п»ї

Грек-рим күрөшү
Тарыхы
Грек-рим күрөшү колдун жана дененин кыймылына негизделип, тизе таянуу, чөгөлөө, бутка туруп таймашуу абалында өткөрүлөт. Бул күрөш 18-кылымда Францияда абдан белгилүү болуп, француз балбандарынын салымы менен Европага кеңири тараган. Күрөштүн ыкмалары байыркы Греция менен Римдик балбандардын ыкмаларына окшош болгондуктан, ал өзгөчөлүктөрдү сактоо талап кылынган. Ошондуктан Грек-рим күрөшү деп аталып калган.


Эрежеси
Күрөштө белден ылдый алууга, кол менен атаандашынын буттарын кармоого, чалууга, булкуп тартып, кийимден алууга болбойт. Негизги максаты-атаандашынын эки далысын тең килемге тийгизүү таза жеңиш болуп саналат. Эгерде берилген убакытта балбандар бири-биринин далыларын килемге тийгизе албай калса, жеңиш техникалык ыкмалар менен көп упай топтогон балбанга ыйгарылат. Күрөш учурунда үч жолу тыныгууга болот. Ар бир тыныгуу үч мүнөткө созулат. Ошондой эле кармаш убагында тердөөгө, денеге ар кандай маздарды сүйкөп чыгууга болбойт.


Кызыктуу фактылар
Балбандар диаметри 9 метр болгон килемдин үстүндө күч сынашат.
Классикалык күрөштө экөө эч качан тең чыкпайт. Сөзсүз түрдө жеңүүчү аныкталыш керек.
Кармаш килемдин үстүнөн башталып, көрүүчүлөрдүн арасынан да бүтүшү мүмкүн.
Күрөш физикалык жактан оор болсо дагы, 10-14 жаштан баштап машыгууга болот.
Күрөш убагында басым төшкө жасалгандыктан аял киши машыгууга болбойт.


Белбоо күрөшү боюнча
Эл аралык даражадагы спортчу,
Жанболот Осмонов:

"Ташкентте өткөн дүйнөлүк күрөштө кабыргам сынган..."
Бир нече жолку кыргыз күрөшүнүн чемпиону, Эл аралык даражадагы спорттун чебери, 2009-жылдын мыкты спортсмени Жанболот Осмонов менен маек.

Кичи мекени- Талас облусу, Боо-Терек айылы
Жашы- 28
Бою- 172
Салмагы- 68
Спорт даражасы- Эл аралык даражадагы спорттун чебери, Дүйнөнүн чемпиону
Билими - КАУнун экология факультетин аяктаган. Учурда Юракадемиянын 4-курсунун студенти
Үй-бүлөлүк абалы- бойдок, 5 биртуугандын кичүүсү

- Cпортко кандайча келип калдыңыз?
- Кичинекей кезимде эле байкемди ээрчип эркин күрөшкө барып жүрүп кызыгуум артып, 1-класстан баштап толук кандуу машыга баштадым. Кийин орто мектепти аяктагандан кийин, КАУнун экология факультетине тапшырдым. Бирок, спортту таштабай ар кандай мелдештерге катышып жүрдүм.
- Килемге чыгарда биринчи оюңузга эмне келет?
- Мелдешке чыгып баратканда "Кубат берүүчү Аллах" деген дубаны окуйм. Андан соң оюма сөзсүз утуш керек деген гана ой келет.
- Чоң спортто кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?
- 1998-жылдан 2005-жылга чейин кыргыз күрөшүнүн 7 жолку чемпиону, 2006-жылы Дүйнөлүк күрөштө 2-орун, 2008-жылы Азия чемпиону, 2009-жылы Дүйнөлүк күрөштө 1-орунду алгам. Белбоо күрөшү азырынча Олимпиада оюндарына кире элек.
- Жеңилип, нааразы болгон учурларыңыз болгонбу?
- 2006-жылы Казакстандын Алматы шаарында Дүйнөлүк күрөш болуп, финалга россиялык балбан менен чыгып 2-орунга жетиштим. Негизи, спортто экинчи болгондон көрө үчүнчү болгон жакшы. Себеби, финалга чыгып жеңилип экинчи болгончо, төртүнчү балбан менен күрөшүп, аны жеңип үчүнчү болгон жакшы. Ошондо Дүйнөлүк күрөш болсо да 2-орунду алып калганыма нааразы болгом.
- Ийгиликтин артында сөзсүз атаандаш болот. Сиздин атаандашыңыз ким?
- Мен ким менен финалга чыксам, ошол менин атаандашым. Анткени мен атаандашыма карап түздөлөм, анын күрөштөгү ыкмалары көз алдыма келип, анын аракетине туура жооп кылганга далалаттанам.
- Спортсмендер үчүн баарынан эмне кыйын?
- Мелдешке катышардын алдында баарынан салмак кууган жаман. Өзүңдүн салмагыңан 50-100гр. ашса эч нерсе эмес, андан көп болсо кадимкидей диета кармап, камыр тамактардан, таттуудан алыс болуп, мончого түшүп, чуркап, тердеп бир күндө 2-3кг салмак таштоо кыйын.
- Утуулуунун ызасын кантип чыгарасыз?
- Катуу деле ызаланбайм. Кээ бирөөлөр жинденип, кыялын көрсөтүп жаман болушат. Мени менен чогуу жүргөн балдар "сен жеңсең сүйүнбөйсүң, жеңилсең кайгырбайсың, ар дайым бир калыптасың" деп айтып калышат. Анткени, спорт бизди ушинтип тең салмакта жүрүүгө тарбиялайт.
- Спортчулардан кимди кумир тутасыз?
- Мен эч кимди кумир тутпайм жана эч кимге таасирленбейм. Жөн гана чоң спортто жүргөн дүйнөлүк балбандардын күрөшкөндөрүн көрүп, алардын жакшы ыкмаларын өзүмө алганга аракет кылам.
- Жаракат алган учурларыңыз болду беле?
- Ташкентте өткөн Дүйнөлүк күрөштө экинчи айлампада эле кабыргам сынып тынчтандыруучу ийне сайдырып, (обезболивающие) сынган жеримди тоңдуруп алып, 5-айлампага чейин күрөшкөм. Мелдеш убагында билинбеген менен дары тарагандан кийин азабымды жегем.
- Жеңишиңизди кантип майрамдайсыз?
- Азыр маалымат булагы жакшы өнүккөн. Кайсы өлкөдө мелдеште жүрбөйүн, жакындарым улам-улам интернеттен карап, мен үчүн тынчсызданып турушат. Ташкенте Дүйнөлүк чемпионатта жүргөндө бир тууган улуу агам Аманжол Кореяда болчу. Ал менин жеңишимди интернеттен окуп, үйдөгүлөргө сүйүнчүлөп коюптур. Мен эсиме келгичекти үйдөгүлөр мага телефон чалып куттукташкан. Негизи эле менин ийгилигимди менден биринчи жакындарым угуп, жакшы каалоо-тилектерин айтып, мага дем берип турушат. Алардын жакшы сөзү мен үчүн майрамдан да артык.
- Эсте калган учуруңуз?
- Казакстандын Караганда шаарына барып, эртең күрөшөбүз деген күнү кечинде балдар менен дискотекадан мушташа кетип, полицияга түшүп калып, тренерибизди чакырттык. Ал келип, "эртең күрөшөт" деп суранып атып бизди чыгарып кеткен. Эртеси күнү таң атканча уктабагандыктан уйкубуз келип, чарчап атып араң күрөшкөнүбүз эч эсимден кетпейт. Жыйынтыгында 2-орунду алгам.


спорт

жаңылыктары

Кыргыз спортчулары 4-Евразиялык оюнда 7 медаль жеңип келишти
Кыргыз спортчулары үстүбүздөгү жылдын 15-24-сентябрына чейин Польшада өткөн IV Евразиялык атайын жаштар оюндарында 2 алтын , 2 күмүш жана 2 коло медаль жеңип келишти. Делегация жетекчиси Канат Мамбеталиев бул кыргыз спортсмендери үчүн чоң жетишкендик экендигин айтып, ага барып келүүгө КР мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги бардык шартты түзгөндүгүн билдирди. Оюндарга жалпысынан 56 өлкөдөн спорттун 8 түрү боюнча 1 миң 500 атлет катышты.
Спорттук бий боюнча Кыргызстан 4-5-орунга ээ болушту
Кыргыз спортчулары 2-3-октябрда Макаодо өткөн спорт бийи боюнча Азия чепиондугунда 4-5-орундарга ээ болушту. Сынакка Кыргызстандык жуптар Алексей Кибкало менен Виктория Качалко чоңдор арасындагы латын-америка бийи менен катышып 4-орунду алса, ушул эле категорияда башка жуптар Михаил Камарда менен Валерий Качалко 5-орунга ээ болушту.
Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы аяктады
39-шахмат олимпиадасы Орусиянын Ханты-Мансы шаарында 19-сентябрда башталып, 3-октябрда акыл таймашуулары соңуна чыкты. Олимпиадада жүз элүүдөй өлкөнүн командалары мөөрөй талашты. Кыргызстандын намысын жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин, өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Насир Акылбеков, Михаил Марков, Леонид Юртаев, Алгис Шүкүралиев жана Нурдин Самаков коргоду. Ал эми кыз-келиндер командасынын курамында Александра Самаганова, Ирина Острий, Бактыгүл Тиленбаева, Нуриса Оторбаева дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышып, мөөрөй талашты. Шахмат боюнча жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөгөн Исаевдин айтымында, Кыргызстандыктардын даярдыгы начар болсо да аракет кылышты. Кыргызстандыктар 150 командадан жоон ортодо турушту.
Акыл таймашында Украинанын жигиттери биринчи, Орусия экинчи, Израиль үчүнчү орунду камсыз кылышты. Эң мыкты шахматчы деген сыйлык украиналык Василий Иванчукка ыйгарылды.

Самара Сапынова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??