п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  маркумду эскерип…

Жылт эткен жылдыздын үзүгүндөй…
Таалай Бектурганов

1968-жылы,
19-июнда Чаткал районунун Ак-Таш кыштагында жарык дүйнөгө келген. Кийин алардын үйбүлөсү Жаңы-Базар айылына көчүп келип, Таалай ошол Жаңы-Базар айылындагы Чаткал орто мектебинде окуган.

Бала чагында көзүндө от ойногон, күнгө тотуккан, өткүр болчу. Ошон үчүн шар аккан Чаткал дарыясынан үч-төрт курдай агып кете жаздаганына карабай сүзүп жүрүп, суучул болуп чоңойду.

Атантай Акбаров, акын, Алыкул Осмонов сыйлыгынын ээси:
"Таалай -жаркылдаган жылдыз маңдай жигит эле"
Таалай биресе жердеш иним болсо, биресе, чыгармачылык байланышта элек. Бир күнү "ырларыңызды окуп, кайра апкелип берем" деп, ыр жазган дептеримди алып кетти эле, анда ал ырлар китеп болуп да чыгалек болчу. "Күйгөн жүрөк" деген ырымды тандап алып обон жазыптыр, жанагы "Уурдатып жатам кимге жаштыгымды, улгайды сени көпкө көрбөй көзүм"дегенчи… "Угуп көрсөңүз", деп ырдап бергенде эле обондо эч кимдикине окшобогон жаңычылдык бар экенин байкадым.

"100 грамм" да алчу эмес"
Жылдыз деген кыз менен боз улан-селкилик мамиледе көп жыл жүрүштү окшойт. Өзү жан дүйнөсү таза, бирөөгө жамандык каалабаган, жаркылдаган жигит болчу. Ага-инилик сырларыбызды айтышып калганда аны көп кыздар сүйөөрүн байкап калчумун. Таалайдын ордунда башка болгондо эки-үч кыздан балалуу болуп алмак. Ал антип жаман жолго басмак тургай, 100 грамм да алчу эмес. Жакын мамиледе жүрсөк дагы, ыр жаздырганга же башка муктаждыктары үчүн акча керек болуп турса да бир да жолу сурабаптыр. Алгачкы концертин бергенде Чаткалдыктар каражат жагынан кичине жардамдаштык. Үйгө келгенде кээде жатып кетчү, балдарым гитарасын кармалап кыңгыратса "минтип черт" деп үйрөтүп калчу. Кээ бирөөлөр жаш балдарды "сындырып койбосун" деп кооптонуп, аялуу буюмун карматпайт эмеспи, ал антчү эмес. Ичи кенен, тамашакөй эле. Бир күнү келинчегим үй шыбап атса келип калыптыр: "Оо, жеңе, туура кыласыз, бири ыр жазса, бири үй шыбаш керек",- деп койгон экен, жубайым көпкө чейин ызаланып жүрдү.

"Жакшынын өмүрү кыска" дегендей болду
Бизди өкүткө салган армандуу жери - өмүрү кыска экен. Сүйлөшкөн кызы Жылдыз менен Россияга чогуу кеткендей болгон. Кыязы, материалдык жактан бир аз бутуна туруп алсак деген тилек менен барышкан го. Бирок, көп өтпөй эле поезддеги жүктөрдү текшерүүчү полиция дейби же скинхет деген балээлерге кабылып калганбы, айтор, поездден ыргытып жиберишиптир. Сөөгүн Россиядагы кыргыздар жөнөтүшүп, Алтынбек деген жигит апкелди. Бишкектен Чаткалга биз жөнөттүк.

Нурлан Тиллебаев, ырчы,
ЭЛТРдин кызматкери:
"Таалайды сахнага мен алып чыккам"
- Таалай Бектурганов менен кайдан жолугуп, бирге жүрүп калдыңыздар эле?
- Атым таанылып, ырларым элге тарап эле калган кезде заводдо иштеп, жатаканасында жашачумун. Бойдок элем. Таалай мен жөнүндө "Бир күчтүү гитарист бар" деп балдардан угуп: "Гитара үйрөтүңүзчү, мен өзүм да кичине чертем" деп мага келиптир. Ал да ошол заводдо иштеп, жатаканда жатчу эле. Таалайды артыма тургузуп, "эми нары карап турсаң, эки киши черткендей угулуп атабы?" десем "ооба" деди. Ошентип, гитарадагы чеберчиликти алгач мен үйрөтүп, кийин өзү андан- ары өркүндөтүп кетти.
- Бектургановдун чоң сахнага келишин айтсаңыз?
- Таалайды алгачкы жолу сахнага да мен алып чыккам. Анда "Мыскыл жана тамашага" келген эл имаратка батпай кетчү. Мен дайыма артисттердин тизмесиндемин, бир күнү ойлонуп туруп Таалайга "Ырдап чыкпайсыңбы" десем "Макул" деди. "Эй, элден сүрдөбөйсүңбү анан?" десем, "Жок, атып салса да ырдайм!" деди. Экөөбүз дуэт менен чыктык, эл кетирбей кол чапканынан Таалайды акырын калтырып, өзүм кирип кеттим…Ошентип, Таалайдын тушоосу кесилген. Таалай кийин гезиттерге интервью берип, телеге деле чыгып атты, ошондо да "Мени Нурлан алып чыкты эле, гитараны үйрөткөн да Нурлан болгон" деп айтпай койду.
- "Атымды бир жолу атап койбойсуңбу?" деп өзүнө айттыңыз беле?
- Жок, жакшылык кылган киши кайра өзүнө барып айталбайт экен.
- Ичиңизде таарыныч калгандай сезилип атасыз?
- Эми, ал каза болгондон кийин андай таарынычтар эчак өчкөн.
- Студенттик альбомун, паспортун сиз бекитип жүргөнүңүзгө караганда ынак болгон окшойсуздар?
- Жети жылы эгиздей ээрчиштик, бир төшөккө чогуу жатып калган күндөр да болду. Достук деген ыйык нерсе го, ошондо да "кан дос" деп айтыш кыйын экен. Дегеним, "кан досум" деш үчүн дагы бир нече жыл бою достукка кызмат өтөш керек эле. Сыймык Бейшекеев бир-эки жыл группалаш болгон экен, "Досум" деп ырдап чыкты, Таалайды эскерүү концертин эки-үч жолу өткөрдү. Таалайдын ынак досу экенимди билишсе дагы, эмнегедир мени жакындаткылары келген жок. "Чакырылбаган конок шыпырылбаган жерге отурат" деп, мен дагы барбадым.
- Ырчынын киши колдуу болушу чыгармачылыгына байланыштуубу?
- Чыгармачылыгына эч кандай байланышы жок. Автордук концертинен түшкөн каражатты иштетип алайын деп Россияга кетип, эки-үч ай иштеген. Чогуу барган балдар айтышты, поездден билет талап кылып атканда Таалай урушуп атканын көрүшкөн экен. Анан тамбурга алып чыгып көкүрөккө атып, ыргытып жиберишиптир. Таалай ооруканага түшкөндө врачтар "Көп акча берсеңер аман калат" десе, ошол жердеги кыргыздардын баары ишенип чогултуп бериптир. "Жетпей атат дагы бергиле" дешти деп кайра Бишкекке чалышты. Шаардагы достору, Чаткалдыктар ар ким колунан келгенин жыйнап, салып жибердик. Көрсө, Таалай поездден ыргытылганда эле өлгөн экен, орустар алдаптыр да бизди. Акчанын баарын алгандан кийин "Сактай албай калдык, алып кеткиле" деп коюшуптур. Сөөктү көргөндөр "кара кушу талкаланып, көзү көгөрүп калыптыр" деп жүрүштү.
- А сиз сөөктү жеткиришип айылына бардыңызбы?
- Кашайып эфирим бар болгондуктан баралбай калгам.
- Эми, досуңуз менен бирге өткөргөн жакшы күндөрдү эстеп бербейсизби?
- Анда мен таанылып бүтүп, Таалай эл оозуна алынып калган кез. Экөөбүз сантехник болуп 1,5 жыл иштедик. Жумуштан даректер боюнча жөнөтөт да, коңгуроосун басканда кыргыз чыкса эле качабыз. "Туалетин оңдоп атканда кыздары таанып койсочу" деп коркконубуз эле ошол болчу.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??