п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Дасторкон


"Жемиш мезгили" торту
Керектүү азыктар:
5 жумуртка
2 стак. кумшекер
1 стак. ун
2 чай кашык
0,5 л суу
400 г. быштак
100 г. маргарин майы
1 баштык атайын торт үчүн желе.
Даярдоо ыкмасы:
Биринчи катарына коюлуучу бисквитке: 5 жумуртканы акырындык менен чалып, 1 стакан кумшекер жана унду аралаштырабыз.
Экинчи катарына коюлуучу быштакка: желенин үстүнө муздак суу кошуп, 45 мүнөт жай отко коюп, кайнаганга чейин аралаштырып туруу керек. Желе муздаганга чейин, быштакка 1стакан кумшекер жана 100г. каймак кошуңуз. Даяр болгон быштак менен муздаган желени акырындык менен аралаштырып, муздаткычка коюп коюңуз. Быштак муздагандан кийин үстүн табитиңизге жараша жер- жемиштер менен кооздосоңуз болот. Желени өзүнүн даярдоо ыкмасыменен даярдап, торттун эң үстүнкү катмарына куюп коюңуз.

"Экзотикалык" торт
Керектүү азыктар:
3 стакан ун
200г. маргарин майы.
3 даана жумуртка
1 баштык камырды көптүрүүчү порошок.
Даярдоо ыкмасы:
3 стакан унга 200г. маргарин майын, 3 даана жумуртка, 2-3 стакан кумшекер, камыр көптүрүүчү порошок (разрыхлитель) кошуп жууруйбуз. Даяр болгон камырды 3 бөлүккө бөлүп, 30 мүнөткө муздаткычка коюп коюш керек. Муздаган камырды жайып, бышырып, даярдаган кремден сүйкөп коюңуз.
Кремди даярдоо ыкмасы:
Апельсин менен лимонду кабыгы менен эт туурагычтан өткөзүп, 0,5 стакан кумшекер кошуп, коюуланганга чейин кайнатабыз. Даяр болгон сиропту 1 банка кумшекер кошулган сүт (сгущенка) менен аралаштырып коёбуз.


"Каттама" таттуу токочу
Керектүү азыктар:
450-500г. ун
1 даана жумуртка
3-4 аш кашык кумшекер
1 чай кашык кургак ачыткы
30г. маргарин майы
Даярдоо ыкмасы:
Жылытылган сүткө кумшекер менен ачыткыны кошуп, 10-15 мүнөткө тыныктырып коёбуз. Маргарин майын эритип, ун, сүт, ачыткы жана жумуртканы аралаштырып, камыр жууруп жарым саатка коёбуз. Даяр болгон камырды 3 бөлүккө бөлүп, ар бирин тегерек формада жукараак кылып жайып алабыз. Майды эритип , тегерекченин биринчисине шыбап, кумшекер себелейбиз.Үстүнө экинчи тегерекчени коюп, дагы ошондой кылып шыбайбыз. Үчүнчүсүндө да дал өзүндөй кылып кайталайбыз.
Даяр болгон камырды экиге бүктөп, үч бурчтук формасында кесип, 30 мүнөткө тыныктыруу керек. Эгерде таттуу болсун десеңиз кумшекерден сээп, жумуртка менен бир сыйра жалатып койсоңуз да болот.
Духовканын табагын ысытып, 180С температурада коюп койсоңуз, 25-30 мүнөттөн кийин даяр болот.

"10 мүнөттүк" таттуу токочтор
Керектүү азыктар:
200г. ун
200г. маргарин майы
6 аш кашык майлуу каймак
Табитиңизге жараша туз
Мөмөнүн боткосу (повидло)
Ванилин
Даярдоо ыкмасы:
Маргарин майын, каймак, унду аралаштырып камырды даярдап алабыз. Даяр болгон камырды төрт бурчтук түрүндө кесип, ортосуна мөмө боткосун кошуп, конверт түрүндө бириктиребиз. (же өзүңүздүн фантазияңыз менен башка формада кылсаңыз да болот). Духовканын табагын маргарин майы менен майлап, ундан бир аз сээп койсоңуз, токочтун асты күйбөй бир калыпта бышат. Бышкан токоч таттуу болсун десеңиз, кумшекер себелеп койсо да болот.

Айзат Кыдыралиева



кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??