча тергөө иши жүрүп жатат.




Тарыхыбызга кайрылсак
Рак оорусу байыркы заманда эле пайда болгон экен. Буга мисалды Гипократтын жазып калтырган илимий эмгектеринен жолуктурууга болот. Байыркы Египетте сакталып келген мумиянын сөөктөрүнөн ушул дарттын калдыктарын археологдор таап чыгышкан. Ощондой эле байыркы Индия, Кытайдын медициналык мектептеринде рак оорусу тууралуу илимий изилдөөлөр боюнча жазуулар сакталган.


Израилде рак оорусун дарылоо жолу
Азыркы мезгилде Израилде байыркы дарылоо ыкмасын колдонушат. Баштапкы дарылоо жолу хирург операциялык жол менен шишикти алса, өткөн кылымдын 40-жылдарынан баштап бул ооруга каршы дары-дармектерди чыгара баштаган, кийинчерээк нур аркылуу терапиясын жайылтты. Бирок, ушул мезгилге чейин окумуштуулар изилдеп бул "айыккыс дартты" биротоло жок кыла турган дарысын таппай келишет.

Заманбап онкология
(Uрек тилинен алганда oncos-шишик, logos-илим) 100 жыл боло элек эң жаш илимдин бири. Өсүп-өнүгүү жолу 20-кылымдарга таандык. Бул илимдин өнүгүшүндөгү негизги максаты рак оорусунун алдын-ала билүү жана ийгиликтүү дарылоо. Акыркы жылдары "биотерапия" рактын дарылоо методу, бул "коркунучтуу дарттын" биротоло жоголушуна шарт түздү. Израилдеги медицинанын жетишкендиги, дүйнө жүзү боюнча рак оорусунун көбөйүшүнө карабастан бул метод менен көпчүлүк адам өмүрүн сактап калуудагы жолун баса белгилеп кетсе болот.
Киев шаарында да ушундай метод менен дарылай турган Спиженконун Киберг клиникасы ачылды..





Андан соң айрым оорулулар менен маектешип көрдүк
- Сиздин балаңыз бул оорунун кандай түрү менен жатат?
Мен, Турдахунова Санабар 41 жаштамын. Кызым Фатима 13 кө чыкты. Биз Өзгөндөн болобуз. Бул жерге келгенибизге жети ай болду, сегиз ай кечигип келип калдык. Себеби, Кызыл-Кыяда өпкөсүнө суук тийген деп туура эмес диагноз коюшуптур. Диагнозу ак кан экени ушул жерге келгенде белгилүү болду.
Азыркы абалы кандай?
- Мойнунда шишик бар экен, операциялык жол менен алышты. Хирург Айталиев Муктар Сүйөркуловичке ыраазычылык билдиребиз. Андан соң химиятерапияда дарыланып атат. Азыркы абалы жакшы. Өзү да жашоого умтулуп көңүлү жай алып калды. Буйруса бир айдан кийин чыгабыз. Операция, башка дары-дармектерден бекер каржыландык.
- Кызыңызды кантип алаксытасыз?
- Ооба, эми мындан ары оорубайсың, баары жакшы болот. Чоңойгондо өзүң каалаган университетке окуйсуң. Буйруса, турмушка узатабыз деп көңүлүн көтөрөм. Эч бир ата-энеге менин башымдан өткөргөн бул азапты каалабас элем. Боор этиңден жаралган балаңдын канча жашашын билүү оор нерсе…(мукактана сүйлөй албай көзүнө жаш алды, суроону дароо кызына узаттым)
Шүкүрулло кызы Фатима:
- Канчага чыктың?
- Быйыл 13төмүн.
- Кайсы ырларды сүйүп угасың?
- Мага Шахзода, Райхон, Лоланын ырлары жагат. Ким ырдаганын билбейм, бирок, азыркы абалыма байланыштуу кыргыз ырчынын ырын тажабай угуп калдым.Эстесем мындай саптары бар: "Кырчындай өмүр кыйылбай, жашагым келет жашагым…"
- Келечекте кайсы кесиптин ээси болгуң келет?
- Буйруса айыгып кетсем, чоңойгондо сөзсүз балдарды дарылаган доктур болгум келет. Анткени, биздей балдардын өмүрүн сактап калыш чоң түйшүк. Дүйнөдө балдар оорушун каалабайм, бардыгы ата-энесинин кучагында бактылуу балалыкта чоңоюшса. Дагы бир максатым Меккени көрсөм жакшы болот эле, себеби намаз окуп, куран жаттайын деген чоң ниетим бар.
- Ылайым кудай тилегиңе жеткирсин, жакшы болуп чык.






Мамасадыкова Муктасар:
Биз Ош облусунун Кара-Суу районунан келдик. Бул ооруканага келгенибизге алты айдын жүзү болуп калды. Кызым төрт жашта, ал кичине болгондуктанбы, биринчи күндөрү кыймылдабай алсыз жата берчү. Ак кан деп диагноз коюшту, азыр иммунитети бир аз көтөрүлүп калды.
- Канча балаңыз бар?
- 3 балам бар, кызым улуусу. Өткөн жумада суранып, берки балдардан кабар алганы айылга барып келдик. Барган күнү эле ооруп калды, бул жакка көнүп калганбы деп ойлодум. Кайра келгенче шаштык. Эми биротоло сакайып чыгып, анан үйүбүзгө барабыз го.


кадыров Абдышүкүр
- Атың ким?
- Абдышүкүр.
- Канчага чыктың, эмнеге кызыгасың?
- Алтыга чыктым. Мен ат мингенге кызыгам. Бир эле жолу сүннөт тоюмда мингенмин.
- Чоңойгондо ким болосуң?
- Мал бакканды жакшы көрөм, чабан болом.


Акимжанова Жыпаргүл:
- Эже, сиздердин жатканыңыздарга канча болду?
- Биз Кемин шаарынан келдик. Бул неберемди ымыркай кезинен эле багып алгам. Өзү да мага аябай жакын болуп калды. Диагнозун "ак кан" дешти доктурлар. Азыр "асма уколдо" жатат. Келгенибизден бери жылыш бар. Мына жүзүнөн эле көрүнүп турат, баладай болуп ойноп калды. Дамира Өмүрзаковна бардык балдарга тегиз карап, эркелетип бооруна кысып, өз баласындай мамиле кылганы жакты. Булардын көңүлүн жубатып, аябай жакшы карайт. Аня, Жибек аттуу мээрман кыздарга да алкышымды айткым келет. Быйыл мектепке бармак эле. Неберемдин сүрөтчүлүк да таланты бар.
- Атың ким?
- Искендер.
- Апаң, атаңды сагындыңбы?
- Айылды, бөбөктөрүмдү сагындым. Мурун алардан оюнчуктарымды катып койчумун, эми барганда алар менен чогуу ойноймун.
- Чоңойгондо ким болосуң?
- Мен министр болом.
- Жакшы тилегиң бар турбайбы. Кудай буйруп ошол тилегиңе жеткирсин. Апаңды багасың ээ?
- Ооба, мен апамды жакшы көрөм да. Үйүбүздү чо-оң кылып салабыз. Машине айдайм, апамды салып алам.
- "Жаштын тилегин берет",-дегендей ушул кыялдарың ишке ашсын, жакшы болуп кет ээ.
- Ии, эже, мага жаныбарлардын оюнчуктарын сатып бересизби? Айылдагы бөбөктөрүмө алып барам да.
- Мейли, алып берейин.

Наристелердин бул аруу тилегин, анан алардагы айыккыс ооруну ойлогондо таш болсоң да, көзүңдөн жаш алгыдайсың, адам-пенде!


Динара АСЫЛБЕКОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??