п»ї

  окумал

Сен жана мен
Эски дос эстен кетпейт…
- Мына ушундай… Эдил дос. Тим эле безеленип, ыйламсырап, менден эртерээк эле кутулуш үчүн баарына даяр болуп турду ал аял. Көрсөң жаныңдан түңүлмөксүң…
- Анан?!. Сен эмне дедиң? - Эдилдин шаштысы кетип, тура калып кайра отурду. -Ту-уй, ат-та! Өңгөдөн уксам ишенмек эмесмин… Өзүнчө эле детектив окуя го?
- Эмне демек элем, унчуккан жокмун. "Мага кыздын кереги жок! Эч ким укпасын, үй-бүлөм билбесин" деп жалдырап жатса мен эмне ага аялымды таңуулаганы бардым беле? Болгону чыгып кетип баратып "баштан баш тарткан адам - башка зар болуп калат дешчү эле" дедим. Билбейм, эмнегедир ушул сөз оозумдан чыгып кетти. Деле сөз сүйлөйүн деген ниетим жок болчу. Жийиркенип-жипкирип кеткиче шашкам.
- Ошо менен Сүйгөнгө бирөөсүн да айткан жоксуңбу? Кантип ичиңе сактап жүрөсүң? Мен болсом эчак эле эне-атаңдан үмүтүңдү үз, -деп ачык-ачык эле айтып салмакмын. Жашыра турган эмнеси бар? Курулай эле күтүп…Же алары күткөнгө татыктуу болсо экен… Кааласаң азыр эле кирип айтып коёбуз. Айжан да жанында, көңүлүн жубатканга.
- Айтыш оңой, а бирок… Сүйгөндү жакшы билип калгандай эле болдуң го. Өтө эле назик, жашык жан. Бир нерсени жүрөгүнө өтө жакын кабыл алат. Атамдын көзү өткөндө тим эле колунда өскөн кызындай күйүп, ыйлап, жаман болуп жүрдү. Керек болсо катуу да сүйлөй албайсың. Бала күнүнөн мээримге өксүк болуп, ар кимдин көзүн карап өссө анан… Ата-энесинин өзүнөн бир эмес эки жолу баш тартканын укса, оорутуп аламбы деп корком. Жан дүйнөсүн жаралагым келбейт. Андан көрө күтсө күтүп, өз кыялы менен жашап,жакшынакай жүргөнү керек мага.
- Эми өзүң билесиң дечи… Сенин айтканыңдын да жөнү бар экен. Айтпасаң - айтпа. Бирок , мындан ары өзүнчө эле Шерлок Холмс болбой,тынч жүрчү. Эски тарыхымды чукуп элге жайып жибербесин деп Албаев өчөшүп, бир нерсе кылып жибербесин.
- Кызыксың го? Өчөгүшкөндөй мен ага эмне кылдым? Колунан келгенин кылсын! Антпейт деле болуш керек. Аның телевизордон эле анда-санда бакылдап кыйынсынганы болбосо, мындайда аялынан корккон бир байкуш окшойт. Болбосо…
ххх
Үйдө болсо Сүйгөн курбусунун келгенине кубанып, чечекейи чеч болуп олтурат. Экөө өткөн-кеткен аралыктагы жаңылыктарын айтышып, сыр төгүшүп, күйөөлөрүнүн кыял-жоруктарын салыштырышып,бир күлүп, бирде мостоюп көпкө олтурушту.
- Кийинки учурларда түнт тартып, ичкени да көбөйүп кеткен. Атамды жоготуу оор тийди деп мен да унчукпай жүрүп, акыры айлам кеткенде алдап-соолап сөзгө тартып, алаксытып, көңүлүн таап азыр-азыр өзүнө келип калды. Силердин келгениңер да жакшы болбодубу. Эдил менен сүйлөшүп, көңүлү ачылып калат. Аябай күткөн болчу. Деги кандай жүрөсүңөр, жашооңор жакшыбы? - деп калды Сүйгөн.
- Биз деле силерди ойлоп, келели дедик. Бирок баш-аягыбызды жыйып, Эдилдин жумушу такталып, орун-очок алганча ушунча болуп кетти. Жашообуз эл катары. Эч себеби жок Эдил деле көп "ичип" жүрдү башында барганда. "Бөтөн эл, бөтөн жерде жүрсөк. Агаңды уят кылбай ичпей эле койбойсунбу?" - деп анын айынан канча кер-мур айтыштык. Өзүм биякты сагынып араң жүрсөм. Анын үстүнө кечке үйдө жалгызмын, күткөн күйөөм кечинде кызуу болуп келет да, мага да көңүл бөлбөй эле уктап калат. Айтор ал жактан кыял-жоругубуз келишпей, "чарт-чурт" эте калып жүрүп, азыр оңолгонсуп калдык.
Негизи, Эдил башынан эле көр жемечи. "Көйнөгүң эмне кыска, узунураак кий" дейт. Узун кийсем "шөлпүлдөп, эмне жүдөп алгансың" деп чыгат. "Кошунанын баары менен эле ылгабай, күлүп кечке эмнени сүйлөшө бересиң? Сый эле мамиледе болбойсуңбу, сырыңды ача бербей" деп да күңкүлдөп жүрдү. Сүйлөшпөй койсом кутуламбы деп эч бирөөсү менен сүйлөшпөй да калгам. Мен деле аларга сырымды айта бергидей эмне?.. Жөн гана аялдык келди-кетти сөздөрдү сүйлөшүп калабыз да. Анда да "эмне маңдайкы кошунанын жанынан мостоюп өтүп кеттиң? Көңүлүнө алып калыптыр. Аялың эмне болуп калган деп таарынды. Кичине ооруканадан чыккан неменин ден соолугун сурап койбойсуңбу?" деп анда да нааразы. "Ой, башымды ийкебедимби" деп мен чырылдайм.
Айтор, күндө бир нерсени таап чыгат. Мени болсо билесиң, нааразычылыгымды ачык айта албай эле, баарын ичиме сактап, ич күптү болуп, ал жокто ыйлап, жеңилдеп алам.
Кээ кезде кайнагамдыкы чакырышат. Ал абысыным шаарда өскөн, аябай ачык-айрым, шаңкылдаган, анча- мынчаны көзгө илбеген орус мүнөз аял. "Аскер адамдын аялы оокатка бышык, тың аял болуш керек. Булардын жумушу ошондой, кеч калышат, эрте кетишет. Күндөп-түндөп үй бетин көрбөй калган да учурлар болот. Андыктан "уурттап-татып" коюшса,өтө эле катуу кетпей түшүнүп, кечиримдүү, көтөрүмдүү болгондо гана бактылуу боло аласың " ,- деп Эдилге угузбай мага шыбырай коюп көп нерсени үйрөттү.
Көр жемечи, үй оокатка өтө эле аралашып, дайыма нааразы боло берген эркектин мындай мамилеси өзүн-өзү басынтып, өзүнө-өзү ишенбөөчүлүктөн улам келип чыгат экен да. Жумуш которуп, дос-тааныштарынан алыстаганы үчүн, балким , мага ошондой терс мамиле жасап жүргөн окшойт. Жеңенин кеңеши менен кийим аларда Эдилдин табитине да жараша кийинип калдым. Мурда өзүм жакшы көрөм деп эле кургак тамактарды көп жасачумун. Эдилге болсо суюк тамактар жагат экен да.
Анан да күйөөм болгондон кийин менден жашыруун эч нерсеси болбошу керек деп эле портфелин аңтарып карап, ичин ирээттеп койчумун. Көрсө, ага жакпайт экен. Мурун ишенбей, кызганып, айткан сөзүнөн кармап калгым келип, аңдып, шекшине берчүмүн. Мен андай мамилем менен өзүмдөн алыстатып аларымды кийин түшүндүм. Азыр көп таарынышпай, урушубуз да азайды.
Бирок, терс жактарын жаап жашырган жакшы жактары да көп. Майрамдарда, даталуу күндөрүбүздү унутпай сөзсүз гүл, белек алып берет. Конокторго барып калганда биринчи мага көңүл бөлүп "Эмне ичесиң, жейсиң?" - деп, үйрүлүп турат. Үйгө киши-кара келип калса төрдө олтуруп албай, жардамдаша калганы жагат. Ошон үчүн кемчиликсиз адам болбойт экен деп Эдилдин жакшы жактарын гана көргөнгө аракет кылып калдым. "Калыптанып калган адамды кайра тарбиялайм деген туура эмес!" деди жеңебиз.
Мойнума алайын, көпчүлүк учурларда өзүмдөн да кетип калат. Үч күн мурун эле болгон катуу урушубузду айтайынбы? Чогуу иштешкен бирөөсүнүн туулган күнүнө мени да ээрчитип барды. Жаныма дүкөндө иштеген эже жанаша олтуруп калды. Жакшынакай, өзүн аябай карап, мода менен кийинген сулуу аял. Анын күйөөсүн майор деп укканым менен, көрө элек болчумун. Эже дайыма жаркылдап, жайдары жүрөт. Күйөөсү кандай неме болду экен деп кызыгып жүрчүмүн. Бир маалда эле бакылдап, бир эркек кызуу кирип келди. Үстү-башы кир, көйнөгүнүн топчусу жок. "Иий, конокко да ушунча ичип келеби? Чаңга оонаган го. Эми бажактап, элдин көңүлүн өзүнө бурдурбай, тынч олтуруп калбайбы. Шордуу аялы ким болду экен? Бул ким, сиз тааныбайсызбы?" - десем эле, "Ал - менин күйөөм!" - десе боло. Уялганымды сураба. Эдил да угуп калган. "Бирөөнүн күйөөсү менен ишиң канча? Унчукпай олтура бербейсиңби?" - деп, конокто да, үйгө жетер-жеткенче жемелеп барды. Менин бир нерсени аңдоос албай эле сүйлөп салмай адатымды Эдил калтырды, - деп күлдү Айжан.
(Уландысы кийинки санда)





  Нургазы агай

БУРУЛКАН КАРАГУЛОВА
(Башы өткөн санда)
Үйгө деги жете турган эмеспиз. Азыр эле ачып көргүбүз келет, бирок агай "апаңардын колуна бергиле" деп табыштаган. Демек, ачпаш керек. Эжем кыйналып кеткенде "мечи сумкаңы, өзүң көтөрчү" деп берип коет, бир аз көтөрүп барып эле отуруп калам, кайра эжем алат. Бир колунда эки сумка, бир колунда чоң түйүнчөк. Ошол кезде биз бул чоң баштыктын ичине ааламды батырып келаткандай сезилгенбиз. Ал ааламдын сырын апам гана ачыш керек. Апам ачып бериш үчүн тезирээк жетишибиз керек. Тезирээк жетиш үчүн мен сумкамы өзүм көтөрүшүм керек. Өзүм көтөрө албайм, демек апама тез жете албайбыз. Анда ааламдын сыры ачылбайт. Деги апама жетиш үчүн кылымдар өтүп кетти го...
Ошентип, сүйрөшүп келатып апамын алдыбызга келип калганын байкабаппыз. "Ой" деп туруп калдык. Апам унчукпай эки сумканы, баштыкты чогуу бир колуна көтөрүп, бир колу менен мени жетелеп алды. Эч нерсе сураган жок. Биз кеч келатканыбыздын себебин кантип жана кандайча түшүндүрөрүбүздү билбей аттык. Апамдын кетмен-күрөккө туурулган туурук колундай назик, жумшак кол дүйнөдө жок эле...
Үйгө жеткенде "апа, муну Биримкулов агай..." дегиче, "билем, Каленбү айтты" деди. Биз кечиккенде апам чочулап, чогуу окуган кошуна кызга барып сураса, "Биримкулов агай чакырып кетти" деп айтыптыр. Тынч алыип отура албай алдыбызды тосуп чыкканы ошондон экен.
Түйүндү ачсак мага чак жылуу кышкы пальто, өтүк, мектепке кийе турган эки форма көйнөк бар экен. Калган түйүндү эртең Биримкулов агайга ракмат айткыча, апам өзү барып алып келмек болду.
Күз келип, жыйын-терим бүткөндө апам иштебей калчу. Пенсия эч нерсеге жетпейт эле. Үйүбүздүн алды жагындагы сайда мал сойгон жер бар болчу, "кушкана" дешчү. Ошол жерде иштеген Айым деген апага ичеге-чабага жуушуп берип, көп ичеге алып келет эле апам.
***
- Агай, сизге чоң ракмат- дегенде эле апамын көзүнөн мөлтүрөгөн мончоктор бууракандап кетти.
- Кантет, жаш бала болуп кетет. Мага эмес, өкүматка айткыла ракматты. Мен болгону силерди каттатып койдум. Ырас эле, сурайын дедим эле. Күзүндө иштебесең балдарды кантип багып атасың?- деди Нургазы агай.
Апам намыскөй, эрки бекем, жасайм деген ишин жасаган кайратман аял эле. Анчалык көп даттанбай, курсагыбызды ачырбасын, бирин-серин мал-кели, уй-торпогу, тооктору бар экенин жанытып айтып өттү. Нургазы агай бир саамга ойлоно калып минтти:
- Кышкысын мектепте пол жуугуч болуп иштейсиңби? Балдарың майда экен, эгер биздин мектепке иштесең эртели-кеч жүрүшүң керек. Андан көрө мен орус мектепке сүйлөшүп көрөйүнчү. Алардын пол жуугучтары эрте менен эрте же кечинде бир эле маал келип жуушат.
...Класстын ичинде аябай кутуруп атканбыз. Ушунчалык шоктонуп аткан экенбиз Нургазы агайдын жаныбызга келип калганын сезбей калыптырбыз. Агайды көргөндө турган ордубузда катып калдык. Биз кандай сүрдөсөк, башка окуучулар да ошондой сүрдөйт эле. Негедир ушул картаң агайды биздин эле класс эмес мектеп боюнча сыйлап, Токтогул эли алдынан кыя өтчү эмес. Агай баарыбызды кыдырата тиктеп келатып, мага жеткенде "Кызым, апаңа айтып кой, эртең мага келсин, унутпагын макулбу? Эми ойной бергиле, бирок силер мектепте экениңерди билесиңер да э? Азаматтар!" деп коюп кетип калды.
Апама айтсам аябай сүйүндү:
- Болду-болбоду иш таап чакыртып атат болуш керек. Көрдүңөрбү, агайды бүт эл сыйлайт, себеби агай кичинесинде мектепте жакшы окуган, эстүү бала болуп өсүп, элдин алкоосуна татыган. Силер да ушинтип окусаңар... дегиче, мен:
- Омей, мине деп атасың, агай да бала болду беле мектепте окугудай - деп сөзүн бөлүп салсам, деңгээлими түшүнгөн апам унчукпай отуруп калды.
Биримкулов агай апамы ээрчитип барып Токтогул мектебине пол жуугуч кылып ишке орноштуруп койду. Ал орус мектепте атамын акеси Бекташ чоң атам кароолчу болуп, Чүңүр чоң апам да бир ишинде иштечү. Апам ишке киришердин алдында ыйбаа кылып астыларынан бир өтүп коёюн деп кайнагасынын үйүнө (мектептин короосунда болчу) кирет. Чоң апам "кел, өт, чай ич" дегенде апам шашпай чайлашарын, бул жерге ишке орношконун айтса, ооздорун ачып калышкан. Чоң атам: "А-а Нургазынын колунан келет, аны сыйлаганы үчүн сени ишке алышты го? Себеби бош орун жок эле да" деген эле.
...Эжейим мени, балдарды да көп урбай калды. Бизди көргөндөн кийин балдар ата-энелерине айтып барып, алар да Нургазы агайга даттанып кирип, балдарын келтектен аман сактап калышты. Нургазы агай бир эле биздин эжейди эмес, бардык мугалимдерге балдарды урганга чечкиндүү түрдө тыюу салып койду. Денебиз келтектен кутулуп, кулагыбыз үзүлгүчө чоюлбай эс алып калды.
Үчүнчү класска көчкөндө сабакка каттай албай калдым. Агроном айылынын дарыгери Табалдиев Бекматалы мени "өпкөсүнө суук тийген, тезирээк Оштогу балдар санаториясына алып бар" деди апама. Апам ыйлап, шашылыш түрдө справкаларды чогултуп калды. Мектептен да 3-класска көчтү деген справка алыш керек экен. Мени жетелеп алган апам Нургазы агайга барып справка керектигин, Ошко 2 күндүн ичинде жетип барышыбызды айтса, агайдын өңү кубарып кетти.
- Бул жерден эле айыктырса болбойт бекен?
- Болбойт экен - деди апам.
Мени жалооруп тиктеген агайдын көзү жашылданып:
- Олдо айланайын ай, жаман кыйналдың го, каап,- деп кейип калды.
Азыр ойлосом апам ошондо 30да, Нургазы агай 55те эле экен. Мага экөө тең улуу көрүнчү. Агай кабалтең, токтоо, ойлуу, көздөрү алысты, тээ алысты көрө билген даанышман, шашпай жай баскан, чачтарын ак аралаган, нур жүздүү, сөздөрүндө жалын бар акылман эле.
Агай мага сабак берген эмес. Агайдын уюткулуу сөздөрүн көбүнчө эрте мененки линейкада укчубуз. Бирок, Нургазы агай менен кемтигибиз толуп, агай менен ишенимдүү мектепке кадам таштайт элек. Апам "агай" деп кайрылса "сен минеге агайды агай дейсиң, ал биздин агай да, сен аке дебейсиңби?" дечүмүн. Көрсө апам агайдын баласындай эле экен да ошондо.
3-классты санаториядан окуп келдим. Санаторияга кеткенге чейин да, келгенден кийин да азыркыча айтканда гумжардам алып турдук. Ар бир жолу кийим-кече аларда агай "алдыңарбы?" деп тактап турчу. 6-классты чала бүтүп, кайра Ноокаттагы санаторияга жөнөтүлдүм. Агайыңа ракмат айтып коштош деп апам Нургазы агайга алып келди. Агайдын ошондогу дүйнөдө болуп көрбөгөн, жашка толгон аёо көз караш менен жалооруп тиктегени алигиче жадымдан чыкпайт.
Мен ошо менен кайра мектепке кайрылып келген жокмун...
(Уландысы кийинки санда)



кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??