п»ї

  Маалымат майданында

Журналист Г.Павлюктун эстелигинин ачылышы болот
Журналист Геннадий Павлюктун эстелигинин ачылышы Бишкекте 8-октябрда саат 11:00дө Опера жана балет театрынын маңдайындагы скверде болот. Эскерте кетсек, Г.Павлюк 2009-жылдын 22-декабрында каза болгон. Анын жансыз денесин 16-декабрда Казакстандын Алматы шаарында Фурманов көчөсүнүн подъездинин чатырчасынан табышкан. Аны буту-колун байлашып, көп кабаттуу үйдүн терезесинен ыргытып ийишкен. Эсине келбестен, Г.Павлюк ооруканадан каза болгон.

Көп кабаттуу үйдүн лифттерин алмаштыруу иштери жүрүп жатат
Жаш Гвардия көчөсүндөгү 9 кабаттуу 72-үйдүн лифттери алмаштырылып, жаңы 4 лифт салынды. Бул көп кабаттуу үй 1981-жылы эксплуатацияланган. Ал эми оңдоо иши былтыр эле башталууга тийиш экени белгилүү болгон. Лифтти алмаштырууга шаардык казнадан 5 млн сомдон ашык каражат бөлүнүп берилген. Буюрса, бир айдан кийин лифт иштетилүүгө даяр болот.

Студенттер шайлоого карата 6-16-октябрда каникулга чыгышат
КР Билим, илим министрлигинин жарлыгына ылайык, студенттердин баары алдыдагы парламенттик шайлоого карата 6-октябрдан 16-октябрга чейин каникулга чыгышат. Мындай иш-чара студенттер өз Конституциялык укугун колдонуп, тигил же бул партияга өзүнүн катталган жери боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында жасалды, дейт жарлыкта.

Москвадагы кыргыздар кай жерден добуш берерин билбей жатышат
Орусиянын Москва шаарында жашаган Кыргызстан жарандары кай жерге барып, парламенттик шайлоодо добуш берүүнү билбей жатышкандыктарын электрондук дарек аркылуу билдиришүүдө.Сырт жакта жүргөндөрдүн шайлоого катышуу укугун Тышкы иштер министрлиги камсыз кылат. "Эң жөнөкөй жол - бул Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылуу. Элчиликке кайрылышсын, алар участоктордун дарегин так айтып беришет. Москвада жок дегенде эки участок болот", - деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Михаил Корсунский. Бирок, ошол эле убакта 3-октябрда элчиликтин алдына жүз элүүгө жакын адам чогулган. Алар парламенттик шайлоодо Орусияда жүргөн көпчүлүк мигранттар добуш бере албай каларына нааразы болуп жатышат. Кыргыз диаспорасынын билдиришинче, элчиликте 65 миңге жакын адам каттоодо турат. Ал эми Орусиянын федералдык миграциялык кызматына ылайык каттоодо тургандардын саны 380 миңге барат. Борбордук шайлоо комиссиясы элчиликте катталган адамдардын санына жараша гана бюллетень жөнөткөн.

Айыл турмушу" гезитинин 200 миң нус-касы УКМК тарабынан арестке алынды
2-октябрда жарык көргөн "Айыл турмушу" гезитинин 200 000 даана нускасын Улуттук Коопсуздук Кызматынын (СНБ) кызматкерлери мыйзамсыз түрдө күч менен камакка (арест) алды. "УККнын мындай негизсиз жоругу сөз эркиндигин кысмакка алуу аракети деп түшүнсө болот. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы да УККга шыкак болуп, биздин гезиттин материалдарын цензурага алууга аракеттенип жатат. Мындай жосунсуз жоруктар демократиялык принциптерге карама-каршы келет. Ошондуктан, "Айыл турмушу" гезитинин позициясын калың элге эркин жеткирүүнү талап кылабыз", - дейт аталган гезиттин башкы редактору Кеңеш Бакир.

Шайлоонун жүрүшүнө Европарламенттен 10 адам байкоо жүргүзөт
10-октябрда боло турган парламенттик шайлоонун жүрүшүнө Европарламент 10 адамдан турган делегацияны жиберет. Делегациянын курамына Европарламенттин Христиандык демократтар, Социал-демократтар жана "Жашылдар" деп аталган саясий топтордун өкүлдөрүнөн турган 6 депутат, ошондой эле Европарламенттин аппаратынын 4 кызматкери кирди. Делегация 7-октябрдан 11-октябрга чейинки мезгилде ЕККУ/БДИПЧ миссиясынын байкоочулар курамында шайлоого мониторингди ишке ашырмакчы

"Альфанын" тарапкерлери президенттин кабыл алышын талап кылышууда
Жогорку Кеңештин алдында жүздөн ашуун киши жыйналып, Улуттук коопсуздук кызматынын "Альфа" бөлүгүнүн башчысы Алмаз Жолдошалиев менен мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын 8 кызматкерин бошотууну талап кылып, президент Роза Отунбаева кабыл алмайынча тарабай турганын билдиришүүдө. Алмаз Жолдошалиев менен мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын кармалган кызматкерлери 7-апрелде куралсыз элге ок чыгарган деп айыпталып жатышат. Чогулгандарга президент администрациясынын коргонуу жана тартип бөлүмүнүн башчысынын орун басары Өмүрбек Эгембердиев чыкты. Ал нааразы тараптын талаптары мыйзам чегинде чечилерин айтты.

Сокулук районунун Орок айылында мыйзамсыз жерлер сатылып кеткен
Сокулук районундагы Орок айыл өкмөтүнүн мурдагы башчылары : Айгүл Кубатова, Кадыркулов, Жеңиш, Эшенкуловдордун мыйзамсыз иш-аракеттеринин негизинде 62 жер үлүштөрү мыйзамсыз сатылууга дуушар болгон жана бул ишке Чүй областынын мурдагы губернатору Кубанычбек Сыйдановдун түздөн-түз тиешеси бар. "2007-жылы Орок айылындагы мектептин директору Сыйданова Гүлмиранын атына катталып жер сатылып жаткан фактыга күбө болдук, кийин ал губернатор К.Сыйдановдун тууганы болуп чыкты. Ошондой эле, көчүп кеткен жана өлгөн адамдардын атына катталган жерлер пайдаланылган. Карапайым эл документтерди топтоп акимчиликке канча кайрылдык, бирок, анын баары жокко чыгарылып атты. Сураштырсак, бир жер участкасы 4,800 долларга сатылып атыптыр. Жогорку жетекчилик менен биргеликте жасалып жатканы белгилүү болуп калды" дейт Сокулук райондук кеңешинин депутаты Азат Жаныбеков. Маалыматка ылайык, учурда Орок айыл өкмөтүнүн 3 миңден ашык тургуну жерге муктаж жана алар арыз жазып, тиешелүү жерге кайрылышууда.

Кыргызстанда он чакты опурталдуу аймак бар
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев шайлоо маалында коопсуздукту камсыз кылуу иштерине байланыштуу кечээ маалымат берди. Ага ылайык, добуш берүү күнү коопсуздукту 7 миңдей милиция кызматкери камсыз кылат. Элдик кошуундун 13 миңге чукул мүчөсү тартылат. Мындан сырткары, аларга мергенчилер, менчик күзөт агенттиктеринин өкүлдөрү жана айдоочулар бирикмелери жардамдашат. Өлкөдө өзгөчө көңүл бурууну талап кылган 10 чакты опурталдуу аймак бар. "Айрым партиянын өкүлдөрү добуштар эсептелип жатканда бюллетендерди уурдоо, же эптеп чатак чыгарууга аракет жасашы ыктымал. Ошондуктан, мындай чөлкөмдөргө жыйырма-отуздан күзөтчү коюлат, шайлоо тилкелерине бөтөн адамдар таптакыр жолотулбайт", - дейт З. Рысалиев.

Буудайдын баасы арзандады
Өткөн аптада буудайдын баасы арзандады. Алсак, бүгүнкү күнгө карата буудайдын килограммы 7,38 сомдон сатылууда. Мында буудай баасынын 23-сентябрга салыштырмалуу 10,6 пайызга арзандагандыгы белгиленди.
Ал эми биринчи сорттогу ундун баасы 1,3 пайызга кымбаттап, учурда килограммы 22,09 сомдон айланууда. Бирок, нандын баасы кымбаттаган жок. Бүгүнкү күндө нандын килограммы 29,58 сомдон сатылып жатат.
Эки жылда тигүү өнөр жайында 50 миңге жакын жумуш орду түзүлгөн
Соңку эки жылда тигүү өнөр жайында 50 миңге жакын жумуш орду түзүлгөн. "Кийинки 20 жыл ичинде биз проблемаларды туура түшүнүп, экономиканы өнүктүрүү багытын айкын баалаганда жакшы жетишкендиктерге ээ болмокпуз",- дейт текстиль жана тигүү тармагынын өнөр жайчылары менен жолугушууда Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Амангелди Муралиев. Ал эми Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиевдин белгилегенине караганда өлкөдөгүдөй эле анын чегинен сырткары тигүү жана текстиль өнөр жай ишканаларында 150 миңге жакын Кыргызстандык иштеп жатат.

Айрым министрлер кымбат унаадан баш тартууда
Кыргызстандагы айрым министрлер кызматтык машинелерин кымбат баалуудан жөнөкөйгө өткөрүү, ошону менен бирге жеке айдоочунун кызматынан баш тартып, унааны өзү колдонуу аркылуу өлкөгө он миңдеген доллар каражат үнөмдөп калууну көздөшүүдө. Экономикалык тескөө министри Эмил Үмөталиев кымбат баалуу кызматтык унаа жана атайын айдоочудан баш тарткан чиновниктердин алгачкысы. Ал өлкө бюджети тартыш болуп турган маалда, айрым бир чыгымдарды кыскартууга барганын айтууда. Үмөталиевдин эсеби боюнча бир эле министрдин кызматтык унаасына кеткен чыгымдар жана айдоочусу үчүн өлкө бюджетинен айына 50 миң сомго чукул каражат бөлүнөт: "Эгер, ар бир министрлик ушундай үнөмдөөлөргө барса, бир топ пенсионерлердин пенсиясын көбөйтүүгө мүмкүн болот",- дейт экономикалык тескөө министри. Кыргызстан, ушу тапта экономикалык кыйынчылыктарга туштугуп, өлкө бюджетинин тартышыгы 16 миллиард сомдон ашып жатканын расмийлер айтууда. Кыргыз президенти, АКШга иш сапары менен барганда дагы атайын учак жалдабастан, кадимки жүргүнчү учак менен учуп, бир топ каражат үнөмдөлгөнүн айтышкан эле. Шайлоого катышып жаткан партиялар дагы бийликке келген соң, мамлекеттик кызматкерлердин артыкчылыгын азайтабыз деп убадалашууда.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??